СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздардын коомдук түзүлүшү

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздардын коомдук түзүлүшү»

Ош Гуманитардык Педагогикалык Институту  Гуманитардык факультети  Предмет:  Ата-Мекен тарыхы.  Тема:  КЫРГЫЗДАРДЫН XVI-XVIII кылымдардагы КООМДУК-ЧАРБАЛЫК ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА КОҢШУ ЭЛДЕР МЕНЕН АЛАКАСЫ  Окутуучу: Осмонов Самарбек.  Тайпа: Т-19  Студент:  Советбек кызы Бүниса.

Ош Гуманитардык Педагогикалык Институту Гуманитардык факультети Предмет: Ата-Мекен тарыхы. Тема: КЫРГЫЗДАРДЫН XVI-XVIII кылымдардагы КООМДУК-ЧАРБАЛЫК ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА КОҢШУ ЭЛДЕР МЕНЕН АЛАКАСЫ Окутуучу: Осмонов Самарбек. Тайпа: Т-19 Студент: Советбек кызы Бүниса.

Кыргыздардын чарбасынын негизги тармактары. XVII—XVIII кылымдарда кыргыздар негизинен көчмөн жана жарым көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенишчү. Алар бийик тоолуу аймактын ысык-суугуна көнгөн чыдамкай, кышкысын кар тээп оттоп, кол карабаган, жаратылыштын оор шарттарына ылайыкташкан топоз, куйрук туу, кылчык жүндүү кой, эчки, төө, уй, айрыкча жылкыны көп кармашчу. Анткени, жылкы кыштыр-жайдыр жайытта багылып, эмгекти көп талап кылчу эмес, ошондой эле чыгымы да аз болгон.

Кыргыздардын чарбасынын негизги тармактары.

  • XVII—XVIII кылымдарда кыргыздар негизинен көчмөн жана жарым көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенишчү. Алар бийик тоолуу аймактын ысык-суугуна көнгөн чыдамкай, кышкысын кар тээп оттоп, кол карабаган, жаратылыштын оор шарттарына ылайыкташкан топоз, куйрук туу, кылчык жүндүү кой, эчки, төө, уй, айрыкча жылкыны көп кармашчу. Анткени, жылкы кыштыр-жайдыр жайытта багылып, эмгекти көп талап кылчу эмес, ошондой эле чыгымы да аз болгон.
Жылкынын этинен кыргыздардын казы, карта, чучук сыяктуу чүйгүн тамактары жасалып, сүтүнөн ар кандай дартка даба суусундук —  кымыз ачытылган. Бөтөнчө кулун-тайдын ден соолукка жагымдуу өрүктөй эзилген эти адамдын ден соолугуна жагымдуу келип, күч-кубатын арттыргандыктан, өтө жогору бааланып баркталчу. Жылкы унаа катары пайдаланылган, терисинен булгаары, кайыш, көөкөр, көнөчөк, сабаа жасалган, жал-куйругунан аркан, чылбыр, аргамжы ж.б. эшилген. Жылкыны калыңга кошуп беришкен, айыпка жыгылганда төө баштаган тогузга жылкы сөзсүз кошулган. Байдын жыл кысы канчалык арбын болсо, анын кадыр-баркы ошончолук жогорулап, миң жылкылуу бай деген атак калган. Бекеринен жылкы  тийүү  көнүмүш адатка айланып, чоң эрдик катары эсептелбесе керек.
  • Жылкынын этинен кыргыздардын казы, карта, чучук сыяктуу чүйгүн тамактары жасалып, сүтүнөн ар кандай дартка даба суусундук — кымыз ачытылган. Бөтөнчө кулун-тайдын ден соолукка жагымдуу өрүктөй эзилген эти адамдын ден соолугуна жагымдуу келип, күч-кубатын арттыргандыктан, өтө жогору бааланып баркталчу. Жылкы унаа катары пайдаланылган, терисинен булгаары, кайыш, көөкөр, көнөчөк, сабаа жасалган, жал-куйругунан аркан, чылбыр, аргамжы ж.б. эшилген. Жылкыны калыңга кошуп беришкен, айыпка жыгылганда төө баштаган тогузга жылкы сөзсүз кошулган. Байдын жыл кысы канчалык арбын болсо, анын кадыр-баркы ошончолук жогорулап, миң жылкылуу бай деген атак калган. Бекеринен жылкы тийүү көнүмүш адатка айланып, чоң эрдик катары эсептелбесе керек.
Шырдак Кыргыздар кой-эчкини көп багып, андан мол эт, сүт, жүн, тери өндүрүшкөн. Койдун жүнү менен терисинен кийим-кече, үй эмеректери, шырдак, ала кийиз, кийиздер жасалып, сүтүнөн айран, жуурат уютулчу, сүзмө куюлчу, курут кургатылчу, быштак, эжигей кайнатылчу, каймак калпып алынчу.

