МАТЕМАТИКАЛЫК КЕЧЕНИН ПРОГРАММАСЫ.
Саламдашуу (жалпы окуучулар)
1 – окуучу:Ассаляму алейкум, кыргыз калкым аманбы?
Ушул жерде олтурган, баарыңыздарга айтам саламды.
Саламатсыздарбы урматтуу мугалимдер жана окуучулар!
2 – окуучу: Кутмандуу кунунуздор менен!
1 – окуучу: мынакей шаттык кубаныч,
Ай сайын бизде уланып.
Талантка талант кошулган.
Математикалык кечеге баарыбыз көңул бурадык.
3- окуучу: Конулдуу кечиниздер менен кымбаттуу математика илиминин куйормандары!
2 – окуучу: Эмесе урматтуу жаш таланттар сиздердин эс алуунуздарга арналган математикалык кечебизди баштоого уруксат этиниздер.
1 – окуучу: Кечени кызыктуу откоруу учун 6 – класстын окуучулары «Тик бурчтук» жана «Квадрат» командалары болуп экиге болунот.
2 – окуучу: Кечебизде:
1 – окуучу: Математика жонундо монтаж айтылат.
2 – окуучу: Хор ырдалат.
1 – окуучу: Улуу математиктердин нуска создору айтылат.
2 – окуучу: Геометриялык фигураларга саякат жасалат.
1 – окуучу: Викторинанын суроолору берилет.
2 – окуучу: Бий бийленет
1 – окуучу: Кызыктуу оюндар ойнолот.
2 – окуучу: Табышмактар айтылат.
1 – окуучу: Математикалык фокустар корсотулот.
2 – окуучу: Пародия ырдалат.
1 – окуучу: Маселелер чыгарылат.
2 – окуучу: Интермедия.
1 – окуучу: Капитандарга суроолор берилет.
2 – окуучу:
МОНТАЖ
Кораблди башкарып,
Кок денизди как жарып.
Самолету башкарып,
Кок асманды как жарып.
Ар онорго жарагын,
Жакшы окугун ал учун, хор
Математика сабагын.
Неге кокто самолет,
Того тийип жарылбайт.
Неге сууда корабль,
Кумга батып сайылбайт.
Ал анткени капитан,
Билет кайда бараарын.
Жакшы окуган жашында,
Математика сабагын.
Доктор учкуч же моряк,
Ким болууда талабын.
Ким болсон да билип кой,
Эсине бек туйуп кой.
Ар онорго жарагын,
Жакшы окугун ал учун, хор
Математика сабагын.
1 – окуучу: ХОР
КВН – достук элчиси,
КВН – ыйман белгиси.
Шандантып бугун КВНди,
Омурдун Берген энчиси.
Кайырма:
Туризм бизге ынгайлуу,
Караган, арча, гул жайлуу.
Ыйман - тартип бизде бар,
Достуктун ырын ырдаган.
Шайыр, тапкыч бизде бар,
Мейман достук канда бар.
Алга суроп коштогун,
Кол чаап достор, туугандар.
Кайырма:
2 – окуучу: Илимдердин падышасы кайсы? «Математика»
1 – окуучу: Илимдердин тазасы кайсы? «Математика»
2 – окуучу: Илимдердин кыйыны ким? «Математика»
1 – окуучу: илимдердин бийиги ким? «Математика»
2 – окуучу: Улуу математиктердин нуска создору.
а) математика илимдердин падышасы, ал эми арифметика ханышасы.
б) Математика – бул акылдын гимнастикасы. К. Гаусс.
в) Математикалык жондом, бул акылдын жаркын сапатынын корунушу. Сухомлинский.
г) Математикада формуланы эмес, ой жугуртуунун ыргактарын эске тутуу керек. Ермаков.
д) Математика акылды тартипке келтирип, логикалык ой жугуртууго уйротот. Калинин.
1 – окуучу: ГЕОМЕТРИЯЛЫК ФИГУРАЛАРГА САЯКАТ
Чекит: Мен чекитмин, чекитмин,
Корунбоймун козуно.
Узундук жок, аянт жок,
Ишенип кой созумо.
Түз сызык. Кээде турам тикемен,
Кээде калам кыйшайып.
Фигуранын баарына,
Жак болуучу онорум.
Бирок аянтым жок, колом жок.,
Болуп журом которум.
Ар башка эки чекитти,
Туташтырып коемун.
Башкалардын баарынын,
Эн тузу мен боломун.
Параллель түз сызыктар: Бир тегиздикте жатабыз,
Чексиздикке шашабыз.
Жалпы чекитке ээ эмеспиз,
Ошонубузга капабыз.
Бирок аралыгыбыз ар качан бирдей,
Ошону ойлоп конул ачабыз.
