СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лейлек районун тарыхы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Лейлек районун тарыхы»

Лейлек району – Баткен облусундагы административдик район. 1928-ж. уюшулган. Баткен облусунун батыш бөлүгүндө жайгашып, түндүк-батышынан жана түштүгүнөн Тажикстан (мында чек арасынын узундугу 297 км), чыгышынан Баткен району менен чектешет. Республиканын борбору Бишкектен 1135 км, Пролетарск (Тажикстан) темир жол бекетинен 55 км, облустун борбору Баткен шаарынан 135 км алыстыкта. Аянты 4,7 миң км2 (Баткен облусунун аймагынын 27,4%ин түзөт). Калкы 117,0 миң (2010). Райондо 2 шаар (Исфана, Сүлүктү), 9 айыл өкмөтү, 48 кыштак бар. Борбору – Исфана шаары.

Райондун аймагы Фергана ойдуңунун бир аз бөлүгүн (мында Кыргазстандын деңиз деңгээлинен эң жапыз жери жайгашкан, 401 м) жана аны түштүккө карай улап жаткан адырлар менен бийик этек тоолор тилкесин (алардын аралыгында Маргун, Даргун, Мадыген, Исфана жана башка чакан өрөөндөр жайгашкан) ээлейт. Ошондой эле Түркстан кырка тоосунун түндүк капталы (эң бийик жери 5390 м, Сабах чокусу), андагы өрөөн, капчыгайлар Бели-Сынык, Тоо-Жайлоо жана башка тоолордун түндүк капталдары да райондун аймагына карайт.