СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Создание экспериментальных химер. Эксперименталдык химералар.

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Презентациялык материал азыркы күндө илимий чөйрөдө көптөгөн талкууларды жараткан  орчундуу маселе - эксперименталдык химераларды жаратуу көйгөйүнө арналган маалыматтарды камтыйт.

Просмотр содержимого документа
«Создание экспериментальных химер. Эксперименталдык химералар.»

Лекция 23. Тема: Эксперименталдык химералар

Лекция 23.

Тема: Эксперименталдык химералар

Лекциянын планы: «Химера» жаныбарларын алуу Агрегациялык метод Жаныбар клеткаларын гибриддештирүүнүн иньекциялык методу

Лекциянын планы:

  • «Химера» жаныбарларын алуу
  • Агрегациялык метод
  • Жаныбар клеткаларын гибриддештирүүнүн иньекциялык методу

Методдун тарыхы: Соматикалык клеткалардын гибриддерин 1960-ж. Барский ачкан. Ал кадимки чычкандын 1 саркома клеткасынан бир нече клеткалардын линиясын өстүрүп алып, бири-бири менен аралаштырып гибрид клеткаларды алган. Кийинки жылдары ар башка түрдөгү жаныбарлардын соматикалык клеткаларынан гибрид клеткаларды алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги анык болгон.

Методдун тарыхы:

  • Соматикалык клеткалардын гибриддерин 1960-ж. Барский ачкан. Ал кадимки чычкандын 1 саркома клеткасынан бир нече клеткалардын линиясын өстүрүп алып, бири-бири менен аралаштырып гибрид клеткаларды алган.
  • Кийинки жылдары ар башка түрдөгү жаныбарлардын соматикалык клеткаларынан гибрид клеткаларды алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги анык болгон.
«Химера» чычкандарын алуу методу

«Химера» чычкандарын алуу методу

« Химера » чычкандары, же аллофендик чычкандар деген- бул ткандарында түрдүү генотиптеги клеткалар кездешкен жаныбарлар. Практика жүзүндө соматикалык клеткалар бири – бири менен оңойлук менен биригишпейт. Окумуштуулар тарабынан клеткалардын биригүүсүн активдештирүүчү агент катары вирус HVJ (Сендай вирусу) сунушталып, азыркы мезгилге чейин колдонулуп келүүдө.

« Химера » чычкандары, же аллофендик чычкандар деген- бул ткандарында түрдүү генотиптеги клеткалар кездешкен жаныбарлар.

Практика жүзүндө соматикалык клеткалар бири – бири менен оңойлук менен биригишпейт. Окумуштуулар тарабынан клеткалардын биригүүсүн активдештирүүчү агент катары вирус HVJ (Сендай вирусу) сунушталып, азыркы мезгилге чейин колдонулуп келүүдө.

«Химера» алуунун методдору : 1-  Агрегациялык метод – Тарковский жана Минц (1961-ж.)тарабынан сунушталган. Бул метод боюнча эки түрдүү генотиптеги (ак түстөгү жана кара түстөгү чычкандар) ургаачы особь –донордон 8-клеткалуу бластомер түйүлдүктөрүн алышат да, аларды in vitro шартында агрегациялап, 16-клеткалуу түйүлдүк стадиясына чейин өстүрүшөт. Кийин бул түйүлдүктү суррогат ургаачынын жатынына жайгаштырып, атайын гормондорду берүү менен туулганга чейин байкоо жүргүзүшөт. Бул метод менен аллофендик организмдер алынат: жаңы туулган чычкандар мозаикалык болушат ( 4-слайдды карагыла).

«Химера» алуунун методдору :

  • 1- Агрегациялык метод – Тарковский жана Минц (1961-ж.)тарабынан сунушталган.
  • Бул метод боюнча эки түрдүү генотиптеги (ак түстөгү жана кара түстөгү чычкандар) ургаачы особь –донордон 8-клеткалуу бластомер түйүлдүктөрүн алышат да, аларды in vitro шартында агрегациялап, 16-клеткалуу түйүлдүк стадиясына чейин өстүрүшөт. Кийин бул түйүлдүктү суррогат ургаачынын жатынына жайгаштырып, атайын гормондорду берүү менен туулганга чейин байкоо жүргүзүшөт. Бул метод менен аллофендик организмдер алынат: жаңы туулган чычкандар мозаикалык болушат ( 4-слайдды карагыла).
Аллофендик чычкандарды алуу Сырткы морфологиялык белгилери боюнча айырмаланган чычкандардын эки линиясы HRS/J – жүнү жок hairless ( hr) рецессивдик генди алып жүрүүчү линия линия С57BL/6 – кара жүндүү чычкан

