СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабат ачуу "Кк тыбышы"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабат ачуу

Просмотр содержимого документа
«Сабат ачуу "Кк тыбышы"»

Предмети: Сабат ачуу

Сабактын темасы: К тыбышы жана Кк тамгасы

Негизги компетенттүүлүктөр:

  1. Маалыматтык компетенттүүлүк (НК 1)

  2. Социалдык коммуникативдик комп (НК 2)

  3. Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрду чечүү (НК 3)

Предметтик компетенттүүлүктөр:

  1. Эсептөө (ПК 1)

  2. Аналитикалык- функционалдык (ПК 2)

  3. Көрсөтмөлүү образдуу (ПК 3)

  4. Статистикалык-ыктымалдык (ПК 4)


Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:

Өнүктүрүүчүлүк:

Тарбиялоочулук:

Окуучулар К тыбышы жана Кк тамгасы боюнча маалымат алышат. К тыбышы катышкан сөздөрдү айтышат. Сөздөрдөн к тамгасын бөлүп көрсөтө алышат.

Тема аркылуу кыялдануусу, кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, эске сактоосу, чыгармачылык ой жүгүртүүсү калыптанат.

Ынтымактуулукка, чынчылдыкка,

бири-бири менен кызматташууга, жардамдашууга, ишти так аткарууга тарбияланышат.

Окуучулар К тыбышы жана Кк тамгасы боюнча маалымат алышса. К тыбышы катышкан сөздөрдү айтышса. Сөздөрдөн к тамгасын бөлүп көрсөтө алышса.

Тема аркылуу кыялдануусу, кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, эске сактоосу, чыгармачылык ой жүгүртүүсү калыптанса.

Ынтымактуулукка, чынчылдыкка,

бири-бири менен кызматташууга, жардамдашууга, ишти так аткарууга тарбияланышса.


Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын жабдылышы: Көрсөтмө куралдар, сүрөттөр, сайт, пластиллин, китептер, карточкалар, негизги китептер ж.б. материалдар.


Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

Компе

тенттүү

лүгү


Баалоо

Нег

Пред

1

Уюштуруу

Шыктандыруу

-Саламатсынарбы балдар! Сабакка даярбызбы?

-Маанайынар жакшыбы ?

-Анда балдар жагымдуу маанай түзүп алалы.

Жазгы күндөй жаркырап

Биз көңүлдүү, биз курак

Биздин максат биздин иш

Ырыс алды ынтымак.


-Азаматсыңар! эми алтын эрежени айтып койгулачы?


-Балдар, балыктай туйлабай, ташбакадай кыбырабай, короздой кыйкырбай улактай секирбей, аарыдай ызылдабай сабакка активдуу катышабыз.

Окуучулар мугалим тараптан берилген суроолорго жооп беришет, өз ойлорун айтууга аракет жасашат.

НК3

ПК1

ПК2

“Азамат

сыңар” дагы эмнени билесиңер деген сыпаттама.

2

Өтүлгөн сабакты кайталоо

-Балдар өткөн сабакта буга чейинки өтүлгөн темаларды кайталадык. Өтүлгөн сабакты суроо-жооп аркылуу бышыктап алам.

-Силер кандай тыбыштарды билесиңер?

-П тыбышынан башталган сөздөрдү айткылачы?

-П тыбышы кандай тыбыш?

-Келгиле балдар П тамгасына башка тамгаларды кошуу менен сөз түзөбүз?

М: ка-ко, ку-кө


Окуучулар өткөн сабакты эске түшүрүп, кайталашат. Эгер жооп туура эмес болуп калса, мугалим жана окуучулар толукташат.

НК1

НК2

ПК1

ПК2

Дагы кимиңер кандай ойду айта аласыңар?

Калыптан

дыруучу баалоо

3

Жаңы тема

Мугалим сабактын темасы жана максаты менен тааныштырам.

-Балдар, айткылачы сүрөттөн эмнелерди көрүп турасыңар


-Туура, бул нерселердин баардыгы кайсы тыбыштан башталды?

-Демек бүгүн биз Кк тамгасы жана К тыбышын үйрөнөбүз?

-Тыбышты - угабыз, айтабыз.

Тамганы – көрөбүз, окуйбуз, жазабыз.

-Келгиле балдар, К тыбышынан башталган сөздөрдү айткылачы?

К тыбышы үнсүз тыбыш экенин түшүнүшөт.

Кк тамгасынын жазылуу эрежесин үйрөнүшөт.

-Эми Кк тамгасын абага жазабыз.

-Келгиле балдар, к тыбышына сүйлөм түзөлү.



Окуучулар сабактын темасы жана максаты менен таанышышат.


Мугалимдин берген суроолоруна жооп беришет.


К тыбышынан башталган сөздөрдү табышат.










НК1

НК2

ПК1

ПК3

ПК4

Окуучулар

га сыпаттама баалар берилет

4

Эс алуу мөөнөтү



“Жаңылтмай” оюну ойнолот. 1-окуучу алма деп атайт, 2-окуучу өңү, түсүн бат-баттан айтышы керек.


М: Өрүк-сары, алма-кызыл, лимон-сары, дарбыз-жашыл.

Көнүгүүнү аткарышат.

НК2



5

Бышыктоо

Мугалим окуучулардын билимдерин бышыктоо максатында суроолорду берет.


-Булар эмнелер?


-Баш кийимдердин өңү кандай?


-Демек ак деген сөздө кайсы тыбыш катышты?

Окуучулар берилген суроолорго өз алдынча жооп беришет.








Cөздөрдү муундап окушат.






Мугалимдин суроолоруна жооп беришет.

НК1

НК2

ПК2

Калыптан

дыруучу баалоо

6

Жыйынтыктоо

Сабакка активдүү катышкан окуучулар быйтыкчалар менен бааланышат.

-Азаматсыңар балдар бүгүнкү сабакка баардыгыңар активдүү катыштыңар. Бүгүнкү сабакты жыйынтыктайбыз.

Сабакты жыйынтыктап, быйтыкчаларга ээ болушат.

НК1

НК2

НК3

ПК1

Мугалим ар бир окуучуну өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт.