2. Өзүмчүлдүк – ынтымакка бөгөт коет.
А: Окуучуларга суроолор.
Өзүмчүлдүктү кандай түшүнөсүңөр?
Өзүңөрдү өзүмчүл деп эсептейсиңерби?
Өзүмчүлдүкө терс сапаттар кайсылар?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Конкурс уюштурулат жана анын шарты боюнча: тегерек столдун айланасына отурган адамдар чоң столдун ортосунда турган мискейдеги тамакты узун кашыктарынын жардамы менен алып жеши керек эле. Кашыктар узун болгондугу үчүн столдун ортосундагы мискейге жетиш оңой болчу, бирок ошол узун кашыктагы тамакты оозго алып келип жеш кыйынга турган, себеби, конкурстун шарты боюнча кашыкты учунан кармаш керек эле, ошондуктан ыңгайсыз болчу жана тамактын азы гана оозго кирсе, көбү жерге төгүлүп жатты. Ойлонуп отуруп адамдар бир тыянакка келишет жана жыйынтыгында баары курсактарын тойгузат, стол да таза бойдон калат. Ал мындай болду: адамдар узун кашык менен алган тамакты өздөрүнүн оозуна эмес, тушунда отурган адамдарга беришти.
Жашоо да ушул сыяктуу, биз кээде өзүбүздү гана ойлоп, өзүбүздүн гана кызыкчылыгыбызды көздөгөндүктөн, өзүбүздүн жашообузду өзүбүз гана татаалдаштырып алабыз. Чөйрөбүздөгү адамдар менен ынтымакта жана жардамдашуу сезимин бапестеп жашаганда бактылуу болорубуз шексиз.Башка бирөөнүн кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койуу – бул ыйык сезим. Баарынын колунан келе бербейт. Бул сезим менен жашагандын өзү эрдик. Биз ичибизде ушул сезимге орун берип, аны бапестеп кошо алып жүрсөк, коомубуздагы араздашуулар, кыскануулар, келишпестиктер жокко эсе болор эле. Үй-бүлө ичинде жубайлардын бири-бирине жасаган камкордугу, бирөөсүнүн кызыкчылыгы экинчисине жакпаганын сезип андан баш тартышы, ал уянын бекем экенинин көрсөткүчү эмеспи. Ушул сыяктуу үй-бүлөлөрдөн турган мамлекет да күчтүү жана бакубат болот.
Элүү жыл чогуу жашаган бир үй-бүлө бактылуу өткөн өмүрүнө саресеп салып, элүү жылдыгын белгилейт. Эртеси эртең мененки тамакта аялы ойлонот: «Мына элүү жылдан бери абышкама нандын кытыраган эң даамдуу жерин – сыртын берип келатам. Мен аны канчалык жакшы көрсөм да, аны абышкам жесин дейм. Бүгүн аны өзүм жейин», - дейт. Ошентип, нандын үстүндөгү катуу, кытырак жагын май сүйкөп өзүнө алып калат да, экинчи жагын күйөөсүнө берет. Бирок, анын күткөнүндөй болбойт. Күйөөсү абдан сүйүнөт жана мындай дейт: «Сен бүгүн мени кандай гана бактылуу кылдың! Мына элүү жылдан бери нандын эң даамдуу жерин жей элек элем. Мен ал даамдуу жагын сага калсын деп, сен үчүн андан баш тартып келген элем. Эми сен мага бүгүн ошол даамдуу жерин берип отурасың», - деген экен.
Өзүмчүлдүк менен мамиле кылгандардын мамилеси көпкө созулбайт. Өзүмчүл адам өзүм деп жүрүп, бир күнү кантип жалгыз калганын сезбей калат. Жалгыз калган адамдын шериги шайтан болот дегендей, жалгыз адамдын оюна жакшы нерселердин келиши күмөн. Адам деген адамдар менен мамиле түзүп, пикир алып-бериши керек. Оюнда пайда болгон сар-санааларын, кайгыларын, кубаныч жана сүйүнүчтөрүн, сырларын бөлүшөр бирөө жарым жанында болуш керек. Өзүмчүл адамдардан турган коомду коом деп атоого да кыйын. Коомдо адамдардын бири-бири менен катнашы болуш керек. Эгерде коомдогу бул катнаш жана мамиле жылуу жана чын дилден болгон сезимдер менен коштолбосо, ал коомдун келечеги жок.
