СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Морфология бөлүмү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Морфология бөлүмү боюнча 7-8-9-10-11- класстар үчүн

Просмотр содержимого документа
«Морфология бөлүмү»

Морфология боюнча тест №1


1. Морфологиянын изилдөө объектилери кайсылар?

А) Тыбыш, тамга, фонема

Б) Сөз, сөз айкашы

В) Сүйлөм, сүйлөм мүчөлөрү

Г) Сөз түркүмдөрү, сөз составы

Д)Сингармонизм закону


2. Сөз түркүмдөргө бөлүштүрүүнүн 3 принциби бар.

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы ашыкча?

А) Семантикалык

Б) Алфавиттик

В) Морфологиялык.

Г) Синтаксистик.


3. Зат атоочтун категориялары кайсылар?

А) Мамиле, ыңгай, чак

Б) Сан, жөндөмө, жак, таандык

В) Даража

Г) Атоочтук, чакчыл

Д) Катыштык, сапаттык


4. Мен, сен, ал деген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?

А) Ат атооч

Б. Зат атооч

В) Тактооч.

Г) Этиш.

Д) Сырдык сөз


5. «Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм,

Бул тил менен иштейм,сүйлөйм, ыр ырдайм» деген ыр

саптарында асты сызылган сөздөр кайсы сөз түркүмүндө ?

А) Зат атооч

Б) Сын атооч

В) Этиш

Г) Тууранды сөз

Д) Жандооч

6. Бирөө, экөө, үчөө, төртөө деген сөздөр сан атоочтун

кайсы түрүнө кирет?

А) Эсептик

Б) Иреттик

В) Бөлчөк

Г) Чамалама

Д) Жамдама





7. –лар мүчөсү кандай мүчө?

А) Жак

Б) Жөндөмө

В) Чак

Г) Көптүк

Д)Таандык


8.Томондон мезгил тактоочторду белгилениз.

А) коп,аз,жогору, томон,бийик

Б) быйыл, жана,кечээ,бугун

В) ончакты,жогоруда,томондо

Г) былтыр, бир аз, толо

Д) томон,алыс,илгери,жакын


9. Менен, жана, анткени деген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө

кирет?

А) Тактооч

Б) Этиш.

В) Жандооч

Г) Байламта

Д) Сан атооч


10. Катыштык сын атооч катышкан сөз айкашын тапкыла.

А) Айылдык китепкана

Б) Сулуу кыз

В) Жакшы адам

Г) Чоң үй

Д)Терең көл






















Морфология боюнча тест №2


1. Кыргыз тили чыгыш теги боюнча кайсы тилдердин

тобуна кирет?

А) Индоевропа

Б) Угро-фин

В) Иберий - кавказ

Г) Түрк

Д) Славян


2. Сөздүн маани берүүчү бөлүгү эмне деп аталат?

А) Мүчө

Б) Фонема

В) Тыбыш

Г) Уңгу

Д) Муун


3. Жөндөмө, сан, жак мүчөлөрү мүчөнүн кайсы түрүнө

кирет?

А) Сөз жасоочу

Б) Сөз өзгөртүүчү

В) Атоочтук жасоочу

Г) Форма жасоочу

Д) Чакчылды уюштуруучу


4. Сын атоочтун категориясы кайсы?

А) Жөндөмө

Б) Таандык

В) Даража

Г) Сан

Д) Мамиле


5. Эч ким, эч нерсе, эч канча деген сөздөр ат атоочтун

кайсы түрүнө кирет?

А) Таңгыч

Б) Аныктама

В) Жактама

Г) Күдүк

Д)Шилтеме

6. Этиштин өзгөчө формалары болуп атоочтуктар,

чакчылдар, кыймыл атоочтор эсептелет: -ган, -ар, -бас деген

мүчөлөр кайсы форманы уюштурат?

