22...Табиятты сүйүү жана аны коргоо
23...Кичипейилдик – улуу адамдык сапат
24...Ден-соолукту чыңдоо жана сактоо
23. Табиятты сүйүү жана аны коргоо.
А: Окуучуларга суроолор.
Биздин табиятыбыздын азыркы абалы кандай?
Адам факторунан улам бузулуп бараткан жерлерди билесиңерби?
Бузулуп бараткан жерлерди канип кайра калыбына келтирсек болот?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Кылымдар бою адамзат өзүнүн ар-түрдүү муктаждыгын табияттан чыгарып, камсыздап келген. Учурубузда да эң жөнөкөй муктаждыктан тартып эң заманбабына чейинкиси жерден чыгарылат. Жеген наныбыздан тартып машинага куйган бензинибиз да жерден чыгат. Негизи эле бизди курчап турган табият жалгыз гана адамзат үчүн иштеп жаткандай. Мисалы бир даракты алып көрөлү. Шагында бышкан алмасы көзүбүздү кызартат, жалбырактары бөлүп чыгарган кычкылтек өпкөбүздү сүйүнтөт, көлөкөсү денебизди сергитет, куураган шагы тамагыбызды бышырат, чириги көмүр болуп үйүбүздү ысытат. Бир эле бактын ушунчалык пайдасын көрүп жатсак жалпы жаратылыштын адамзатка тийгизген пайдасын элестетип көрүңүздөр. Адам баласы жерден алган азыгын, муктаждыгын алып, пайдаланып, таштандысын кайра жерге таштайт. Мисалы: тамак бышырганда жерден казып алган картошка, сабиздердин кабыктарын кайра эле жерге таштайт, казып алган кеңдерден телефон, телевизор, идиш сыяктуу түрдүү металдык, пластикалык нерселерди жасайбыз жана өмүрү бүткөндө таштандыга таштайбыз. Кээ-бирлери бат эле чирип топуракка аралашса, кээ-бирлери чирибестен көп жыл туруп калып, айлана-чөйрөнүн кооздугун бузуп, зыяндуу зат чыгарганга чейин барып, биздин ден-соолугубузга терс таасирин тийгизип жатат.
Дүйнөдө элдин саны барган сайын көбөйүп ошого жараша таза сууга, таза абага, бак-даракка жана ушул сыяктуу жаратылыш ресурстарына болгон муктаждык өсүп баратат, бирок тилекке каршы колубузда болгон бул эбегейсиз чоң байлыктын кадырын билбегендиктенби, айтоор жакшы коргобой жатабыз. Ал аз келгенсип таштандыларды туш келди таштап, жаратылышты бир топ булгап жана алсыздандырып жатабыз. Биз таштаган таштандылардан улам, суулар жана аба булганып, ден-соолукка зыян микро-организмдер менен курчалып баратабыз. Азыртадан кол-кабыш кылып жаратылыш ресурстарын сактап жана айлана-чөйрөнү таза кармап калуу үчүн биздин колубуздан эмне келет? Көйгөйлүү маселелердин баарын мамлекет тарабынан чечилишин күтүп жата бербестен, өзүбүздүн жарандык салымыбызды кошуп кетүү биздин милдетибиз экенин эч-ким таңбаса керек. Ар-ким өзүнүн айлана-чөйрөсүн таза кармаса айылдарыбыз, шаарларыбыз, мамлекетибиз таза болмок. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”, деген мамлекеттик ишмер И. Раззаковтун аябай маанидар сөздөрү бул багытта да бир мисал катары айтыла турган нерсе. Ошондой элке ойчул Конфуцийдин “Караңгыда наалыгандан көрө бир шам жак” деген сөзү бизге көп нерсени түшүндүрөт.
Демек, табиятты коргоо жана айлана-чөйрөнү таза сактоо бир гана мамлекеттик көйгөй катары эсептебестен, ар-кимибиздин жарандык жа милдетибиз экенин унутпашыбыз керек. Биз, бир жаран катары, бул багытта эмне жасай алабыз, ошолордун тизмесин чыгарганга аракет кылалы:
Таштандыларды туш келди таштабастан урнага салуу
Таштандыны жерге таштагандарды эскертүү
Ишембилик сыяктуу тазалык акцияларына активдүү катышуу
Чөйрөбүзгө жаратылышты коргоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү
Кайра иштелип чыгуучу таштандыларды керектүү жерлерге тапшыруу
Көчөт отургузуу
Таза сууну жана энергияны (электр жарыгы, бензин, ж.б.) үнөмдөө
Пикникке чыкканда көрүнгөн жерде от жакпоо
Биз табиятты сүйүп, аны көзүбүздүн карегиндей сактасак, абабыз таза, суубуз тунук, тамагыбыз витаминдерге бай, чөйрөбүз кооз болот. Табиятыбызды сактап калуу биздин өзүбүздүн гана колубузда.