Шырдак

  • Кыргыздар кой-эчкини көп багып, андан мол эт, сүт, жүн, тери өндүрүшкөн. Койдун жүнү менен терисинен кийим-кече, үй эмеректери, шырдак, ала кийиз, кийиздер жасалып, сүтүнөн айран, жуурат уютулчу, сүзмө куюлчу, курут кургатылчу, быштак, эжигей кайнатылчу, каймак калпып алынчу.
Кыргыздын эң байларынын бир нече миндеген кою боло турган. Кээ бир кедей-кембагалдар мал чарбачылыгынан тышкары аңчылык менен жан баккан. Ал эми ондогон жигит-жалаңы коштогон, камылгасы шайма-шай ак сөөктөр көңүл ачыш үчүн ит агытып, куш салып, кумар кангыча аңчылыктын кызыгына батышчу.
  • Кыргыздын эң байларынын бир нече миндеген кою боло турган. Кээ бир кедей-кембагалдар мал чарбачылыгынан тышкары аңчылык менен жан баккан. Ал эми ондогон жигит-жалаңы коштогон, камылгасы шайма-шай ак сөөктөр көңүл ачыш үчүн ит агытып, куш салып, кумар кангыча аңчылыктын кызыгына батышчу.
Кыргыздар мал чарбачылыгы менен бирге эле белгилүү өлчөмдө дыйканчылык кылып, аштык айдашкан. Атүгүл алыскы Ат-Башы, Нарын, Суусамыр өңдүү бийик тоолуу өрөөндөрдө жашаган кыргыз уруулары да дан эгиндерин эгишкен. Көл кылаасында дыйкандар буудай, арпа, сулу, буурчак ж.б. өсүмдүктөрдү өстүрүп, кырманы кызылга толо мол түшүм алышкан. Чүй, Талас аймагындагы суусу мол түзөң жерлер, көк жайыктар дыйканчылык кылыш үчүн аябагандай ыңгайлуу эле.
  • Кыргыздар мал чарбачылыгы менен бирге эле белгилүү өлчөмдө дыйканчылык кылып, аштык айдашкан. Атүгүл алыскы Ат-Башы, Нарын, Суусамыр өңдүү бийик тоолуу өрөөндөрдө жашаган кыргыз уруулары да дан эгиндерин эгишкен. Көл кылаасында дыйкандар буудай, арпа, сулу, буурчак ж.б. өсүмдүктөрдү өстүрүп, кырманы кызылга толо мол түшүм алышкан. Чүй, Талас аймагындагы суусу мол түзөң жерлер, көк жайыктар дыйканчылык кылыш үчүн аябагандай ыңгайлуу эле.
Анжиян тарапта тоо этектериндеги ойдундарда жашаган кыргыздар дыйканчылык кылып, дан багуунун сырын мыкты өздөштүрүшкөн, айрым айылдар жалаң эгинчиликке ык алып калышкан эле. Бир өңчөй аштык айдап жан баккан жатакчы лардын саны жылдан-жылга арбыган. Бирок айыл чарба шаймандары өткөн кылымдардагыдай эле дээрлик өркүндөтүлбөй кала берген. Кыргыздар жерди, негизинен, ат же өгүз кошулган темир тиштүү жыгач буурсун менен айдачу. Темирден жасалган кетмен, орок, таш жаргылчак кеңири таралган. Ошондой эле ун тарта турган суу тегирмендери пайда болот.
  • Анжиян тарапта тоо этектериндеги ойдундарда жашаган кыргыздар дыйканчылык кылып, дан багуунун сырын мыкты өздөштүрүшкөн, айрым айылдар жалаң эгинчиликке ык алып калышкан эле. Бир өңчөй аштык айдап жан баккан жатакчы лардын саны жылдан-жылга арбыган. Бирок айыл чарба шаймандары өткөн кылымдардагыдай эле дээрлик өркүндөтүлбөй кала берген. Кыргыздар жерди, негизинен, ат же өгүз кошулган темир тиштүү жыгач буурсун менен айдачу. Темирден жасалган кетмен, орок, таш жаргылчак кеңири таралган. Ошондой эле ун тарта турган суу тегирмендери пайда болот.
Көчмөн турмушка ылайык кол өнөрчүлүгү өнүгүп, уз кыз-келиндер жүндөн, териден, чууда кылдан түрдүү үй эмеректерин камдап, өргөө көтөрүшчү, жарашыктуу кийимдерди тигишчү, өрмөк согуп, кооз таарларды токушчу, колунан көөрү төгүлгөн усталар менен зергерлер боз үйдүн жыгачын даярдап, темирден, жезден, күмүштөн, булгаарыдан, кайыштан, жыгачтан ар кандай буюмдарды, ат жабдыктарын жасашчу.
  • Көчмөн турмушка ылайык кол өнөрчүлүгү өнүгүп, уз кыз-келиндер жүндөн, териден, чууда кылдан түрдүү үй эмеректерин камдап, өргөө көтөрүшчү, жарашыктуу кийимдерди тигишчү, өрмөк согуп, кооз таарларды токушчу, колунан көөрү төгүлгөн усталар менен зергерлер боз үйдүн жыгачын даярдап, темирден, жезден, күмүштөн, булгаарыдан, кайыштан, жыгачтан ар кандай буюмдарды, ат жабдыктарын жасашчу.
Кол өнөрчүлүктүн кээ бир түрлөрү өзгөчө кебезден жип ийрүү, кездеме токуучулук Кыргызстандын түштүгүндө, ферганалык шаарларга жанаша жайгашкан айылдарда жакшыраак өнүккөн.
  • Кол өнөрчүлүктүн кээ бир түрлөрү өзгөчө кебезден жип ийрүү, кездеме токуучулук Кыргызстандын түштүгүндө, ферганалык шаарларга жанаша жайгашкан айылдарда жакшыраак өнүккөн.
Ал кезде кыргыздардын арасында соода-сатык анча жакшы өнүккөн эмес. Калктын көпчүлүк бөлүгүнүн турмушу жупуну болуп, товардык-акча мамилелерине дитин коюп аралаша алышпаган. Ички, тышкы соода көбүн эсе чийки затты товарга айырбаштоо мүнөзүндө жүргүзүлүп, акча-тыйын али чечүүчү мааниге ээ боло элек эле. Бийлер, байлар Чыгыш Түркстандын жана Фергананын кан базарларына мал айдатып барып, өздөрүнө керектүү буюмдарга алмашып келишчү. Ошондой эле жүн, тери, кийиз ж.б. мал чарбасынан алынган заттарды, азык-түлүк, аң терилерин жөнөтүшкөн. Жайкысын жайлоолорго коншу калаалардан, өлкөлөрдөн көпөстөр келип, соода кылып кетишчү.

Ал кезде кыргыздардын арасында соода-сатык анча жакшы өнүккөн эмес. Калктын көпчүлүк бөлүгүнүн турмушу жупуну болуп, товардык-акча мамилелерине дитин коюп аралаша алышпаган. Ички, тышкы соода көбүн эсе чийки затты товарга айырбаштоо мүнөзүндө жүргүзүлүп, акча-тыйын али чечүүчү мааниге ээ боло элек эле. Бийлер, байлар Чыгыш Түркстандын жана Фергананын кан базарларына мал айдатып барып, өздөрүнө керектүү буюмдарга алмашып келишчү. Ошондой эле жүн, тери, кийиз ж.б. мал чарбасынан алынган заттарды, азык-түлүк, аң терилерин жөнөтүшкөн. Жайкысын жайлоолорго коншу калаалардан, өлкөлөрдөн көпөстөр келип, соода кылып кетишчү.

Кашкардан, Орто Азиянын шаарларынан Кыргызстанга тынымсыз каттап турган соодагерлер кебезден токулган ар түркүн кездемелерди, алтын, күмүш билериктерди, сөйкө, шакектерди, бермет шуру-мончокторду, фарфор идиштерди, чөөгүн, курал-жарак, кант, чай, жемиш, кургатылган өрүк, мейиз, туз, күрүч, тандыр нан ж.б. алып келишчү. Буларды көбүнчө мал-жандуу үй-бүлөлөр, байлар, бийлер сатып алып турган. Кээде аксым бийлер жигиттерин жиберип, сапар тартып ба раткан кербендерди тоноп алышаар эле.
  • Кашкардан, Орто Азиянын шаарларынан Кыргызстанга тынымсыз каттап турган соодагерлер кебезден токулган ар түркүн кездемелерди, алтын, күмүш билериктерди, сөйкө, шакектерди, бермет шуру-мончокторду, фарфор идиштерди, чөөгүн, курал-жарак, кант, чай, жемиш, кургатылган өрүк, мейиз, туз, күрүч, тандыр нан ж.б. алып келишчү. Буларды көбүнчө мал-жандуу үй-бүлөлөр, байлар, бийлер сатып алып турган. Кээде аксым бийлер жигиттерин жиберип, сапар тартып ба раткан кербендерди тоноп алышаар эле.
XVIII кылымда Кытайдан жана Орусиядан соодагерлер көбүрөөк келе баштайт. Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркстандын элдери менен кыргыз дардын соода-сатык, чарбалык байланыштары кеңеет, карым-катнашы, алакасы күч алат. Алардын баары тең кыргыздардын ажайып кооз жерине, жаратылыш байлыктарына, төрт түлүк малына, мал чарбасынан өндүрүлүүчү жүн, тери өңдүү заттарга, баалуу аң терилерине көз артышкан.
  • XVIII кылымда Кытайдан жана Орусиядан соодагерлер көбүрөөк келе баштайт. Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркстандын элдери менен кыргыз дардын соода-сатык, чарбалык байланыштары кеңеет, карым-катнашы, алакасы күч алат. Алардын баары тең кыргыздардын ажайып кооз жерине, жаратылыш байлыктарына, төрт түлүк малына, мал чарбасынан өндүрүлүүчү жүн, тери өңдүү заттарга, баалуу аң терилерине көз артышкан.
Патриархалдык-Уруулук мамилелердин калдыктары. Таптар Кыргыздардын XVII—XVIII кылымдардагы коомдук түзүлүшүнүн мүнөздүү өзгөчөлүктөрү. Бул мезгилде кыргыздардын арасында феодалдык мамилелер үстөмдүк кылганы менен али уруу, уруктук бөлүнүүлөр сакталып турду.

Патриархалдык-Уруулук мамилелердин калдыктары. Таптар

