СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сын атооч деген эмне?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сын атооч жөнүндө кеңири маалымат алышат. Кепте анын  колдонулушу боюнча маалыматтарын кеңейтишет.

Просмотр содержимого документа
«Сын атооч деген эмне?»



ВОЕННО-АНТОНОВКА ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ









Сабактын темасы:

Сын атооч

Сабактын иштелмеси

Кыргыз тили

4-класс









Сабакты иштеп чыккан башталгыч класстын мугалими

Тюлемишева Ж. Ж.







2018-2019-окуу жылы

КЫРГЫЗ ТИЛИ 4-КЛАСС

Сабактын темасы: Сын атооч

Сабактын максаты: Сын атооч жөнүндө кеңири маалымат алышат. Кепте анын колдонулушу боюнча маалыматтарын кеңейтишет.

б) Ойлоо жөндөмдүүлүгүн, кругозорун, сүйлөө речин өстүрөт.

в) Адамдык мыкты сапаттарын ачуу менен бири-бирине кайрымдуу, сабырдуу болууга тарбияланышат.

Сабактын усулу: аралаш сабак

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү сабагы.

Сабактын жабдылышы: Лист, маркер, стиккерлер, түстүү сүрөттөр.

Предмет аралык байланыш: мекен таануу, адабий окуу

Сабактын жүрүшү: а) уюштуруу

1. Саламдашуу

2. Окуучуларды сабактын маңызына киргизүү

3. Өткөн сабакты кайталоо

Дубалда стиккерлер чапталган. Аларда ар кандай суроолор жазылган. Окуучулар келип ошол суроолорду алып ага жоопторду беришет.

  1. Зат атооч деп эмнени айтабыз? Суроолору кайсы?

  2. Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар? Алар кайсылар?

  3. Жөндөмөлөрдү суроолору менен атап бер.

  4. Жөндөмөлөрдү мүчөлөрү менен айтып бер.

  5. Татаал сөздөр кандайча жөндөлөт?

  6. Орус тилинен келген сөздөр кандайча жөндөлөт?

  7. Этиш деп эмнени айтабыз? Суроолору кайсы?

  8. Этиштин канча жагы бар? Алар кайсылар?

  9. Келер чак деп эмненин айтабыз?

  10. Учур чак деп эмнени айтабыз?

  11. Өткөн чак деп эмнени айтабыз?



Алтын эреже жазылып илинет:



С – сабакка активдүү катышуу.

Ы – ынтымак менен жооп берүү.

Н – намыска тик туруу .

А – айтылган ойлорду сыйлоо.

Т – тапшырмаларды аткаруу.

О – окуучулардын пикирин угуу.

О – оюн топтоп жооп берүү.

Ч – чыгармачылык менен катышуу.



Демек, балдар, бүгүнкү сабагыбыздын темасы:

Сын атооч

Эмесе балдар, эсибизге салалычы биз 2-3-класстарда бул сөз түркүмү жөнүндө өткөнбүз. Ким айтат сын атооч деп кандай сөз түркүмүн айтабыз?

Заттын сын-сыпатын, өңү-түсүн, даамын, формасын, көлөмүн билдирип, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөз түркүмү сын атооч деп аталат.

М и с а л ы: жакшы, ак, бийик, пайдалуу ж. б.



Ушул эрежени эсибизге салып биз азыр тексттин үстүндө иштейбиз. Адегенде балдар балыктар каякта жашашат, ошого көңүл буруп алалычы.

Сууда, көлдө, оеканда, аквариумда

Анда балдар аквариум деген эмне? Ким түшүндүрүп берет?

Дептерибизге Аквариум деген сөздү жазабыз.

Балыктар

Ысык-Көлдө түрдүү балыктар бар. Анын ичинен 12си көлдүн өзү­нүкү, калганы башка жактан алып келинген. Көлдөгү балыктар – көк чаар, түрпү, каңылтыр, чабак, форель, карп жана башкалар.

Аквариум балыктары эң кичинекей, кооз балыктар. Алар алыскы өлкөлөрдөн алынып келет.

Аквариумдагы кызыл, сары, алтын түстүү балыктарды карап оту­руу – ден соолукка пайдалуу.

1-көнүгүүнү иштеп жатканда калган окуучулар менен тексттин үстүндө иштейбиз. Текстти окуп, түшүнүгүбүздү айтабыз.

1-көнүгүү

Түрдүү, эң кичинекей, кооз, кызыл, сары, алтын түстүү, пайдалуу.

2-көнүгүү

Бул сын атооч сөздөрдүн синоним, антонимдерине мисал келтиребиз.

Ал сөздөрдү доскага жазабыз.

Ачуу –таттуу- кычкыл ширин

Ак –кара- сүттөй көөдөй

Жакшы – жаман- тартиптүү тартипсиз

Чоң –кичине- зор тырмактай

Узун – кыска - керте

Бийик – жапыз – бойлуу

Доскада балдар иштеп жатканда, калгандары стикерлер менен дубалда иштешет.

3-көнүгүү. Булардын ден соолукка кандай пайдасы бар? Сүрөттөр боюн­ча сын атоочторду катыштырып, сүйлөмдөрдү түзгүлө.



Жер –жемиштер спорт оюндары кымыз, жайлоо

Жагымдуу маанай түзүү үчүн оюн менен сабак улантылат..

Оюнда балдар бири - бирине жакшы сапаттарын айтышат.

4-көнүгүү. Тексттин акыркы сүйлөмүн көчүрүп жазгыла. Сын атоочтор­дун астын сызып, суроо бергиле.

Аквариумдагы кызыл, сары, алтын түстүү балыктарды карап оту­руу – ден соолукка пайдалуу.

5-көнүгүү. Балык темасына синквейн түзгүлө. Кандай сын атоочторду пайдаландыңар?


1. Балык

2. кооз, чоң

3. сүзөт, тамактанат, өсөт

4. Балыктын сөөктөрү абдан ийилчээк

5.Суу жаныбары


Көл Аквариум

Терең, туздуу чоң, тунук

Толкуйт, тазаланат, кирдейт тазаланат, жуулат, көрктөндүрөт

Көлдө көп балыктар жашайт. Аквариум кооздук үчүн колдонулат.

Суу Идиш



Сабакты жыйынтыктоо

  • Сын атооч сөз түркүмү эмнени билдирет?

  • Сын-сыпатты билдирген сөздөр кайсылар?

  • Даамды билдирген сөздөргө мисал келтиргиле.

  • Көлөмдү кайсы сөздөр билдирет?

  • Форманы кайсы сөздөр билдирет?

  • Заттын өңү –түсүн билдирген билдирген сөздөр кайсылар?

  • Сын атооч кайсы суроолорго жооп берет?

Үй тапшырма

99-бет 6-көнүгүү. Табышмакты жандыргыла. Жандырмагы менен сын атоочторду катыштырып, сүйлөмдөрдү түзгүлө.

Канаты бар учпайт,

Куйругу бар конбойт,

Буту жок сойлойт,

Буттуудай ойнойт.

(б...к)