СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 2. Өнүгүү, тарбия жана инсандын калыптанышы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Инсан - коомдук индивидуум (айрым тирүү организм, жеке адам, пенде), сырткы дүйнөнү таанып билүүнүн, активдүү өзгөртүүнүн субьектиси, сүйлөөгө жана эмгектенүүгө жөндөмдүү, аң-сезимдүү жаныбар, акылы жайында, туура өнүккөн адам. Демек, тарбия - өтө татаал процесс. Ага ийгиликтүү жетекчилик кылуу үчүн ар бир тарбиячы баланын психикалык жактан жетилип, социалдык инсанга айлануу мыйзам ченемдүүлүктөрүн жакшы билүүгө тийиш. Инсандык асыл сапаттар өтө жай, көп кыйынчылык менен өнүгүп түптөлө турган абдан татаал кубулуш.

Просмотр содержимого документа
«Лекция 2. Өнүгүү, тарбия жана инсандын калыптанышы»

Лекция №2

Өнүгүү, тарбия жана инсандын калыптанышы. (2саат)

Негизги суроолор.

1. Инсандын өнүгүп жетилүүсү жана тарбия

2. Балдардын курак жаш згөчлүктөрү жана тарбия


1. Инсандын өнүгүп жетилүүсү жана тарбия


Инсан - коомдук индивидуум (айрым тирүү организм, жеке адам, пенде), сырткы дүйнөнү таанып билүүнүн, активдүү өзгөртүүнүн субьектиси, сүйлөөгө жана эмгектенүүгө жөндөмдүү, аң-сезимдүү жаныбар, акылы жайында, туура өнүккөн адам. Демек, тарбия - өтө татаал процесс. Ага ийгиликтүү жетекчилик кылуу үчүн ар бир тарбиячы баланын психикалык жактан жетилип, социалдык инсанга айлануу мыйзам ченемдүүлүктөрүн жакшы билүүгө тийиш. Инсандык асыл сапаттар өтө жай, көп кыйынчылык менен өнүгүп түптөлө турган абдан татаал кубулуш.

Ошондуктан, тарбия процессин жемиштүү уюштурууну каалаган ата-эне жана мугалим, же ар кандай эле тарбиячы, адегенде, тарбиялай турган баланын табиятын да жакшы билүүсү зарыл. Тарбияланып жаткан ар бир бала, окуучу (индивид) табият берген кайталангыс шык, жөндөмдүн физиологиялык фондуна ээ. Мындай ген аркылуу берилген интеллектуалдык, эмоционалдык функциялар өзүнөн өзү өнүгүп, өзүн-өзү жөнгө салып , өзүн-өзү башкарат. Ал функциялардын нукура адамга гана таандык биосоциалдык талаптары бар. Аң-сезим, акыл, дене жагынан өнүгүп өсүп жаткан индивид менен аны курчап турган чөйрө жана коомдун биосоциалдык талап системаларынын ортосундагы түрдүү карама-каршылыктар баладагы ген аркылуу берген физиологиялык фонддун өнүгүүсүнө түрткү берет. Так ушундай табигый талаптарды канааттандыруу үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүп, оптималдуу шарттар жаратууну тарбия деп түшүнүш керек. Бул процесстин табиятын илимий негизде түшүнгөн , ааламга төбөсү көрүнгөн окумуштуу Л.С.Выготский: «Тарбия - бул өзүн-өзү тарбиялоо. Илимий жагдайда ой жүгүртө турган болсок, башка бирөөнү тарбиялоо таптакыр мүмкүн эмес» - деп жазат (13).