  • Кыргыздардын XVII—XVIII кылымдардагы коомдук түзүлүшүнүн мүнөздүү өзгөчөлүктөрү. Бул мезгилде кыргыздардын арасында феодалдык мамилелер үстөмдүк кылганы менен али уруу, уруктук бөлүнүүлөр сакталып турду.
. Ошол доордо кыргыздардын административдик-саясий бөлүнүшүнүн өзөгүн негизинен өз алдынчалыкка ээ уруу-урук бирикмелери түзүлгөн.

.

  • Ошол доордо кыргыздардын административдик-саясий бөлүнүшүнүн өзөгүн негизинен өз алдынчалыкка ээ уруу-урук бирикмелери түзүлгөн.
Кыргыз уруу, уруктары жалпы жонунан аймактык-саясий маанидеги эки чоң топко-оң жана сол канатка , андан тышкаркы ичкилик тобуна кирчү.
  • Кыргыз уруу, уруктары жалпы жонунан аймактык-саясий маанидеги эки чоң топко-оң жана сол канатка , андан тышкаркы ичкилик тобуна кирчү.
Тектүүлөрдүн ичинен ар жылы чоң бийлер шайланып, алар өз канатын дагы урууларды жалпы башкаруу ишин жүргүзгөн. Бирок иш жүзүндө туруктуу кошууну жок чоң бийдин өкүмү анча бекем эмес эле. Ар бир уруунун өз улугу улуу бийлери, эн тамгасы, а түгүл согуштук урааны боло турган. Мындай уруулар өз алдынча административдик-саясий бирдикти элестетээр эле. Ири уруу бирикмелерине кирген уруктарды улуу бийге баш ийген акалакчын бийлер башкарчу.
  • Тектүүлөрдүн ичинен ар жылы чоң бийлер шайланып, алар өз канатын дагы урууларды жалпы башкаруу ишин жүргүзгөн. Бирок иш жүзүндө туруктуу кошууну жок чоң бийдин өкүмү анча бекем эмес эле. Ар бир уруунун өз улугу улуу бийлери, эн тамгасы, а түгүл согуштук урааны боло турган. Мындай уруулар өз алдынча административдик-саясий бирдикти элестетээр эле. Ири уруу бирикмелерине кирген уруктарды улуу бийге баш ийген акалакчын бийлер башкарчу.
Таптар. Социалдык катмарлар. Өндүрүш каражаттарына жеке менчиктин калыптанышы калктын таптарга жиктелиши менен коштолду. Феодалдар табы бий, бай,баатыр ,ал эми төмөнкү катмарлар- кедей,чарбалар,кул деп аталчу.
  • Таптар. Социалдык катмарлар. Өндүрүш каражаттарына жеке менчиктин калыптанышы калктын таптарга жиктелиши менен коштолду. Феодалдар табы бий, бай,баатыр ,ал эми төмөнкү катмарлар- кедей,чарбалар,кул деп аталчу.
Бийлер. Бийлердин 40 жигиттен (кээде андан арбын ыраак)куралган кошууну болор эле. Зарыл болгон учурда бийлер өз букараларынан кол элдик кошуун жыйначу. Бийлер топтогон уруу кошуундарынан согуш маа лында жалпы кыргыз аскери куралчу. Бийлердин бийлиги атадан балага мураска өтүп турган. Кыргыз бийлеринин чыгаандары бөтөн шаарларга акимдик кылган учурлар да болчу. Бийлер артыкча уруктарга ээ ак сөөктөр эле. Улуу бийлер өз уруусунда башкаруучу бийликти ишке ашыруу менен гана чектелбестен, тышкы иштерди коңшулар менен карым-катнашты, аскер жана сот иштерин да тескеген. Бир уруунун улугу болгон улуу бий кааласа, коңшу өлкөлөргө кол сала алмак, же болбосо, бөлөк мамлекеттердин акимдерине (амирлерине) аскерден каралаша алчу, өтө маанилүү доо-талаштарды (сот иштерин) жеке өзү чеччү.

