СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Морфология боюнча жалпы түшүнүк

Нажмите, чтобы узнать подробности

Грамматиканын бир бөлугү болгон морфология боюнча жалпы түшүнүк

Просмотр содержимого документа
«Морфология боюнча жалпы түшүнүк»

Морфология 1-бөлүм грамматика

Морфология 1-бөлүм

грамматика

Лингвистикада фонетика, лексикология сыяктуу негизги  бөлүмдөрдүн бири болуп грамматика эсептелет. «Грамматика»  терминин грекчеден которгондо «окуу жана жазуу өнөрү»  дегенди туюндурат.

Грамматика тил илиминде төмөнкүдөй  маанилерде колдонулат:   Сөздөрдүн өзгөрүш формаларын, түзүлүшүн, сөз  айкашын жана сүйлөмдөрдүн типтерин үйрөтүүчү тил  илиминин бир тармагы;   Кандайдыр бир тилдеги сөздөрдүн, сөз айкаштарынын  жана сүйлөмдөрдүн түзүлүшү;   Сөздөрдүн өзгөрүшүнүн өз ара айкашынын жана  сүйлөмдөрдүн түзүлүшүнүн белгилүү бир тил үчүн берилген  эрежелеринин жыйындысы.

Ар бир тилдин грамматикасы тил менен бирге пайда  болуп, анын өнүгүшү менен кошо өзгөрүүгө учурап, өз сапатын  жакшыртып, нормаларын тактаган нечен доорлордун жемиши  болуп саналат

Грамматиканын бөлүмдөрү. Грамматика бири-биринен  изилдөө максаты жана изилдөө алкагы боюнча айырмаланган  эки бөлүмдөн турат.  Морфология – тилдин грамматикалык курулушунун  алгачкысы. Ал сөздүн грамматикалык касиеттерин ачып,  изилдеп үйрөтөт. Сөздүн курамын, сөз жасоонун жолдорун, сөз  түркүмдөрүн окутат.  Синтаксис

Сөздөр лексикалык маани (сөздүн керт башына гана  тиешелүү) менен катар грамматикалык мааниге да ээ болушат.  Мисалы:  Сөздөр Лексикалык маани Грамматикалык  маани  Жазуучу Чыгарма жаратуучу  адам  Заттын аты, атооч  жөндөмөсүндө, жекелик  санда, конкреттүү  Жылкы Минүүгө, жүк  сүйрөөгө ылайыктуу  мал  Заттын аты, атооч  жөндөмөсүндө, жекелик  санда, конкреттүү  Жылдыз Асмандагы көп  сандагы тело  Заттын аты, атооч  жөндөмөсүндө, жекелик  санда, конкреттүү

Грамматикалык маани дегенибиз-айрым сөздөрдүн  керт башына гана тиешелүү болбостон, алардын бүтүндөй бир  тобуна тиешелүү болгон жалпыланган маани. Грамматикалык  маанилер экиге бөлүнөт:   Жалпы категориялык грамматикалык маанилер;   Жеке грамматикалык маанилер.  Жалпы категориялык грамматикалык маанилерге  төмөнкүлөр кирет: заттык маани, белгилик маани, сын-  сыпаттык маани, сан-өлчөмдүк маани, кыймыл-аракеттик маани  ж.б.  Жеке грамматикалык маанилерге жөндөмө, сан, жак,  таандык, чак, ыңгай, мамиле, даража ж.б. маанилер кирет.

Маани берүүчү сөз түркүмдөрү: зат атооч;  сын атооч;  сан атооч;  ат атооч;  этиш;  тактооч.  Өзгөчө сөз түркүмдөрү: сырдык сөздөр;  тууранды сөздөр.  Кызматчы сөздөр: байламталар;  бөлүкчөлөр;  жандоочтор;  модалдык сөздөр

 Сөз түркүмдөрүн  классификациялоонун принциптери жетекчиликке алынат. Ал  принциптер төмөнкүлөр:   Семантикалык принцип;   Морфологиялык принцип;   Синтаксистик принцип.