Биздин ата-бабаларыбыздын педагогикалык даанышмандыгы таң калаарлык! Алар жогорудагыдай тарбиянын купуя сырларын акыл калчоо менен эле илимий негизде, өтө чеберчилик менен уюштура билишкен. Энелер балдарын, небере-чеберелерин коюнуна катып алып, эркелетип, ойнотуп олтуруп эле жомок, болмуш, табышмактуу окуяларды көркөмдөп, элестүү, эмоционалдуу кылып айтып берүү менен балдардын сезимин ойготуп, ой чабыттарын өөрчүтүп, элдин интеллектуалдык потенциалын бийик көтөрүшкөн. Калыгул менен Арстанбек, Сагымбай менен Саякбай, Курманжан датка менен Шабдан, Байтик менен Чыйбыл, Жеңижок менен Барпы өңдүү жүздөгөн, миңдеген элден чыккан ойчул таланттар жана эл башкарган кеменгер инсандар ошол даанышман энелердин сыйкырдуу мектебинен дарс алгандар. Ошол энелерибиз баланы тарбиянын субьектиси катары карап: «Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт» - деген залкар педагогикалык идеяны айтышкан. Өнүгүү табияттын, коомдун жана адамдын ойлоосунун ажыралгыс касиети, алардын жөнөкөйдөн татаалга, белгилүүдөн белгисизге карай,өстүргөн. Көз жашындай тунук, оргуп аккан булактын суусу булганыч суу агып жаткан арыкка куйса ылай сууга айланган сыяктуу эле, анатомо-физиологиялык жактан таза төрөлгөн генотип ал өзү өнүгүп жетиле турган чөйрө таза болбосо толук алгылыктуу касиеттерге ээ инсан болуп жетиле албайт. Анатомофизиологиялык талапка ылайык төрөлбөгөн бала толук касиетке ээ инсан болуп өнүгө албайт. Алар, олигофендер, дебилдер, идиоттор.

Өнүгүү процессин терең түшүнүү үчүн анын филогенездеги жана онтогенездеги жетилүү абалына үңүлө көңүл буруу зарыл. Филогенезде кандайдыр бир этникалык тайпанын же бүтүндөй адамзаттын тарыхый, коомдук-маданий калыптануусун изилдесе, онтогенезде жеке адамдын өнүгүү процесси изилдейт. Бөбөктүн бойго бүткөндөн төрөлгөнгө чейинки өнүгүү процессин иликтеп, аны таалим, тарбия ишинде эске алууга биздин мугалимдер менен ата-энелерибиздин милдети. Экономика, илим, маданият жагынан өнүккөн элдерде перзенттин эненин боюндагы тогуз айлык өнүгүүсүнө бөтөнчө көңүл бөлүнөт. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасына караганда бойго бүткөндөн үч апта өткөндө түйүлдүктө беш ыйлаакча, бир түтүкчө пайда болот. Ыйлаакчанын биринчиси - маңдай мээ, экинчи, үчүнчүсү - мээдеги оң жана сол жарым шарлар, төртүнчүсү - арткы мээ, бешинчиси - каракуш мээ, ал эми түтүкчө - жүлүн. Бешинчиден, алтынчы аптага өткөндө түйүлдүктө акырындап кемирчектер пайда болуп, тогузунчу-онунчу аптадан кийин баланын морфологиялык дене түзүлүшү калыптана баштайт. үч айда бала сүлпөтү түптөлүп, ал кыймылга кирет. Так ушул үч айлык өнүгүү учуру ата-энеден чоң жоопкерчиликти, өтө кылдат мамилени талап кылат. Бирок биздин элибизде буга бүгүнкү күндө эч кандай маани берилбейт. Жарык дүйнөгө келе жаткан перзенттин тагдыры үчүн толкунданып кам көрүү болочок ата-энелердин милдети. Баланы тарбиялоону ал жарык дүйнөгө келгенден кийин эмес, энесинин боюна түйүлдүк бүтө электен мурда баштоо зарыл. Дүйнөнүн өсүп-өнгөн жогорку цивилизациялуу элдерине теңелгибиз келсе, жумурай журтту педагогикалык илимдин минимумуна эгедер кылуу бирден бир зарыл иш. Алсак, перзент күткөн жубай, айрыкча жүктүү аялы, боюндагы түйүлдүк эненин каны аркылуу азыктанаарын жакшы билип, тамактануунун гигиенасын дайыма туура сактоосу ылазим. Андай абалдагы аялзаты ичимдик ичип, чылым чегүү быякта турсун, өтө туздуу же ачыган-чүчүгөн (тамактануу технологиясына жооп бербеген) азык-оокаттан оолак болуусу зарыл.

