СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сөздүн көркү-макалда.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сөздүн көркү-макалда.»

Сөздүн көркү - макалда





Макал-лакап – адамдардын көп жылдардан бери келе жаткан философиялык ой корутундуларын жыйынтыктап, алардын турмуш тажрыйбаларынын негизинен алынган, рифмалашкан жана ритмдешкен бир же бир нече сүйлөмдө ойду бүтүрө айткан, тарбиялоо максатында колдонулган фольклордук чыгармалар. “Адам оюнун, акыл-эсинин энциклопедиясы” болгон макалдар дээрлик дүйнөнүн бардык элине таандык болуп саналат, а түгүл айрым макалдардын мааниси окшош келет.

Мисалы: , “Темир устанын чайыр кесе турган бычагы жок” (вьетнам), “Желпигич сатчу колу менен желпинет” (кытай), “Боёкчунун шымы боёлбойт” (жапон), “Карапачынын үйүндө бүтүн идиш жок” (афган), “Кайышчынын камчысы жок” (адыгей), “Устанын тогоосу жок” (кыргыз). Макалдар элдин турмуш тажрыйбасынан улам чыкканын, алардын жалпы нравалык функциясы бирдей экенин мына ушундан да байкоого болот. Макалдар фольклордук тексттерде жана бардык эле акын-жазуучулардын чыгармаларында кеңири учурайт жана адам турмушунун бүткүл көрүнүштөрүн өзүнө тема кылып алат. Макал чыгыш тарыхы адам ойлоосу калыптанып, сезим-туюму жетилген эң байыркы доорлорго барып такалат. 9-кылымда жашаган Макал Кашкаринин үч томдон турган “Түрк сөздөр жыйнагында” “Куру кашык оозго жакпас, Куру сөз кулакка жакпас”, “Ач көз карыны тойсо да өзү тойбойт”, “Карга карасын ким билер, киши аласын ким табар”, “Өзүң кылчу ишиңди башкаларга жүктөбө” Макал менен лакаптын формалык түзүлүшү, айтылышы, корутундуланышы, бири-бирине абдан окшош. Ошондой эле учурда айырмачылыктары да бар. “Макалда айтылуучу ой аягына жеткирилип, айтылган ар бир окуяга корутунду чыгарылып, лакапта адамдын ою гана айтылып, корутунду чыгарылбай көмүскөдө калат. Ошондуктан лакап көбүнчө салыштыруу, окшоштуруу иретинде “дегендей”, “окшобой” д. у. с. сөздөрдүн жана “ган”, “дай” уландыларынын жардамы менен айтылат. Мындан сырткары лакапка “ып”, “ыптыр” өңдүү өткөн чактын мүчөлөрүнүн жардамы менен же кимдир бирөөгө таандык болуп айтыла берет.

Мисалы: “жаман туугандан жакшы кошуна өтүптүр”. Лакаптар уйкаштыкка анчалык муктаж эмес. Тескерисинче, макалдар көбүнчө уйкашталып учкул тизмектелет. Элибизде лакапка өтө жакын макалдар, же тескерисинче, макалдын лакапка айланып калган учурлар арбын. Макал-лакаптар бири-бирине мынчалык жакындашып калышы экөөнүн тең турмуш тажрыйбаларынан келип чыккандыгына байланыштуу. Турмуштан алынып, элестүү сүрөттөлүп, туура айтылышы экөөнүн жалпылыгына жатат.



• Эл - эне, жер - ата.

• Элдин иши эрдин мойнунда.

• Эр эмгегин жер жебейт.

• Эл коргосоң озорсуң, коргобосоң тозорсуң.

• Элге кылган жакшылык жерде калбайт. Сый жерде калбайт.

• Элдүү түлкү ачка олбойт.

• Ата - өчпөс чырак, эне - соолбос булак.

• Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат.

• Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өсөт.

• Эр болсоң көк бол, сөзүңө бек бол.

• Жигиттин сөзүнүн өлгөнү, өзүнүн өлгөнү.

• Ак ойлоп, адал иште.

• Калк айтса, калп айтпайт.

• Желге жел кошулса - жут, элге эл кошулса - кут.

• Бирдик болбой тирдик болбойт.

• Улук болсоң, кичик бол.

• Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат.

• Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт, Кызды төрөйт, кыялын кошо төрөбөйт.

• Уул жакшысы урмат, кыз жакшысы кымбат.

• Жакшыны жолдошунан тааны.

• Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста.

• Жаман деген бир ат бар жууса кеткис, Жакшы деген бир ат бар кууса жеткис.

• Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка окшойт.

• Жамандын жаны ардак.

