Просмотр содержимого документа
«Сабактын иштелмеси»
Сабактын темасы:
Кептин стилдери
Сабактын максаты:
Кептин стилдери боюнча билимдерибизди тереңдетебиз, системалаштырабыз.
Кептин стилдерин окуп-үйрөнүү менен чыгармачыл жөндөмүбүздү өнүктүрөбүз.
Алган билимдерибизди практикада колдоно алабыз.
Төмөнкү сүрөттөрдөн кандай жалпылыктарды көрүп турасыңар ?
СТИЛЬ
Либералдык
Тоталитардык
Авторитардык
Стиль - бул өзгөчөлүк Мамлекеттик башкаруунун стили
Демократиялык
Башкаруу
Автомобилдин стилдери
Классика
Спорттук стиль(жарыш унаа)
Ретро
Стимпанк
Ретлук
Стиль -кептеги тил каражаттарынын белгилүү максатка жана шартка жараша колдонулушу
Мугалимдин максаты- балдарга сабакты түшүндүрүү
Саясатчынын максаты-окуяга саясий баа берүү
Публицистикалык стиль
Оозеки стиль
Илимий стиль
Көркөм стиль
Иш кагаздар стили
Сүрөт аркылуу кептин стилдерине мисал келтиришет
- Асан, карачы пахта ачылыптыр! -Эмне дедиң? Пахта,пахта ачылыптыр... -Ой-и-й! -Буюруса түшүм мол болот экен. (Оозеки стиль)
Текши ачылган ак пахталар жер бетине апакай булуттар түнөп калгандай... Күн ысыгына дагы барпая семирип чанактарда үлпүлдөйт. (Көркөм стиль)
30-октябрь күнү Масы айылында пахта терим аяктады. Күжүрмөн пахтакерлер ар гектарынан 32 центнерден ак алтын өндүрүштү. (Публицистикалык стиль)
Пахта- була берүүчү техникалык өсүмдүк. Ал жылуулукту сүйөт. Косегинин диаметри 3-4 см келип, жашымтыл түстө болот. Буласынан кездеме жасалат. (Илимий стиль)
Урматтуу пахтакерлер! Аба ырайына байланыштуу пахта терим убактылуу токтотулат . (Иш кагаздар стили )
Сабакты жыйынтыктоо. Рефлексия
- Сен кандай иштедиң?
- Сага эмне жакты?
- Сага эмне жаккан жок?
- Сабак кандай өттү?
Үйгө тапшырма
- Стилдин түрүн катыштырып текст түзүү.
- Баалоо