Болочок эне жашаган үй-бүлөдө психологиялык климат жагымдуу болууга тийиш. Анткени, боюнда бар аялдын оң же терс психикалык санаа тартуусунун түрдүү формалары түйүлдүктүн туура өнүгүүсүнө бөгөт болот. Кыргыздын элдик педагогикасы бул жагдайды дайыма эске алган. Боюнда бар келинди эч качан үйдө жалгыз калтырган эмес. Ал чочуп же сезгенип калса курсактагы балага доо кетээрин эл билген. Ата-бабаларыбыз үй-бүлөлүк мамилелердеги пакизалыкты, жогорку маданияттуулукту талап кылып, перзентти ыйык туткан. Биз элибиздин ушундай баалуу каада-салтын унуттук. Ал эми азыркы цивилизациянын туу чокусуна көтөрүлгөн жапон, американ, немис, англис, француз өңдүү элдер өз ата салтын өркүндөтүп олтуруп гана бүгүнкүдөй экономикалык, илимий жана маданий деңгээлге көтөрүлүштү. Булардын ар бири өз улутунун генофондун түздү. Үй-бүлөгө, перзентке карата болгон ыйык мамилени биз эми ошолордон үйрөнсөк болот.

Бул элдерде болочок жубайлар баш кошоордон бир нече ай мурда нике каттоо бөлүмдорү аркылуу медициналык кароодон өтүп, ден соолугу ар тараптан текшерилет. Атайын даярдалган адис психолог, педагогдордуп кеңеши боюнча тийиштүү илимий, популярдык булактарды окуп өздөштүрүп, жубайлардын ынак мамилесинин жана перзентти тарбиялоонун психологиялык-педагогикалык негизин үйрөнүшөт.

Алар перзенттүү болууну каалашса экөө тең узакка созулган медициналык изилдөөдөн өтүшөт. Дарыгер уруксат берсе гана аял төрөй алат. Бул элдерде аш казаны, жүрөгү же башка органдары быякта турсун, тиши оорукчан аял төрөөгө укуксуз. Цивилизация жагынан өркүндөп, өнүп өскөн элдердин генофонду, генотиби ушундай жол менен түзүлгөн.Биздин ата-бабаларыбыз деле өз тукумунун келечегин акыл калчап, терең ойлонуп илимий негизде чечишкендиктерине элдик педагогиканын эстеликтери эң сонун далил. Канды тазартып, урукту жакшыртуу максатында Манасты тажик кызына үйлөп жатпайбы. Эмне, Манаска мунасип кыргыз кызы табылбас беле? Табылмак. Бирок Семетей төрөлөт беле же жокпу, бул табышмак?

Бала кичинекей киши, анда чоң адамдын бүт эле сапаттары бар, баланын чугу өтө эле кичине болгондуктан андагы сапаттар байкалбайт. Баланын денеси (бою) өскөн сайын андагы сапаттар да чоңоюп байкала баштайт


Баланын психикасынын өнүгүүсү жөнүндөгү маселени чечүүдө биздин педагогика азыркы илимдин жетишкендиктерине таянат. Инсандын өнүгүүсүндөгү тукум куучулуктун ролун илим танбайт, анткени адам барыдан мурда жандуу организм. Жандуу организм катары ал мурасчылдыкка таасирленет, бирок ал таасир адамдын келечегин аныктоочу тагдырдын жазмышы эмес. Жашоонун айлана чөйрөсүндөгү шарайытка карап мурасчылдыктын өзү да өзгөрүүгө дуушар болуп турарын эстен чыгарып коюуга болбойт.

Адам сырткы табигый чөйрөгө таасир тийгизип аны өзгөртүп, ошону менен кошо ал өз табиятын да өзгөртүп жиберет. Эмгек аркылуу табигат менен карым-катнаш мамиле жасоо жараянында адам ар тараптан жетилип, аң-сезими өсүп, акылы оожалат. Бат өнүгүп, ар тараптан тез жетилүү балалык куракка мүнөздүү. Бул жерде өнүгүү деген сөз эки маани берет. Клеткалардын кошулуусу менен дененин чоңоюшун бойдун өсүүсү дейбиз. Мында сапаттык өзгөрүү жок, сан жагынан (көлөмдүк) өсүү. Ал эми психикалык касиеттердин калыптанып жетилүүсү сапаттык өнүгүү болуп эсептелет.

