СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтыруу

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтыруу»



Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектебинин физика мугалими Салимбаева Бактыгүл Джунусовна



Предмети: физика

Классы: 8

Сабактын темасы: Өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтыруу.

Сабактын максаты:

  • Өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтырууну үйрөнүшөт, айырмалай алышат, формуласын түшүнүшөт.

  • Формуланы колдонуп мисалдарды иштей алышат.

  • Турмушта колдоно билишет жана тактыкка,байкагычтыкка тарбияланышат.


Когнитивдик милдеттер: (8.3.1.10.

Өткөргучтөрду удаалаш жана жарыш туташтырууну үйрөнүшөт,чынжырдын бөлүгүндөгү ток күчунүн чыңалуудан көз карандылыгын билишет. .

  • Социалдык-коммуникациалдык.

  • Өз алдынча көйгөйлөрдү уюштуруу жана чечүү.

  • Эсептөө. Физикалык чоңдуктар,ток күчүн,чыңалууну, электр каршылыктарын жана физикалык куралдарды тааныйт.

Сабактын тиби: Жаңы билим берүү сабагы.

Усулдар: Интерактивдүү,топтордо иштөө Сабактын жабдылышы: Батмандар,маркерлер,слайд,физикалык куралдар.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу




Класста жагымдуу маанай түзүү.Топторго бөлүү.

Заряд оюну боюнча эки топко болүнөт.

1.Удаалаш

(оң заряд)

2. Жарыш (терс заряд ) деп эки топко бөлүп алат.

Мугалим: Топторго лидер шайлап, ураан чакыруусун сунуштайт Баалоонун критерийлери окуучулар менен бирге чечип алуу. (өздөрүн-өздөрү баалоо)

Мээге чабуул:

Мугалим берген суроолорго тез жооп беришет.

Тапшырманы текшерүү:

Мугалим: Үйгө берилген Чынжырдын бөлүгү үчүн омдун закону деген тапшырманы ар бир сабакта колдонулуучу суроо баракчасы аркылуу текшерип алат.

Суроо баракчасы.

(слайддан чыгып турат)

1. Чынжырдын бөлүгү үчүн Ом законунун формуласы,бирдиги кандай?

2. Чыңалуунун мааниси жана бирдиги кандай?

3. Ток күчүнүн эрежеси кандай?

4.Өткөргүчтүн каршылыгы эмнеден көз каранды?

5.Амперметр менен вольтметрди ток булагына кандай жолдор менен туташтырабыз. Сабактын максатын окуучулар менен биргеликте коюу

  • Өткөргүчтөрду удаалаш жана жарыш туташтырууну үйрөнөсүнөр,айырмасын билесинер, формуласы менен таанышасынар. Формуланы колдонуп мисалдарды чыгарасынар. Жаңы материалды тушүндүрүү

Мугалим: Өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтыруу жөнүндө эмнени билесиңер жана турмушта кандай колдонобуз деп эки топтон сурайт. Окуучулар жооп беришет. Окуучулардын оюн толуктап, мугалим удаалаш жана жарыш туташтырууга практикалык иш көрсөтүп, турмуштан мисалдарды келтирет.


Түшүнүү стадиясы:

  1. Мугалим: Эки топко китептин 114-бетиндеги формулалар менен 96-97-схеманы колдонуп, удаалаш тобу удаалаш жөнүндө, жарыш тобу жарыш жөнүндө даярданып презентациялоосун сунуштайт.





Практикалык иш:

Мугалим: китептин 116- бетиндеги №2 маселе электр чынжырына каршылыгы 4 Ом жана 6 Ом болгон эки өткөргү удаалаш туташтырылган.Ток күү 0,2 А.Ар бир өткоргүчтөгү жана жалпы чыңалууну тапкыла.

Удаалаш тобуна, №3 маселени Каршылыктары 20 Омго барабар болгон эки өткөргүч жарыш туташтырылган жана ал 6 В берүүчү батареяга бириктирилген.Ар бир өткөргүчтөгү жана жалпы чынжырдагы ток күчүн эсептегиле.

Жарыш тобуна чыгарууга тапшырма берет. Чыгарылган маселелерди эки топ ратация жолу менен текшертет.

Жыйынтыктоо:

Үйгө тапшырма: Физика китебинин 113-бетиндеги 54-параграфтагы Өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтыруу деген темадагы № 1-4-5 маселелерди иштеп формулаларды кайталап, ата-энелериңер менен биргеликте техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо менен 6 В-12 В-24 Вольттогу лампаларды колдонуп, удаалаш жана жарыш туташтырып келгиле.Окуучулар тапшырмаларды күндөлүктөрүнө жазышат.

Баалоо: (Өзүн-өзү баалоо)

3 деңгээлдеги тапшырманын аткарылышына жараша жана топтордо иштөө боюнча бааланышат. Көрсөткүчкө таянып баалаганына ынанышат.