• Ата тарбиялаган бала - эстүү, эне тарбиялаган бала - эптүү.

• Эне көргөн тон бычат, ата көргөн ок жонот.

• Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт.

• Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиӊди өсөт.

• Улуу көч каякка барса, кичи көч ошол жакка барат.

• Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.

• Жашында кылжыӊ болсо, карыганда мылжыӊ болот.

• Өз тарыхын билбеген адамдын келечеги жок.

• Сен деген сенек сөз, Сиз деген сылык сөз.

• Этек-жеӊди жыя отурсаң - абийирге аралжы, Тизгинди жыя кармасаң - жанга аралжы.

• Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт.

• Жакшынын шарапаты тиет, жамандын кесепети тиет.

• Жакшыга жолуксаң жетесиң муратка, Жаманга жолуксаң каласың уятка.

• Жаман менен жолдош болсоң кесири жугат, Жакшы менен жолдош болсоң насиби жугат.

• Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.

• Иштермандын иши асыл, күжүрмөндүн күчү асыл.

• Ичи тардын итине сөөк артпайт.

• Абийириӊди жашыӊдан сакта.

• Карысы болбой эл болбойт, тулаңы болбой жер болбойт.

• Кары билет кааданы, карчыга билет сонону.

• Карысы бар үйдүн карааны чоӊ.

• Карысы бардын ырысы бар.

• Кары бар жерде - баары бар.

• Карынын сөзүн капка сал.

• Карынын сөзү, акылдын көзү.

• Карыга катуу айтпа.

• Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат.

• Ата-энеңди сыйласаң, өз балаӊдан сый көрөсүң.

• Ынтымак бар жерде - ырыс бар.

• Ырыс алды ынтымак.

• Алтооң ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың, Төртөөң төп болсоң, төбөдөгү жылдызды аласың.

• Кеңешип кескен бармак оорубайт.

• Ийри отуруп түз кеңеш.

• Жети өлчөп бир кес.

• Сабырдын түбү сары алтын.

• Жаман айтпай жакшы жок.

• Аш улуудан, оюн кичүүдөн.

• Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, Жамандыктан кубалап адаштыр.

• Жаманды жашыр, жакшыны чыгар.

• Жакшы сөз жан семиртет, жаман сөз жан кейитет.

• Жакшыга жуучу барат, жаманга куучу барат.

• Таш менен урганды аш менен ур.

• Аял жакшы - эр жакшы.

• Эрди эр кыла турган да аял, Кара жер кыла турган да аял.

• Жаман аял - жакшы эркекти жер кылат, Жакшы аял - жаман эркекти эр кылат.

• Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот, Алган эри жарашса, кара катын ак болот.

• Катын албай, кайын ал.

• Келин жаман эмес, келген жери жаман.

• Кайын эненин камырынан.

• Керегем сага айтам, келиним сен ук Уугум сага айтам, уулум сен ук.

• Керегеде кулак бар, кеп айтам десең ыраак бар.

• Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы.

• Болор бала он экисинде баш, болбос бала кыркында жаш.

• Асыл таштан, акыл жаштан.

• Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миӊди жыгат.

• Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.

• Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.

• Кыздын кырк чачы улуу.

• Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт.

• Эсери болбой эл болбойт, такыры болбой жер болбойт.

• Айтылган сөз атылган ок.

• Оозуңа келген сөздү айтпа, оюңда турган сөздөн кайтпа.

• Ыйлагандын көзү жаман, айткандын оозу жаман.

• Буттан мүдүрүлгөн турат, ооздон жыгылган турбайт.

• Калп адамдын сөзүн бузат, кайгы адамдын өзүн бузат.

• Эл оозунда элек барбы.

• Кеп кезеги келгенде айтпаса атасы өлөт.

• Бычакты курч кылган булоо, сөздү курч кылган жүйөө.

• Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.

• Адашкандын айбы жок, айыбын өзү сезген соң.

• Жылкыңа карап ышкыр, мурдуңа карап бышкыр.

• Убадасыз кишиден, жүрүп кеткен жел артык.

• Жардылыктын башы - жалкоолук.

• Жалкоонун жан жолдошу уйку.

• Жарды болор жигит эринчээк болот.

• Эринчээктин эртеңи бүтпөйт.

• Эмгеги аздын, өнмөгү аз.

• Уят өлүмдөн катуу.

• Куйтунун үйү күйөт.

• Кол чайпалса көбүгү бетине чыгат, Эл чайпалса тентеги четине чыгат.

• Ачуу душман, акыл дос.

• Оң колуӊдун ачуусун сол колуӊ менен тый.

• Кекчил болбо, кечиримдүү бол.