Педагогика илими инсандын жетилүүсүндө айлана чөйрөнү да, мурасчылдыкты да маанилүү деп эсептейт, бирок максатка ылайык жүргүзүлгөн тарбия бул жагдайда чечүүчү ролө ойной турган эң күчтүү фактор. Табият берген шык, жөндөмдүн өнүгүүсү үчүн белгилүү шарттагы чөйрө жана баланын өзүнүн активдүүлүгүн камсыз кылган тарбия зарыл. Башкача айтканда табият берген шык, жөндөм (мурасчылдык) баланын өнүгүүсүнүн потенциалдык мүмкүнчүлүгүнүн негизин гана түзөт. Ал мүмкүнчүлүк чындыкка айланбастан кала бериши да ыктымал. Алты саны аман төрөлгөн ар кандай эле бала сүйлөөгө жөндөмдүү, бирок кайсы тилде сүйлөшү айлана-чөйрөгө жана тарбияга жараша болот. Ал эми белгилүү куракка (5-6 жашка) чейин бала сүйлөө чөйрөсүнөн оолак чоңойсо, анын көмөкөйү катып калат, ал эч качап сүйлөбөй (сүйлөй албай) калат. Бир жагынан табигаттын бары жокту эсепке алган камдуулугунун натыйжасында, экинчи жагынан өзүн коргоо инстинктинин күчү менен жаңы төрөлгөн балага сууда сүзө билүү жөндөмү кошо берилет. Демек, баланы төрөлөрү менен сууга салса ал сүзөт, чабак ата алат. Эгерде бала төрөлгөн учурда мындай чөйрө түзүлүп ага ылайык тарбия берилбесе, анын сууда сүзө билүүгө болгон мүмкүнчүлүгү чындыкка айланбай кала берет. Адамдагы музыкага, математикага, поэзияга ж. башкаларга болгон жөндөмдүүлүктөрдүн тагдыры деле ушундай. Табигат ушунчалык калыс, ушунчалык жоомарт экен, ар бир эле бала шумдуктуудай керемет, анын сырын сыйкырдуу тарбиячы гана ача алат. Тарбиячынын сыйкыры - анын педагогикалык-психологиялык сабаттуулугу. Андай тарбиячысыз керемет шумдукка айланбай кала берет. Баладагы шык жөндөмгө ылайык чөйрө түзүлүп, тийиштүү тарбия болбосо табыйгат берген жөндөм же биротоло өнүкпөй, же жетишээрлик деңгээлде өспөй кала берерин илимий сынамыктар бир нече жолу өтө эле ынанарлык деңгээлде далилдеди.

Советтик көрүнүктүү окумуштуулар А.Р.Лурия, В.Н.Колбановскийлер бир тукум клетка түйүлдүгүнөн бөлүнүп төрөлгөн эгиз балдарга жүргүзгөн илимий сынамык иштери инсандын өнүгүүсүндөгү тарбиянын ролу чечүүчү экендигин толук тастыктады. Мындай эгиздер биологиялык окшош, кошмок организмдер, алардагы мурасчылдык да бипбирдей. Окумуштуулар бул эгиздерди табигый негизи бирлей эки жарыш катар топко ажыратып бөлүп, ал топтордо окутуу, тарбия иштерин эки түрдүүчө усулдар менен уюштуруп өткөрүп, ал балдардан өз алдынча акыл ишмердүүлүктөрдү талап кыла турган эки башка мүнөздөгү көнүгүүлөрдү аткартуу аркылуу эгиздердеги өсүп жетилүүнүн эки деңгээлин камсыз кылышкан. Мында балдар өзүнчө аткарган акыл иштери өтө чоң ролө ойногон.

Баланын муктаждыгы, зарылдыгы, кызыгуусу, каалоосу, башкача айтканда, талабы менен мүмкүнчүлүгүнүн (кудуретинин) ортосундагы карама-каршылык анын инсандык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү. Айталы, 5-6 айлык бөбөк олтурат. Анын колуна оюнчук карматтык. Ал аны кармалап, ургулап, сыйпалап, оозуна салышка далалаттанып, өзүндөгү кандайдыр бир талаптарды канааттандырат. Бир оокумда оюнчукту колунан алыска түшүрүп жиберди. Аны кайра алууга бөбөк умтулуп активдүү аракет жасайт. Мына, баланын талабы менен мүмкүнчүлүгүнүн ортосундагы карама-каршылык пайда болду. Бул анын өнүгүүсүндөгү негизги кыймылдаткыч күч. Муну түшүнбөгөн эне (тарбиячы) бул карама-каршылыкты балага оюнчукту шып алып бере коюу менен автоматтыктүрдө жоет. Бир, эки жолу карама-каршылыктын мындай жол менен жоюлушу баладагы активдүү аракетти кан буугандай токтотуп коет. Натыйжада балада терс мүнөз түптөлөт. Мындай кырдаал кайталанган сайын бала оюнчукту алууга аракет жасоонун ордуна жан кыйнабай эле ыйлап, кыңкыстап аны алып берүүнү улуулардан талап кылат. Бул көрүнүштүн тез-тез кайталанышы баланын мүнөзүнүн физиологиялык механизми-динамикалык стереотипти калыптандырат. Демек ата-эненин сокур сүйүүсү, опсуз баласаактыгы бөбөктүн өнүгүүсүнө түрткү берүүчү кыймылдаткыч күчтү карама-каршылыкты автоматтык түрдө жоюу менен, аны активдүү кыймыл аракеттен ажыратат, анын туура өнүгүүсүнө бөгөт болот. Мындай ата-энелер баланы тарбиянын обьектиси катары гана эсептешет