Уңгу-сөздүн эң негизги бөлүгү, лексикалык маани  берип, андан ары ажырабай турган бөлүгү. Ал лексикалык  маани менен кошо грамматикалык маанини да туюндурат.

Сөз жасоочу мүчөлөр сөздүн тыбыштык турпатын гана эмес,  лексикалык маанисин да өзгөртөт. Жаңы лексикалык маани,  жаңы сөз жаратат, б.а. мындай мүчөлөр сөз жасай турган касиетке ээ.

 Зат атоочтун мүчөлөрү:-кана,-лаш,-лык,чы,-  чылык,-кер,-кеч, -кор, -поз, -стан,-тай,-ча,-чык,-стан ж.б.   Сын атоочтун мүчөлөрү: -луу, -сыз, -дай,-лык, -  лащ,-чыл,-чан,-кер, -кор, -поз, -көй, -дар, -дак ж.б.   Этиштин мүчөлөрү: -а, -ай, -ла, -ар, -ла, -лан, -лаш,  -сыра, -ык, -ал, -ар, -сы,-сын, -гансы, -гыла, -лык ж.б.   Тактоочтун мүчөлөрү: -ча, -лап,-чылап, -лай, -  чалык, -сын, -лата, -ата, -та ж.б

Сөз жасоонун морфологиялык жолу  Негизге куранды мүчөлөрдун жалганышы аркылуу  сөздөрдүн жасалыш ыгы сөз жасоонун морфологиялык жолу  деп аталат. Мисалы: саанчы, илимпоз, энелик, түймө, тоют,  тончон, ырда-, сана-, байы-, көбөй-, көнүк-, тамчыла-, тарсылда-  , чыркыра- ж.б. сөздөр тиешелүү куранды мүчөлөрдүн жардамы  менен б.а. морфологиялык ык менен жасалды.

Сөз жасоонун синтаксистик жолу  Эки же андан көп сөздөрдүн биригиши аркылуу жаңы  сөздөрдүн жасалыш ыгы сөз жасоонун синтаксистик жолу деп  аталат. Мисалы: агайын, кайната, бүгүн, айбалта, кумшекер,  ашказан, үй-жай, ата-бала, кыз-кыркын, курал-жарак, баш бак,  кол кой, көз сал, Сагыналы, Мукамбеткалый, Сатыбалды, Ак-  Кыя, Онбиржылга, Чатыр-Көл ж.б. сөздөр эки (үч) сөздүн  биригип бир маани бериши аркылуу жасалган, башкача  айтканда, сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалган.

Татаал сөздөр     Түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн үч  түрү бар . Алар: кош сөздөр, кошмок сөздөр жана  кыскартылган сөздөр

Кош сөздөр  Маанилик жактан жупташып келип бир гана лексикалык  мааниге ээ болгон татаал сөздөр кош сөздөр деп аталат.  Мисалы: күч-кубат, бала-чака, алдым-жуттум, алай-дүлөй,  чымын-чиркей ж.б.  Кош сөздөр түгөйлөрунүн (компоненттеринин) берген  маанилерине жараша өз ара топторго бөлүнөт.  1. Түгөйлөрүнүн бардыгы өз алдынча лексикалык мааниге  ээ болуп турган кош сөздөр: ата-эне, жер-суу, короо-короо,  таңгак-таңгак, өйдө-төмөн, кайгы-капа, жан-жаныбар, соода-  сатык, кой-эчки ж.б. Кош сөздөрдүн бул тобун С. Давлетов  андан ары дагы үчкө бөлгөн:

