1 | Уюштуруу Шыктандыруу | -Саламатсынарбы балдар! Сабакка даярбызбы? -Маанайынар жакшыбы ? -Анда балдар жагымдуу маанай түзүп алалы. -Айткылачы балдар, мен кандаймын? -Биз кандайбыз? -Биз кандайбыз? -Азаматсыңар! эми алтын эрежени айтып койгулачы? -Балдар, балыктай туйлабай, ташбакадай кыбырабай, короздой кыйкырбай улактай секирбей, аарыдай ызылдабай сабакка активдуу катышабыз. -Топко бөлүү 1-топ Акылдуулар 2-топ Шамдагайлар Сабакка активдүү катышкан окуучулар жана топтор тамчылар жана гүлдөр менен бааланышат. | Окуучулар мугалим тараптан берилген суроолорго жооп беришет, өз ойлорун айтууга аракет жасашат. | НК3 | ПК1 ПК2 | “Азамат сыңар” дагы эмнени билесиңер деген сыпаттама. |
2 | Өтүлгөн сабакты кайталоо | -Балдар өткөн сабакта кайсы тыбышты үйрөндүк. -Туура, созулма үү тыбышын өттүк. үү, үү, үү -Созулма үү кандай тыбыш? -Үндүү тыбыштарды кандай түс менен белгилейбиз -Созулма үү тыбышы катышкан сөздөрдө канча тыбыш, канча тамга бар экенин табабыз 1-топ 2-топ Эп-түү гүл-дүү Иш-түү үл-гү-лүү | Окуучулар өткөн сабакты эске түшүрүп, кайталашат. Эгер жооп туура эмес болуп калса, мугалим жана окуучулар толукташат. | НК1 НК2 | ПК1 ПК2 | Дагы кимиңер кандай ойду айта аласыңар? Калыптан дыруучу баалоо |
3 | Жаңы тема | -Карагылачы балдар, силер эмнени көрүп турасыңар -Туура, жылдызча. Бул жылдызчалардын астындатамгалар катылган. Аларды бирден ачуу менен тамгаларды окуйбуз. Ворд волл программасы колдонулат. -Азаматсыңар балдар! Демек биздин сабагыбыздын темасы “Тамгалар менен оюндар”. Сабактын темасы жана максаты менен тааныштырам. -Үндүү, жумшак үнсүз, каткалаң үнсүз тыбыштарды кандай түс менен белгилейбиз. -Туура анда 1-топ поезддин вагондорун кызыл, жашыл, көк түскө боеп, тамгаларды вагондорго жайгаштырабыз. 2-топ доскадагы сүрөттөр кайсы муундан башталса ошол муунга туташтырабыз. 2- тапшырма 1-топ Ворд волл программасынан аткарышат. 2-топ Бош орунга тиешелүү тамгаларды жазуу. | Окуучулар сабактын темасы жана максаты менен таанышышат. Мугалимдин берген суроолоруна жооп беришет. Оюндарды ойношоп, тапшырмаларды аткарышат. | НК1 НК2 | ПК1 ПК3 ПК4 | Окуучулар га сыпаттама баалар берилет |
4 | Эс алуу мөөнөтү | Эс алуу мөөнөтүн жазайбыз. Балдар мугалимдин айтканы менен ордуларынан олтуруп туруу көнүгүүлөрүн жасашат. -Биздин класста кыздар гана бар. -Биздин класста балдар гана бар. -Биздин класста Зайнаб менен Ибрагим гана бар. -Биздин класста эч ким жок. -Биздин класста Азалия жок. | Көнүгүүнү аткарышат. | НК2 | | |
5 | Бышыктоо | Мугалим окуучулардын билимдерин бышыктоо максатында суроолорду берет. Ворд волл программасы аркылуу муундардан соз курашат, сөздөрдү муундап окушат. | Окуучулар берилген суроолорго өз алдынча жооп беришет. Cөздөрдү муундап окушат. | НК1 НК2 | ПК2 | Калыптан дыруучу баалоо |
6 | Жыйынтыктоо | Сабакка активдүү катышкан окуучулар тамчылар жана гүлдөр менен бааланышат. -Азаматсыңар балдар бүгүнкү сабакка баардыгыңар активдүү катыштыңар. Бүгүнкү сабакты жыйынтыктайбыз. | Сабакты жыйынтыктап, гүлдөргө ээ болушат. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 | Мугалим ар бир окуучуну өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт. |