СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Modul_1_kyrg.doc

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Modul_1_kyrg.doc

Просмотр содержимого документа
«Modul_1_kyrg.doc»


























































Преамбула

Берилген модуль АБнын №0020 KGZ(SF) грантынын колдоосунда КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЭКИНЧИ ДОЛБООРУНУН директорлорун жана мугалимдерин профессионалдуу машыгууларга окутуу боюнча үч окутуучу модулдардын бири болуп саналат.


Бул модуль окутуунун жалпы планын жана зарыл болгон бардык негизги маалыматты сунуш кылат. Ошондой эле ал окутууга жана үйрөтүүгө багытталган биринчи модуль болуп эсептелет.


Бул модулда Окутуудагы жана үйрөтүүдөгү пайда болгон айрым бир суроолорду ар тараптуу карап чыгабыз. Бул суроолордун мугадимдердин жана мектеп практикасынын ишинде кандай чагылдырылаарын талкуулайбыз. Биз Окутууга жана үйрөтүүгө тиешелүү белгилүү бир суроолорго багыт алабыз.

Бул модулду иштеп чыгууда биз ар кайсы мамлекеттердин тажрыйбасына таянып, алардын эњ жакшысын тандап алдык.


Биз Кыргыз Республикасындагы мугалимдер жакшы тажрыйба деп эсептеген ар кандай ыкмаларды карап чыгабыз.

Бул модулдар тренингдер үчүн өзүнчө материалдар катары жазылган, ошондой эле алар мектептерде маалымат алуучу материалдар катары да колдонулушу мүмкүн.





































Негизги Киришүү

Окутуу Программасынын Максаттары


Мугалимдер жана мектептин директорлору үчүн аларга инновациялуу окутууга жана эффективдүү мектеп башкаруусуна ээ болууга жардам берүү үчүн окутуу программасын иштеп чыгуу жана жеткирүү максат болуп саналат.


Окутуу программасынын атрибуттары

  • Кызматташтыкты күчөтүүчү мектеп аудиториясын жана мектеп маданиятын уюштуруу.

  • Окуучулардын, мугалимдердин жана коомдун арасындагы окутуунун философиясын илгерилетет.

  • Чечимди кабыл алуу процессинде жана мугалимдин өнүгүүсүндө катышуунун жогорку дењгээлин колдойт.

  • Бардык талаптарга жана муктаждыктарга жооп берген жана өнүгүүнү башкарган биргелешкен жана проактивдүү мектеп маданиятын түзөт.

  • ¤згөрүү процессине, окутууга жана үйрөтүүгө туура келген ыкмаларды тандаганга таасир этүүчү көптөгөн факторлорду аныктайт.

  • Эффективдүү өзгөрүүнү ишке ашыруучу түшүнүктүү планды иштеп чыгат жана колдонот.


Логикалык негиздөө

Окутуу жана үйрөтүү боюнча азыркы жетишкендиктерге таянып жана аны глобалдык, улуттук контекстте эске алып талкуу кылуунун кереги жок.


Советтик мамлекеттердеги билим берүү системасы дүйнө жүзүндө болгон кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөн жок. Балким, бул дүйнөлүк өзгөрүүлөр инновациялуу жана эффективдүү. Алардын билим берүү системасы көпчүлүккө жагат. Ошол эле мезгилде алар өздөрүнүн билим берүү системасын башка мамлекеттердин системасы менен макулдаштыруунун зарылдыгын сезишет. Бул кемчиликтерди жењүү үчүн кыскача билим берүүчү программаларын жана чет өлкөлүк билим берүү программаларын сунуш кылууга болот.


Платформа

Бул модуль биз бардыгыбыз мугалим жана окуучу экендигибизге ишенүү менен түзүлгөн. Биз муну текстте окутуунун жана үйрөтүүнүн стилин, окуучуну, иштөө ыкмаларын ачып көрсөтүү үчүн мугалим болуп туруп жана мугалимдер менен бирдикте, билим берүү тажрыйбасын жана окуучуга билим берүү сапатын жакшыртуу үчүн иштеп чыктык. Мугалим катары окутууда жана үйрөтүүдө силердин ролуњар мектеп окуучуларынын окуусуна, өсүүсүнө жана өнүгүүсүнө жардам берүү. Бул модулдун акыркы жыйынтыгы болуп окутуу жана үйрөтүү боюнча силердин өздүк түшүнүүњөр жана билүүњөр эсептелет.

Модулдардын схемасы жана кыскача баяндоосу

Жогоруда белгиленип кеткендей, окутуу программасына кирген үч модуль бар.


1-Модуль – Окутуу жана үйрөтүү боюнча иш чаралар концептуалдуу жана практикалык компоненттерди камтыйт.


2-Модуль – Лидерлик боюнча иш чаралар башкаруунун жана лидерликтин ортосундагы макулдашууну, о.э. куррикулумда, окутууда жана үйрөтүүдө жана окуучуларды баалоодо лидерликти практикалык ишке ашырууну камтыйт.


3-Модуль – Куррикулумдун иш чаралары куррикулумдун багыты сыяктуу эле куррикулумдун ар түрдүү формаларын камтыйт.


Модулдун структурасы жана берүүнү кабыл алуу


Окутуу программасын берүү катышуучулардын активдүү катышуусуна жана салымына негизделген. Презентацияны, талкууну, кайтарылган жоопту анализдөөнү, топтордун иштерин, акылдык чабуулду жана жекече иштерди камтыган иштердин тизмеги пландаштырылат.




















































ЭЛ АРАЛЫК ПЕРСПЕКТИВА/РУКУРС Бул бөлүктө биз окутуу жана үйрөтүү боюнча эл аралык ракурска киришүүгө карата бир нече суроолорго, ошондой эле глобализациянын, интеллектуалдуу коомдун жана интеллектуалдуу экономиканын таасирине кайрылабыз.



Окутуу жана үйрөтүү боюнча эл аралык перспективага киришүү.

Глобалдаштыруу, интеллектуалдуу коом жана интеллектуалдуу экономика

Глобалдаштыруу жана интеллектуалдуу экономика баалуулуктун анык системасына, мектептердин жана билим берүүчү мекемелердин билим берүү саясатынын практикасына таасирин тийгизет.


Глобалдаштыруу

Глобалдаштыруу дүйнөлүк ишканалардын жана финансы рынокторунун стратегиялык багыттарын сүрөттөөчү азыркы заманда кењири колдонулган сөз болуп калды. Глобалдаштыруунун мүнөздөөчү өзгөчөлүктөрү - бүткүл дүйнөлүк финансылык, өндүрүштүк рыноктордун, тейлөө рыногунун пайда болуусу жана сооданы интернационалдаштыруу болуп эсептелет. Мунун бардыгы жањы коммуникация жана маалымат технологияларынын жардамы аркылуу ишке ашат.


Маалымат технологиялары

Акыркы он жылдыктын техникалык өнүгүүсү маалымат жана коммуникация технологияларынын тез өнүгүүсү менен мүнөздөлөт. ¤ндүрүштөр маалымат агымын, азыгын жана тейлөөсүн, ошондой эле уюмдун ички структурасынын жумушчу процессин оптималдаштыруу максатында маалымат технологияларынын жардамына ээ болушат. Маалымат технологиялары компьютерлерден көз каранды (бүткүл дүйнөлүк байланыш үчүн инструмент катары колдонулуучу). Мисалы, изилдөөчүлөр континенттер арасында маалыматтарын, ойлорун жана билимдерин алмашуу менен иштешет. Бирок, маалымат технологиялары боюнча билимдер тез эле эскирип тургандыктан, ар дайым жањыланууну жана билимдин, машыгуулардын жогорулоосун талап кылат.


Интеллектуалдуу коом

Жогоруда белгилеп кеткендей, тейлөө чөйрөсүнүн өсүүсү байкалып, өндүрүш азыктарынын жана тейлөөнүн арасындагы чектер билинбей калууда. Заказ берүүчүлөр жана клиенттер (сатып алуучулар) жөн гана заказды талап кылбастан (мисалы, компьютер), кошумча тейлөөлөрдү да талап кылышат (мисалы, окутуу, тейлөө, финансылоо жана логистикалык колдоо). Клиенттердин (сатып алуучулардын) каалоолорун жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жумуш берүүчүлөр белгиленгенден жогору кетүүчү жањы компетенцияларды (мисалы, коммуникация чөйрөсүндөгү машыгууларды) талап кылышат.

Билим берүү – билимдерди башкаруу катары

Билимдерди башкаруу тууралуу суроо берүүдөн мурун билим тууралуу айрым бир маалыматты ачып көрсөтүү туура болот. Таблицаны карап көрөлү:



Эсте сактагыла

Маалыматтарды чогултуу маалымат эмес

Маалымат чогултуу билим эмес

Билим чогултуу акылмандык эмес

Акылмандык чогултуу чындык эмес

Маалымат, билим жана акылмандык – алардын бөлүктөрүн чогултууга караганда мањыздуу.

Эми биз жогорулап, окутуу жана үйрөтүү процессинин көз карашында билимдерди башкарууну карап чыга алабыз.


Топтордо иштөө

Фокустук топтун көз карашын пайдаланып, окутуу жана үйрөтүү процессинде маалыматтарды, билимди жана акылмандыкты формулировкалоого карата сценарий даярдагыла. Бул бизге төмөнкүнү карап чыгууга жардам берет:




Миссия: Биз эмнени аткарууга аракеттенебиз?

Жакшыртуу: Билимди башкаруу аркылуу биз билим берүүнү кантип жакшыртабыз?

Аткаруу: Билимди башкарууга алып баруучу окутууну жана үйрөтүүнү биз кантип жеткиребиз?

¤згөрүү: Биз өзгөрүү үчүн кантип күрөшөбүз?


ОКУТУУНУН ЖАНА үЙРөТүүНү БАГЫТТАРЫ

Бул жерден биз окутуунун жана үйрөтүүнүн багыттарына жана келечегине көњүл бурабыз. Биздин негизги максатыбыз – үч көз карандысыз суроого жооп берүү:


  • Билим берүү деген эмне?

  • Ал эмне үчү керек?

  • Ал кантип өнүгүшү керек?


Бул суроолордун маанилүүлүгү - кабардар катары жооп берип, биз үйрөнүүнү ийилгич жана ачык кыла алабыз.


Билим берүүнүн багыты ал ойлонгон ыкма менен байланышта, ошондуктан биз билим берүүнүн жаратылышы жана максаты катары түшүнгөн нерсени карап чыгабыз. Төмөндө эл аралык тажрыйбадан алынган кээ бир багыттар көрсөтүлгөн:


Техникалык/профессионалдык багыт


Билим берүүнүн максаты

Профессионалдуу жана техникалык тапшырмаларды эффективдүү аткаруусу аркылуу окуучунун байкалган өзгөрүүлөрүн келтирүү; Окуучуну илимий-техникалык прогресстин акыркы билимдерин окутуу аркылуу социалдык-экономикалык көз караш менен жашоого үйрөтүү.

Окуучунун ролу:

Мурдатан коюлган максаттарды жана күтүлгөн жыйынтыктарды кабыл алат: социалдык жүрүш-туруштарды активдүү пайдаланат жана алынган билимдерин колдонот; жооп иретиндеги реакцияны алат жана мурдатан коюлган максаттарды жана жыйынтыктарды көњүлү келбей кабыл алат

Мугалимдин ролу:

Окуу процессин башкарат, чыгымдарды текшерет, жыйынтыгын аныктайт жана окуучуну багыттайт.

Негизги ойлор:

Машыгууларын көндүрүү, өздөштүрүү, компетенцияга негизделген билим берүү, баштапкы-акыркы, жооп, күчөтүү, машыгуулардын көптүгү.

үйрөнүүнүн ыкмалары:

Кыймыл аракеттер аркылуу үйрөнүү, программа же көрсөтмөлөр аркылуу үйрөнүү, өзүнчө окуп билим алуу, жумуш процессинде үйрөнүү, компьютерден үйрөнүү формалары.

Теория

Скиннер, Тейлор, Торндайк, Уотсон, Гагне, фон Кубе

Программалар:

Машыгууларга окутуу, чоњдор үчүн базалык окутуу, профессионалдуу билим берүү, техникалык жана соњку билим берүүчү колледждерде билим берүү, милдеттүү билим берүү, үчүнчү билим берүү.


Либералдык / гуманитардык багыт


Билим берүүнүн максаты

“өзүнчөлүк организм” түзүү; интеллектуалдык, моралдык жана маданий өнүгүү аркылуу жеке ишке ашыруу үчүн өздүк өсүүнү жакшыртуу, маданий жана социалдык баалуулукту берүү, жашоо үчүн потенциалды өнүктүрүү.

Окуучунун ролу:

Билимди билимдин өзү үчүн издөө; концептуалдык жана теоретикалык билимди өркүндөтүү; сабак берүү жана окутуу процессинде чоњ роль ойнойт, окутуу үчүн жоопкерчиликти багыттайт.

Мугалимдин ролу:

Окуу жана үйрөнүү процессин башкарган, түрткү берген, уюштурган, жардам берген жана илгерилеткен билим боюнча эксперт.

Негизги концепциялар:

¤зүнчө окуу; жалпы билим; интеллектуалдык билим берүү, маданий эркиндик; жекелик, өзүн өзү багыттоо; өз ара аракеттешүү, максатка умтулуу, каалоо

үйрөнүүнүн ыкмалары:

Диалектикалык, оор окуу, талкуу: өзүнчө окуп билим алуу, табуу (ачуу) ыкмасы, проблемаларды чечүү

Теория

Дьюи, Спенсер, Херст Петерс, Ноулз, Роджерс, Гуль, Маслоу, Эйзнер, Брунер

Программалар:

Жалпы билим берүү, коомдук мектептер, жогорку билим берүү, классика, гуманитардык жана өнөр программалары



Социалдык/радикалдуу багыт


Билим берүүнүн максаты

Социалдык сезимин, социалдык сыноону күчөтүү, жеке көз карандысыздыкты өнүктүрүү жана алдын ала аныкталган социалдык заказдан бошонуу үчүн коомдогу социалдык, саясаттык жана экономикалык өзгөрүүлөрдү ишке ашырат.

Окуучунун ролу:

Мугалимдин дискурсивдүү шериги болгусу келет, дискурсивдүү баалоону, мазмунду активдүү көздөйт, башкалар менен бирге ар кандай бурмаланган жана кабыл алынган концептуалдуу структуралык схеманы өзгөртөт.

