Просмотр содержимого документа
«Сабактын слайды»
К.Темиров атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Асанова Жанара
6-класс
Сабактын темасы :
Этиштин мамилелери
Сабактын максаты:
- 1. Билим берүүчүлүк : Этиштин мамилелери тууралуу кеңири маалымат алуу
- 2. Өнүктүрүчүүлүк:Этиштин мамилелери канчага бөлүнөрүн билүү жана аларды уюштуруучу мүчөлөрдү эске сактап калуу.
- 3. Тарбия берүүчүлүк: Патриоттуулукка, өз эне тилибизде так сүйлөп , туура жазып даңазалоого тарбиялануу.
Жаңы теманы түшүндүрүү:
- Балдар, ал эми биздин бүгүнкү
- сабагыбыздын темасы :
- Этиштин
мамилелери.
- 1. Ачып койдум, бүгүн мен гүлзарымды, жазып бүттүм ырымды муң-зарымды.
- 2. Мен балама ачтырып койдум гүлзарымды, мен балама жаздырып бүттүм ырларымды.
- 3. Ыр окуучулар тарабынан аткарылды .
Жогорку биринчи сүйлөмдөгү ачып койдум, жазып бүттүм деген кыймыл- аракет башка бирөөлөр эмес, мен(сүйлөмдүн ээси) тарабынан аткарылды, иштин чыныгы иштөөчүсү, аткаруучусу- мен, сүйлөмдүн ээси. Экинчи сүйлөмдөгү ачтырып койдум, жаздырып бүттүм деген сүйлөмдүн ээси-мен, бирок кыймыл-аракеттин , иштин чыныгы аткаруучусу, иштөөчүсү эмес, ишти чыныгы иштеген- бала, б.а иш бала тарабынан аткарылды. Үчүнчү сүйлөмдөгү ыр деген сөз сүйлөмдүн ээси, бирок иштин чыныгы иштөөчүсү эмес, иштин чыныгы иштөөчүсү –окуучулар.
- Демек балдар, кыймыл -аракеттин сүйлөп жаткан адамдын өзү же башка бирөөлөр тарабынан аткарылгандыгын билдирген этиш сөздөр этиштин мамилелери деп аталат .
Этиштин мамилелери бешке бөлүнөт:
№
Жагы
1.
Негизги мамиле
2.
Мүчөлөрү
Кош мамиле
3.
-
Мисалдар
Окуду, жазды, барды, келди ж.б.
Өздүк мамиле
4.
-ыш, (-ш)
5.
Туюк мамиле
-ын,(-н)
Келиш, барыш, көрүш, угуш ж.б
Сүрүн, көрүн, жуун
Аркылуу мамиле
-ыл(-л)
Жазыл, бурул., асыл, жетил ж.б.
-дыр, -гыз, -каз,
-ар, -кар, --ыт,
Алдыр, бердир, өстүр, жаткыз, кутказ, отургуз, көргөз, чыгар, кайтар, өткөр, санат, жогот,үркүт, көрсөт ж.б.
-сат, -ыр, -ыз
Тема боюнча көнүгүү иштери
- 445-көнүгүү
- Өз алдынча билим алуу көнүгүүсү.1) Жогорку таблицадагы этиштин мамилелерин жана анын мүчөлөрүн окуп үйрөнгүлө. 2) Өзүңөр этиштин мамилелерин катыштырып сүйлөмдөрдү түзгүлө.
- Мисалы : Эртең орус тили боюнча ийримге жазыл.
Эмне кыл ? – жазыл, этиш, туюк мамиле этиш.
Жаз деген этиш сөздөн, –ыл деген туюк мамиле этиштин мүчөсү аркылуу жазыл деген сөз жасалды.
Бышыктоо үчүн суроолор:
- 1. Кандай сөздөр этиштин мамлелери деп аталат?
- 2.Этиштин мамилелери канчага бөлүнөт?
- 3. –ыш,-(ш) мүчөсү этиштин кайсы мамилесине тиешелүү?
- 4. Асан китеп окуду. Окуду- этиштин кайсы мамилеси?
Үйгө тапшырма:
- 447-көнүгүү
- Этиш сөздөрдү таап, кайсы чакта тургандыгын аныктап, кандай сөздөр этиштин мамилелери деп аталат айтып бергиле.
Көңүл бурганыңарга чоң рахмат !