Өнүгүү оюнда, окууда жана эмгектенүүдө жемиштүү ишке ашат. Оюн балдардын активдүү ишмердүүлүгүн өтө жаш кезинен камсыз кылат, аларды жашоо турмушка амалияттык жактан даярдайт. Перзенттин инсан болуп жетилүүсүндөгү оюндун мааниси баа жеткис, жандуу организмдин оюнга болгон табигый талабы күчтүү. Баланы оюнга эч ким зордобойт. Ал өз каалоосу менен ойнойт.

Көп жаңылыктарды, обьективдүү дүйнөнүн мыйзам-ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү түрдүү түшүнүктөрдү алар бири-биринен угуп, улам тактап, алардын дүйнөгө болгон көз караштары калыптанып, түрдүү инсандык касиеттери түптөлөт.Бөбөк оюнчукту кармалап, сыйпалап, мыжыгып ойнойт. Чоңое баштаганда акырындык менен предметтик оюнга өтөт, башкача айтканда, оюнчуктун атын атап ойнойт. Алсак, куурчакты аллейим, оюнчукту мышыгым же машинам ж. б. деп атай баштайт.

Андан ары өнүгүү процессинде бала ошол оюнчуктарга предметтик мазмун бере баштайт. Куурчакты эмизет, эркелетет, аллейлейт, уктатат. Мышыкты мыңолоп чакырып, тамак берип ойнойт. Чоңое баштаганда бала оюнчуктун мазмунуна карап ролө аткарып ойнойт. Мисалы, куурчактын апасы болуп ага жомок айтып берет, оокат даярдайт, машинени айдоочу болуп башкарат ж.б.

Андан жогорку этапта бала толук ролдук оюндарды ойной баштайт. Алсак, дүкөнчү, дарыгер, мугалим же үй-бүлөдө эр, аял, конок ээси же мейман же той ээси ж.б.

Ролдук оюндар өзүнүн өнүгүү этаптарында инсандын түрдүү касиеттерин калыптандыруу өзгөчөлүгүнө карата бир нече топко бөлүнөт.

Кыймылдуу оюндар: ордо, ак чөлмөк, төө басты, ит тартыш, жоолук таштамай, чикилдек, топ чапмай ж.б. Бул оюндар инсандын ден соолугун чыңдап, шамдагайлыкка, чапчаңдыкка, чыдамкайлыкка көнүктүрүп, анын моторикасын түптөйт.

Акыл оюндары: ашык утушуу, тогуз коргол, чатраш, табышмак, апыртма ж.б.

Табышмак оюнуна да үй-бүлөдө чоң-кичине, кары-жаш бүт активдүү катышкан. Негизги максаты - балдардагы ой чабыттарын өөрчүтүү, үй-бүлөдөн башталган табышмак чоң аш, тойлордо, маараке, майрамдарда чогулган калың элдин арасында төкмө акындар бири-бирине табияттын, коомдун жашоо жана өнүгүүсүндөгү мыйзам ченемдүүлүктөрдү, купуя сырларды, инсандагы оң, терс сапаттардын калыптануу себептерин табышмак - суроо катары берип, анын акылга тете жообун ыр менен куюлуштуруп айтуу өзүнчө бир жанрга айланган.

Тил (речти) өстүрүү оюндары, айбанатты тууроо оюндары, жаңылмач айтуу, макал-лакаптар айтып жеңишүү, айрым тыбыштарды (р, ч, ш, з, ж жана башкалар) так айта албаган балдарды туура айтууга көнүктүрүү үчүн атайын түзүлгөн уйкаш сөздөр же ыр саптары ж.б.