Бийлер.

Бийлердин 40 жигиттен (кээде андан арбын ыраак)куралган кошууну болор эле. Зарыл болгон учурда бийлер өз букараларынан кол элдик кошуун жыйначу. Бийлер топтогон уруу кошуундарынан согуш маа лында жалпы кыргыз аскери куралчу. Бийлердин бийлиги атадан балага мураска өтүп турган. Кыргыз бийлеринин чыгаандары бөтөн шаарларга акимдик кылган учурлар да болчу.

Бийлер артыкча уруктарга ээ ак сөөктөр эле. Улуу бийлер өз уруусунда башкаруучу бийликти ишке ашыруу менен гана чектелбестен, тышкы иштерди коңшулар менен карым-катнашты, аскер жана сот иштерин да тескеген. Бир уруунун улугу болгон улуу бий кааласа, коңшу өлкөлөргө кол сала алмак, же болбосо, бөлөк мамлекеттердин акимдерине (амирлерине) аскерден каралаша алчу, өтө маанилүү доо-талаштарды (сот иштерин) жеке өзү чеччү.

Кыргыз феодалдарынын өзөгүн байлар түзгөн. Сандаган төрт түлүк малга залик кылганы менен байлар саясатка, бийлик жүргүзүүгө көп аралаша, кийлигише алышчу эмес.
  • Кыргыз феодалдарынын өзөгүн байлар түзгөн. Сандаган төрт түлүк малга залик кылганы менен байлар саясатка, бийлик жүргүзүүгө көп аралаша, кийлигише алышчу эмес.
Ошол кезде кыргыз элинин көпчүлүк бөлүгүн түзгөн карапайым эмгекчи калк чарбадарлар деп аталып, бир аз сандагы кара малы, майда жандыгы боло турган. Караманча малы жок кедейлер байдын малын багып (койчу, уйчу, жылкычы), жалчылык кылып жан бакчу.
  • Ошол кезде кыргыз элинин көпчүлүк бөлүгүн түзгөн карапайым эмгекчи калк чарбадарлар деп аталып, бир аз сандагы кара малы, майда жандыгы боло турган. Караманча малы жок кедейлер байдын малын багып (койчу, уйчу, жылкычы), жалчылык кылып жан бакчу.
Ири феодалдардын, атак-данктуу бийлердин ондогон кулдары боло турган. Кулдар туткундардын, кылмышкерлердин, карызга баткан жарды жалчылардын эсебинен топтолчу. Кожоюндар кулдарын өзүнүн менчик мүлкү катары пайдаланып калынга, сепке кошуп беришкен, аш-тойдо байгеге сайышкан, кун телөгөндө жөнөтүшкөн.
  • Ири феодалдардын, атак-данктуу бийлердин ондогон кулдары боло турган. Кулдар туткундардын, кылмышкерлердин, карызга баткан жарды жалчылардын эсебинен топтолчу. Кожоюндар кулдарын өзүнүн менчик мүлкү катары пайдаланып калынга, сепке кошуп беришкен, аш-тойдо байгеге сайышкан, кун телөгөндө жөнөтүшкөн.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат ☺️😍 😍😍

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат ☺️😍 😍😍