Качандыр бир заманда бир шаарда акылман адам өзүнүн шакирттери менен бирге жашаган экен.Ал өтө кыраакы жана бардык нерсеге маани берген адам болгондуктан, айткандарынын баары туура чыга турган. Бир күнү шакирттеринин арасынан зиректиги менен айырмаланган бирөөсө устатынын жаңылган күнү болор бекен деген ойго келет. Анан ал оюн текшерип көргүсү келет да, устатынын жанына келет. Эки колунун алакандарынын ортосуна салган көпөлөктү аяр кармап туруп устатына суроо узатат: «Айтыңызчы, устатым, менин колумда кандай көпөлөк бар, тирүүбү же өлүкпү?» Устаты шашпай өз ишин уланта берет. Тирүү десе, ошол замат устатынын сөзүн жокко чыгарып, өзүнүн оюн далилдеш үчүн колдору менен көпөлөктү басып өлтүргөнгө даяр шакирти дагы бир жолу суроосун кайталайт. Ошондо устаты шакиртинин колун колун карабастан көзүнө тике карап туруп: «Баары сенин колуңда, балам. Кандай кааласаң, ошондой болот», - дейт.
Жашоодо биз көп нерсени башка себептерден улам болгонуна ишенебиз. Ошол эле учурда жашообуздун ар бир мүнөтүндө, ар бир кадамында өзүбүздүн кабыл алган чечимибизден да көп нерсе көз каранды экендигин бербейбиз. Жогорудагы икаяда айтылгандай көп нерсе биздин эле колубузда. Биз эле чечип коебуз. Ар кимибиз чөйрөбүздү таза кармап, бири-бирибизге жардам берип колдосок коомубуздун, чөйрөбүздүн жана табиятыбыздын тазаланганы ошо.
Бакта бышкан алма тим эле мени же деп кызарып турса, адырдан жашыл шиберге тоюп келгенден малдын берген сүтү менен уюган айран мени ич деп турса, жайдын ыссык табынан качып жайлоонун төрүндө салкын жел менен кулундардын кубалашып ойногонун тамаша кылып жатканда уурттаган кымыз тамагыбыздан сызылып агып ичибизди жылытып жатса, кандай керемет...
В: Накыл сөздөр.
Адамдын оюнда кандайдыр бир максат пайда болсо, аны ишке ашыруу убакытка гана көз каранды. Чечкиндүү адамдын иши алгач оюнда калыптанат. (Лиллиан Уайтинг)
Башканын милдетин жакшы аткаргыча, жаман да болсо, өзүңдүн милдетиңдин өтөөсүнө чык.
Жакшы кылсаң да, жаман кылсаң да өзүңө. (Макал)
Тазалык - ыймандын жарымы.
24. Кичипейилдик – улуу адамдык сапат.
А: Окуучуларга суроолор.
Кичипейилдик дегенде эмнени түшүнөсүңөр?
Кичипейилдик көрсөткөн учурларыңар болгонбу?
Силерге бирөө текеберлик менен мамиле кылса кичипейилдик менен жооп бере аласынарбы?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Кичипейил болуу - инсан көркү. Ким кичипейил боло алса, ал адамдар арасында, коомдо кадыр-баркка бөлөнөт. «Мунун баласы керсейет, а тигинин баласы кичипейил» деп баалап калышат карыялар. Кичипейил деген бул – бирөөлөр жумшаган жакка баруу, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле кылуу.
Адамдын кичипейилдиги менен карапайымдыгы кыраакылык, көрөгөчтүк менен акылдуулуктун бир тарабын түзүп турган жаркын жылдыздай. Адамдын атак-даңкы aаламга жайылып, адамдардын баары колдоп турган учурда дагы кичипейилдигин таштабашы зарыл. «Кимде-ким кичипейилдик кылса адамдардын арасында анын даражасы жогорулайт. Эгер тескерисинче текеберлик кылса анда анын даражасы төмөндөп кетет».
Ооба, адам жашоосундагы орун-мартабаларга манчыркап, бой көтөрүүсү жаман жорук. Адам байлык жана мансабына семирип өзүнүн алсыз адам экендигин унутуп калбоого тийиш. Падыша же күзөтчү болсо да экөөнүн аты бирдей эле – ал адам. Демек, бирөө өз мойнуна алган жоопкерчилик аны башка бир макулукка айлантып койбойт. Ошондуктан, ар бир адам ар убакта жана ар жерде өзүн адамдардан бирөөмүн деп билиши керек жана дайыма кичипейил болуусу керек. Теманы жыйынтыктап жатып төмөнку сөздү айтууну туура таптым.