Үй айбандарын, жаныбарларды, куштарды туурап ойноо менен баланы айрым тыбыштарды так айтуу ыгына ээ кылуу элдик тарбиянын салтына айланып калган. Ошондой эле жаңылмач айтуу баланын речин өстүрүүдө, оюн тактоодо, речө менен ойдун байланышын аңдап түшүнүүдө өтө чоң ролө ойнойт.

Макал-лакаптар өзүнчө эле элдин акыл оюнунун каймагы эмеспи. Жеңишүү үчүн бала макалдарды көп билүүгө умтулат. Элдик макалдарды көп билген баланын эс-акылы гана өспөстөн, адеп-ахлагы кошо калыптанат. Ал эми айрым тыбыштарды так айта албаган балдарды ал тыбыштарды туура айтууга көнүктүрө турган мааниси, мазмуну жагынан өтө кызыктуу сөз уйкаштарын, ыр саптарын эл эбак эле ойлоп чыккан. Андай көнүгүүлөрдүн өзүнчө системасы пайда болгон.

Инсандын өркүндөгөндүгүнүн ажыралгыс касиети катары эл андагы өркүндөгөн речти эсептеген. Демек, оюндар балдардагы табигый шык, таланттарды өстүрүп, чыгармачылык жөндөмдү өркүндөтөт, обөективдүү дүйнөнү таанып билүүсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, ой чабыттарын оожалдырат, жалпы түшүнүгүнүн кеңейишине өбөлгө түзүп, алардын дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырат. Аларды жүрүш-туруштун ык, машыгууларына ээ кылып, адамдык касиеттерин түптөөдө да оюндар өтө чоң ролө ойнойт.

Орус педагогикасынын атасы К.Д.Ушинский:

«Бир кыздын куурчагы кир жууп, кийим тигип, идиш-аяк жыйнаштырып, көйнөк үтүктөйт, башка бирөөнүкү диванда чалкалап конок күтөт, шашылып театрга же мейманчылыкка даярданат; үчүнчүсүнүкү бирөөлөрдү таяктап, дүйнө жыйнап, акча санайт. Кээ бир балдардын пряниктен жасалган адамдары кызматка көтөрүлүп, пара алып жаткандарын да көргөнбүз. Ушулардын баары эле оюн мезгили менен кошо, тытылган куурчактар, сындырылган пряниктер менен жок болуп кетет деп ойлоого болбойт», - деген тыянак чыгарган (71).

Ошентип, оюндар элдик тарбиянын эң негизги бөлүгү, Ата журтту, эмгекти сүйүүгө жаш жеткинчектерди тарбиялоодо, алардагы эрдик, чечкиндүүлүк, акыл-эстүүлүк, адептүүлүк касиеттерди түптөөдө эл кеңири пайдалана турган таалим, тарбиянын күчтүү каражаты, элдик педагогиканын соолубас булагы.


Активдүү иш-аракетиндеги организм гана тынымсыз өркүндөп өнүгө алат деп жазат чыгаан окумуштуу психолог СЛ.Рубинштейн, чоң кишилер эмгектенүү менен өнүксө, балдар окуп, тарбиялануу менен жетилишет. Баланын психикалык өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүгү мына ушундай.

Окутуу бир жагынан баладагы психикалык касиеттердин өнүгүүсүнө таасир тийтизсе, экинчи жагынан ал баланын өсүп жеткен деңгээлине таянат. Окуучу тапшырманы өз алдынча аткара алса, бул анын акылы белгилүү деңгээлде өскөндүгүн көрсөтөт. Эгерде окуучу берилген тапшырманы өз алдынча аткаруу үчүн бүгүн мугалимдин жардамына муктаж болуп, эртең аны эч кимдин жардамысыз өзү иштеп кете алса, бул анын акылынын толук жетиле баштагандыгын мүнөздөйт. Л.С.Выготский муну «өнүгүп өсүүнүн жакынкы зонасы» деп атап, окутууда так ушуга ыктоо зарыл экендигин баса көрсөтөт. Ошондо гана окутуу балдардын акылынын өсүүсүнө түрткү берет, өнүгүүнү ээрчитип жүрүп олтурат, ансыз окутуу баланын өсүп жеткен деңгээлин бекемдөөчү жараянга айланып калат. «Өнүгүүнүн алдына түшүп, аны ээрчитип жүргөн окутуу гана жакшы окутуу боло алат» деп жазат Выготский (13).

