СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат "Журум -турум эрежелери"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат "Журум-турум эрежелери"

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат "Журум -турум эрежелери"»

Сабактын темасы:Кооптуу жүрүм-турумдун зыяндуулугу

Сабактын максаты: Адамдын ден соолугуна коркунуч туудурган (мотоцикл, мопед, машина менен жол жүрүү эрежелерин бузуу, кайыкта отуруп кыйшаңдоо) жүрүм-турумдун зыяндуулугун түшүндүрүү. Жаңы тема: Чоңдорго арналган коопсуздуктун негизги эрежелеринин өспүрүмдөргө да тиешеси бар. Лагерде, эл көп чогулган жыйындарда, спорттук мелдештерде ж.б. иш-чараларда сак болуу керек. Сактыкта кордук жок. Стадиондо, көчөдө, көлдө, тоодо ж.б. жерлерде коркунучтуу жагдайлар жетишерлик көп кездешет. Мисалы, футбол оюнун спортсмендери жакшы даярдыгы бар, тартипке үйрөтүлгөн, уюшулган, бирок команданын күйөрмандары эки тарап болуп мушташып кеткен учурлар аз эмес. Мушташуудан травма алгандар, кырсыкка учурагандар болушу мүмкүн. Башка таяк жеген балдардын онунун экөөсү өлүп калат. Мээни кокустатуу шишикти пайда кылат, мээ баш сөөктүн ичинде болгондуктан, омуртка жүлүндөн башка жакка чыга албайт. Ал нерв системасынын б.а. бүткүл организмдин ишинин бузулушуна алып келет, анын натыйжасы – өлүм [8]. Эл көп чогулган жыйындарда мушташуудан айрым балдар өмүр бою майып болуп калышат, айрымдары узак убакыт ооруканаларда жатышат. Сабактан калышат, ата-энелерине, туугандарына кыйынчылык түзүлөт. Акчалай чыгымдар көбөйөт. Көңүл ачуу үчүн мотоцикл, мопед айдап жарышкан жаштар (байкерлер, рокерлер) жол-транспорт кырсыгынын себепкери болушат. Булардын “көңүл ачуусу” машинанын талкаланышына, адамдардын оор майып болушуна алып келет. Мотоциклдин үнү элдин тынчын алат. Панк (чачын кырдырган) жаштардын арасында бүлгүнгө учуратуучу жүрүмтурумдагы фактылары болот, жаштардын сексуалдык бузукулугу, баңгилик, аракечтик ж.б. аракеттери үчүн жазаланган учурлары аз эмес. Жаштардын саясий, экономикалык, чыгармачыл, кесиптик ж.б. бирикмелери бар. Саясий формалдуу эмес экстремисттик бирикмелердин коркунучтуу аракеттери көп учурайт, алардын мүчөлөрүнүн кырсыкка дуушар болуусу көп кездешет. Анткени каттоодон өтпөстөн, митингдерди уюштурушат, анда укук коргоо күчтөрү менен кагылышуусу мүмкүн. Митингдин катышуучуларынын башы-көзү көгала болуп, камакка алынышат. Ата-энелери штраф төлөп, чыгымга учурайт. Экстремисттик, деструктивдүү коомдорго, уюмдарга кирген жаштардын айрымдары 17 (скинхеддер) орустарга карата жек көрүүнү пропагандаласа, айрымдар (шовинисттер) чыныгы эл менин элим деп, башка элдерди жек көрүп, кемсинтүү менен, улуттар арасында душмандык туудурушат. Улутчул уюмдар жек көргөн тарабына бүгүн кол салбашы мүмкүн, бирок уюмда дзюдо, каратэ, самбо ж.б. спорттун түрлөрүн мыкты өздөштүргөн жаштар болгондуктан, качандыр бир мезгилде кагылышып кетсе, эмне болот? Маанисиз мушташта жеңүүчүлөр болбойт, жеңилүүчүлөр эле болот, алар укук коргоо органдары тарабынан жазаланышат.

Жыйынтыктоо

1.Журум –турум эрежелеринин бузулуусуна ким куноолуу?

2.Биздин коомдо балдардын журум –турум эрежелери кобуроок бузулуудабы же кыздардыкыбы?

3.Биздин тартибибиздин начарлоосу кимдерге зыянын тийгизет?

Баалоо

Уйго тапшырма беруу