Тик бурчтук: Бурчтардын коп туру бар,
Ар кимисин билип ал.
Кен бурч, тар бурч, тик бурчтар,
Ар кимисинин суру бар.
Озум тик бурч баатырмын,
Чондугум 90 градус.
Мунозум бар тонураак,
Тар бурч менден кичине,
Кен бурч болсо чонураак.
Үч бурчтук: Менин атым уч бурчтук,
Болугумун тегиздиктин.
Аянтым бар коломум жок,
Кереги жок семиздиктин.
Уч бурчумду суммалап,
180 градусту аламын.
Тууган туушкан коп менде,
Ошого шугурчулку кылам.
Призма: Тик бурчтуктар биригип,
Прессконференция курушкан.
Негизи болуп ошондо,
Коп бурчтуктар турушкан.
Биригууго чечим чыгып,
Достошуудан куралгам.
Призма деп ат коюшуп,
Мейкиндикте жаралгам.
Пирамида: Уч бурчтуктар биригип,
Пресс конференция курушкан.
Негиз болуп ошондо,
Коп бурчтуктар турушкан.
Бир чокуга биригуудон жаралгам,
Мейкиндикте пирамида деген ат менен жаралгам.
2 – окуучу: ВИКТОРИНАНЫН СУРООЛОРУ
Бир миллиондо канча нол бар? (6)
90градустан чоң, 180 градустан кичине кандай бурч? (кең бурч)
Квадраттын аянтын кантип табабыз? (эки жагын кобөйтөбуз)
Тик бурчтуктун периметри кандай табууга болот? (жактарынын суммасы)
7ни алуу учун 56 ны канчага болуу керек? (8)
Кандай сандар жөнөкөй сандар? (озуно жана 1ге бөлүнгөн сандар)
1 – окуучу: КЫЗЫКТУУ ОЮНДАР
«Хоп» оюну – сандарды саноодо так сандардын ордуна «хоп» деп айтат. Ким жанылса оюндан чыгат.
2 – окуучу: ТАБЫШМАКТАР
Жүрбөй калат машина,
ылдамдык менде жатканда.
Оозуң менден ачылат,
Атымды менин айтканда.
Ким экенмин анда мен,
Кана балдар айткыла. (0)
Туура достор менин атым ноль саны. 0 саны бул оң да, терс да эмес.
Сан огунун башталышына туура келүүчү чекитти белгилейбиз. Бүтүн сандар көптүгүнө кирет. Ар кандай санга 0дү кошсок ал сан озү келип чыгат. Ал эми көбөйтсөк, бөлсөк 0 саны келип чыгат.
Жөө күлүктөр жарышса, Маараларга келишет.
Эң алдыда келгенге мендей наамды беришет.
Айткылачы атымды, мен билейин тезирээк. (1)
Туура менин атым 1, мен бул санга токтоло кетсем.
Ар кандай санга 1ди кошсок, өзүнөн кийинки сан келип чыгат, ал эми кемитсек, өзүнөн алдынкы сан келип чыгат.1 бул так сан.
“Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат”
Менин атымды укканда, көп балдар абдан күйүнөт.
Ал эми спортсмендер анча мынча сүйүнөт.
Тапкылачы атымды, эмне деген ат экен? (2)
Бул сан жөнүндө айтсам, 2-жуп сан. Жөнөкөй сандардын арасында бир гана жуп сан бар ал 2 саны. Каалагандай санды экиге болсөк, жарымы келип чыгат., ал эми 2ге көбөйтсөк 2 эсе чоноёт, жуп сандардын баардыгы 2ге бөлунөт.
“2 тоо көрүшпөйт, 2 адам көрүшөт”.
Жаңыдан бүткөн шоферго, классым менин берилет.
Баалар менен бөлушүп, жакшы, жаман делинет.
Анда мен кандай аталам, атымды айтып берсеңер. (3)
Туура достор менин атым 3. Бул сан жөнүндө айтып кетсем, жөнөкөй жана так сан болуп эсептелинет. Бөлүнүүчүлүк касиети: эгерде цифралардын суммасы 3кө бөлүнсө, анда ал сан 3кө бөлүнөт.
5) Жашап жаткан үйүндүн , кана бурчун сана бат.
Туура тапсаң эсебин, менин атым айтылат. (4)
Туура достор бул 4 саны жуп жана курама сан. Бөлүнүүчүлүк касиети : цифраларынын акыркы 2 цифрасынан тузүлгөн сан 4кө бөлүнсө, анда ал сан да 4кө бөлүнөт.
6) Кремлде жаркырап, жанып турган жылдызмын.
Канча болот чокусу, кана айтчы сен туруп.
Кубанайын мен дагы өз атымды так угуп. (5)
Туура, 5 санына токтолсом 5 саны так жана жонөкөй сан. Эгерде сандын акыркы цифрасы 0 жана5 саны менен аяктаса, анда ал сан 5ке болүнөт.
7) Бөдөнөнү куу тулкү, басып жээр чагында, амал менен айттырат, мен куткаргам аны да, айтчы атымды угайын, ачылаар сенин оозуң да (6).
Туура таптыңар достор. 6 саны жуп сан жана курама сан. Эгерде сан 2ге жана 3кө бөлүнсө, анда ал сан 6га да болунөт.
8) Достор кыргыз элим эң бир жогору баалаган сан кайсы.? Бир нерсени канча жолу өлчөө керек? Бир жумада канча күн бар?
Туура 7 саны. Эми 7 санына токтолсом. 7 саны жөнөкөй жана так сан болуп эсептелет. Жети кундүк жамгырдан желип өткөн суу жакшы.
9) достор кайсы санды тең ортосунан бөлсө о болот?
Туура 8 саны. Бул сан жуп жана курама сан.
10) Мен канча деген сан болом? Бирден сегизге, экиден жетиге
Алтыдан үчкө, жетиден экиге
Үчтөн алтыга, төрттөн бешке
Сегизден бирге чоң болом.
Ойлонгула балдар, бир орундуу сан ичинен эң эле алпы мен болом.
Бирок так сандарга катталам, курама сан да аталам. Мен кандайча
аталам?
Туура, балдар бул 9 саны. 9 – эң чоң бир орундуу сан, так сан жана курама сан болуп эсептелет.
Бирден туруп баарыбыз, атыбызды атадык.
Чогуубуз менен биригип калган санды жазабыз.
Кана айтчы анда сен, ким болобуз баарыбыз.
2) Сыйда сакал, кер мурут,
12000 жигити,
Эр Манасты жандады.
Толук жаштуу аксакал,
9000 тандалды,
Бай Жакыпты жандады.
Байбиче Шакан кудагый,
Барууга болгон ылайык,
900 болду кемпири.
Толуктап баарын келтирди,
Кудага канча киши барган тапкыла? (12000+9000+900+3=21903)
1 – окуучу: МАТЕМАТИКАЛЫК ФОКУСТАР.
«Ким көрөгөч» оюну (2 мин)
Мында квадрат жана квадраттын ичинде бир нече уч бурчтук тартылган. Бул сурот ар бир окуучуга берилет. Алар уч бурчтуктардын санын эсептеп чыгышы керек. Ким акырында калган катышуучу оюндан чыгат.
7л жана 3л идиштердин жардамында 5л сууну кантип алабыз
15 минут сааттын канча болугун тузот.( )
Бирге жана озуно болунуучу сан – бул (жонокой)
100ду жарымга болсо канча болот? (200)
14 ту алуу учун 7 ни кандай санга болобуз ( )
Сандын он жагына 4 нолду жазып, минге болуп койсо, сан канча эсе чоноёт (10)
Айланадагы эн чон хорда (диаметр)
Жарым туз сызык (шоола)
Кашааны эмне учун пайдаланылат? (амалдардын иретин озгортуу учун)
математиканын кайсы болугу гректин сан тушунугунон келип чыккан? (Арифметика)
Экинчи баскычтагы амалдар? (кобойтуу, болуу)
Тегиздиктеги чекиттердин коптугу (фигура)
Уч бурчтуктун канча диогналы бар (жок)
Эки туз сызыктын кесилишинен эмне пайда болот? (чекит)
Бир бала 2 кундо 3 алма жейт, ал эми экинчи бала 3 кундо 2 алма жейт. Кимиси көп жейт? (2 кундо 3 алма жегени)
Баланын кадамы 30 см, 6 метр журуш учун бала канча кадам жасаш керек? (20)
Алымы болумүнөн чоң болсо, кандай болчок болот?
Жонокой да, татаал да эмес сан (1)
Курт 12м бийиктиктеги даракка чыгышы керек. Ал кунуно кундузу 3 м жогору чыгып, тундосу 2 м ылдый тушуп кетет. Курт канча кундо дарактын чокусуна чыгат? (12 кундо)
Кошуунун жыйынтыгы (сумма)
Бироодон канча балан бар десе: «менин канча кызым болсо, ошончо уулум бар, ал эми ар бир уулумдун 3 тон эжеси бар» - деп жооп берет. Бул уй – булодо канча бала бар
Балдар дене тарбия сабагында катарга тизилди. Башынан санаганда да, аягынан санаганда да Мирлан 15 чи болуп турат. Сабакка канча бала катышты? (29 бала)
Уч бала 3 кундо 3 коон жейт, 9 бала 9 кундо канча коон жейт (27)
Сандарды жазуу учун колдонулуучу белгилер эмне деп аталат? (цифра)
Математикада канча цифра бар (10)