Мугалимдин ролу:

Окуу процессинде кењеш жана багыт берүүчү окуучунун координатору жана шериги.


Негизги ойлор:

Коомдук ањ-сезим, практика, автономия; кескин ой жүгүртүү жана чагылтуу, социалдык активдүүлүк, эмансипация, тењдештик.

үйрөнүүнүн ыкмалары:

Диалог, проблеманы формулировкалоо, өзүн-өзү кескин баалоо, өзүн-өзү социалдык баалоо, социалдык өз ара аракеттешүү, талкуулоо жана дискурс, баш аламан баалоо

Теория

Хабермас, Юнг, Мезироу, Фрейр, Иллих ,Гиру, Карр и Кэммис, Арановиц, Пурпель

Программалар:

Жалпы билим берүү, коомдук мектептер, жогорку билим берүү, классика, гуманитардык жана өнөр программалары


Эми биз билим берүүнүн максаттары жөнүндө суроого жооп бере алабыз







Техникалык / профессионалдык аймак


Суроо

Жооп

Билим берүү деген эмне?

Билим берүү – коомдун кайра өндүрүлүшүн жана статус-квонун сакталышын кепилдөөчү продукт.

Ал эмне үчүн керек?

Билим берүү табияттан бошотуу үчүн

Ал кантип өнүгүшү керек?

Билим берүү бихевиористикалык теорияны колдонуп, изилдөөнүн эмпирикалык, аналитикалык ыкмасы аркылуу өнүгүүсү керек.


Либералдык / гуманитардык аймак

Суроо

Жооп

Билим берүү деген эмне?

Билим берүү – ишенимдин, баалуулуктун жана ченемдин маанисин коом аркылуу берүүчү процесс

Ал эмне үчүн керек?

Билим берүү түшүнбөстүктөн, түшүнүктүн жетишсиздигинен бошотот.

Ал кантип өнүгүшү керек?

Билим берүү когнитивистикалык теорияны колдонуп, изилдөөнүн герменивтикалык ыкмасы аркылуу өнүгүүсү керек.


Социалдык / радикалдык аймак


Суроо

Жооп

Билим берүү деген эмне?

Билим берүү – коомдун жана анын структурасынын негизинде өзгөрүүчү процесс.

Ал эмне үчүн керек?

Билим берүү үстөмдүктөн жана псевдо-класстык ањ-сезимден бошотот.

Ал кантип өнүгүшү керек?

Билим берүү психоанализ теориясын колдонуп, социалдык-кескин изилдөөнү кабыл алуу аркылуу өнүгүүсү керек.


Компетенциялар жана жыйынтыктар


Жыйынтыктар: Ал эмнени түшүндүрөт?


Жыйынтыктары боюнча жакындоолорду иштеп чыгуу – окуучунун жыйынтыктарга карата кайсы бир жерде болуусу жана анын кайсы жерде экендигин негиздеп, анын жетүүчү жыйынтыктары боюнча программаны иштеп чыгуу.

үйрөнүүнүн жетишкендиги үйрөнүү процессинде текшерилет. Кийинки класстык иш чаралар жана ыкмалар ар бир окуучунун алдыга жылуусуна жардам берүү үчүн пландаштырылат.


Жыйынтыктары боюнча фокус билим берүүчү суроолордун кењири чөйрөсү боюнча окуучунун ар кандай керектөөлөрүнө жооп берүүчү планды иштеп чыгууну, мугалимге жекече же ички бириккен топтордун автономиясын сунуш кылат.

Мектептин жетекчилери өздөрүнүн мектебиндеги өзгөрүү процесси тууралуу жана процессти кандайча ийгиликтүү жетектөө жана башкаруу жөнүндө ойлонуулары керек. Бул аныктаманы киргизиши мүмкүн:

  • Жыйынтыктарга негизделген мамиленин ийгиликтүү илгерилөөсүнө кайсы профессионалдуу иштеп чыгуу маанилүү.

  • Куррикулумдагы жана баалоодогу өзгөрүү процессине таасир этүү үчүн кайсы ресурстар зарыл?




Жыйынтыктарды түшүнүү: Эмне өзгөрүшү керек экендигин чечүү.


Төмөнкү суроолор жыйынтыктарга негизделген маанилүү мамилелерди аныктоодо жардам берет.

  • Колдонмолор окуучуларга ар кандай жолдор менен, ар кайсы убакта жана ар кандай дењгээлде үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.

  • Окуучулар үйрөнгөндөрүн кантип көрсөтө алышат?

  • Силердин окутууњар окуучуларды окуу процессине жооптуу кароого түрткү береби?

  • Баалоо системалары окуучулардын үйрөнүүсүнүн ар кандай стилдерин таанышабы жана табышабы?

  • Силер окуучуларга баалуулуктарды интеграциялоого мүмкүндүк берип, окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртасыњарбы?

  • Силердин баалоо боюнча окутууњар жана иш чарањар окуучуларга билим берүүнүн тобокелине жардам береби?

  • Силер окутууга жардам берүүчү ролуњарды түшүнөсүњөрбү жана кабыл аласыњарбы?

  • Силер тандап алган отчеттуулук ыкмалары аркылуу кандай жиберүүлөрдү жеткиресињер?

  • Окуу бөлмөсүндөгү шарттар окуучулар окуудагы ийгиликке жетише алгыдай кылып уюштурулат.

  • Баалоо ыкмалары критерийге негизделген мамилелерге токтолобу?

  • Силер окуучуларга потенциалга жетүү үчүн кандай түрткү бересињер?

  • Окуучулардын жыйынтыктарга жетишүүсү боюнча пландаштыруудагы жана коллективдүү жоопкерчиликтеги биргелешкен мамилени колдойсуњарбы?

  • Мектептердеги баалоонун, отчеттуулуктун жана жумуш алып баруунун саясатын силер карап чыгууњар керекпи?


Жыйынтыктарга фокусу менен пландаштыруу

Берилген суроолор бизге жыйынтыктарга негизделген жакындоолордогу маанилүү учурларды аныктоого жардам берет.


  • Баалоо жана отчет окуучулардын күтүлгөн жыйынтыктарга карата жасаган өнүгүүсүнө багытталабы?

  • Класстагы программаларды пландаштырууну жана иштеп чыгууну жыйынтыктарга карата анык жетишкендиктин дењгээлинен кантип башташат?

  • Жеткен жыйынтыктарын көрсөтүү үчүн кандай тапшырмаларды аткаруу керек?

  • Окуу процессинин мазмунун жана структурасын карап чыгуу зарылбы?

  • Бардык сегиз билим берүү аймактарынын кайсы процесстерин (мектептеги сабактардын) карап чыгууњар керек?


Жыйынтыктар жана стандарттар

Стандарттар жана жыйынтыктар үчүн бир нече жолдор бар. Биз алардын айрымдарын карап чыгабыз. Жыйынтыктар жана стандарттар негизинен беш компетенциянын айланасында пайда болот. Алар:

  • Ой жүгүртүү

  • Байланышуу (байланыштын каражаты)

  • Жеке келечек

  • Социалдык жоопкерчилик

  • Дүйнөлүк келечек


Бул компетенциялар ар бир маанилүү окутуу менен байланышкан бааланган жетишкендиктердин кичинекей тобун сүрөттөөчү аяктоочу жыйынтыктар катары сүрөттөлүшү мүмкүн. Алар билим берүү багытындагы окутуунун жана үйрөтүүнүн максаттарын көрсөтүшөт. Биз биздин окуучуларыбыздын төмөнкүдөй болуусун каалайбыз:

Изилдеп жана анализдеп ой жүгүртүүлөрүн

Себебин аныктай алышат, суроо беришет, чечим кабыл алып жана татаал проблемаларды чечишет. Ой жүгүртүү, анализдөө менен алар сезгич болушат жана суроолор, окуялар жана кыймыл аракеттер боюнча этикалык чечимдерди кабыл ала алышат.

Эффективдүү байланыштыруучу

Символикалык системалардын кењири спектрин пайдаланып, ойлорун так жана ишенип түзүшөт, байланыштырышат жана айта алышат. Алар лингвистикалык, сандык жана графикалык маалыматтарды түшүнүп, баалап жана таанып, башкалар түзгөн башка коомдор менен биргелешип иштешет.


¤зүн жана башкаларды сыйлаган Адам болуусу

¤зүнө жана келечекке жакшы көз карашта болушат, адеп-ахлактын нормаларын сактап, өзүнүн жана башкалардын келечегине салым кошуп, өз алдынча аракеттенишет.

Дүйнөгө салым кошуучу

Илимий-технологиялык инновацияларды карап чыгууну каалоо, алардын колдонулушу тууралуу туура чечимдерди кабыл алуу, жергиликтүү жана дүйнөлүк экологияны колдоп, коргоп, жакшыртып аракеттенүү.


Жооптуу атуул

Көп түрдүүлүктү сыйлап, адептүү жана тењ коом үчүн чыгып, демократиялык коомго активдүү катышууга даяр. Окутуудагы психологиялык жана социологиялык багыттар.

Бирок ага кантип жетүүгө болот? Буга айрым бир мисалдар:


үйрөнүүгө зарыл

Негизги элементтери

Ой жүгүртүү

Изилдөө

Ой жүгүртүү менен анализдөө

Коммуникациялар

Билимдүү болуу

Жыйынтыктоочу болуу

Билимдүү жана маалыматтуу болуу

¤нөр боюнча билимдүү болуу

Жеке келечек

Тууганчылыкты жана байланышты куруу жана колдоо

Берекелүү турмушту колдоо

Адептүү болуу

Максаттарды түзүү жана алдыга коюу

Социалдык жоопкерчилик

Социалдык капитал куруу

Көп түрдүүлүктү баалоо

Демократиялуу аракеттенүү

¤ткөндү түшүнүү жана каалаган келечекти түзүү

Дүйнөлүк келечек

Жаратылышты жана адамдын дүйнөсүн изилдөө

Системаларды түшүнүү

Технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу жана баалоо

Туруктуу келечекти түзүү



Стандарттар

Стандарттар – бул негизги элементтердин жыйынтыгынын котормолору жана колдонмону окуу континиумунун беш баллдык шкаласы боюнча көрсөтүү. Ар бир стандарт окуучунун эмнени билүүсүн, түшүнүүсүн жана кылуусун көрсөтөт.


Стандарттар аткаруу көз карашында колдонулуучу «түшүнүү» деген сөздөн башталат.

Стандарттар пландаштыруунун, баалоонун, байкоонун мектептик же жекече негизин жана мугалимдин отчетун түзөт.


Иллюстративдүү мисалдар жана алардын көрсөтүлүшү

Окутуунун аспектилерин иллюстрациялоо жана жүрүш-турушту сүрөттөө. алар стандартка тиешелүү болгон окутуунун түрүн сунуш кылышат. Ошондуктан ал мугалимдерге стандарттуу сүрөттөлүш жөнүндө эмне айтылаарын түшүнүүгө жардам берет.


Мисалдар мугалимдер иштеп чыгуучу баалоо, мониторинг, жењилдетүү жана отчеттук процесстер үчүн ар кандай түрдө көрсөтүлгөн. Алар окуучунун белгилүү бир стандартка жетишүүсү жөнүндө жыйынтык чагара турган окутуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн камтууга аракет кылышпайт.


Окутуудагы кылдаттык менен тандалган жана пландаштырылган тажрыйбалардан келип чыккан окутууну терењ түшүнүүнү иллюстрациялоо. Мындай тажрыйбалар түшүнүктүн өнүгүүсүнө багытталат. Алар окуучулар окуу процессинин жүрүшүндө жана аягында жооп катарындагы реакцияны алгыдай кылып баалоо системасын камсыз кылышат.


Мугалимдер окутуунун жана баалоонун ыкмаларын пландаштыруу үчүн биргелешип иштеши керек. Ал ыкмалар түшүнүүгө багытталат жана окутуунун бир аспектисине караганда өзүнө көптү камтыйт. Бул бир негизги элементтен, окутуунун бир маанилүү сферасынан көп негизги элементтин алкагында болушу мүмкүн.



Практикада байкап көрөлү.


окуучунун касиеттери

Окутуунун жыйынтыктары


Касиеттери

Окутуунун жыйынтыктары

1.0 Терењ түшүнүктөгү билимдүү адам

Терењ баалуулуктары менен, кењири көз караштагы, билүүгө умтулуучу билимдүү адам, базалык билимдин маанилүүлүгү, дүйнөгө көз карашы. Адамдын баалуу сапаты - терењ түшүнүү менен билимдүү болуусу. Ал окуучунун төмөнкү сапаттарга ээ болуусунда гана анык болот:

1.1. Билимди, концепцияны, теорияны жана негизги окутуучу сфералардын (чөйрөлөрдүн) жалпылоосун түшүнөт жана колдонот.

1.2. Системаларды, тилдерди, улуттук системаларды, атайы негизги окутуучу сфераларга арналган жањы билимди генерирдөөдөгү процесстерди жана ыкмаларды түшүнөт жана колдонот.

1.3. Окутуу сфераларына туура келген атайын көнүгүүлөрдү түшүнөт жана колдонот.

2.0 Комплекстүү ой жүгүртүүчү

Комплекстүү ой жүгүртүүчү акылдуулукту (рационалдуулукту), объективдүүлүктү, туруктуу маанини, адекваттуу жана чындыкка туура келген далилди алуу даярдыгын, бардык көз карашты (ойду) карап чыгууну, чечимди акыл-ой менен кабыл алууну, ойлор жана маалыматтардын ортосундагы байланышты баалайт. Комплекстүү ой жүгүртүүчү болуу касиети окуучунун төмөнкү сапаттарга ээ болуусунда гана анык болот:

2.1. Стратегиялардын көп түрдүү комплексин маалыматтарды анализдөө жана синтездөө үчүн, проблемаларды чечүү жана чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонот.

2.2. Эксперименттерди, эсептөөлөрдү жана өлчөөлөрдү жүргүзүүнүн, изилдөөнүн жыйынтыгында алынган маалыматтын адекваттулугун, тактыгын жана маанилүүлүгүн текшерүү жана фактыларга (окуяларга) негизделген жыйынтыкты далилдөө.

2.3. Моделдерди (үлгүлөрдү) байланышты, өз ара байланышты жана контексттерди аныктоо жана таанып билүү; жањы билимдерди мурункулары менен салыштыруу; концепцияларды жана жалпылоону түзүү; маалыматты концептуалдуу структурага киргизүү.

2.4. Индуктивдүү (фактылардан жалпылоого карай), дедуктивдүү (жалпылоодон же теориядан фактыларга карай) жана интуитивдүү (фактыларды ой жүгүртүү механизмин ишке ашыруучу кандайдыр бир процесстерден көз карандысыз кабыл алуу).

3.0 Чыгармачыл адам

Чыгармачыл адамдын баалуулуктары өзүнө альтернативдүү чечимдерди издөөнү, о.э. проблемаларды чечүүдө, инновацияда, ишкердүүлүктө ийкемдүүлүктү камтыйт; чыгармачылык түшүнүк жана тартип чыгармачылык менен аткарууну талап кылат. Чыгармачыл адам болуу касиети окуучунун төмөнкү сапаттарга ээ болуусунда гана анык болот:

3.1. Элестетүүнүн жардамы менен оригиналдуулукту, эстетикалык чечимди жана тобокелдүү кыймыл аракетти түзүү.

3.2. Техниканы же технологияны колдонуп, натыйжаны, системаны, маалыматтын же түшүнүктүн сапатын түзүү.

3.3. Контексттерди ачык айкын кылуу, варианттарды изилдөө, эњ жакшы натыйжаны же жакшы келечекти түзүүгө алып келүүчү тандоолордун натыйжаларын жана жыйынтыктарын кароо.

3.4. проблемаларды чечүүдө жањы жолдорду генерирлөө үчүн ар кандай ыкмаларды жана инструменттерди колдонуу; жагдайларды карап чыгуу; келечектин жањы түшүнүгүн түзүү жана көрсөтүү.

4.0 Активдүү изилдөөчү

Активдүү изилдөөчүнүн баалуулуктары өзүнө ой жүгүртүү жөндөмдөрүн, акыл-ой суроону, маалыматтын альтернативдүү ресурстары үчүн издөөнү, мүмкүн болгон объективсиздикти түшүнүү менен маалыматтарды интерпретация-лоону, технологияларды пайдалуу колдонууну, изилдөөлөрдүн пайдасын жана текшерүүгө туруштук бере алган бардык жыйынтыктарды колдоо үчүн болгон талапты камтыйт. Активдүү изилдөөчү болуу касиети окуучунун төмөнкү сапаттарга ээ болуусунда гана анык болот:

4.1. Конкреттүү тема же суроо боюнча гипотезаларды же суроолорду суроо же проблемаларды коюу.

4.2. Ар кандай техниканы жана технологияны маалымат чогултуу, карап чыгуу жана башкаруу үчүн колдонуу; маалыматты чогултуу, жазуу, карап чыгуу жана берилген суроолор менен салыштыруу.

4.3. Гипотезаны колдоо же жалпылоо үчүн текшерилген далилдерге негизделген жыйынтыктарды өз алдынча же топтордо чыгаруу.

5.0 Эффективдүү байланыш

Эффективдүү коммуникатор сабаттуулукту, сандык ой жүгүртүү жөндөмүн, маалыматтык машыгууларды, коммуникациянын жана түшүндүрүүнүн ар кандай түрлөрүн, түшүнүдүрүүнүн ачыктыгын жана тактыгын, ар кандай маанилүү тексттерди талдоого даярдыкты камтыйт. Эффективдүү коммуникатор болуу касиети окуучунун төмөнкү сапаттарга ээ болуусунда гана анык болот:

5.1. Жазылган, оозеки, визуалдуу, кинестетикалык жана музыкалык тексттерди түшүнөт жана түзөт (графиктерди, диаграммаларды жана статистиканы кошуп), атайы максаттар же аудиенция үчүн маалыматты, маанини, ойду же көз карашты берет.

5.2. Тексттин (мисалы, түзүлүш, грамматика, сөз запасы жана туура жазуу), сандардын (мисалы, арифметикалык эсептөөлөр, мейкиндиктеги өз ара мамилелер жана математикалык процесстер) ж.б. системалардын жана белгилөө системаларынын (мисалы, музыкалык же хореографиялык) өзгөчөлүктөрүн эффективдүү колдонот.

5.3. бардык тексттер өзгөчө көз карашта жазылгандыгын түшүнүү менен ар кандай максатта жана ошол эле убакта кээ бир адамдарга колдоо көрсөтүүчү же көрсөтпөөчү жањы идеяларды издөө жана бул идеяларды эффективдүү пайдалануу

5.4. Сандык ой жүгүртүү жөндөмдөрү жана аларды ар кандай контексттерде жана коомдук жагдайларда колдонуу.

5.5. Физикалык же экспрессивдүү элестетүүнүн ар кандай түрлөрү аркылуу ой жүгүртүү, түшүнүү, сезүү жана интерпретация сыяктуу сезимдерди көрсөтөт.

6.0 Көз карандысыз дүйнөдөгү катышуучу

Көз карандысыз дүйнөдөгү катышуучу социалдык адептүүлүктүн принциптерин, демократиялык процесстерди, кызматташтыкты жана сылыктыкты, социалдык нормаларга жооп берген (туура келген) көњүлдөн чыккан жүрүш-турушту, конфликттерди тынчтыкта жөнгө салуну, чындыкты, алардын өз ден-соолуктарын жана жыргалчылыктарын, башкалардын сак-саламаттыгын баалайт. Көз карандысыз дүйнөдөгү катышуучу болуу касиети окуучунун төмөнкү сапаттарга ээ болуусунда гана анык болот:

6.1. көз карандысыз, жекече тапшырмаларды, физикалык көнүгүүлөрдү, проблемаларды жана долбоорлорду сунуш кылат.

6.2. Топтун динамикасына туура келүү үчүн адамдар арасындагы жөндөмдөрдү колдонот, карама-каршы перспективаларды (келечектин пландарын) баалайт, конфликттүү жактар менен сүйлөшөт, максатка жетүү үчүн керектөөлөрдү, тапшырмаларды же жумуштарды аныктайт

6.3. ¤зүн көрсөтүүгө, өсүүгө, физикалык, социалдык, интеллектуалдык, эмоционалдык өнүгүүгө мүмкүндүк берген ишенимдин жана мамиленин жекече жана жооптуу системасын түзөт.

6.4. Маалымат алган инсан катары активдүү катышат.

7.0. Рефлексивдүү жана өзүнө концентрация-ланган окуучу

Рефлексивдүү жана өзүнө концентрацияланган окуучу окутууну, өзүн-өзү окутууда жоопкерчиликти алууну, өзүн-өзү түшүнүүнү, окутуу стратегияларын күнүмдүк турмушка которууну жана окуучулардын мамилелерди карап чыгуу даярдыктарын баалайт. Рефлексивдүү жана өзүнө концентрацияланган окуучу болуу касиети окуучунун төмөнкү сапаттарга ээ болуусунда гана анык болот:

7.1. Алардын өздүк окутуу стилин, жакшы жактарын жана кемчиликтерин, байланышын, билимин, машыгууларын жана стратегияларын окутууну жакшыртуу үчүн баамдоо максатында карап чыгышат.

7.2. Туура келүүчү жөндөмдөрдү, стратегияларды колдонуу менен ой жүгүртүүнү, элестөөнү, жүрүш-турушту, жетиштүүлүктү жана прогресстерди пландаштырат, уюштурат, баалайт жана башкарат.

7.3. Концепцияларды, ойлорду, машыгууларды жана стратегияларды жањы жагдайларга которот жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн издейт.

7.4. Божомолдоолорду, баалуулуктарды, көз караштарды критикалуу баалайт жана жекече же топтук талкуу аркылуу, бир же башка бир чечимдерди тартуу аркылуу процессти карап чыгат.


ПРАКТИКАЛЫК МИСАЛ

ТАБИЯТ ИЛИМИ

Темасы: ИЛИМИЙ ИШ


КАСИЕТТЕРИ

A1 Изилдөөлөрдү пландаштыруу: изилдөө амалдарын аныктоо, карап чыгуу жана процессуалдык так киргизүү

B1 Изилдөөлөрдү жүргүзүү:

¤згөчө процедуралардагы коркунучту баалоо, жабдууларды сактоодогу жана так колдонуудагы жоопкерчилик

C1 Маалымат үстүндө иштөө: Маалыматтар менен так колдонууну көрсөтүү


D1 Алынган маалыматтарды баалоо:

Изилдөөлөрдү баалоо жана айлана-чөйрөгө тиешелүү суроолорду карап чыгуу

E1 Илимди колдонуу:

Илимдин өнүгүүсү жана коомдун ишениминин, баалуулуктарынын ортосундагы өз ара байланышты анализдөө

F1 Милдеттери: Илимий суроо боюнча чечим кабыл алуу үчүн керектүү маалыматты аныктайт жана билдирет.

НАТЫЙЖАЛАРЫ

Мисалы, студенттер

A1.1 Изилдөөнүн максаттарын талкуулоо

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 1.3; 4.1

B1.1 Шаймандарды пайдалануу боюнча чектөөлөрдү аныктоо жана сүрөттөө; алардын коомго жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү:

3.4

C1.1 Илимий маалыматтуу кайрылууну өзгөчө эксперименттер жана изилдөөлөр үчүн сүрөттөө жана далилдөө

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 1.2

D1.1 Изилдөөлөр жана анын аргументтүүлүгү боюнча аныктоо жана комментарийлер

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү:1.1; 7.4

E1.1 Коомдо илимий билимди жана илимий сүрөттү колдонууну талкуулоо.

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү:1.1; 2.4

F1.1 Адабияттагы окумуштуулардын коомдук кампанияларга катышуусу тууралуу алынган маалыматтардын отчету. (социалдык жамандык, мектеп илимдери ж.б.)

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү:5.1; 7.3

A1.2 Альтернативдүү ыкмаларды киргизүүнү аныктоо жана талкуулоо

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 2.3; 4.2

B1.2 Эксперименттин потенциалдык терс таасирин минимумга жеткирүү үчүн өзгөчө техниканы жана жабдууну колдонууда керек болгон жөндөмдөрдү кайрадан аныктоо жана сүрөттөө

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 3.1; 4.2;

C1.2 Эгерде жыйынтыктар күтүлгөн жыйынтыктарга туура келбеген учурда кандай кылуу керектигин бекемдөө жана далилдөө

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 2.3; 7.3

D1.2 Байкоонун жана изилдөөнүн алдыњкы түшүнүктөрүн жањы изилдөөлөргө карата аныктоо жана талкуулоо

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 3.2; 5.4

E1 Илимдин жана коммдун баалуулуктарынын ортосундагы анализ жана өз ара аракеттенүү.

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 2.4; 6.2

F1.2 Окумуштуулардын долбоордун (СПИД) ишине кандайча тартылгандыгы тууралуу социалдык эссе жазуу

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 5.2; 6.3; 7.4

A1.3 Диний/укуктук кыстоо тууралуу отчет

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 6.3

B1.3 Кабыл алууларды аргументтештирүүнү жана изилдөө жүргүзүү учурундагы башкалардын мамилесин баалоо жана карап чыгуу Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 2.2; 4.2

C1.3 Чынчылдыкты, моюнга алууну жана объективдүүлүктү талкуулоо, илимге киргизүү жана аларды мектеп илиминде пайдалануу

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 6.1

D1.3 Корутундуну өзгөртө алган далилдерди аныктоо жана сунуш кылуу

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 5.3

E1.3 Илимий аракет жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн керек болгон маалыматты аныктоо жана отчет

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 3.3; 5.3; 7.4

F1.3 Социалдык демилгелердин анализи жана талкуусу (Дүйнөлүк мурас) жана илимдин жана окумуштуулардын бул чечимдерди кабыл алууга кошкон салымы

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 2.4; 6.4



C1.4 Божомолдоолорду талкуулоо жана түшүндүрүү

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 5.5; 7.2


E1.4 Бир нече ресурстардан алынган далилдердин негизинде жасалган корутундулар

Окутуунун жыйынтыктарына жардам көрсөтүү: 2.1; 4.3


МИСАЛДАР, МАКСАТ: Илимий иш

Окуучулар химиялык пестициддерди алуудагы, колдонуудагы өздөрүнүн түшүнүктөрүн жана алардын айлана-чөйрөгө, коомго тийгизген таасирин көрсөтүүлөрү керек.

ПАЙДА БОЛУУСУ

Студенттер пестициддердин иштөө принциптерин, химиялык өндүрүш аларды кантип чыгарарын, тестирлөөсүн жана аларды үйдө кантип сатаарын билишет.


ПРОБЛЕМАНЫ БЕКИТүү

Бир нече аргуметтерди камтыган (айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, коркунучка каршы арзан баалар) инсектициддерди талкуулоону карап чыгуу жана пестициддерди колдонууга мүмкүн жана каршы болгон илимий аргументтерди сунуш кылуу.


үЙР¤ТүүНүН ЖАНА ОКУТУУНУН ЫКМАСЫ

Студенттер чакан топтордо иштеши керек. Мугалим биргелешип окутууда, акыл чабуулунда, интервьюда, проблемаларды чечүүдө, диаграммаларды иштеп чыгууда окуучуларга жетекчилик кылат.


БААЛОО

Ар бир окуучу класста талкууланган индивидуалдык отчетту сунуш кылуусу керек.

Класстык талдоодогу жооп катарындагы реакцияга негизделген рефлексивдүү ой жүгүртүүнү пайдаланып, окуучу талкуудан кийин эмнени үйрөнгөндүгүнө ой жүгүртөт жана күндөлүк ачуунун же анкета толтуруунун жолу менен суроолорду берет.


ОКУТУУЧУ МЕДИА МАТЕРИАЛДАР

Интернет, окуу китептери, газеталар, диаграммалар, окуу мисалдары (окуялар).


КАСИЕТИ (МИСАЛ)


E1

Илимди колдонуу: Коомдун ишенимдери жана баалуулуктары менен илимий өнүгүүнүн өз ара байланышын анализдөө



НАТЫЙЖАЛАРЫ (МИСАЛ)


E1.1

Коомдогу илимий билимдерди жана илимий сүрөттү талкуулоо

E1.2

Коомдун ишенимдери жана баалуулуктары менен илимий өнүгүүнүн өз ара байланышын анализдөө

E1.3

Илимий аракет жөнүндө жооптуу чечим кабыл алуу үчүн маалымат боюнча отчетту аныктоо жана сунуш кылуу (=химиялык пестициддерди өндүрүү жана пайдалануу)

E1.4

Бир нече ресурстардан алынган далилдердин негизиндеги корутундулар

СОЦИАЛДЫК ИЛИМДЕГИ

ПРАКТИКАЛЫК МИСАЛДАР

Жалпы тема: убакыт жана өзгөрүүлөр

Мейкиндик жана орун


Классификациясы

A1 Өткөндү түшүнүү: Убакыттын контекстиндеги адамдык курч көйгөйлөр жана окуялар.


B1 Убакыт жана өзгөрүүлөр: себеп жана натыйжа өз маанисинде эмне үчүн өзгөрө алаарын түшүндүрүү.


C1 Чечмелөөлөр жана келечектери Эмне үчүн тарыхты социалдык топтор жана коомчулук ар түрдүү чечмелешет жана кайра чечмелешет.

D1 Мейкиндиктин касиети/тартылуусу:

Жер үстүндөгү белгиленген касиеттин үлгүлөрүнүн бири бирине болгон байланышты түшүндүрүү максатында мейкиндиктеги бири бирине болгон байланыштын өзгөрүүлөрүн анализдөө.

E1 Адамдык жана мейкиндик: Теңдештикти пландоо ролун аныктоо жана жөнгө салуу же мейкиндиктеги жерди пайдаланууга тиешелүү курч талапты чечүү үчүн чечим кабыл алуу.

F1Жер маселелери: Белгиленген инсандар жана элдердин тобу мейкиндикти жана жайды экологиялык рационалдык колдонуу боюнча коомдук чечимдерди кабыл алууга катышарын аныктоо.

Сунушталган жыйынтыктар

Мисалы студенттер өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көргөзө алышат

capable of


A1.1 Белгиленген тарыхый контекст аркылуу тигил же бул ишенимдердин чегинде түзүлгөн адамдык ишкердиктин багытын аныктоо (мисалы: 19 кылымдагы Азиядагы Француздук империализм) Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет

B1.1 Ар түрдүү континенттердин комплекстүү тарыхый абалын сүрөттөө, анализдөө жана түшүндүрүүнү өзүнө камтыган талаш маселелерди түшүнүү.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет

C1.1 Изилдөөнүн суроолорун түзүү, ар түрдүү түшүндүрмөлөргө белгиленген окуяларга жана идеологияларга тийиштүү далил берүү максатында маанилүү маалыматтарды чечмелөө жана тандоо. Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

D1.1 Жаратылышты жана ушул жердин абалы менен бири биринин ортосундагы байланыш деңгээлин аныктоо максатында биринчи жана экинчи булактарынан чогулган маалыматты анализдөө.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

E1.1 Шаардык жана айыл жергесиинин негизги топографиялык элементтерин баалоо жана сүрөттөөгө мүмкүндүк берген көрсөтмө мисалдарды чечмелөө жана даярдоо.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

F1.1 Экологиялык рационалдык өнүгүү бүтүндүк жолду көрсөтүүчү маселенин түшүндүрмөсү. Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.




A1.2 Белгиленген убакыт аралыгында элдер көптөгөн ишенимдерге жана баалуулуктарга ишенип келгендигин көрсөтүү максатында булактарды анализдөө (жалпы добуш берүүгө каршы же анын пайдасына чыгуучулар, согуштарга катышуу, кылмышты жазалоо, технологияны колдонуу) Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


B1.2 Ар кандай көз караш менен белгиленген абалдардын жана окуялардын пайда болу себебин классификациялоо (согуштун себептери тарыхый белгиленген убакыт аралыгындагы Италиядагы Индонезияны колонизациялоо себептери тарыхтагы катышкан өлкөлөрдүн көз карашы менен каралат,) Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет




C1.2 Эмне үчүн жана кандайча талаш маселелер, окуялар жана идеаологиялар убакыттын өтүшү менен өзгөрүүгө дуушар болоорун түшүндүрүү. (архивдик материалдарды жарыялоо, археологиянын жаңы илимий ыкмалары, контекстин

өзгөрүшү ).

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет

D1.2 Соода ишкердигинин жана ар кандай региондорго туристтердин агымы орундун мүнөздүк өзгөчөлүктөрүнө таасир этүүсүн түшүндүрүү максатында анализдөө

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет

E1.2 Географиялык жайгашуу орунуна тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн пландоо жана юридикалык жактын зарылдыгын баалоо.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет

F1.2 Топтун мүчөлөрүнө жана лидерлерге анкета өткөрүү жана интервью алуу маалыматтарын колдонуу менен чечим кабыл алууда айрым адамдардын жана элдердин тобуна тиешелүү групп. Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет








A1.3 Ар кандай тарыхый мезгил аралыгындагы бир өлкөнүн экинчи өлкөгө болгон мамилесинин спецификалык себептерин түшүндүрүү.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


B1.3 Белгиленген абалда мүмкүн болгон өбөлгөнүн пайда болгон себептерин классификациялоо. (Монархия сыяктуу төңкөрүштүн өбөлгөлөрү, биринчи дүйнөлүк согушка кирген дыйкандар, Распутиндин ролу, аракка коюлган алым, көтөрүлөш кыймылдары). Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет



C1.3 Маалымат булактарынын жана аларды өткөрүп берүү каражаттарынын дайыма өзгөрүп туруу таасирин түшүндүрүү, ошондой эле жалпы маалымат каражаттарынын тарыхый ролу.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


D1.3 Ар кандай жерлердин ага таасири бири бирине байланышы жана мүнөзүнүн ортосундагы маанисин изилдөө, алардын ортосундагы мамиленин өзгөчөлүктөрү.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


E1.3 Шаар жана айыл жергесин иштетүүгө тиешелүү пландоо боюнча агенстволор кызыктар адамдардын жана топтордун пикирин билүү максатында кеңеш алуусун баалоо жана түшүндүрүү.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


F1.3 Географиялык жерди колдонуу маселелерине тийиштүү чечимдерди кабыл алуу процессинде социалдык калыстык жана демократия маселелери боюнча талаш суроолорду түшүндүрүү. (облустардын жана өлкөлөрдүн ортосундагы чекти бөлүү)

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


A1.4 20 кылымдагы Азиядагы жана Европадагы пассивдүү каршылык көрсөтүү мотивин түшүндүрүү. Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет



B1.4 Саясий, экономикалык, маданий окуялардын жүрүшүнө баа берүү максатында ар кандай булактардын аргументтери жана далилдеринин кошундусу (Австралия жана Калифорнияга алтын калтыратманын таасири)

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет



C1.4. Бир аз кечирээк мезгилдин этабындагы ар кандай топтордун тарых катары жаңы чечмеленүүсүн түшүндүрүү максатында кандайдыр бир убактагы бир аз кийинки жаңы булактардын маалыматы менен карама каршы коюу.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


D1.4 Маданий, саясий, технологиялык жана экономикалык өзгөрүүлөр ар кандай географиялык жерлердин карым катышына жана өз ара мамилесине болгон таасирин түшүндүрүү.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


E1.4 Вьетнамдагы адамдын колу тийбеген жерлерди мурастоону башкаруу планын баалоо.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


F1.4 Башка максатта же абалдарда географиялык жерлерди иштетүү максатында белгиленген чен же контекст боюнча географиялык жерлерди колдонууга тийиштүү мисалдарды жана жалпылоолорду колдонуу.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


A1.5 Байыркы дүйнөнүн демократиялык идеалдары менен кулчулуктун өкүм сүрүү себептерин түшүндүрүү.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет





D1.5 Агым кыймылын түшүндүрүү максатында шаар аймагынын өзүнчө бөлүктөрүнүн жана белгиленген билимдин мүнөздүк сапаттарын колдонуунун ортосун чектөө.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


E1.5 Алар ээлеген жана башкарган айыл жергесинин башкаруу пландарын баалоо.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


F1.5 Шаардык жана жергиликтүү жерлерди иштетүүгө тиешелүү башкаруу стратегияларын баалоо максатында чыгымдарды анализдөө техникасын жана жыйынтыктарын колдонуу.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


1.6 Узак убакыттын өтүшү менен кантип мурастын түрдүү топтор аркылуу өтүп келүүжолдорун сындап салыштыруу.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет




D1.6 Ички перифериялык, чек аралык жана өтмөк зоналардын жана кошулмаларды пландоону колдонуу.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


E1.6 Белгиленген жерлерди пландоодо эл аралык макулдашуулардын ролун баалоо. (дүйнөлүк мурастын тизмесин түзүү)

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


F1.6 Географиялык саясий туруктуулуккатийиштүү коомдукчечимдердин кабыл алуунатыйжалуулугуна тийиштүүү өзүнчө инсандардын жана топторду баалоо.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет





D1.7 Социалдык-географиялык карым катышты көрсөтүү жана анализдөө, мүмкүн болгон багыттарды болжоо максатында карта, диаграммаларды жана статистикалык техниктерди колдонуу.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет


E1.7 Шаар жана айыл жергесин башкарууну пландоо жана стратегиялоону баалоо жана түзүү максатында географиялык тутумду көрсөтүлгөн жана жаратылыш ресурстарын колдонуу.

Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет











ТАПШЫРМАНЫН ҮЛГҮСҮ: Убакыт жана өзгөрүү

Окуучулар тарыхый окуяларды жана алардын социалдык-экономикалык маанилерин түшүнгөндүгүн көрсөтүүгө тийиш.

ЧЫГУУ МААЛЫМАТТАРЫ

Окуучулар 20 кылымдагы Европанын тарыхын үйрөнүп чыгышкан, берилген теманы өз алдынча изилдөө үчүналарга эки жума мурун берилген.

СУРООНУН ТҮЗҮЛҮШҮ

Төмөндөгү суроолорго жооп берүү: 1924-жылдагы биринчи дүйнөлүк согуштан кийин аскердик утулуу жанааскердик жаракатГерманиянын коомдук саясатына кандай таасир тийгизген?

ОКУТУУ ЖАНА ҮЙРӨТҮҮ ЫКМАСЫ

Окуучулар жуп менен иштешет. Мугалим тарыхый окуяларды чечмелеп, тарыхый изилдөө методунколдонуу менен студенттерге жардам берет жана багыттайт.

БААЛОО

Ар бир окучу так жана кыска түрдө изилденген маалыматка эссе жазып, анны жактап берүүсү керек.



Алар жуп болуп, талкуу убагында окулганды ойлонуп жана айтып берүү талкуунун аягында окулганга мүнөздөмө беришет, ошону менен бирге ар бири табылган маалымат боюнча өз журналдарын жазышат жана жыйынтык чыгарылуучу тарыхый маалыматтар боюнча аныктап беришет.



МААЛЫМАТТЫК /МААЛЫМДАМА МАТЕРИАЛДАРЫ

Интернет, окуу куралдары, тарыхый маалыматтык фактылары, карталар, докладдар, оозеки жооп берүүлөр, үй бүлө мүчөлөрүнүн баарлашуусу.

КЛАССИФИКАЦИЯ (ҮЛГҮ)

A1

Өткөндү түшүнүү: Берилген убакыттагы адамзаттын контксттеги талаш маселелерин, окуяларын анализдөө.


B1

Мезгил жана өзгөрүүлөр: эмне үчүн себеп жана изилдөө өз маанисинде өзгөрүүгө дуушар болот.


C1

Чечмелөө жана келечек: Түшүндүрмө, эмне үчүн өзүнчө социалдык топтор жана коомчулук тарыхты ар кандай чечмелешет

ЖЫЙЫНТЫГЫ (ҮЛГҮ)

A1.2

A1.2 Белгиленген убакыт аралыгында элдер көптөгөн ишенимдерге жана баалуулуктарга ишенип келгендигин көрсөтүү максатында булактарды анализдөө

B1.1

B1.1 Ар түрдүү континенттердин комплекстүү тарыхый абалын сүрөттөө, анализдөө жана түшүндүрүүнү өзүнө камтыган талаш маселелерди түшүнүү.


C1.4

Бир аз кечирээк мезгилдин этабындагы ар кандай топтордун тарых катары жаңы чечмеленүүсүн түшүндүрүү максатында кандайдыр бир убактагы бир аз кийинки жаңы булактардын маалыматы менен карама каршы коюу.

C1.2

Эмне үчүн жана кандайча талаш маселелер, окуялар жана идеаологиялар убакыттын өтүшү менен өзгөрүүгө дуушар болоорун түшүндүрүү.

B1.4

Саясий, экономикалык, маданий окуялардын жүрүшүнө баа берүү максатында ар кандай булактардын аргументтери жана далилдеринин кошундусу.















ПРАКТИКАЛЫК МИСАЛДАР

ЖАЛПЫ ТЕМА:

Классификация/мүнөздөмө



ATTRIBUTES

A1

B1.

C1

D1


E1

Баары/жыйынтыгы

Evident when students, for example demonstrate that they are capable of


A1.1























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

B1.1























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет. результату обучения

C1.1





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

D1.1.





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

E1.1





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

A1.2





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

B1.2





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

C1.2





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

D1.2





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

E1.2





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

A1.3

A1.2





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

B1.3

A1.2





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

C1.3

A1.2





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

D1.3.

A1.2





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

E1.3.

A1.2





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

A1.4





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

B1.4





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

C1.4





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

D1.4





















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

E1.4

Бүтүндүгүнө көмөк берет

















Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

A1.5























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

B1.5























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

C1.5























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

D1.5























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

E1.5























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

A1.6























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

B1.6























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

C1.6

D1.6























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

E1.6























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

A1.7























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

B1.7























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

C1.7























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

D1.7























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.

E1.8























Окутуунун жалпы көлөмдүк жыйынтыгына көмөк берет.











ТАПШЫРМАНЫН ҮЛҮГСҮ:



ЧЫГЫШ МААЛЫМАТТАР



СУРООНУН ТҮЗҮЛҮШҮ



ОКУТУУ ЖАНА ҮЙРӨТҮҮ ЫКМАЛАРЫ




БААЛОО




МААЛЫМАТТЫК/МААЛЫМДАМА МАТЕРИАЛДАР




КАССИФИКАЦИЯ (ҮЛҮГ)



A1


B1


C1




ЖЫЙЫНТЫГЫ/БААРЫ (ҮЛГҮ)



A1.2


B1.1


C1.4


C1.2


B1.4














1.Негизги практикалык консепцияга окутуучу ыкмаларды киргизүү.

Биз бул бөлүмдө үч маанилүү консепцияны карайбыз. Биринчи, активдүү окутуу, экинчи лкуучуга багытталган окутуу, үчүнчү окуутуучунун активдүүлүг жана окуучуга багытталган окутуунун ролу.


Активдүү окутуу

Биз төмөндөгүдөй суроолор менен баштасак болот:


  • Активдүү окутууну жана окуучуга багытталган окутууну колдонууда кандай жаңы негизги жыйынтыктар (суроолор) талкууланышы керек?

  • Окутуу ыкмаларын жакшыртуу үчүн негизги жыйынтыктар кантип өткөрүп берүүгө болот?

Бирок, сизде бар тажрыйбаңыздын жана билимиңиздин негизинде келгиле башынан баштайлы. Бул жерде биз сизге негизгизги жыйынтыктардын схемасын көрсөтүүгө аракеттенип жатабыз, мында активдүү окутуу жана окуучуга багытталган окутуу жана окутуу ыкмалары жөнүндө сөз болуп жатат. Бул түшүнүк тагыраак айтканда окуучуга багытталган окутуу 20 кылымдан баштап маанилүү ролго ээ боло баштады. Жалгыз гана мугалимге жана китептерге көңүл бурган салттуу окутуу ыкмасын четке каккан, прогрессивдүү агартуу мектебинин негиздөөчүсү Ж.Деу окутууда(билим алууда) тажрыйбанын маанисин баса белгилеген.



Албетте сиз дагы ушундай жасаңыз, анткени бирдиктүү жооп жок. Төмөндөгүгө көңүл буруңуз:


Чагылуу


Бир акылман адамдан активдүү окутуу жөнүндө сураганда ал мындай деп жооп берди: окутуу булл спорттук мелдештин көрүүчүсү эмес. Окуучулар класста гана отуруп, мугалимди угуп, даяр таршырманы эстеп калып жана ачууланып, жооп берүү менен көп нерсеге үйрөнүшпөйт. Алар окуганы жөнүндө айтып жана жазып, ошондой эле алар мурда окулган билимин азыркы жашоо менен байланыштыра билүүсү абзел. Алар эмнени үйрөнгөнүн колдоно билүүлөрү керек.



Муну менен эмнени түшүндүрөт? Биз бул жерде биздин жообубузду сиздин карооңузга коебуз: Качан окутуучулар окуучуларды айрым ишкердикке тартып, аларды ойлонууга мажбурлап, ошол маалымат боюнча түшүндүрмө алган учурда бул чыныгы активдүү окутуу болуп эсептелет. Окутуучулар эмнеден качуусу керек? Алар жөн эле укпастан, спецификалык предметтердин жана тартиптердин консепциялары менен көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жетишиши керек. Келгиле эми мүмкүн болгон ишкердикти өзгөртөлү. Келиңиздер элестетели, мугалим же мугалимдердин тобу сизди активдүү окутуу болюнча лидер болууңузду суранышты.


Активдүү окутууү: Өткөрүп берүүдөгү өзгөрүүлөр.

Албетте лекция окуу бул баарлашуунун натыйжалуу ыкмасы жана лекциянын жардамы менен көптөгөн маалыматтарды берүүгө болот, ошондой эле аналитикалык жүрүштү алып көрсөтүү мүмкүн. Бирок биз окуучулардын идеяларды анализдөө жана бириктирүүдө лекция дайыма кызыктыра бербестигин билебиз. Ошентип алар аны жаңыча гана колдонушат.

Активдүү окутуу: суроолор жана талкуулоо

Мугалимдер бирнерсе менен алек кылуу аркылуу окуучуларды кызыктырууга тийиш. Булл суроолор жана талкуулоонун жардамында ишке ашырылат. Көптөгөн мугалимдер бул жолду мүмкүн гана эмес окутуу ыкмасынын негизги компоненти деп табышты. Окуучуларды зирек болууга жана класстын милдеттерин аткарууга мажбурлашат.



Активдүү окутуу: кыйынчылыктарды жеңүү

Мүмкүн сизге мугалимдмн кантип кыйынчылыктарды жеңүүсү жана сиздин мектебиңизде активдүү окутууну жакшыртуунун ишке ашыраары кызыктыр. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй көптөгөн мугалимдер активдүү окутууну жакташат жана бул идеяны өзүнүн предметтерине жана эрежелерине гана эмес, ошондой эле башкалар үчүн да пайдалуу деп эсептешет. Сиз айрым ички карама каршылыктарга туш келесиз. Мугалимдерге жаңы ыкмаларды колдонууну сунуштаганда бул аларга чоң маселе болуп сезилет. Айрыкча сиз мугалимден эски ыкмалардан баш тартып жана окуучуга багытталган окутууну сунуш кылганыңызда бул көрүнүштү байкайсыз.

Бул мугалимдер үчүн ашыкча көп материал жана аларга басым экендигин унутпаңыз.Бирок лекция жана пассивдүү окутуу баарына ыңгайлуу. Ошентип, окутуу жана үйрөтүү боюнча ыкма окуучуларды кызыктырат жана алардын ишкердиги убакытты бекер коротуу болуп сезилет.





X тапшырмасы

Окуучулар арасындагы практикалык көнүгүүлөргө мүмкүндүк берүүчү жана өнүктүрүүчү план даярдаңыз, анын ичинде:


• окутуу жана үйрөтүү боюнча практикалык активдүү ыкмаларга мүмкүндүк берүүчү жана өнүктүрүүчү

• мугалимдердин ар кандай агартуу тапшырмаларын колдонуу менен активдүү окутуу консепциясын өнүктүрүү жана түшүнүүгө багыттоо

• студенттер менен улуулардын ортосундагы профессионалдык мамилени өнүктүрүүнү колдоочу.

• активдүү окутуунун эң жакшы сапаттарына кызыктыруу.

• Окутуучулардын өздүк байкоосун өнүктүрүү, студенттердин билим тажрыйбасын ошол эле учурда өзүнүкүн дагы жакшыртууга өбөлгө түзүү.


Бул кантип ишке ашат?

Мисалы сиз төмөкүдөй көрсөткүчтөрдү колдонсоңуз болт:

Окутуунун жана үйрөтүүнүн ийкемдүүлүгү

  • Предметти жана курсту жакшы уюштуруу мазмундун маанисин жана байланышын, окутууну жана үйрөтүүнү пландоо тапшырмасын камтыйт

  • Натыйжалуу байланышуу

  • Предмет жана окутуу үчүн билим жана жигер

  • Окуучунун карым катышы жана активдүү тажрыйбасы аркылуу окутууну жеңилдетүү

  • Студенттердин жакшы жүрүм турумун сыйлоо.

  • Багыттоо жана окутууну жакшыртууда натыйжалуу карама каршы байланышты колдонууну камтыган сынчыл рефлекстүү багыт.



X тапшырмасы

Мугалимдин көрсөтүп берүүсү үчүн сиздин предметиңиздин тизмесин жана деталдык белгилерин даярдаңыз

• Окутуу жана үйрөтүүдө мамиленин ийкемдүүлүгүн көрсөтүңүз

  • Предметти жана курсту жакшы уюштуруу мазмундун маанисин жана байланышын, окутууну жана үйрөтүүнү пландоо тапшырмасын камтыйт


Натыйжалуу байланышуу


  • Предмет жана окутуу үчүн билим жана жигер


  • Окуучунун карым катышы жана активдүү тажрыйбасы аркылуу окутууну жеңилдетүү


  • Студенттердин жакшы жүрүм турумун сыйлоо.


  • Багыттоо жана окутууну жакшыртууда натыйжалуу карама каршы байланышты колдонууну камтыган сынчыл рефлекстүү багыт.



Сиз камтый ала турган ар кандай белгилерди белгилеңиз.Ошондуктан муну мисал катары колдонуңуз.Бул тизмени даярдагандан кийин мүмкүн сиз штаттык тапшырмаларды өнүктүрүүдө окутуучулар үчүн мисал катары колдонууну каалайсыз



Сиздин барагыңыз сынак үчүн гана. Муну менен биздин максатыбыз окутуу жана үйрөтүү боюнча сапаттар жана ыкмалар жөнүндө сизге түшүнүк берүү үчүн демилге берүү жана камсыздоо.Эми биз окуучуга багытталган окутуу жана үйрөтүү боюнча так ыкмалар жөнүндө кийинки темага кайрылсак болот.

Окуучуга багытталган окутуу жана үйрөтүү боюнча ыкмалар

Жогоруда айтып кеткен окутуу жана үйрөтүү боюнча активдүү ыкмалар жана окуучуга багытталган окутуу жана үйрөтүү боюнча ыкмалары бири бирине тыгыз байланыштуу. Ошентсе дагы окуучуга багытталган окутуу натыйжалуу окутуунун негизине жатат. Эгер биз аларды натыйжалуу окутуу үчүн колдонууну кааласак, бардык окутуу ыкмаларына, окутуу материалдарына, ошондой эле окуучуга багытталган окутууга колдонулган бардык тапшырмаларга көңүл бурууңуз керек.Келиңиздер эми айрым суроолорду карап көрөлү.


Окуучуга багытталган окуу деген эмне?

Окуучуга багытталган окутууда биздин окуучуларыбыздын талаптарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жана биздин бардык пландарыбызга ылайык максаттайбыз. Бул жерде негизги идея - темалар жашоо талаптарына жана окуучулардын кызыкчылыгына жооп берип, ошондой эле окуучулар аны өздөрү түзүүгө активдүү катышканда жана алган билимин реалдуу жашоо менен байланыштыра алган учурда окутуу мазмундуу болот. Бул окуучулардын окууга жакшы умтулуусу бардыгы жана алар өзүнүн үйрөнгөнүнөн канааттануу алаарын түшүндүрөт. Бир окутуучу катасыз маалымат булагы болгондон көрө, окутуучу окуучуга өзү үчүн жаңы нерсеге сынак жүргүзүү, изилдөө жана таап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берип жана бөлүшкөнү жыйынтыктуураак.


Сизге окуучуга жеке багытталган окутуу жөнүндө айрым түшүндүрмөлөрдү берүү менен биз кийинки суроолорду берүү менен алга жылабыз:

Эмне үчүн окуучуга багытталган окутууну алга жылдыргыбыз келет? Мунун кандай пайдасы бар?

Окутуучунун окуучуга багытталган окутууну колдонуу ар түрдүү деңнээлге карабастан ар бир окуучуну натыйжалуу окутууга жардам берет. Үлгүлүү лидер катары окутууга багытталган үйрөтүү жөнүндө жана аны ар бир окуучунун талабына жараша колдонууну туура түшүндүрүү жоопкерчилиги сиздин мойнуңузга жүктөлгөн.Өз сабагын пландоодон мурда окутуучу сабактын маанисинен мурда окучу жөнүндө ойлонушу керек. Ошондо биз окуучунун талаптары каралганына ишенсек болот.

Мүмкүн окутуу жана үйрөтүү боюнча ыкма үчүн эң кызыктуу суроо окуучулар андан кандай практикалык пайда болоорун билүүсү керектиги маанилүү болуп эсептелет. Сизге жаңы милдеттенмелер жүктөлүп жана бул жаңы милдеттенмелерди ишке ашыруу милдети жүктөлгөндүктөн, сиз өзүңүзгө окутуу жана үйрөтүү боюнча билгиликтүү жана билим берүүчү лидер катары өзүңүзгө ишенишиңиз керек.

Сиз студентке багытталган окутууну кантип уюштура аласыз? Окуучуга багытталган окутууда окуучулар өздөрү демилге көтөрүп жана өз жашоосуна олуттуу маалымат алуусу үчүн сиз лидер катары окутууда мугалимдердин ийгиликке жетишүүсү үчүн ушуга жараша тапшырма ойлоп табууңуз керек. Эгер мугалимдер окуучулардын талаптарына ылайык көңүл коюп иш алып барышса, сиз билим берүүчү лидер катары мугалимдердин талаптарына, мүмкүнчүлүктөрүнө жана кызыкчылыктарына көңүл бурушуңуз зарыл. Мында сиз үчүн бир нече мисалдар:


  • Окутууга караганда үйрөтүүгө өзгөчө маани коюлуп, окуучуга багытталган ыкма боюнча тажрыйба алмашуу жана башка окутуучулар менен биргеликте иштеңиз.

  • Окуучулардын окуу жүрүшүнө катышуусуна кызыктырыңыз жана үйрөтүүнү жеңилдетүүчү окутууну колдонуңуз.

  • Сабактар окуучулардын жашоосуна, алардын талаптарына жана кызыкчылыктары үчүн колдоноорлук экенине ишендириңиз.

  • Жаңы үйрөтүүчү жана алдыңкы окутуу жана үйрөтүү боюнча ыкмаларды алардын өздөштүрүүсүнө жардам берүү менен, окуучуларга устат катары таасир калтырыңыз. Алардын максаттарына жетүүсүнө жардам бериңиз.

Көптөгөн мугалимдер үчүн бул салттуу окутуудан, окуучуга багытталган жаңы окутуу жана үйтөтүү боюнча ыкмага өтүү өтө оор болоорун эсиңизге алыңыз. Мындай окутуудагы өзгөрүү көптөгөн кыйынчылыктар менен аркылуу өтөт жана эски практикалык ыкмалардын сакталып калу тенденциясы жүрүүсү ыктымал.

Окуучуга багытталган үйрөтүү

Окуучуга багытталган үйрөтүүдө жана ишкердикте окутуучунун ролу.



Окутуу методуна киришүү


Биз айрым суроолордон баштайбыз, тагыраак айтканда, сиз башында өзүңүзгө бере турган эң аз дегенде үч суроо бар деп эсептейбиз:

  • Кайсы окутуу ыкмасынын түрлөрү мен үчүн жеңил?

  • Мен кантип окуучулар үчүн эң чоң пайда берүүчү тигил же булл окутуу ыкмасын колдоно алам?

  • Окуучуларга ар кандай окутуунун ыкмасы кандайча таасир берет?


Сиз булл суроолорго жооп алышыңыз үчүн, биз сизге окутуу ыкмаларынын тизмегин сунуш кылабыз. Биз ошондой болсо дагы сиздин салттуу ыкмалар менен жакшы тааныш деп болжойбуз, ошондуктан биздин оюбузча окуучуга багытталган окутуу жана активдүү окутууга көбүрөөк ылайык келген ыкмаларды сунуш кылабыз.


Мазмундун негизинде жана активдүү окутуу эл аралык келечеги менен куррикулумдун негизинде окутуу принциби.


Долбоордун негизинде окутуу ыкмасы.

Долбоордун негизинде окутууда окуучулар реалдуу жашоонун маселелерин үйрөнүү жана үйрөнгөн тажрыйбасын алмашуу үчүн аны чагылдыруу максатында топ болуп иштешет. Окуу куралдарынын негизинде гана окутууга салыштырмалуу бул ыкманы колдонуу окуучу үчүн көптөгөн артыкчылыгы бар, анын ичинде:

  • Предметти терең билүү

  • Өзүн багыттоо жана умтулууну жогорулатуу

  • Изилдөө көнүгүүлөрүн жана маселелердин чечилишин жакшыртуу


Муну кантип ишке ашыруу маселеси турат. Бул ыкманы чагылдыруунун бирден бир жолу:


  • Окутуучу белгиленген убакыт аралыгында чоң долбоордун үстүнөн иштөө үчүн үч же андан көп окуучудан турган топ түзөт.

  • Окутуучу окуучунун билүүсү зарыл болгон татаал киришүү тапшырмасын белгилейт, ошондой эле окутуучу долбоорго ишти татаалдаштыруучу көнүгүүлөрдү жана жаңы маалыматтарды киргизет.

  • Окуучулар план, иштин карасы, убактылуу багыт берүүчү куралдар аркылуу долбоорго жазуу жүргүзүшөт, жана акырында башка группалар жана калган класстар үчүн топтук көрсөтүү өткөрүшөт.

  • Окутуучу долбоордун мааниси, оозеки жана жазуу ыкмасы менен жеткирүү, топтук иш, сынчыл ойлом жана башка маанилүү көнүгүүлөр боюнча баа коет жана / же кайра жооп берет.

Келгиле биз ыкманын окуучуга багыттообуз керек экендигин эсибизге алалы. Окутуучу долбоор тууралуу ойлогондо, дароо окуучуга тийиштүү эки суроо пайда болот.


  • Биринчиден, окучу канчалык деңгээлде кызыгат?

  • Жана, экинчиден, окуучулар долбоорду аткарууга даярбы, алардын жүрүм туруму жана академиялык мүмкүнчүлүгү буга ылайык келет.


Демек, окуучунун өз алдынчалыгы маселелердин негизинде бирден бир чен өлчөм болуп эсептелээри сиздин эсиңизде. Ошондой болсо да, сиз мурда билгендей көптөгөн окутуучулар окуучулардын өз алдынчалыгын анын жашына жана тажрыйбасына карап, этап этабы менен мүмкүндүк берүү аркылуу ишке ашырышат. Сиз окутуучу катары долбоорду пландоо жүргүзүүдөн мурда окуучулар канчалык деңгээлде долбоорго кызыктар экендигин жана долбоорду аткарууда канчалык деңгээлде өз алдынча болушу керектиги тууралуу ойлонушуңуз керек. Окутуучу катары сиз долбоордун темасын тандап алсаңыз болот, бул жерде класстагы биринчи долбоор үчүн.


Мүмкүн сиз долбоордун нгизинде өзгөртүлгөн окутууга акырындан киришүү менен окуучуга жардам бересиз. Мисалы сиз класста кичи лекция өткөрүп, кичине топторго иш жүргүзсөңүз болот.


Окутуунун негизги маселелеринде мугалим катары сиздин ролуңуз жардамчы болуу. Бул үчүн окуучу стандарттын мазмунуна жооп бергендей жана ар түрдүү көнүгүүлөрдү өткөрө алгандай долбоор түзүүгө жардам беришиңиз керек.


Тапшырманын негизинде окутуу ыкмасы


Бул ыкма көйгөйлөрдү жана суроолорду чечүүдө максаттуу изилдөө үчүн маселенин негизинде окутуу. Окуучулар көйгөйлөрдү жана суроолорду тактайт жана коет, алар чечимге жана жыйынтыкка жетишүүгө жардам берүүчү маалыматтарды жана ресурстарды чогултат жана өзүлөрүнө ылайык аудиторияда көрсөтүп беришет. Окутууда окуучулар тапшырманын негизинде төмөндөгүлөргө тартылышат:


  • Аларды окутуу маанилүү болгондо

  • Акценттин аныктамасына кызыкканда

  • Жообун аныктоо мүмкүн болбогон реалдуу жашоого тийиштүү суроолорду чечкенде



Ошондой болсо да ага кантип жетүү керек деген суроо турат? Бул ыкманы сүрөттөөнүн бирден бир жолу ролдорду алмаштыруу же окутуудагы көйгөйлөрдүн негизи окучу же окутуучу болгон салттуу ролдорду алмаштыруу. Мында окучу өз билимин жогорулатуу жоопкерчилиги, ийгиликке умтулуу жана жетүү сезими, кантип алдыңкы окучу болуу үлгүсү турат. Мугалим маселени чечүүдө окуучуга багыт берүү менен баалоочу, репетитор жана башкы булак болот. Бул жерде тагыраак мамиле болуп төмөнкүлөр эсептелет:


  • Мугалим болжолдуу беш кишиден кылып, классты топторго бөлөт.

  • Топтун курамы тапшырманын аягына чейин туруктуу болот.

  • Мугалим жана ар бир топ тапшырманы чечүү үчүн иш милдеттерди кантип бөлүштүрүүнү чечүүчү жана тапшырманы көрсөтүүчү окутуунун жыйынтыгын аныктайт.

  • Окуучулар мугалимдин жардамы менен колдонулуучу ресурстарды аныкташат.

  • Окуучулар ресурстардан / булактардан алынган маалыматтардын негизинде тапшырманы кайра аныктайт.

  • Мугалим топтун фасилитатору жана жардамчысы катары кызмат кылат.


Окутуудагы көйгөйдүн негизинде окуучулар өз алдынча окуу жана команда болуп иштөөдө көндүмдөрүн жогорулатышат, көйгөйдү чечүү боюнча билим, тажрыйба алышат. Изилдөө көйгөйдүн негизинде окутуу салттуу ыкма сыяктуу эле окуучуларды даярдаарын көргөзөт. Көйгөйдүн негизинде окуган окуучулар салттуу класстар, курдаштары сыяктуу эле экзамен тапшырышат, бирок алар иш жүзүндө өз алдынча окууга жакшы даярдалган.


Биргелешкен окутуу ыкмасы.

Биргелешкен окутуу бул окутуу ыкмасы маанилүү суроолорду үйрөнүү же мааниллүү долбоорду аткаруу үчүн команда болуп иштөө ыкмасы. Биргелешкен тапшырманын үстүндө биргелешип иштеген ар башка класстардын окуучулары же лекцияны талкуулоочу окуучулардын тобу биргелешкен окутуунун үлгүсү болуп эсептелет. Биргелешкен окуну киргизүүдө төмөндөгүдөй пайдалуу кадамдары болушу ыктымал:


  • Мугалим окуунун тапшырмасын так аныктоосу керек.

  • Биргелешип окуунун түзүлүшү окуучуларга түшүндүрүлүшү керек.

  • Окуучуларга биргелешкен окуунун негизги учурларын көрсөткөн нускаманын тизмеси берилиши керек.

  • Окутулуучу ишкер катары окуучуларга талкуу кандай уюшулат жана алар чечимин кандай негиздешээри сунушталышы керек.

  • Окуучулардан топтун мүчөлөрүнүн түшүндүрмөсүн кунт коюп угуусу жана өз көз карашы жана ою менен карап чыгуусу талап кылынат.

  • Окуучулардан топтун ар бир мүчөсүнө өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк берилишин сактоо талап кылынат.

  • Мугалим топтун чечиминде тигил же бул окуучуга үстөмдүк кылуу болбосуна көзү жетүүсү керек.



Жалпысынан биргелешип окутуу натыйжалуу болуп эсептелет. Анда окуучулар тобу көндүм алышат, биргелешип пландашат, классификациялашат жана эс тутумун көнүктүрүшөт. Окуучулар тобу биргелешип окуунун жардамы менен теманы өздөштүрүшөт жана алдын ала үйрөнүшөт. Бир канчалаган изилдөөлөр окуучуларга татаал теманы түшүнүүгө жардам болу үчүн биргелешип окуну сунушташат. Мисалы, кээ бир окутуучулар өз тажрыйбаларынан машинанын иштөөсүндөгү татаал түшүнүктөрдөн окуучулар тобу менен биргелешип аракет кылуу жеңил жана көйгөйдү түшүнүүгө болоорун айтышат. Башка окутуучулар татаал концепцияны түшүнүү үчүн негизинен биргелешкен окутуунун негизинде ишти капыстан бөлүштүрүү пайда болот деп эсептешет. Үчүнчүлөрү биргелешип окутуу реалдуу жашоодон шарттуу тапшырманын негизинде таанып билүүнү жөнгө салат деп эсептешет.


Кооперативдик окутуунун ыкмасы

Кооперативдик окутуу биргелешкен окутуунун өзгөчө түрү болуп эсептелет. Кооперативдик окутууда окуучулар түзүмдүк программа боюнча кичине топтордо чогуу иштешет. Алар өз иштери үчүн өз алдынча жоопкерчиликтүү болушат жана топтун иши негизинен ошондой эле бааланат. Кооперативдик топ бетме бет иштешет жана команда болуп иштөөгө үйрөнүшөт. Кооперативдик окууну өткөрүү үчүн мугалимге үч нерсе керектелет:


  • Окуучулар өзүлөрүн ыңгайлуу сезиши керек, бирок алардан ошондой эле иш талап кылынат.

  • Топтун ар бир мүчөсү өз табылгасын киргизиш үчүн топтун мүчөлөрү аз санда болушу керек.

  • Окуучулар иштөөчү тапшырмалар так берилиши керек.


Ошондой эле кооперативдик окутууда кичине топтор пайда болот:


  • Окуучулар активдүү катышышат

  • Окуучулар убактылуу мугалим, а мугалимдер окучу болушат.

  • Топтун ар бир мүчөсүнөсый көрсөтүлөт.

  • Долбоорлор жана суроолор мааниге ээ болот жана окуучулар үчүн кыйынчылык туудурат.

  • Ар түрдүүлүк сыйланат жана ар бир катышуучунун салымы бааланат.

  • Окуучулар пайда болгон талашты чечүү менен көндүм алышат.

  • Топтун мүчөлөрү өзүлөрүнүн мурунку билим жана тажрыйбаларын пайдаланышат.

  • Жыйынтыгы так аныкталат жана жетекчи анны колдонот.

  • Изилдөөнүн куралдары интернет сыяктуу барыга жеткиликтүү.

  • Окуучулар өз билимине салым кошушат.


Лидерликке окутуунун максаты окутуучуларга төмөндөгүдөй тажрыйба берет:


  • Кооперативдик окутуу практикалык көндүмүн өнүктүрөт жана жөнгө салат.

  • Түрдүү темадагы жана көнүгүүлөрдөгү кооперативдик окутуунун принциптерин жана концепцияларын түшүнүү жана өнүктүрүүгө жардам берет.

  • Кооперативдик окууга кызыктар кызматкерлер жана башка мугалимдер, окуучулар менен мамилени өнүктүрөт.

  • Окутуунун сапатынын өзгөчөлүгүн бөлүп көрсөтөт.

  • Кооперативдик окутууда жеке алып барууну өнүктүрүүнү өбөлгөлөө.


Аягында түрдүү жыйынтыктарды күтүү учурунда ар кандай окутуу ыкмаларын киргизүүдө сиз окутуучу катары өзүңүздүн жеке көз карашыңыздын бар экендигин түшүнөөрүңүздү айтып кетким келет.


Кооперативдик окутуу бул окуучулардын топ болуп жана бирдиктүү тапшырманы аткарууга караганда маанилүү иш экендигин эсиңизге алыңыз. Көптөгөн изилдөөчүлөр жана тажрыйбачылар кооперативдик окутуу бул формалдуу билим берүү модели экендигине басым жасашат. Мугалимдер топко колдонууга ылайык келген сабактарды жана көнүгүүлөрдү кылдаттык менен түзүшөт. Мындай группалар кичине, туруктуу жана ар кыл образдуу, ошондой эле биргелешкен иш үчүн шайкеш даяр болушат.


Биргелешкен жана кооперативдик окутуунун ортосундагы айырма.

Мугалим катары сизден сурашы мүмкүн: Биргелешкен жана кооперативдик окутуунун ортосундагы айырма эмнеде? Жооп:



Кооперативдик карым катыш бул акыркы үзүргө же максатка жетүүгө жардам берүү үчүн карым катыш болсо, кызматташуу бул карым катыштын жана жеке жашоо образынын философиясы.




Биргелешкен окутуу окутуунун класстык техникасы гана эмес, бул жеке философия. Окуучу группада окуган бардык учурда топтун мүчөлөрүнө, анын мүмкүнчүлүктөрүнө жана салымына урматтоо менен мамиле кылган элдердин кызматташтыгына жол сунуш кылынат. Бийлик алмашуу жана топтун мүчөлөрүнүн арасында жоопкерчилик алуу орун алат.


Биргелешкен окутуу шартынын негизинде жатуучу түзүлгөн топ мүчөлөрүнүн биргелешкен консенсусуна негизделген. Класста тажрыйбачылар биргелешкен окутууда бул философияны колдонушат.


Кооперативдик окутуу белгиленген максатка жетүү жана акыркы үзүрдү алуу үчүн адамдардын карым катышына жардам берген жүрүштүн жыйнагы менен белгиленет.Окутуучу тарабынан күчтүү көзөмөлгө алынган биргелешип окутуу ыкмасынан айырмаланып, бул ыкма буйрукчул болуп эсептелет.


Биз кооперативдик окутууга төмөндөгүдөй аныктама берсек болот:


Кооперативдик окутуунун түзүмдүк мамилеси түзүмдү, класстагы социалдык карым катышын уюштуруу боюнча мазмундуу ыкмаларынын эркин болуусун түзүүгө анализге системалык түрдө колдонууга негизделген. Түзүмдөр демейде ар бир кадам кыймылды сүрөттөө менен кадамдардын сериясын камтыйт.Негизги учур түзүмдүн жана ишмердиктин ортосундагы айырма болуп эсептелет.


Кооперативдик окутуу салты окутуу үзүрүнө жетүүгө багытталган сандык ыкманы колдонот.


Биз биргелешип окутууга төмөндөгүдөй аныктама берсек болот:


Биргелешип окутуу салты окуучунун жообун анализдеп, көбүнчө сапаттык ыкмаларды колдонот.Окуучунун жообу ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн каражат катары басым жасалат. Ачылыш жана контекстуалдык мамиле инсан аралык көндүм окутуу үчүн колдонулат.