«Чыныгы акылдуу адам гана чыныгы кичипейил болууга аракет кылат жана аны жүзөгө ашыра алат». Ошондуктан баарыбыз акылдуу жана кичипейил болууга аракет кылалы. Кичипейилдик көрсөткөн адам келечек жашоосунда көптөгөн жакшылыктарга жолугуусу толук мумкун. Буга төмөнкү окуя мисал боло алат.
В: Аңгеме.
Хусрав Парвез (Хусрав Биринчи же Куширавон деген аттар менен белгилүү болгон 531-589-жылдарда окумдарлык кылган Иран падышасы) бир жолу ууда жүрүп, мергенчиликтин кызуусу менен таажысындагы күйүп турчу каухар ташын тушуруп алат. Аны байкабайт. Бир топтон кийин гана билип калып, баарылап издеп киришет. Кашайып табылбайт. Бул өтө кымбат буюм эле, жалпы мамлекеттин байлыгы эңшерилип калмак. Ошон үчүн муну тапкан адамга чон сыйлык убада кылынат. Буту баскандын баары аны издеп кирет. Таба албайт.
Эки жолоочу келе жаткан. Алардын бири бой көтөрмө текебер, экинчиси кичипейил, адептүү болот. Алар да баягы падыша мергенчилик кылган жердеги каухар ташты издегендерге жакындашып келет. Келишет да бой көтөрмө текебер керсейип туруп калат, ал эми кичипейил адама адеп менен жер карап, адамдарга ийилип салам берет. Ийилгенде караса бутунун астында жалтырап жанган каухар турат. Ошентип ал ийилчеектигинен падышанын сыйына татыды.
Адамдар «Паланчанын баласы жакшы, ошону айткыла, ошону чакыргыла» деп дайыма кичипейил адамды өздөрүнүн катарына кошкусу келет.
Г: Накыл-сөздөр
Убагында кичипейилдик көрсөтпөгөн адам, кийинчерээк кичипейил болууга мажбур болот.
Тагдыр жана мүнөз - бир эле түшүнүктүн эки башка аталышы.
Текеберликтин арты кейиш болсо, кичипейилдиктин арты бейиш болот.
Адамга баарынан кыйыны - күн сайын адам болуу (Чынгыз Айтматов).
Д: Ыр-саптары
Адамдарга айтаарым кичипейил болгула,
Аны менен биргеликте алга кадам койгула.
Ким кичипейилдикти жолдош кылса өз жолунан адашпайт,
Кичипейил инсандар жашоодон эч наалышпайт.
Пайдалуу болуп адамга, аны баары макташат,
Керек болсо кымбат баалуу нерсе менен сыйлашат.
Ким текеберлик кылса эгер адамдардан бөлүнөт,
Бөлүнгөндү бөөрү жейт деп элибизде сөз жүрөт.
Текеберлик кылгандар наадандыкка баргандар,
Адамдардан бөлүнүп, тек өзү жашап калгандар.
Жакшылыкка эч жолукпайт текебер болгон адамдар,
Дал ошолор акырында катуу арман кылгандар.
Анткени, текеберлик жашоонун болот кейиши,
Кичипейилдик болсо жашоонун болот бейиши.
25. Ден-соолукту чыңдоо жана сактоо.
А: Окуучуларга суроолор.
Силер ден-соолугуңарга көңүл бурасыңарбы?
Канткенде ден-соолукту чыңдаса болот?
Ден-соолукка эмнелер зыянын тийгизет? Эмнеге?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Ден-соолук – бул адам баласынын жашоосунун эң негизги шарттарынын бири. Ден-соолугу начар адамдын толук кандуу кыймылдап, жашоонун активдүү түрүн жүргүзүшү кыйынга турат. Анткени, адам баласы кыймылдап, басып, туруп, ар кандай жумуштарды аткарышы үчүн ден соолугу бекем болуш керек.
Адам күнүмдүк жашоосунда өзү жөнүндө жана өзүнүн ден соолугу жөнүндө унутуп калат. Себеби, ал өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү менен алек болот. Азыркы заманда адамдын ден-соолугу начарлап, бир оорууга чалдыкпайынча же оорууканага жатып калмайынча жүрө берет. Төшөкө жатып калгандан кийин анан ден-соолук деген көйгөй пайда болот. Ден-соолук көйгөй болбой, тескерисинче жашоо шарты болуш керек. Ар-дайым ден-соолукка көңүл буруп, карылыка чейин оорубай, дайыма өзүбүздү жакшы алып жүрүш үчүн жаш кезден баштап ден-соолугубузду жакшы карап, ар кандай физикалык машыгууларды жасап, тамактануу режимин сактап, тамеки, насыбай, спирттик ичимдиктер сыяктуу ден-соолукка зыяны тийген заттардан алыс болуп, аба-ырайына жараша кийинип жүрүшүбүз керек. Мындай караганда, ден-соолугубузду бизге берилген аманат деп эсептешибиз керек. Орто эсеп менен 70-80 жашка чейин жашоо мүмкүнчүлүгү турганда, билип туруп тамеки же спирттик ичимдиктер менен эмнеге кыскартып алалы.