Бир нече жыл илгери Сиетлде өзгөчө түрдөгү олимпиадалык оюн болуп өткөн. Кыска аралыкка чуркоо боюнча өткөрүлгөн бул оюндун өзгөчөлүгү – олимпиадалык жарышка майып, мындайча айтканда Даун сендрому менен ооруган спортчулардын катышканы эле. Ошентип жарыш башталат. Старттык белги берилгенде тогуз адамдан турган топтогу спортчулардын баары чуркай алган эмес, бирок, баарынын каалоосу жарышта биринчиликти жеңүү эле. Башкалар менен кошо чуркаган бир жаш бала көп узабай кулап түшөт да, жаны ачышканынан улам ыйлап жиберет. Алдыдагы чуркап бараткан сегизи ошол замат токтоп, аркасын карашат. Кулап калып ызаланып ыйлаган баланы көргөндө алардын баары кайра аркасын көздөй чуркашат. Баары жанына барып, бетинен өөп, башын сылап: «Баары жакшыбы? Бир жериң ооруп калган жокпу?» - деп, турууга жардам беришет. Ошентип маарага майып спортчулардын тогузу кучакташып, баары бир убакта келишет. Стадиондогу көрөрмандардын баары бул көрүнүштөн таасирленип, көпкө дейре кол чабышшат. Бул өзгөчөлөнгөн жарыш кийин көпкө чейин эл оозунан түшпөй айтылып жүргөн. Даун сендрому менен ооруган балдардын бул дүйнөдөгү көп нерсеге акылы жетпесе да, бири-бирине болгон камкордугу жана жардамдашуусу менен бизге сабак берип жатат. Турмушта жеңишке жетүү – бул, жеке кызыкчылык эмес, жакынына жардам берип, башкалардын кубанычына, кайгысына ортоктош болуу, турмуштун кыйынчылыгын биргелешип жеңүү экендигин баарыбыз жакшы билишибиз керек.
Коомдогу ар бир жеке инсан бири-бирине жардам берүү жана колдоо демилгеси мындай турсун анын жоопкерчилигин ташышы керек. Мамлекеттин келечегин ойлогон адамда өзүмчүлдүк сезимдеринен арууланып, мойнунда кээ-бир жоопкерчиликтер бар экенин сезиши керек. Мисал бере турган болсок: биринчиден ата-энеси, бир туугандары сыяктуу жакындарына болгон жоопкерчиликтери. Экинчиден чөйрөсүндөгү адамдарга болгон жоопкерчилиги. Үчүнчүдөн мамлекетине болгон жоопкерчилиги. Бул тизмени улап кетсе болот. Бирок, ушул үч жоопкерчиликти так жана туура аткарсак деле кандай сонун өзгөрүүлөр болорунда күмөн жок.
В: Аңгеме
Бир адам аймакка белгилүү бир акылманга келет. Келип эле арыздана баштайт: «Эмне үчүн кедей, колунда жок адамдар бай адамдарга караганда башкалардын кайгысына, карамдуу келишип, кыйынчылыкта бир боорундай жардам беришет? Ал эми айрымдар бир аз байып, акчалуу болсо эле каада күтүп, башкаларга карабай, бөлүнүп, өзүмчүл болуп калышат?»
А сен терезени карап көрчү, - дейт анда акылман адам анын суроосуна суроо менен жооп берип – эмнени көрүп турасың?
Жапжашыл бактарды, андагы чымчыктарды, кооз үйлөрдү, ойноп жүргөн балдарды...
Эми мындагы күзгүнү карап көр, эмнени көрүп турасың?
Албетте, күзгүдөн өзүмдү көрүп турам.
Сырттагы табигаттын сулуулугун көрүп турасыңбы?
Жок, мында мен өзүмдөн башка эч кимди жана эч нерсени көрбөй турам. Башка бирөөнү көрүүм да мүмкүн эмес...
Мынакей, сенин сурооңо жооп. Экөөсү тең кадимки айнек болгону, күзгүнүн аркасына күмүш жалатылган. Байлык аз да болсо напсисин кармай албагандар үчүн акыйкатты, адилеттүүлүктү, сулуулукту жана өзүнөн төмөнкү даражадагыларды көргөзбөй тосуп калуучу парда болуп калат. Байлыктын даамын татып, азгырылып калган адам күмүш жалатылган айнектей өзүн гана көрүп калат – деп жооп берет.
Г: Накыл сөздөр.
Көпчүлүктүн камын көргөн адам – адилет адам. (Гельвеций)
Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот. (Макал)
Адамдын жүрүм-турум мамилеси өзүн көргөзө турган күзгү болот. (И. Гете)