Биз экөөнүн ортосунда параллель жүргүзүп айырмаласак болот. Эки ыкмада тең топ менен иштөө колдонулат, эки ыкмада тең белгиленген маселе коюлат жана экөөндө тең класстык сабакта алмашуу, салыштыруу процедурасы жана жыйынтыктоо жүргүзүлөт. Негизги айырмасы болуп кооперативдик окутуу салттуу билимге байланыштуу болсо, билимдин жана анын ордунун акыргы учурда чоң өзгөрүүгө дуушар болгондугун тастыктаган биргелешип окутуу социалдык конструктивизм менен байланыштуу.



Түшүнүктүү болуш үчүн: биргелешип окутуу көбүнчө социалдык предметтерге ылайык келсе, кооперативдик окутуу көбүнчө жаратылыш таанууга ылайыктуураак.



Эгер сиз кааласаңыз: кооперативдик окутуу фундаменталдык же негизги иш жүзүндөгү билимдерди үйрөнүү үчүн мыкты каражат болуп эсептелет. А эгер окуучуларга талдоо жана баалоо керек болсо, анда биргелешкен окутууну колдонгон пайдалуураак.


Тематикалык окутуу ыкмалары


Тематикалык окутуу үйрөнүү үчүн тандалып алынган темалардын негизиндеги педагогикалык модель болуп эсептелет. Мен бул сүрөттөөнү моюнга алуудан же маалымдамадан башташым керек. Тематикалык окутуу менин түшүнүгүмдө класс окутуудагы өзүмдүн жеке тажрыйбама негизделген. Ошондой эле бул модель «Класстан сырткары», «Командалык окутуу» жана «Окуп жаткан коомчулук» сыяктуу башка педагогикалык ыкмаларды бириктирет.


«Тема» модели ар кандай жана байланышпаган маалыматты бир бүтүндүккө бириктирүүгө жардам берген сынчыл ойлом звеносу болот. Чындыгында мен буга бүтүн метод катары мүнөздөмө бермекмин. Модель окуучунун предмет боюнча ой жүгүртүүсүнө, ошондой эле маалымат менен ар кандай ички жана сырткы булак фактыларынын ортосундагы байланышты көрүүсүнө жана издөөсөнө мүмкүндүк берет. Бул окутуунун скалярдык формасы катары каралат, анткени окуучулар чектелген жана спецификалык маалымат менен кеңири дүйнөлүк ой жүгүртүүнүн ортосундагы тематикалык байланышты көрүүсүнө шарт түзөт.


Ыкманын негизги компоненттери.


  1. Тема тандоо. Тема өздүк тажрыйба аркылуу түшүнүүгө мүмкүн болуусу керек, бирок ал ошондой эле кеңири таралып жана адамзат тажрыйбасынын кеңири чегиндеги үйбүлөө, мектеп, коомчулук, экология тутуму сыяктуу чоң байланышы болуусу абзел. Тема тандоо долбоордуишке ашырууда ийгиликтин коштолушунун башкы себептеринин бири. Долбоор окуучулар үчүн реалдуу жана чоң мааниге ээ болуусу керек.


  1. Долбоор үчүн убакыт чегин белгилөө, долбоордун ар бир бөлүгүнүн узактыгын кылдаттык менен иштеп чыгуу. Эки убакыт чеги бар: биринчиси, мугалим үчүн жана экинчиси, окучу үчүн. Окутуучу үчүн убакыт долбоордун башталышынан бир кыйла мурда белгиленет. Тема тандоо жана маалымат чогултуу алдын ала пландоону талап кылган узак жана татаал ишчара. Окутуучу окуучунун көңүл буруусун жана көнүгүүлөр менен иштөөсүн өнүктүрүүнү өбөлгөлөө үчүн мөөнөттү бекитүүсү керек.


  1. Убактысы жана темасы коюлгандан кийин, мугалим ар тараптуу изилдөө жүргүзүүсү керек. Булл жерде мугалимдин ролу окуучуларга мазмунду берүү үчүн "ресурстук команданы" жыйноо жана аныктоо болуп эсептелет. Ресурстук команда долбоор жөнүндө ойлонуу жана суроолордун кеңири тармагын үйрөнүшү керек. Ресурстук команда - бул мазмун боюнча адистер. Менин сабагымда сабактын мазмуну катары биологдор, геологдор, акындар, социологдор, тарыхчылар, саясатчылар, коомдун өкүлдөрү катышышат.



Пландоо принциптери

Пландоонун негизги элементтери жана пландоонун жардамчы каражаттары


Бул берилген теманын үстүндө бир нече суроолорду карайбыз:

  • Пландоо деген эмне?

  • Түзүмдү өзгөртүү деген эмне?

  • Ишке ашыруу деген эмне?


Киришүү

Булл бөлүм окуучуга жана активдүү окутууга багытталган окуу үчүн традициялык курстун түзүлүшү үчүн эң керек болгон пландоо, түзүмдү өзгөртүү, ишке ашырууну аткарууга жардам болот деп ишенебиз. Ийгиликке жетүү үчүн сизден үч негизги кадамдарды кароо талап кылынат:

  • Пландоо процессии окуучуга жана активдүү окутууга багытталган окууга жетишүү.

  • Түзүмдү өзгөртүү же ресурс, кызматкер, ички түзүм жана логистика сыяктуу уюштуруучу суроолорду даярдоо.

  • Ишке ашыруу, түзүмдү өзгөртүүнү колдоо жана пайда болгон мамилени ишке ашыруу.


Биз бир нече негизги учурлардан баштайбыз жана анан бир нече өзгөчө мамилелерди иштеп чыгабыз.


Пландоо деген эмне?

Пландоо окуучуларга кез келген белгиленген окуу керектөөлөрүнө муктаждык же алар FDLден пайда алганда, ал ошондой эле окуу же билим ала албагандар үчүн билим берүүгө жумуш берүүчүлөр жана билим берүүгө керектүүлөрдү чагылдырат.


Пландоонун сынчыл кызыкчылыгы бар, окуучулардын билим алууда активдүү катышууну каалоосу жана мугалимдер окуучуларга керектүү иш чаралар менен жардам бериши.


Түзүмдү өзгөртүү деген эмне?

Түзүмдү өзгөртүү мектептеги билим берүүдө белгилүү маселелердин пайда болушу. Негизги мааниси жекеликтин аныктамасы жана өзгөрүү киргизүүчү институттар:


  • Окутуунун мазмуну

  • Окутуу ыкмасы

  • Окуу материалдарын берүү модели

  • Окуу иш чаралары

  • Баалоонун талаптары

  • Окутууну колдоо боюнча ички түзүм

  • Административдик колдоо боюнча ички түзүм


Булл этапта бир курс же предмет, бирок институционалдык негиз боюнча ички түзүм катары берилет да милдеттүү эмес компоненти болуп калат. Мисалы маалымат коммуникациясы жана санарип технологиясы, он-лайн колдоосу, тапшырманы аткарууну көзөмөлдөө, китепканаларга мүмкүндүк кароону талап кылат.


Ишке ашыруу деген эмне?

Жогорудагы эки иш аракет, тактап айтканда, окуучуга багытталган окутуу жана активдүү окутууга чейин орду бар пландоо жана түзүмдү өзгөртүү маселенин өнүгүүсүн белгилейт:

  • Академиялык маданият, анын ичинде: окутууну жетектөө, мазмунду өнүктүрүү жана окутууга демилге берген башка ишчаралар

  • Акимдик маданият, анын ичинде акимдик кызматтар жана академиялык колдоо боюнча кызматтар

  • Техникалык маданият, анын ичинде техникалык өндүрүш жана окуу материалдарынын жана коммуникацияны таркатуу.

Активдүү жана окуучуга багытталган окутууну ишке ашыруу боюнча ишчара коомуникациясын жана терс байланышты тургузууну камтыйт.





Билим берүүнү пландоонун окутуу модели



    1. окутуучу планды өнүктүрүүнүн үлгүсү

«Сабак» деген сөзгө караганда «Окутуучу эпизод» термини бүткүл бул түшүндүрмөдө колдонулуп келет. Бул окутуучулар колдонгон ар кыл ишмердигин чагылдырат. Мисалы, өнүгүүнүн башкы кадамында ишкердикке киришүүнү же анын аяктоосун чагырган. Көптөгөн учрларда сабак деген сөз колдонулат, бирок ал 20 мүнөттөн бир жарым саатка же башкы контексте бир азга көбүрөөк болушу мүмкүн.


Орто билим берүүдө окутууну эпизоддордун көпчүлүк саны булл танапистен танаписке чейинки убакыт, андан кийин алар эки эселенген өлчөмдө болуусу мүмкүн. Окутуучулар анны иштеп чыкканда, алар бир кыйла татаал эпизоддордун жана эпизоддордун сериясын пландоого жана жүзөгө ашырууга катышышат.


Окутуунун үзүрдүүлүгү дыккат пландоого негизделет. Ар бир план – ал бир эпизод же болбосо иштин бүтүндөй бир блогу болбосун – окутуунун максатын так бериши же төмөнкүлөрдү чагылдырышы керек:

  • Кандай жыйынтыктарды күтүп жатасыңар?

  • Студенттер өздөштүрүшү үчүн, эмнени каалайм (концепция, шык, фактылар, баалуулуктар)?

  • Мен мындай окутууга кантип көмөктөшө алам (мазмунун берүү үчүн стратегиялар)?

  • Эмнелер өздөштүрүлгөнүн кантип аныктайм (окутуунун жыйынтыктарын баалоо, жана окутууну баалоо)?



Көңүл бургула: окутуунун бардык эпизоддоруна дал келе турган бирдиктүү формат болбойт, бирок ошого карабастан окуу-усулдук циклде (мерчемде) негизги кадамдар болот, алар бардык пландоолорго киргизилиши керек.

Окуу пландары ийкемдүү документтерден болуп эсептелет. Сиз мугалим катары зарылчылыкка жараша пландарды өзгөрткөндү жана окутууда, презентациянын жүрүшүндө өзгөртүүлөрдү ишке ашырганды билишиңиз керек. Окутуу эмне үчүн оңдоолорду талап кылаарын түшүндүргөн бир топ себептер бар. Сиз мындай жагдайларда ийкемдүү болууга аракет кылышыңыз керек.

Пландоонун мисалдары

Пландоонун мисалдары бул жерде келтирилет, бирок мугалим-устаттар эгерде зарыл деп эсептесе форматтарды өзгөртө алат. Төмөндө пландоонун негизги элементтери берилген.



Эпизодду окутуунун максаты: Буга сабакты иштиктүү кыла турган өзгөчөлүктөрдү түшүндүрүп эпизодду окутуунун жалпы максатын кошуңуз. Бул версия мазмунун дагы ошондой эле мүнөздүү өзгөчөлүктөр менен байланышкан процессти дагы камтышы керек. Бул жерде карап чыгуу үчүн төмөнкүдөй суроолор берилиши мүмкүн:

  • Эмне үчүн окутуунун ушул эпизоду жеңил болууда?

  • Концепцияларды, шыктарды, көз караштарды жана баалуулуктарды иштеп чыгууда мен эмнелерди кылышым керек.



Ар дайым окуу программанын талаптарын ошондой эле студенттердин муктаждыктарын, кызыкчылыктарын жана алдын ала окутуунун талаптарын эске алыш керек.



Окутуунун жыйынтыктары:

Бул кайсыл бир студенти окутууну өзүнө камтыйт (сабактын жыйынтыгы катары студент кандайча өзгөрөт, тактап айтканда алар эмнени үйрөнүшөт, кылышат, сезишет?). Мисалы, окуучулар төмөнкүлөрдү кыла алышат:

  • маанисин аныктоого

  • негизги өзгөчөлүктөрүн талкуулоого

  • түшүнүүгө



Байкалган шарттарда окутуунун конкреттүү жыйынтыктарынын тизмесин жазгыла. Бир сессияда өтө көп жыйынтыктарды камтууга аракет кылгандын ордуна бир же эки натыйжага жетүүгө аракеттениңиз. Бир катар жыйынтыктарды карап көрөлү – мазмуун жана процесс, эмоционалдык жана таануучулук.



Так бааны жана баалоону камсыз кылуу үчүн наыйжалар так жана кыска жазылышы керек. Окутуу семинарынын жүрүшүндө жана ал аяктаган соң натыйжалар кантип көзөмөлдөнүшү керек? Ылайыгы келген жерде натыйжалар рамкалык куррукум системасына кошулушу керек.

Мурунку окутуу: мурунку тажрыйбалар окутуунун / окуунун ийгиликтерине таасир эте алаарын карап көрөлү? Мурда алынган билимге, шыктарга, тажрыйбага жана көз караштарга көңүл буру керек.

Ресурстар материалдар: материалдар жана / же атайы бөлмөлөр даярдалганын жана тийиштүү кызматкерлер кабардар болгонун текшерип билиңиз. Бардык материалдар окуу башталганга мыкты уюштурулушу керек. Ал өзүнө мурда сынлаган ресурстарды жана аткаруу үчүн студенттер үчүн ар кандай тапшырмаларды камтышы керек. Бардык материалдар (ксеркөчүрмөлөр) сабак башталганга чейин даярдалышы керек.



Презентация:

Окутуунун мыкты эпизоддору башы, ортосу жана аягы бар «окуяны» баяндайт.

Киришүү / стимул (дем): көңүлүн буруу жана окуучуларды кызыктыруу үчүн эффективдүү дем бере турган стратегияларды пландаңыз. Бул стратегиялар окуучулардын кызыгуусун жана мотивациясын арттыруу үчүн айрым пункттардын колдонулушун камтышы керек. Окуучулар сессиянын жүрүшүндө эмнени үйрөнүшүн жакшылап түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Жаңы билимди мурунку түшүнүктөр менен байланыштырыңыз.



Иштеп чыгуу:

Так жана логикалык манерада активдүүлүктү кригизүү. Окуу милдеттеринин ырааттуу өнүгүшүнө маселени карап чыгыңыз. Окуучулардын аңдап түшүнүүсү сессиянын бардык мезгилинде көзөмөлдөнүшү керек. өнүгүүнүн баскычы изилдөө, текшерүү жана кат сыяктуу иштин түрлөрүн камтый алат жана ар кандай стратегиялар окуучунун жеке иштерине көмөктөшүү үчүн пайдаланылышы керек.

Карап чыккыла:

  • класстын уюштурулушун

  • Орчундуу маселелер жана талкуулар милдетүү түрдө болушу абзел

  • иштин так сүрөттөлүшү келтирилсин

  • Мугалимдин эмес студенттердин эмне кылып жатканына көңүл буруңуз



Консолидация:

Студенттер көйгөйлөрдү чечүү, презентация жана талкуулоо аркылуу жакында эле өздөштүргөн билимин, мамилелерин жана / же шыктарын көрсөтө алышы үчүн аларга мүмкүнчүлүктөрдү түзгүлө.