А) Чакчылды

Б) Кыймыл атоочту

В) Көптүк санды

Г) Атоочтукту

Д) Жак таандыкты


7. «Кош –кош»- деп койлорду короодон чыгарат, Өш-өш-деп

уйларды өзөндөн сугарат». Асты сызылган сөздөр кайсы сөз

түркүмүнө кирет?

А) Байламта

Б) Тууранды сөз

В) Сырдык сөз

Г) Кызматчы сөз

Д) Жандооч


8. Таандык мүчөлөрдү көргөзгүлө.

А) -са, -ба, -бы

Б) -лар, -ла, -а

В) ын, -ыл, -ыш, -каз

Г) -ым, -ын,- ыныз, -сы, -ы

Д) -ган,- ар, -бас, -оочу, -уучу


9.Тууранды создор тузулушуно карай канчага болунот?

А) тортко

Б) учко

В) бешке

Г) экиге

Д) болунбойт


10. Аябай көп, абдан кооз деген сын атоочтор кайсы

даражада турат?

А) Жай

Б) Салыштырма

В) Чамалама

Г) Басаңдатма

Д) Күчөтмө



















Морфология боюнча тест №3


1. Сөз жасоонун канча жолу бар?

А) 5

Б) 3

В) 6

Г) 2

Д) 4


2.Этиштин категориялары кайсы?

А) Ыңгай, мамиле, сан, чак, жак

Б) Жөндөмө, сан, жак, таандык

В) Даража, ыңгай, мамиле

Г) Таандык, чак, жөндөмө

Д) Мамиле, ыңгай, жөндөмө


3.Бүгүн, эртен, кеч, төмөн, жогору деген сөздөр кайсы сөз

түркүмүнө кирет?

А) Зат атооч

Б) Сын атооч

В) Сан атооч

Г) Этиш

Д) Тактооч


4. Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?

А) 5

Б) 6

В) 7

Г) 4

Д) 3


5.-ган, -ар, -бас,-оочу, -уучудеген мүчөлөр эмне мүчөлөр?

А) Көптүктү билдирүүчү

Б) Жөндөмө

В) Атоочтук жасоочу

Г) Сын атооч жасоочу

Д) Чакчыл мүчө

6. Катыштык сын атооч катышкан сөз айкашын тапкыла.

А) Бийик тоо

Б) Айылдык кыз

В) Терең көл

Г) Ак барак

Д) Калың китеп


7. ¼, 0,5, ½деген сан атоочтор кайсы топко кирет?

А) Эсептик

Б) Иреттик

В) Жамдама

Г) Топ

Д) Бөлчөк


8. Го, ыя деген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?

А) Тактооч

Б) Байламта

В) Бөлүкчө

Г) Сын атооч

Д) Жандооч


9. Атоочтук жасоочу мучолор кайсылар?

А -ган,-ар,-бас,-оочу,-уучу,-чу,-а(-е,-й)+элек

Б) –ганы,-гыча,-майынча,-ып,-ганча

В) –оо,-мак,-май,-ыш

Г) –сын,-лык,-луу,-лата

Д) –ча,-лап


10. «Жакшыга жанаш, жамандан адаш»деген макалдагы

зат атооч сөздөр сүйлөмдүн кайсы мүчөсү болду?

А. Ээ

Б. Баяндооч

В. Аныктооч

Г. Толуктооч

Д. Бышыктооч




























Морфология боюнча тест №4


1. Этиштин канча чагы бар?

А) 5

Б) 3

В) 2

Г) 6

Д)10


2. Томондогулордун кайсынысы негизги соз туркумдоруно кирбейт?

А) этиш

Б) Сан атоочтор

В) Жандоочтор

Г) Сын атооч

Д)Тактоочтор


3. Сөздүн тутумундагы жаңы маанини уюштуруучу мүчө.

А) Уңгу

Б) Куранды

В) Уланды

Г) Фонема

Д) Морфема


4. Кыргыз тили тилдердин морфологиялык

классификациясы боюнча кайсы топко кирет?

