1) фразеологиялык ширешме; 2) фразеологиялык бирдик; 3) фразеологиялык айкаш. Составындагы сөздөрдүн лексикалык маанисине эч кандай байланышы жок, алардан өзгөчө жана ушул туруктуу сөз айкашын камтыган бирдиктүү мааниге ээ болуп колдонулуучу фразеологизмдер фразеологиялык ширешме деп аталат. Мисалы: ат үстүнөн деген фразеологиялык ширешме «үстүртөн», «жеңил-желпи», төбө чачы тик туруу – «коркуу», иттин кара капталынан – «арбын», «мол», ак төөнүн карды жарылган – «береке жайнаган», «бышыкчылык кененчилик», колтугуна суу бүркүү – «бирөөгө каршы шилтеп, тукуруп коюу», «көкүтүү», бөйрөктөн шыйрак чыгаруу - «жок нерселерди айтып таба берүү», «кыйкым таап айыптагысы келүү», итке минип калуу – «томаяк болуп калуу», «аябай жакырлануу»- сыяктуу фразеологизмдерде жалпы фразеологиялык маани менен составындагы компонеттердин маанилеринин ортосундагы байланыш байкалбайт. Фразеологиялык бирдик. Фразеологизмдин жалпы мааниси аздыр-көптүр болсо да компонеттеринин маанилери менен байланышы бар сыякталып сезилген фразеологизмдер фразеологиялык бирдик деп аталат. Буга мисал катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот : эки тамчы суудай -«окшош», кулак мурун кескендей – «жымжырт», күлүн көккө сапыруу – «талкалоо», оозун араандай ачуу – «таңдануу», ыргыткан ташы өйдө кулоо – «иши оңолуу», күйбөгөн жери күл болуу – «ызалануу», күлгө оонаган күчүктөй – «карала-торала, ыпылас», күндүн мурду чыкканда – «эртең менен эрте», эки күндүн биринде, ат тезегин кургатпай– «бат-бат» Фразеологиялык айкаш. Жалпы мааниси курамындагы сөздөрдүн эркин жана фразеологиялык жактан көз каранды маанилеринен турган туруктуу сөз айкашы фразеологиялык айкаш деп аталат. Мисалы: кол көтөр, чара көр, тил ал, тилге кир, тилге кел, баш көтөр, көз сал, көз чаптыр, көз жазгыр, көздөн кайым бол, көз 43 байланганда, кымча бел, кумурска бел, сары майдай сактоо, көкөйүнө көк талкандай тийүү, атагы таш жаруу, үшкүрүгү таш жаруу, ийиктей имерилүү, сүттөн ак ж.б. |