Кульминация

Окуу сессиясынын жыйынтыгын чыгаруу үчүн сабактын тийиштүү түрдө жабылышын камсыз кылыңыз. өтүлгөндү кайталоо жана окуучуларда сабактын аяктагандыгы жөнүндө таасир калтыруу. Эгер зарыл болсо үй тапшырмасын талкуулоо жана «оңдоо» үчүн убакыт берүү.

Стратегияларды баалоо: Баалоо окуу процессинин ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Окуу ишине байланган баалоо студенттердин ой жүгүртүүсүнө түздөн түз жол ачат жана канчалык деңгээлде түшүнгөнүн аныктоого мугалимге мүмкүндүк берет. Мугалимдер студенттерди бардык окуу эпизоддорунун мезгилинде расмий эмес түрдө баалашы керек. Буга айрым адамдардын же топтордун ишине байкоо жүргүзүү, иштердин үлгүлөрүн жыйноо, талкууларды жана сурамжылоолорду угуу аркылуу жетсе болот. Сурамжылоодо студенттерге жооп берүү үчүн көп убакыт берилет. Изденүү жана бир катар жоопторду кабыл алуу окуучуларга манилүү жоопторду берүүгө дем берет.



Баалоо

Сиз алардын окуусун колуңуздан келишинче эртерээк баалаганыңыз өтө маанилүү. Мугалим-устаты менен талкулоону баштоодон мурун аларга дем берүү керек жана күчтүү жана алсыз жактарын, көйгөйлүү жактарын же өнүктүрө турган жактарын көрсөтүп конкреттүү мисалдар менен комментарийлерди бериңиз.

Балоо үчүн кийинки сунуштар жетекчиликке алуу гана болуп эсептелет жана бардык эле көтөрүлгөн маселелер ар бир окуу эпизоду үчүн олуттуу болушу абзел эмес. Баалоо суроолоруна жооп берип жатканда Ооба / Жок деген жоопторду гана колдонуудан качыңыз. Сиз аныктамаларды колдоо үчүн конкретүү көрсөткүчтөр менен жакшылап түшүндүрүшүңүз керек.



Студенттерди баалоо

Карап чыгуу үчүн суроолор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Алдыдагы окуулардын жыйынтыктары кандайча жетишилди?

  • Студенттердин билиминде, шыгында жана көз карашында кандайдыр бир өзгөрүүлөр байкалдыбы?

  • Кандай?

  • Сабактар окуу материалдары менен жетиштүү деңгээлде жабдылдыбы?

  • Сабактын кайсыл аспектисин жакшыртса болот эле?



Өзүн өзү баалоо мугалим

Карап чыгуу үчүн суроолор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Менин даярдыгым канчалык үзүрдүү болду?

  • План жетишинче кеңири болдубу? Эмне үчүн?

  • Бөлүнгөн убакытты үзүрдүү пайдалан алдымбы?

  • Сабакты жакшыртуу үчүн кандай стратегиялар колдонулушу мүмкүн?

  • Классты башкаруу үзүрдүү жана иштиктүү болдубу? Эмне үчүн?



Түзүмүн баалоо

Карап чыгуу үчүн суроолор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Мурунку окуу күтүлгөндөй болдубу?

  • Киришүү аң сезимин ойгото алдыбы? Кантип билдиң?

  • Сабак ырааттуу өттүбү?

  • Окуучулар билимин көрсөтө алышы үчүн аларга кандай мүмкүнчүлүтөр берилди?

  • Жардамчы материалдар канчалык деңгээлде үзүрдүү болду?

  • Пайдаланууга боло турган баалоонун мындан да үзүрдүү ыкмалары барбы?

  • Сабактын ийгилигине таасир эткен ар кандай күтүүсүз окуялардын кесепети кандай болду

  • Корутунду иш канчалык үзүрдүү болду?



Кийинки чаралар

Кийинки окуу жана окутуу үчүн маалыматтарды жана сунуштарды кошуңуз.



КОРУТУНДУ

Сиз бул модулду аяктадыңыз. Азыр биз кийинки эки модулга өтөбүз. Сиз бул модулдун мазмунуна кайрылып өзүңүздүн тажрыйбаңыздын негизинде мазмунун өзгөртө аласыз.



Окутуунун үзүрдүүлүгү дыккат пландоого негизделет. Ар бир план – ал бир эпизод же болбосо иштин бүтүндөй бир блогу болбосун – окутуунун максатын так бериши же төмөнкүлөрдү чагылдырышы керек:

  • Кандай жыйынтыктарды күтүп жатасыңар?

  • Студенттер өздөштүрүшү үчүн, эмнени каалайм (концепция, шык, фактылар, баалуулуктар)?

  • Мен мындай окутууга кантип көмөктөшө алам (мазмунун берүү үчүн стратегиялар)?

  • Эмнелер өздөштүрүлгөнүн кантип аныктайм (окутуунун жыйынтыктарын баалоо, жана окутууну баалоо)?



Көңүл бургула: окутуунун бардык эпизоддоруна дал келе турган бирдиктүү формат болбойт, бирок ошого карабастан окуу-усулдук циклде (мерчемде) негизги кадамдар болот, алар бардык пландоолорго киргизилиши керек.

Окуу пландары ийкемдүү документтерден болуп эсептелет. Сиз мугалим катары зарылчылыкка жараша пландарды өзгөрткөндү жана окутууда, презентациянын жүрүшүндө өзгөртүүлөрдү ишке ашырганды билишиңиз керек. Окутуу эмне үчүн оңдоолорду талап кылаарын түшүндүргөн бир топ себептер бар. Сиз мындай жагдайларда ийкемдүү болууга аракет кылышыңыз керек.

Пландоонун мисалдары

Пландоонун мисалдары бул жерде келтирилет, бирок мугалим-устаттар эгерде зарыл деп эсептесе форматтарды өзгөртө алат. Төмөндө пландоонун негизги элементтери берилген.

Эпизодду окутуунун максаты: Буга сабакты иштиктүү кыла турган өзгөчөлүктөрдү түшүндүрүп эпизодду окутуунун жалпы максатын кошуңуз. Бул версия мазмунун дагы ошондой эле мүнөздүү өзгөчөлүктөр менен байланышкан процессти дагы камтышы керек. Бул жерде карап чыгуу үчүн төмөнкүдөй суроолор берилиши мүмкүн:

  • Эмне үчүн окутуунун ушул эпизоду жеңил болууда?

  • Концепцияларды, шыктарды, көз караштарды жана баалуулуктарды иштеп чыгууда мен эмнелерди кылышым керек.



Ар дайым окуу программанын талаптарын ошондой эле студенттердин муктаждыктарын, кызыкчылыктарын жана алдын ала окутуунун талаптарын эске алыш керек.

Окутуунун жыйынтыктары:

Бул кайсыл бир студенти окутууну өзүнө камтыйт (сабактын жыйынтыгы катары студент кандайча өзгөрөт, тактап айтканда алар эмнени үйрөнүшөт, кылышат, сезишет?). Мисалы, окуучулар төмөнкүлөрдү кыла алышат:

  • маанисин аныктоого

  • негизги өзгөчөлүктөрүн талкуулоого

  • түшүнүүгө



Байкалган шарттарда окутуунун конкреттүү жыйынтыктарынын тизмесин жазгыла. Бир сессияда өтө көп жыйынтыктарды камтууга аракет кылгандын ордуна бир же эки натыйжага жетүүгө аракеттениңиз. Бир катар жыйынтыктарды карап көрөлү – мазмуун жана процесс, эмоционалдык жана таануучулук.



Так бааны жана баалоону камсыз кылуу үчүн наыйжалар так жана кыска жазылышы керек. Окутуу семинарынын жүрүшүндө жана ал аяктаган соң натыйжалар кантип көзөмөлдөнүшү керек? Ылайыгы келген жерде натыйжалар рамкалык куррукум системасына кошулушу керек.

Мурунку окутуу: мурунку тажрыйбалар окутуунун / окуунун ийгиликтерине таасир эте алаарын карап көрөлү? Мурда алынган билимге, шыктарга, тажрыйбага жана көз караштарга көңүл буру керек.

Ресурстар материалдар: материалдар жана / же атайы бөлмөлөр даярдалганын жана тийиштүү кызматкерлер кабардар болгонун текшерип билиңиз. Бардык материалдар окуу башталганга мыкты уюштурулушу керек. Ал өзүнө мурда сынлаган ресурстарды жана аткаруу үчүн студенттер үчүн ар кандай тапшырмаларды камтышы керек. Бардык материалдар (ксеркөчүрмөлөр) сабак башталганга чейин даярдалышы керек.



Презентация:

Окутуунун мыкты эпизоддору башы, ортосу жана аягы бар «окуяны» баяндайт.

Киришүү / стимул (дем): көңүлүн буруу жана окуучуларды кызыктыруу үчүн эффективдүү дем бере турган стратегияларды пландаңыз. Бул стратегиялар окуучулардын кызыгуусун жана мотивациясын арттыруу үчүн айрым пункттардын колдонулушун камтышы керек. Окуучулар сессиянын жүрүшүндө эмнени үйрөнүшүн жакшылап түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Жаңы билимди мурунку түшүнүктөр менен байланыштырыңыз.

Иштеп чыгуу:

Так жана логикалык манерада активдүүлүктү кригизүү. Окуу милдеттеринин ырааттуу өнүгүшүнө маселени карап чыгыңыз. Окуучулардын аңдап түшүнүүсү сессиянын бардык мезгилинде көзөмөлдөнүшү керек. өнүгүүнүн баскычы изилдөө, текшерүү жана кат сыяктуу иштин түрлөрүн камтый алат жана ар кандай стратегиялар окуучунун жеке иштерине көмөктөшүү үчүн пайдаланылышы керек.

Карап чыккыла:

  • класстын уюштурулушун

  • Орчундуу маселелер жана талкуулар милдетүү түрдө болушу абзел

  • иштин так сүрөттөлүшү келтирилсин

  • Мугалимдин эмес студенттердин эмне кылып жатканына көңүл буруңуз



Консолидация:

Студенттер көйгөйлөрдү чечүү, презентация жана талкуулоо аркылуу жакында эле өздөштүргөн билимин, мамилелерин жана / же шыктарын көрсөтө алышы үчүн аларга мүмкүнчүлүктөрдү түзгүлө.

Кульминация

Окуу сессиясынын жыйынтыгын чыгаруу үчүн сабактын тийиштүү түрдө жабылышын камсыз кылыңыз. өтүлгөндү кайталоо жана окуучуларда сабактын аяктагандыгы жөнүндө таасир калтыруу. Эгер зарыл болсо үй тапшырмасын талкуулоо жана «оңдоо» үчүн убакыт берүү.

Стратегияларды баалоо: Баалоо окуу процессинин ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Окуу ишине байланган баалоо студенттердин ой жүгүртүүсүнө түздөн түз жол ачат жана канчалык деңгээлде түшүнгөнүн аныктоого мугалимге мүмкүндүк берет. Мугалимдер студенттерди бардык окуу эпизоддорунун мезгилинде расмий эмес түрдө баалашы керек. Буга айрым адамдардын же топтордун ишине байкоо жүргүзүү, иштердин үлгүлөрүн жыйноо, талкууларды жана сурамжылоолорду угуу аркылуу жетсе болот. Сурамжылоодо студенттерге жооп берүү үчүн көп убакыт берилет. Изденүү жана бир катар жоопторду кабыл алуу окуучуларга манилүү жоопторду берүүгө дем берет.



Баалоо

Сиз алардын окуусун колуңуздан келишинче эртерээк баалаганыңыз өтө маанилүү. Мугалим-устаты менен талкулоону баштоодон мурун аларга дем берүү керек жана күчтүү жана алсыз жактарын, көйгөйлүү жактарын же өнүктүрө турган жактарын көрсөтүп конкреттүү мисалдар менен комментарийлерди бериңиз.

Балоо үчүн кийинки сунуштар жетекчиликке алуу гана болуп эсептелет жана бардык эле көтөрүлгөн маселелер ар бир окуу эпизоду үчүн олуттуу болушу абзел эмес. Баалоо суроолоруна жооп берип жатканда Ооба / Жок деген жоопторду гана колдонуудан качыңыз. Сиз аныктамаларды колдоо үчүн конкретүү көрсөткүчтөр менен жакшылап түшүндүрүшүңүз керек.

Студенттерди баалоо

Карап чыгуу үчүн суроолор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Алдыдагы окуулардын жыйынтыктары кандайча жетишилди?

  • Студенттердин билиминде, шыгында жана көз карашында кандайдыр бир өзгөрүүлөр байкалдыбы?

  • Кандай?

  • Сабактар окуу материалдары менен жетиштүү деңгээлде жабдылдыбы?

  • Сабактын кайсыл аспектисин жакшыртса болот эле?



Өзүн өзү баалоо мугалим

Карап чыгуу үчүн суроолор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Менин даярдыгым канчалык үзүрдүү болду?

  • План жетишинче кеңири болдубу? Эмне үчүн?

  • Бөлүнгөн убакытты үзүрдүү пайдалан алдымбы?

  • Сабакты жакшыртуу үчүн кандай стратегиялар колдонулушу мүмкүн?

  • Классты башкаруу үзүрдүү жана иштиктүү болдубу? Эмне үчүн?



Түзүмүн баалоо

Карап чыгуу үчүн суроолор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Мурунку окуу күтүлгөндөй болдубу?

  • Киришүү аң сезимин ойгото алдыбы? Кантип билдиң?

  • Сабак ырааттуу өттүбү?

  • Окуучулар билимин көрсөтө алышы үчүн аларга кандай мүмкүнчүлүтөр берилди?

  • Жардамчы материалдар канчалык деңгээлде үзүрдүү болду?

  • Пайдаланууга боло турган баалоонун мындан да үзүрдүү ыкмалары барбы?

  • Сабактын ийгилигине таасир эткен ар кандай күтүүсүз окуялардын кесепети кандай болду

  • Корутунду иш канчалык үзүрдүү болду?



Кийинки чаралар

Кийинки окуу жана окутуу үчүн маалыматтарды жана сунуштарды кошуңуз.



КОРУТУНДУ

Сиз бул модулду аяктадыңыз. Азыр биз кийинки эки модулга өтөбүз. Сиз бул модулдун мазмунуна кайрылып өзүңүздүн тажрыйбаңыздын негизинде мазмунун өзгөртө аласыз.















12