А) Флективдүү

Б) Агглютинативдүү

В) Полисинтетикалык

Г) Аморфтук


5.Жөндөмө мүчөлөрү мүчөнүн кайсы түрүнө кирет?

А) Сөз өзгөртүүчү

Б) Сөз жасоочу

В) Форма жасоочу

Г) Чакчылды уюштуруучу

Д) Көптүк мүчө

6. «Жаман адам белгиси - өз камы үчүн күйүнөт,

Жакшы адам белгиси -эл камы үчүн жүгүрөт».

Асты сызылган сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?

А) Тактооч

Б) Сын атооч

В) Ат атооч

Г) Зат атооч

Д) Сырдык сөз


7. Жөндөмө мучолорду туура корсот.

А) –нын,-га,-ны,-да,-дан

Б) –нын,-да,-ды,-да,-дан

В) –дын,-да,-н,-та,-тан

Г) –тын,-та,-ын,-та,-тан

Д) –дын,-га,-ны,-да,-дан


8. Агыш, көгүш, саргылт деген сын атоочтор кайсы

даражада турат?

А) Жай

Б) Күчөтмө

В) Салыштырма

Г) Басаңдатма


9. Балким, арийне, ырас, албетте деген сөздөр кайсы сөз

түркүмүнө кирет?

А) Сырдык сөз

Б) Тууранды сөз

В) Модалдык сөз

Г) Кызматчы сөз

Д) Тактооч


10.Сан атооч заттын эмнесин билдирет?

А) Кыймыл- аракетин

Б) Атын, санын

В) Санын, иретин

Г) Даамын

Д) Өңүн, иретин
























Морфология боюнча тест №5


1. Сөз түркүмдөрүн, сөз курамын тил илиминин кайсы

бөлүмү окутат?

А) Синтаксис

Б) Фонетика

В) Морфология

Г) Лексика

Д) Фразеология


2. Сөздүн маани бербөөчү бөлүгү эмне деп аталат?

А) Мүчө

Б) Уңгу

В) Сөз

Г) Сүйлөм

Д) Сөз айкашы


3. –дан кайсы жөндөмөнүн мүчөсү?

А) Илик

Б) Барыш

В) Жатыш

Г) Чыгыш

Д) Атооч


4. Экинчи, бешинчи, жетинчи деген сөздөр сан атоотун

кайсы тобуна кирет?

А) Топ сан

Б) Чамалама

В) Эсептик

Г) Бөлчөк

Д) Иреттик


5. «Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот».

Белгиленген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?

А) Сын атооч

Б) Ат атооч

В) Этиш

Г) Зат атооч

Д) Байламта

6. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы этиштин категорияларына

кирбейт?

А) Ыңгай

Б) Мамиле

В) Жөндөмө

Г) Чак

Д) Жак



7. Көптүктү билдирүүчү –лар мүчөсүнүн канча варианты бар?

А) 7

Б) 12

В) 5

Г) 10

Д) 3


8. Өткөн чактын түрлөрү кайсылар?

А) Адат, капыскы, жалпы, айкын

Б) Этиш унгулуу, атооч унгулуу

В) Белгисиз, айкын, алыскы, жакынкы

Г) Айкын, арсар

Д) Учур чак, келер чак


9.Сырдык сөздөрдүн түрлөрү кайсылар?

А) Сезимдик, эрктик, турмуштук

Б) Күчөткүч, чектегич, ырастагыч

В) Аныктагыч, бышыктагыч

Г) Маани берүүчү, маани бербөөчү

Д) Табыш тууранды, элес тууранды


10. Томондогулордон сан, жак, чак боюнча озгорбогон озгочо форма кайсы?

А) Чакчылдар

Б) Сырдык сөз

В) Зат атооч

Г) Сөздүн тутуму, сөз жасоо

Д) Сын атооч