СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сырдык сөздөрдүн жазылышы жана анын тыныш белгилери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сырдык сөздөрдүн жазылышы жана анын тыныш белгилери»

Сабактын темасы: Сырдык сөздөрдүн жазылышы жана анын тыныш белгилери

Сабактын максаттары:



БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ

ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ

Окуучулар бул сабакта сырдык сөздүн жазылышы жана анын тыныш белгилери тууралуу толук маалымат ала алышат жана орфография, орфоэпия, пунктуация жөнүндө мурунку алган билимдерин эске салышат;

Окуучулар сабакта алтын эрежелерди сактоого, бирин – бири сыйлоого, ата – эненин кадыр - баркын билүүгө жана адептүү; ыймандуу болууга тарбияланышат.

Шамдагайлыкка жана аракетчилдикке; өз оюн тартынбай айтууга, ошол эле учурда топ мүчөлөрүнүн жеңип чыгуусу үчүн колунан келген аракетин жасоого, туура жана так сүйлөөгө, кыска жана мазмундуу сүйлөөгө тарбияланышат.

ЖОГОРУДАГЫ МАКСАТТАРГА ЖЕТТИК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИЗ,

ЭГЕРДЕ ОКУУЧУ

Сырдык сөздөрдүн жазылышы жана анын тыныш белгилери тууралуу алган маалыматтарын практика жүзүндө көрсөтө алышса, жазуу жумуштарында алган маалыматтарын такай эстен чыгарбай туура жазууну үйрөнүшсө;

  • Окуучулар топто бири – бирин сыйлап,оюн уга алышса;

  • Сабакта ар бир окуучу өзүн эркин сезип, айтайын деген оюн толук, так жеткире алса;

  • Сабактагы алтын эрежелерди сактай билишсе;

  • Мугалимдин берген суроолоруна кол көтөрүп жооп бере алышса;

Өз ойлорун толук жеткире алышса; мугалим тараптан берилген суроолорго туура жоопту узата алышса жана теманы бышыктоодо колдонулган машыгуу иштерине активдүү катышышса



Сабактын тиби: аралаш сабак



Сабактын формасы: топ менен иштөө



Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү



Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз адабияты, саясат, искусство, адеп ж.б.



Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, видео роликтер, ар кандай көрсөтмө куралдар.

Сабактын түзүлүшү



САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ

ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ

УБАГЫ

1

Уюштуруу

Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо акчалары менен тааныштыруу, топторго бөлүү;

Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо акчалары тууралуу билишет, топторго бөлүнүшөт;

3 мүнөт

2

Үй тапшырмасын суроо

Суроолор жазылган тегерек формадагы ак кагаздар (аяз атанын бөлүктөрү) топторго таркатылып берилет;

Окуучулар мугалим тараптан берилген тегерекчелердеги суроолорго жооп беришет жана аяз аталарын жасашат;

4 мүнөт

3

Жаңы темага киришүү

Окуучуларды сабакка чакыруу максатында аларга 2016 – жыл эмне үчүн «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыялангандыгы тууралуу суроолорду узатуу, кыскача тарбиялык аңгеме айтып берүү;

Ар бир командадан бирден окуучу өз оюн айтышат, мугалим айтып берген тарбиялык аңгемеге кулак төшөшөт;

3 мүнөт

4

Жаңы теманы өтүү:


Окуучуларга

сырдык сөздүн жазылышы жана анын тыныш белгилери тууралуу слайд көрсөтүү;


Сырдык сөздөргө кирүүчү сөздөр тууралуу маалмат берүү;



Орфография, орфоэпия, пунктуация тууралуу учкай маалымат;




Окуучуларга

Сырдык сөздөрдүн жазылышы жана анын тыныш белгилери тууралуу түшүндүрүп берүү;



Мугалим окуучулдарга кайсыл сөздөр сырдык сөздөр болоору тууралуу маалымат берет;



Орфография, орфоэпия жана пунктуация тууралуу окуучуларга учкай маалымат берет;




Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат;




Сырдык сөздөргө кирүүчү сөздөр тууралуу маалымат алышат;



Окуучулар мугалимдин айтып берген сөздөрүн кунт коюп угушат;

15 мүнөт

5

Бышыктоо №1

Мугалим үч топтун окуучуларына атайын сүрөттөр бар таркатма материалдарды таркатып берет. ;

Окуучулар мугалим тараптан берилген таркатма материалдар үстүндө иштешет;

6 мүнөт

6

Бышыктоо № 2

Окуучуларга атайын алдын ала даярдалып, ар бир топко бирден суроо жашырылган отургучтар бекитилет. Кимде ким ошол отургучтун үстүндө отурган болсо, доскага чыгып ошол сүйлөмдү туура жана так тыныш белгилери менен жазып берет; Калган окуучулар проектордон көрсөтүлгөн суроолорду дептерлерине тууралап көчүрүшөт;

Окуучулар суроолорду таап, аны доскада иштеп көрсөтүшөт;

Калган окуучулар экрандан көргөн эки сүйлөмдү туура жана так кылып өз дептерлерине жазып алышат.

5 мүнөт

7

Бышыктоо № 3

Детектив оюну! Ар бир топ мүчөлөрүнө экрандан сүйлөмдөр көрсөтүлөт жана окуучулар ал сүйлөмдөн катачылыкты таап оозеки түрдө көрсөтүшөт;

Окуучулар ката жазылган сырдык сөздөрдү же болбосо сүйлөмдөрдү таап, оозеки түрдө айтышат;

3 мүнөт

8

Баалоо жана кайтарым байланыш

Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу;

Окуучулар бири – бирин баалашат;

3 мүнөт

9

Үй тапшырмасын берүү

Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү;

Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет;

2 мүнөт