Демек ден-соолукту сактоо жана чыңдоого ар кандай факторлор таасир этет. Булар: туура тамактануу, оптималдуу эмгек убактысы, тазалык, активдүү кыймылдоо,тамеки чегүү жана алкоголь суусундуктарын ичүүдөн баш тартуу, жакындарды урматтоо жана сүйүү, жашоону позитивдүү кабыл алуу. Бул факторлор психикалык жана физикалык ден-соолукту каарылыка чейин сактоого жол ачат. Эми ар-бирин бирден карап көрөлү.
Туура тамактануу: Ден-соолукта болуу үчүн туура тамактануу керек. Бул, күндө үч маал, бирок ченеми менен тамактануу дегендик. Эртең менен сабакка баратканда сөзсүз тамактанып чыгуу керек. Түшкүсүн да, кечкисин да өз убагында жеш керек. Тамактарыбыздын өтө майлуу же өтө туздуу эмес экенине көңүл бурушубуз керек. Өзгөчө кечки тамагыбыз жатаардан кем дегенде 2 саат мурун бүтүш керек.
Күнүмдүк режим: Жашообузду күнүмдүк режимге отургузганыбыз ден-соолугубузга да, сабак же ишибизге көп пайда алып келери анык. Эртең менен эрте турушубуз, кечинде өз убагында жатышыбыз жашообузга береке да алып келет.
Тазалык: Өзүбүздүн денебизден баштап үйүбүздүн, коробуздун, чөйрөбүздүн тазалыгына көңүл бурушубуз керек. Тазалык болбогон жерде ар-түрдүү жугуштуу оорууларды ташыган микро-организмдер көп болот. Тамактан мурун жана кийин колду жууганды унутпаш керек. Тиштерди бат-бат жууганда пайда бар. Жада калса ички-дүйнөнүн да тазалыгына да көңүл буруш керек. Себеби ички дүйнөнүн таза болушу терс энергиянын тазаланышына алып келет. Бул да болсо адамдын кыскануу, көрө албоо, жек көрүү, жалкоолук сыяктуу терс таасирлерден узак болушун камсыз кылат.
Активдүү кыймылдоо: Жашообузду активдүү кыймыл менен кооздошубуз керек. Адамдын денеси канчалык кыймылда болсо, ошончолук сергек болот. Эртең мененки көнүгүүлөр, спорттун түрлөрү менен машыгуу, күнүнө жок дегенде бир канча минуталык басуу денени чыңдайт жана ден-соолукта болушубузду камсыздайт. Столдогу жумуш менен алек болсок да, кээде туруп нары-бери басып, көнүгүү жасоо менен тыныкканыбыз оң.
Тамеки чегүү жана спирттик ичимдиктерди ичүүдөн баш тартуу: Тамеки жана спирттик ичимдиктер дүйнө жүзүндөгү адамзаттын эң чоң душмандарына айланды. Канчалаган ооруларга себеп болгонун санап отуруштун кереги жок болсо керек. Тамеки ички органдарды талкаласа, спирттик ичимдиктер ал менен тим калбастан үй-бүлөлөрдүн жада калса жаш өмүрлөрдүн кыйрашына себеп болуп жатат.
Жашоону позитивдүү кабыл алуу: Бактылуулук адамдын өмүрүн узартат. Ал эми адам качан бактылуу боло алат?! Эгерде жашаган чөйрөсү менен гармонияда болсо. Адам жакшы нерселерге умтулуу менен бирге эле, колунда бары менен дагы канаттанганды билиш керек. Акчам жок дегендер, өздөрүн сырттан бир карап көрсүн: жакшынакай үй-бүлөсү бар, басып жүрөт, жакындары менен сүйлөшө алат, көрө алат, жыттай алат. Бактылуу болгонду башкалардын турмушун карап салыштыргандан көрө, өзүнүн чөйрөсүндө издесин. Ата-энесинде, бир туугандарында, классташтарында, окуунда, ишинде. Аны курчаган ушулар бар экенине шүгүр кылыш керек.
Ден соолукту сактоо жана чыңдоо - мамлекеттин, коомдун, жеке адамдын, негизи эле баарыбыздын максатыбыз. Ден-соолук биздин эң чоң байлыгыбыз. Көп учурда байлык топтойбуз деп, ушул өзүбүздө турган чоң байлыгыбыздан ажырап калабыз. Иш, акча деп жүрүп кантип ооруп калганыбызды билбей калабыз. Ошондуктан келгиле баарыбыз биригип, бул күндөн тартып чоң байлыкка ээ экенибизди унутпайлы жана ден-соолугубузду сактайлы.