Буржуазиялык психологдордун көрүнүктүү агымы -бихевиористтердин өкүлдөрү: «Окутуу дегенибиз өнүгүү, өнүгүү дегенибиз - окутуу» деп экөөнү бир эле кубулуш катары эсептешет. Биз мындай ойго макул болбойбуз. Анткени ар кандай эле билим акылдын өнүгүүсүн камсыз кылбайт.. Демек, окутууда деле баланын психикалык өнүгүүсүн өсүүсүн кыймылдатуучу негизги күч оюндагыдай эле карама-каршылык. Бирок бул карама-каршылык окутуу жараянынын өзгөчөлүгүнө мүнөздүү болот.

2. Балдардын курак жаш өзгөчөлүктөрү жана тарбия

Окуу, тарбия ишин максатка ылайык ийгиликтүү жүргүзүү үчүн анын мазмунун, уюштуруу формаларын, усулдарын балдардын курак жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу керек. Балдардын, жалпы эле жаш муундардын курак жаш өзгөчөлүктөрүн психология илиминин өзгөчө тармагы болгон курак жаш психологиясы илими изилдейт. Балдардын психикалык өнүгүүсүн жетектөөчү негизги ишмердүүлүктөргө таянып айрым психологдор жаш курактык үч топту белгилешет.

Мектепке чейинки жаш куракта жетектөөчү ишмердүүлүк - оюн. Бул куракка 6-7 жашка чейинки балдар кирет. Мектеп жаш курагындагы жетектөочү ишмердүүлүк - окуу. Бул куракка 6-7 жаштан 16-17 жашка чейинкилер кирет.

Улан, кыздар жаш курагынын жетектөөчү ишмердүүлүгү - өндүрүмдүү эмгек. Буга бойго жеткен улан, кыздар кирет. Мектепке чейинкилер өзүнүн жаш өзгөчөлүгүнө карай, төрөлгөндөн үч айлык болгонго чейин ымыркай курак, үч айдан алты айга чейинкилер бөбөк курагы, алты айдан бир жашка чейинки жөрмөлөп, тамтуң баскан бешик үйүнө чейинки курак, 1ден 3 жашка чейин бешик үйү курагы, үчтөн алты, жети жашка чейинкилер - балдар бакчасы курагы болуп бөлүнөт.

Мектеп жашындагылар кенже, өспүрүм, жеткинчек курактары болуп бөлүнөт.

Эмгек курагындагылар бойго жеткен курак, орто жаш жана улгайгандар болуп бөлүнөт.

Жогоруда бөлүнгөн ар бир жаш курактардын өзгөчөлүгү таалим, тарбия жараянында толук эсепке алынуусу ылазим.

Айрым окумуштуу психологдор балдардын курак жаш мезгилдерин аныктоодо алардын психикалык өнүгүүсүндөгү жаңы жаралууларды жана өнүгүүдөгү опурталдуу (кризистик) абалды негиз кылып да жүрүшөт. Бул маселени чечүүдөгү түрдүү мамилелердин өзгөчөлүгү өтө эле принципиалдуу мазмундук өзгөрүүлөргө дуушар кылган учур али дайын боло элек.

Пайдаланылган адабияттар

1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков. Педагогика. Б.,2002

2. И.Ф. Харламов. Педагогика. М., Гордарика 2002

  1. В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов. Педагогика. М., Академия 2006

  2. Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002

  3. Н. В. Бротская, А. А. Реан. Педагогика Питер. Санкт-Петербург., 2007

  4. Введение в педагогическую деятелөностө. М., Академия 2006 Под.ред А.С. Работова

  5. С. Байгазиев. Гумандуу педагогика жөнүндө сөз. Б., 1998

  6. В. А. Сухомлинский. «Мугалимге 100 насаат», Ф., Мектеп 1993

  7. В. А. Сухомлинский. «Уулума кат». Ф., 1973

  8. Волков Г.Н. Этнопедагогика чувашского народа. Чебаксары 1962.

  9. Вулөфсон Б. Л..Педагогика. Энциклопедия. В 4 томох М., 1966

  10. Гессен .С. И.Основы педагогики. Введение в прикладную философию. М., 1999

  11. Журавлов И. К. Педагогика в системе наук о человека. М., 1990