Просмотр содержимого документа
«Организмдердин ыңгайлануулары - табигый тандоонун натыйжасы»
ОРГАНИЗМДЕРДИН ЫҢГАЙЛАНУУЛАРЫ - ТАБИГЫЙ ТАНДООНУН НАТЫЙЖАСЫ
Даярдаган: Нурманова Батма Арзыкуловна
МАКСАТЫ
Организмдердин жашоо чөйрөсүнө ыңгайланышы табигый тандоонун натыйжасында пайда боло турган процесс экенин түшүндүрүү
Эмне үчүн чөлдө төөлөр, ал эми Арктикада ак аюулар жашайт?
Ыңгайланышуу – организмдин белгилеринин (ички жана сырткы түзүлүшүнүн, физиологиялык процесстеринин, жүрүш-турушунун) жашоо чөйрөсүнө шайкештиги жана жашап кеткенге, тукум бергенге шарттардын түзүлүшү
ОРГАНИЗМДЕРДИН АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЫҢГАЙЛАНУУЛАРЫ
1. Суу чөйрөсүндө жашаган организмдердин жашоо чөйрөсүнө ыңгайлануулары: денеси сүйрү формада болушу, жылмакай жана былжыр каптоо сууда сүрүлүүдөн коргойт, кыймылын калактары, сүзгүчтөрү, дем алуусун бакалоору кызмат кылат
2. Жер кыртышы казуучу буттары,катуу тиштери, кулак калканы жокко эсе, көрүүсү начар өрчүгөн
3. Мителер эндо-ички, экто-сырткы мителер. Эндомителерге көрүү, угуу жана буттары жокко эсе, анын ордуна соргучтары же илмекчелери болот, тамак сиңирүүсү татаал, тукумчул
4. Жер-аба чөйрөсү тез жүгүрүүчү буттарга, канаттарга же калактарга ээ, сууктан, ысыктан коргоочу тери, түк, жүн, чачтары болот
ЫҢГАЙЛАШУУНУН ТИПТЕРИ
Физиологиялык ыңгайлашуу - чөйрөнүн нымдуулугунун, жарыктыгынын, температуранын ж. б. жансыз жаратылыштын шарттарынын өзгөрүшүнө организмдердин чыдамдуулугун камсыз кылат. Мисалы, төөнүн өркөчтөрүндөгү май чөлдө узак убакыт суусуз жүрүүгө, үкүнүн көзүнүн түзүлүшү караңгыда даана көрүүгө мүмкүнчүлүк бериши
Жүрүш-туруштук ыңгайлашуу - айрым жандыктын же түрдүн бүтүн бойдон сакталышына багытталган жүрүш-туруштун ар кандай формалары. Жырткычтардан коргонуу, жупташуу, тукумуна кам көрүү, жаныбарлардын миграциялары – тукум куучу аракеттер
Морфологиялык ыңгайлашуу - сырткы белгилердин ыңгайланышы.
Ыңгайлашуунун түрлөрү:
- жашыруучу түс эскертүүчү түс маскировка бөлүүчү түс мимикрия
- жашыруучу түс
- эскертүүчү түс
- маскировка
- бөлүүчү түс
- мимикрия
Жашыруучу түс -жандыктын түсү жашоо чөйрөсүнүн түсүнө шайкеш болушу
Эскертүүчү түс- душмандарынан ар кандай зыяндуу химиялык заттардын жардамы менен коргонушат. Мындай жандыктардын түсү ачык, же ачык түстөгү түрдүү тактары бар
Маскировка - денесинин ыңгайланышуусу анын формасы менен байланышы. Ошону менен бирге душмандарга билинбей калыш үчүн жаныбарлардын түсү эле эмес, анын формасы да кандайдыр бир жансыз нерсеге окшошуп калышы
Жыйынтыктоо
Ар бир организм жашаган аймагындагы шарттарга өтө жакшы ыңгайлануу менен тиричилик кылышат
Табигый тандоодо особдордун белгилүү бир чөйрөнүн факторуна болгон каршылыгы күчөп ага карата ички же сырткы белгилери өзгөрүшү мүмкүн
ҮЙГӨ ТАПШЫРМА:
Таблица толтуруу
"Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн кызыктуу ыңгайлануулары" темасында маалымат топтоо