Кожояр Казыев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы,
Билим берүүнүн мыктысы
Абдиназаров Жеңишбек Маткаримович
«ТАРБИЯЛЫК СААТ»
ЭТИКЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
ЭТИКЕТ сөзү философиялык, этикалык түшүнүк болуп эсептелет. Этикет француз тилинен которгондо etiquette- ярлык, этикетка ) коомдук жайдагы жүрүм-турум, кийинүү манерасы, адамдарга мамиле кылуудагы жүрүм-турум эреже c и, кайрылуунун, учурашуунун формалары ж.б. деген түшүнүктү билдирет.
ТҮКҮРҮҮ
+ -
Куштар Мамыталиев, «Түкүрбө!» акциясынын уюштуруучусу
Мен мугалиммин, мектепте иштейм, англис тилинен сабак берем.
Мектеп Silk Road деп аталат.
Көптөгөн жылдар бою чет өлкөдө жашагам. Бишкекке келгенде биринчи эле көзүмө көчөдөгү түкүрүнгөн адамдар урунду. Мен аларга абдан кыжырым келип, кайсыл бир учурда алар тажатып жиберишти. Менин чыдамым кетип, күндөрдүн биринде «Бета Сторестин» жанынан өтүп бара жатып көчөдө түкүрүнүп турган такси айдоочуларын көрүп, жарылып кеттим.
«Байке, түкүрбөсөңүз», дедим мен өтө орой үн менен. Оройлугуман өзүм да коркуп кеттим. А аны уккан такси айдоочусу болсо кечирим сурады.
Бирок андай жол менен аракеттенсем, карыганга чейин жашабай калышым мүмкүн деп ойлодум. Анан дизайнер досум менен кеңешип, көчөлөргө чаптоо үчүн анын чоң тамгалар менен «Түкүрбө!» деп жазып берүүсүн өтүндүм.
Мен чаптаган жазуулардын баары сыйрылган. А сыйрылбагандары сызылып, үстүнө башка нерселер жазылган. Мен күн сайын аялдамага чыгып чаптап турам, кайра келсем жок. Чаптап келип, кайра чыксам, сызып салышкан. «Не плевать» дегендин ордуна «мне плевать» деп жазып коюшкан.
Эч нерсе эмес, менин үйүмдө миңдеген эскертүү баракчалары бар, мени жеңе албайсыңар.
Мен Катарда мугалим болуп иштечүмүн, менде шейхтердин балдары окушчу. Мен алардын ата-энелери менен көп жолукчумун, Кыргызстан жөнүндө алар биринчи жолу менден угушчу. Бирок окуучуларымдын ата-энелери бизде болуп калса, мен абдан уялмакмын. Алар дем алыш сайын Европага барып турушат, шейхтерди чакыруу үчүн биз өлкөбүздү нормалдуу кылышыбыз керек.
Чет өлкөлүк эмне кылат? Мейманканадан чыгып, ЦУМдун жанынан өтөт, анда бүт түкүрүк. Аянтка барат, ал жер да түкүрүк. Андагы аркалардан өтөт, ал жер да түкүрүк. Шаарда таза жер жок. Силер чет өлкөлүктөр шаарга карайт дейсиңерби? Жок, алар филармонияга чейин барышат да, анан тоону көздөй жөнөшөт. Ал жактан Ысык-Көлгө кетишет.
Колдоочулар
- «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду;
- Бишкек шаардык мэриясы;
- Жаштар уюму;
- Акбар Кубанычбеков;
- Куштар Мамыталиевдин окуучулары;
- Жеке патриот атуулдар;
- Басмаканалар.
2017-жылдын башында кабыл алынып, кол коюлган мыйзамдардын көпчүлүгү 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип баштаганынан улам, коомчулукта көптөгөн кызуу талкуулар, пикирлер, ал тургай жосунсуз жоруктар болууда.
Эң эле көбүрөөк көңүлдү бурдурганы – бул коомдук жайларда түкүрүнүү үчүн 5500 сом айып пулдун салына тургандыгы болду. Муну интернеттеги социалдык түйүндөрдө чоң ызы-чууга айлантып аткан атайын бир саясий күчтөр да болууда.
АНКЕТА
САБАК МЕНИ ШЫКТАНДЫРДЫ.
СЕБЕБИ...
АНКЕТА
САБАККА КАТЫШЫП ОЛТУРУП, ОЙГО БАТТЫМ.
СЕБЕБИ...
АНКЕТА
БҮГҮНКҮ САБАК КЭЭ БИР ЖАМАН АДАТТАРГА ТЫЮУ САЛДЫ.
СЕБЕБИ...
ҮЙ ТАПШЫРМА
«Жүзүмө түкүрбө, Мекендешим!» акциясы Менин колумдан келет!!!
ДУБАЛ ГАЗЕТА ЧЫГАРУУ