Просмотр содержимого документа
«Сын атооч.Сын атоочтун даражалары»
№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мктеби
Кыргыз тили сабагы 6-а класс.
Сабактын темасы : Сын атоочтун күчөтмө жана басаңдатма
даражасы
Өтүү мөөнөтү: 03.02.2020
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы
Сабактын ыкмасы: көрсөтмөлүү ыкма
Сабактын формасы: сабак - диалог
Сабактын жабдылышы: проектор,электрондук китепкана,доска, компьютер
№ | Түйүндүү компетентүүлүктөр | | | | Предметтик компетентүүлүктөр |
1 | Маалыматтык Күчөтмө жана басаңдатма даража жөнүндөгү маалыматты билишет | 1 Таанып-билүүчүлүк жана илимий суроолорду кое билүү | Сын атооч кучөтмө жана басандатма даражалары жөнүндө теманы билишет. |
2 | Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк:Сын атоочтун скүчөтмө жана басаңдатма даражаларынын эрежелерин, бөлүнүштөрүн көнүгүү иштөө менен бышыкташат | 2.Кубулуштарды илимий түшүндүрүү | Сын атоочтун кучөтмө жана басаңдатма даражалары боюнча өз алдынча сүйлөмдөрдү түзө алышат. |
3 | Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү: Турмушта сын атооч күчөтмө жана басаңдатма даражасындагы сөздөрдү кептеринде туура пайдаланууга үйрөнүшөт | 3.Илимий далилдөөлөрдү колдонуу | Сын атоочтун күчөтмө жана басаңдатма даражасы жөнүндө теманы жыйынтыктай алышат.Турмушта кыскартылган сөздөрдү колдоно билүүгө үйрөнүшөт |
Индикатор |
| Жетишүүнүн көрсөткүчтөрү | |
Күтүлүүчү натыйжа | репродиктивдүү | продуктивдүү | креативдүү |
Сын атоочтун күчөтмө жана басаңдатма даражасы жөнүндө маалымат билишсе | Сын атоочтун кучөтмө жана басаңдатма даражасынын эрежелерин билишсе | Интернет булактарын пайдалануу менен сн атоочтун кучөтмө жана басаңдатма сөздөрдү таап жана кебинде колдонууга үйрөнүшсө |
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Сын атоочтун күчөтмө жана басаңдатма даражаларынын эрежелерин,
бөлүнүштөрүн, кебибизге колдонулуштарын үйрөнүшөт
Өнүктүрүүчүлүк: Логикалык ой жүгүртүшөт, анализдей, синтездей, жалпылай алышат.
Тарбиялык: Окуучулар бири-бирине комплимент айтканга тарбияланышат.
Предмет аралык байланыш: адабият
Сабактын этаптары:
№ | Сабактын этаптары | убакыты | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги | баалоо |
1 | Уюштуруу, психологиялык маанай | 1 мүнөт | Саламдашуу,жакшы каалоо менен өзүн тааныштыруу | Саламдашат, бири-бирине жакшы сөз тартуулашат | Кол чабуу аркылуу кубаттоо |
2 | | 2 мүнөт | Сын атоочтун күчөтмө жана басаңдатма даражасы жөнүндө айтып беришет | Доскадагы сүрөттор аркылуу күчөтмө жана басаңдатма сөздөрдү табышат жана компьютерге жазышат | Өзүн-өзү баалоо |
3 | Билимдердин теориялык деңгээли Жаңы тема | 10 | Сын атоочтун күчөтмө жана басаңдатма даражасы катышкан сөздөрдү түшүндүрүп,доскага мисалдарды көрсөтөт | Сын атоочтун күчөтмө жана басаңдатма даражасы деген эмне,турмушта кандай колдонушту үйрөнөт | |
4 | 192 -көнүгүү | | Көнүгүүнүн жазылышын көзөмөлдөйт, Тууралайт.Көнүгүү доскага жазылат, | окуучулар сөздөрдү тууралашат талдашат. | |
5 | Минатюрдук жат жазуу | | -көнүгүү Аудио уктуруу | Жат жазуу жазышып.өздөрү текшеришет | |
6 | Акылга чабуул | | Ким миллионер болгусу келет | | |
Сабактын жүрүшү: Күчөтмө даража Заттын сын-сыпатын жогорку деңгээлде экендигин көрсөтөт да,төмондөгүдөй жолдор менен жасалат.
Кучөтмө даража 4 жол менен жасалат.
1. Бөлукчөлөр аркылуу: Эң,абдан,өтө,аябай,чымкый,чылк
2.Префикс аркылуу-кыпкызыл,сапсары,күпкүрөң.
3.Заттык мааниге өтүп кайталанган сын атоочтор: жакшынын жакшысы,сулуунун сулуусу
4.Кээде оозеки кепте колдонулган сөздөр менен:Жаман кооз экен,иттей сулуу
Бышыктоо: 279-көнугүү
280-көнүгүү
Жыйынтыктоо: Окуучулар көнүгүү иштөө аркылуу сын атоочтун күчөтмө жана даражасын табышат жана морфологиялык талдоо жургузөт.
Минатюрдук жат жазуу 274-көнүгүү
Үй тапшырма 278-көнүгүү