 Карама-каршы кош сөздөр. Булардын түгөйлөрү өз ара  карама-каршы маанини билгизет: оң-терс, чоң-кичине, кары-  жаш, улуу-кичүү, жакшы-жаман, асты-үстү, алды-арты, күн-түн,  дос-душман ж.б.   Маанилеш кош сөздөр. Булардын түгөйлөрү өз ара  бирдей же бири-бирине эң эле жакын маанини билгизет: сак-  саламат, аман-эсен, күч-кубат, жарды-жалчы, кедей-кембагал,  алдуу-күчтүү, ачык-айкын ж.б.   Түркүмдөш кош сөздөр. Булардын түгөйлөрүнүн  мааниси антонимдик же синонимдик катышта болбойт, бир  текке кирүүчү нерселерди билгизет: алма-өрук (экөө тең  жемиш), идиш-аяк (экөө тең буюм), курт-кумурска, аяк-табак,  чымын-чиркей, музоо-торпок, кой-козу, кулун-тай ж.б.

2. Түгөйлөрүнүн бири өз алдынча лексикалык мааниге ээ  боло албаган кош сөздөр: аке-жаке, айыл-апа, жорук-жосун,  жаман-жуман, жыт-жыбыр, жоон-жолпу, будуң-чаң, оңой-олтоң,  кең-кесири, кийит-кечек ж.б.  3. Түгөйлөрүнүн бардыгы өз алдынча лексикалык мааниге  ээ боло албаган кош сөздөр: оргу-баргы,уйгу-туйгу, үрүл-бүрүл,  илең-салаң, кым-куут, бака-шака, быт-чыт ж.б.

Кошмок сөздөр  Тутумдашкан эки же андан көп сөздүн (негиздин)  ортосундагы синтаксистик байланыш мааниси солгундап же  жоголуп, алар биригип лексикалык бир гана мааниге ээ болуп  калат. Мына ушундай татаал сөздөр кошмок сөздөр деп аталат.  Мисалы: айбалта, аткулак, балчелек, колжазма, ишбилги,  аккөңүл, ачкүсөн, көккытан, көзайнек, демалыш, атбагар,  орунбасар, Тилебалды, Салкын-Төр, Базар-Коргон ж.б

Кыргыз тилинде кошмок сөздөрдүн жазылышы да бир  беткей эмес. Бир тобу бириктирилип жазылса, башкалары  бөлөк-бөлөк жазьлат.  Чынында эле кулак сал, дит бак, кол  кой, ала кел, таап ал деген өңдүү этиштерди, кара сур, кызыл  ала, кара курөң, мала кызыл деген сыяктуу сын атоочторду,  он беш, отуз сегиз, эки жуз элүү алты, эки жарым өңдүү сан  атоочторду, кимдир бирөө, кайсы бир, эч качан, эч кандай  сыяктуу ат атоочторду, ар дайым, ар убак, алда кайда, алда  качан өңдүү тактоочторду, ойлоп табуучу, башкы  командачы, пайдалуу кен, кенже лейтенант, маданий  турмуш, Кыргыз улуттук университети, Бириккен улуттар  уюму деген сыяктуу зат атоочторду бириктирип жазууга  болбойт.

Кыскартылган сөздөр  Сөздөрдүн кыскартылып биригишинен жасалган татаал  сөздөр кыскартылган сөздөр деп аталат. Мисалы: шаарком,  профсоюз, КР, БУУ, КМУ, КМУУ, БГУ ж.б. Мындай сөздөр  кыргыз тилинде анча көп эмес.  Сөздөр эки жол менен кыскартылып, бириктирилип, татаал  сөздөр уюшулат.   Сөздөрдүн тутумунан кыскартып бириктирүү аркылуу  уюшулган кыскартылган сөздөр. Мисалы: облсот (областтык  сот), райборбор (райондук борбор), филфак (филология  факультети), педфак (педагогика факультети) ж.б.   Баш тамгаларды бириктирүү аркылуу уюшулган  кыскартылган сөздөр. Мисалы: БУУ (Бириккен улуттар уюму),  КР (Кыргыз Республикасы), ИИМ (Ички иштер министрлиги)  ж.б.