Аллофендик чычкандарды алуу

Сырткы морфологиялык белгилери боюнча айырмаланган чычкандардын эки линиясы

HRS/J – жүнү жок hairless ( hr) рецессивдик генди алып жүрүүчү линия

линия С57BL/6 – кара жүндүү чычкан

Агрегациялык метод менен алынган химера чычкандары 8-күндүк химералар  19-күндүк химералар

Агрегациялык метод менен алынган химера чычкандары

8-күндүк химералар

19-күндүк химералар

2- метод – иньекциялык – 1968-ж. Р.Гарднер тарабынан иштелип чыккан. Эки башка түр ортосунда химера жаныбарларын алуу максатында колдонулат. Бул методдо бластоциста стадиясындагы эмбриондор иштетилет, микроманипулятор менен донор бластоцистанын массасын реципиент түйүлдүктүн бластоцель көңдөйүнө инъекция жолу аркылуу киргизилет. Бул метод менен кадимки шартта аргындашпай турган чычкандардын эки түрүнүн (M. muskulus и M. сaroli)  ортосунда гибриддерди алышкан.
  • 2- метод – иньекциялык – 1968-ж. Р.Гарднер тарабынан иштелип чыккан. Эки башка түр ортосунда химера жаныбарларын алуу максатында колдонулат.
  • Бул методдо бластоциста стадиясындагы эмбриондор иштетилет, микроманипулятор менен донор бластоцистанын массасын реципиент түйүлдүктүн бластоцель көңдөйүнө инъекция жолу аркылуу киргизилет.
  • Бул метод менен кадимки шартта аргындашпай турган чычкандардын эки түрүнүн (M. muskulus и M. сaroli)  ортосунда гибриддерди алышкан.
Бластоциста

Бластоциста

1973-ж. Р.Гарднер жана М. Жонсон чычкан менен келемиш ортосунда химера түйүлдүктөрүн агрегация жолу менен алышкан. 1984-жылы Англия менен Германияда кой менен эчкинин ортосунда химераларды алуу эксперименттери жүргүзүлгөн. Азыркы мезгилде трансплантология тармагында айрым көйгөйлөрдү чечүү максатында окумуштууулар тарабынан көптөгөн эксперименттер жүргүзүлүп келүүдө. Мисалы, 2017 – жылы Бельмонте илимий группасы Солк институтунда адамдын клеткалары бар чочконун эмбрионун өстүрүшкөн.
  • 1973-ж. Р.Гарднер жана М. Жонсон чычкан менен келемиш ортосунда химера түйүлдүктөрүн агрегация жолу менен алышкан.
  • 1984-жылы Англия менен Германияда кой менен эчкинин ортосунда химераларды алуу эксперименттери жүргүзүлгөн.
  • Азыркы мезгилде трансплантология тармагында айрым көйгөйлөрдү чечүү максатында окумуштууулар тарабынан көптөгөн эксперименттер жүргүзүлүп келүүдө. Мисалы, 2017 – жылы Бельмонте илимий группасы Солк институтунда адамдын клеткалары бар чочконун эмбрионун өстүрүшкөн.
Контролдук суроолор: «Химера» түшүнүгүн баяндап бергиле. Химера алуунун методунун маңызы эмнеде? Агрегациялык методду ким сунуштаган? Агрегациялык методдун өзгөчөлүгү эмнеде? Иньекциялык методдун артыкчылыктарын баяндагыла.

Контролдук суроолор:

  • «Химера» түшүнүгүн баяндап бергиле.
  • Химера алуунун методунун маңызы эмнеде?
  • Агрегациялык методду ким сунуштаган?
  • Агрегациялык методдун өзгөчөлүгү эмнеде?
  • Иньекциялык методдун артыкчылыктарын баяндагыла.
Көңүл бурганыңар үчүн рахмат !

Көңүл бурганыңар үчүн рахмат !