Медиа жана маалыматтык сабаттуулук
Заманбап шартта зарыл болгон жөндөм
ТЫНЧТЫКБЕК ДОСМУРАТОВ
Дареги: Ноокат шаары,
Башталышы: 10:00
tynchtykbek_bektashtegin
Tynchtykbek Dosmuratov
Tynchtykbek Bektashtegin
+996 777 230 286
МААЛЫМАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
«Информация» деген термин латын тилинен information – түшүндүрүү, баяндап айтып берүү, малыматтар топтому дегенди түшүндүрөт.
Информация – бул адамдар, предметтер, фактылар, окуялар жана процесстер жөнүндөгү сунушталып жаткан формасынан көз карандысыз бардык маалыматтар.
МААЛЫМАТ ОЮНУ
Ыктыярдуу 10 киши
жана серепчилер
МААЛЫМАТТЫН ФОРМАЛАРЫ
Текст түрүндөгү маалыматтар
Сан
Графика түрүндөгү маалыматтар
Видео түрүндөгү маалыматтар
Добуш түрүндөгү маалыматтар
түрүндөгү маалыматтар
МААЛЫМАТТЫК НЕГИЗГИ БЕЛГИЛЕРИ
Маалымдоо
Кызыктуу
Керектүү
Пайдалуу
ООЗЕКИ МААЛЫМАТ – КЕРЕКТҮҮ МААЛЫМАТ
Эмне?
МЕДИА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Медиа (лат. medium - ортомчу)
- байланыш каражаттары
- маалыматты берүү жолдору
- алар түзгөн чөйрө (медиа мейкиндик)
ММК ДЕГЕН ЭМНЕ?
Массалык маалымат каражаттары (ММК) – бул техникалык каражаттардын жардамы менен коомдо ачык жалпыга жеткиликтүү маалымат берүү үчүн түзүлгөн мекеме.
ММКлар маалыматты чогултат, иштеп чыгат (анализдейт) жана өз аудиториясына берет (трансляция).
ЖАҢЫ ЖЕ СОЦИАЛДЫК МЕДИА
Жаңы медиалар – бул массалык маалымат каражаттарынын жаңы форматы, санарип каражаттардан каалаган убакта көрүүгө болот жана колдонуучулардын контент түзүүгө жана аны таратууга активдүү катышуусуна
жол берет”.
ЖАҢЫ ЖЕ СОЦИАЛДЫК МЕДИА
Суроолор:
- Твиттер соц. тармагын уктуңар беле?
- Ким “Фейсбук” социалдык тармагына катталган?
- Кимде “Инстаграм” бар?
- Кимде “Одноклассники” соцтармагы бар?
- Ким ютуб-канал ачкан?
- Тик Токту ким колдонот?
- Айырмачылыктары эмнеде?
ЭЛЕКТРОНДУК ПОЧТА
Суроолор:
- Э-почтанын салттуу почтадан айырмасы кандай?
- Э-почтанын артыкчылыгы эмнеде?
- Э-кат жазышуунун маданияты кандай?
- Дагы эле Mail.RU колдоносузбу?
- Gmailдин артыкчылыгы эмнеде?
- Телефондон э-кат жаза алабызбы?
- Азыр жаза алабызбы?
КАТ ЖАЗЫШАБЫЗ
Кимге: [email protected]
Тема коюуну унутпаңыз!
КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ
- ишенимдүү сырсөз : 14төн кем эмес: латын тамгалары (баш жана кичине тамгалар, сандар, символдор;
- белгисиз адамдын “достук” сунушун кабыл албоо;
- компьютер, телефон, тиркемедеги сырсөздү көрүнгөн жерге жазбоо;
- белгисиз, күмөн жараткан шилтемелерди ачпоо!
Эркин ММК - демократиялык коомдун маанилүү көрсөткүчү
Тескерисинен
Алдыңкы
- Түндүк Корея;
- Кытай;
- Сирия ж.б.
- 1-орун: Норвегия;
- 2-орун: Швеция;
- 3-орун: Финляндия ж. б.
МА А ЛЫМ А Т ТЫК
ФУНКЦИЯ
89-орун: Кыргызстан
МААЛЫМАТ – ТАМАК КАТАРЫ
МААЛЫМАТТЫК ФАСТФУД
Жеңил, эч пайдасыз, көңүл ачуучу маалымат аз өлчөмдө көп
зыяны жок, бирок аны дайыма пайдалануу
мээнин “таштандыларга” толушуна алып келет.
«ТАШТАНДЫ» МААЛЫМАТ (СПАМ)
- сизге таасир этпейт;
- сиз ага таасир эте албайсыз;
- бул маалыматтын эмне кереги бар
деген суроого так жооп болбошу мүмкүн;
- бул маалымат көп жерде таратылат, бирок
анын деталдары белгисиз;
- жасалма эмоциялар менен коштолот “сенсация”, “ШОК”, “мына кызык”, “катастрофа” ж.б.
- аракетке үндөйт: “тезинен бөлүш”, “группаларга ыргыт”, “тез көр”, “өчүрө элегинде, көрүп кал” ж.б.
МААЛЫМАТ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?
- Чынчыл
- Актуалдуу
- Ыкчам
- Түшүнүктүү
- Толук
- Өз убагында
- Так
Сырттан караган серепчилик көз караш
Экинчи тарап
Бир тарап
МЕДИАСАБАТТУУЛУККА КАРАЙ…
Сабаттуулук
(окуганды, жазганды билүү)
Компьютердик сабаттуулук
(компьютерде иштей билүү)
Маалыматтык сабаттуулук
Медиасабаттуулук (анализдөө, баалоо жана медианын ар кандай түрүндө билдирүү жарата билүү)
(компьютерде иштей билүү жана маалыматты чогултуу, кайра иштеп чыга билүү)
СЫНЧЫЛ ОЙЛОМ – МЕДИАСАБАТТУУЛУКТУН НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТИ
Сынчыл ойлом - бул бардык ырастоолорду тең салмактап көрүү, далилсиз эч нерсеге ишеним артпоо, бул дайыма жаңы идеяларга жана методдорго ачык болуу.
ФАКТ ЖАНА ПИКИР
Факт (латын тилинен которгондо factum) — болгон нерсе, болуп өткөн окуя дегенди түшүндүрөт.
Пикир – бул белгилүү бир темага карата айтылган көз караш, ой толгоо, билдирүү.
ФАКТ ЖАНА ПИКИРГЕ МИСАЛДАР
- Бул окуучу олимпиадага жетиштүү деңгээлде даяр эмес.
- Бул мугалим 30 дан ашуун ыр чыгарды. Анын көбү керемет.
- Билим берүү жана илим министри биздин районго иш сапары
менен келди. Бул тууралуу министрликтин пресс-кызматы кабарлады.
- Бүгүнкү семинар көпчүлүккө жаккан жок.
- Мен коронавирус бар экенине ишенбейм.
- Депутат Абдывахап Нурбаев мугалимдер тууралуу пикирин айтты.
- Бүгүн COVID-19 илдетинин 35 жаңы учуру катталды, — бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
- Атактуу блогердин катталуучуларынын саны миллиондон ашты.
ФЕЙК ЖАНА ФЕЙКТЕР
Фейк – (англ. fake) – жасалма, жалган, калп, шылуундук Ал сүрөт, видео, үн, текст түрүндө болот.
Фейктин максаты:
- оппонентти каралоо;
- тамашалоо;
- дүрбөлөңгө салуу;
- акча өндүрүү;
- манипуляция;
- хайп кармоо ж.б .
КӨНҮГҮҮ
Шеригиң тууралуу
бир факт, бир фейк.
КАСТЫК ТИЛИ
Кастык тили (hate speech - язык ненависти) - кеңири тараган көйгөй. Ал жашоо деңгээлден, өлкөдөн, коомдон көз карандысыз, баардык адамга таасирин тийгизет.
Кастык тилинин өзөгүн:
- этникалык
- расалык
- регионалдык
- диний айырмачылыктар
- жаш курак
- жыныс
- майыптык
- ВИЧ- статус ж.б. айырмачылыктар түзөт.
НЕТИКЕТ
Нетикет - интернет жана этикет деген эки сөздүн жөнөкөйлөштүрүлгөн формаларынын симбиозу. Башкача айтканда интернеттеги жүрүм-турум.
- кимдин бирөө менен байланышуу учурунда аны менен жакын же алыстыгыңды, ошондой эле убакыт менен жагдайды эске алуу;
- зордук-зомбулук, коомдук тартипти бузуу ж. б. у. с. терс багыттагы маселелерди сөз кылбоо;
- башка адамдарга карата жек көрүүчүлүктү пайда кылбоо жана ажырымды тутантпоо;
- маектешиңе акарат келтирбөө, орой лексика колдонбоо, мазактоодон алыс болуу;
- жеке жазышууларды (скриншот) автордун уруксатысыз жарыялоодон оолак болуу;
- тайпаларда тиешесиз башка темаларда талкуу жүргүзүү же маалымат жибербөө;
- башка адамдарга сырсөздү көрсөтпөө жана башкалардын сырсөзүнө кызыкпоо;
- фейк же таштанды маалымат/спам таратпоо;
- уурулук кылбоо (фото, текст, видео ж.б.) ж.б.
СТЕРЕОТИП ДЕГЕН ЭМНЕ?
Стереотип - ( гр. stereos - катуу жана typos — тип, түр) - аң-сезимдин же иш-аракеттин туруктуу жана массалык кубулушу.
Cтереотиптер - бул кандайдыр бир айтылбаган жана жазылбаган эрежелер, принциптер, мүнөздөмөлөр.
Көп учурда стереотиптер коомдук жашоо жана
жүрум-турум менен байланыштуу .
- көз айнекчендер акылдуу болот;
- кымбат, демек сапаттуу;
- толук адамдар кең пейил келишет;
- жаңы технология жаштардыкы.
МЕДИА ЖАНА МААЛЫМАТТЫК САБАТТУУЛУК - БУЛ…
МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА БУЛАКТАР
ТЫНЧТЫКБЕК ДОСМУРАТОВ
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАР
ҮЧҮН ЧОҢ ЫРАКМАТ!
Медиа жана маалыматтык сабаттуулук
Заманбап шартта зарыл болгон жөндөм
ТЫНЧТЫКБЕК ДОСМУРАТОВ
Дареги: «ОLOLO OSH»,
Башталышы: 10:30
tynchtykbek_bektashtegin
Tynchtykbek Dosmuratov
Tynchtykbek Bektashtegin
+996 777 230 286