СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: Чиркей ,чабалекей жана жылан

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема: Чиркей ,чабалекей жана жылан»

Сабактын темасы: Чиркей,чабалекей жана жылан.

Азыркы учурда жаратылышта кандай өзгөрүүлөрдү байкадың?

Балдар Адабий окуу китебинин 126-бетин ачкыла жана жомокту окугула.

Илгери-илгери жер жүзүн топон суу каптаптыр.Ошондо Нук пайгамбар чоң кеме жасап, “жан-жаныбарларлардын тукуму үзүлбөсүн” деп ар бир жаныбарлардан бир эркек,бир ургаачыны кылып,кемеге салууга буюрган экен.Күндөрдүн биринде кемеде тешик пайда болуп,кемеге суу кире баштайт.Көрсө, аны чычкан тешиптир. Нук пайгамбардын айласы кетип: -Ким бул тешиктен суу өткөрбөй жаап тура алат!- деп жар чакырат. -Мен суу киргизбей кармап турам!-деп жылан чыгат.Ошол убадасына бек болуп,топон суу бүткөнчө бир тамчы сууну кемеге киргизбей тосуп турат.Алар акыры кургакка чыгышат.Нук пайгамбар жыландын эмгегине ыраазы болуп,өзүнө чакыртат. -Жылан сага ыраазымын.Эмгегиңе кандай акы аласың?-деп сурайт. -Дүйнөдө эмне таттуу болсо,ошону алам,-дейт жылан. -Эмесе ар бир жаныбардын,жемиштин даамын татып эмне таттуу экендигин билип кел,- деп Нук пайгамбар чиркейди жумшайт. Чиркей бүт ааламды кыдырып,жан-жаныбарлардын өсүмдүктөрдүн даамын татып,кайра келе жатканда,анын алдынан чабалекей тосуп: -Чиркейим,эмненин даамы таттуу экен?- деп сурайт. -Баарынан адамдын каны татуу экен ,-дейт чиркей. -Тилиң кандай болуп калыптыр,таттуу даамга кандай болгонун көрөйүнчү? Тилиңди бери сунсаң?-дейт чабалекей.Чиркей тилин суна бергенде чабалекей анын тилин сууруп алат. -Кана, чиркейим ,эмненин даамы таттуу экен?-деп Нук пайгамбар чиркейден сураганда, ал “кың-кың” этип,эч нерсе айта албай коет.



-Баканын каны таттуу экен деп жатат-деп чабалекей жооп берет анын ордуна. Чабалекейдин сөзүнө ачуусу келген жылан куйругу менен бир чапканда ,чабалекейдин куйругу экиге бөлүнүп калат экен.Ошондон улам анын куйругу эки ача болуп калыптыр. Нук пайгамбар чабалекейдин сөзүнө ишенип,баканы жыланга буюруп коюптур.Ошондон улам бака соруп калат.Эгерде чабалекей болбогондо ,жылан адамдын канын соруп калмак экен. Жылан менен чабалекейдин өч болуп,адам менен чабалекейдин дос болуп калышы ошондон улам болуптур дешет.

  • Пайгамбар -исламдын ишениминде кудайдын жердеги элчиси.Алар Аллах бар экенин жеткизүү максатында жиберилген элчи. Бардык нерсени алдын ала билген олуя адам. Топон суу-тырмактай да кургактык калбай, Аллах Таала жиберген зил залаа.Кудайдын каары менен жер жүзүн суу каптагандыгы жөнүндөгү диний миф.

  • Чиркей -эң кичине жандык.Денеси жана буту узун,ичке.Алар сууда,нымдуу жерлерде ,чөптөрдө жана чириндилерде жашайт.Көбу өсүмдүк ширеси,айбанат жана кишинин канын соруп азыктанат.Чиркейдин 35 тукумунун 20 миң түру бардык жерде тараган.Кундуз чиркей жашынып жатат,кечке маал жана түн ичинде зыңылдап учуп чыгат.Чиркейдин оозунда сайгыч түтугу бар, аны менен адамдын жана малдын канын сорот,ал жер ачышып дүүлугөт.

  • Жылан- Жылан дын түру көп.Сууда,кургакта, сууда да, кургактыкта да жашаган жыландарбар. Жыландар- сойлоочулардын түркүмү. Денеси узун,жумуру,кабырчык менен капталган.Түсү айлана-чөйрөгө окшош.Жыландын эң узуну 10м,кыскасы 8-10 см.Жыландын оозу абдан чоң ачылат.Үстүңкү жаагында тиштери жайгашкан.Уу жылан чакканда бөлүнүп чыгат. Ачакей тили менен азыктардын даамын сезет.Майда жандыктар,канаттуулардын жумурткасы,кемирүүчүлөр менен тамактанат.Уусунан дары даярдалат.

  • Чабалекей -келгин канаттуу.Дене узундугу 10-23 см.Тумшугу жалпак,кичинекей.Куйругу эки ача болгон,денеси кара,боору агыш,кууш болот.Жер шаарынын (Арктика менен Антарктидадан башка)бардык бөлүгүндө тараган.Ойкуп,кайкып абдан тез учат.Курт-кумурскаларды кармап жейт.Чатырларга же уйлөргө ыңгайлуу кылып,ылайдан уя салышат.Жыл сайын уяларын таап келишет.Балапандары уядан тушпөс үчүн бутун байлап коюшат.

  • Чычкан –сүт эмүүчүлөрдүн кемирүүчүлөр түркүмүнүн тукуму.Дене узундугу-5-50см,куйругу 45 см ге чейин жетет.Жер шаарынын бардык бөлугүндө 80 уурусу жашайт.Көбүнчө дан азыктары менен азыктанат.Талаадагылары жылуу мезгилде ,үйдө жашоочулары жыл бою тукумдайт.Чычкандар айыл-чарбасына зыян келтирип,азык-түлүкту бузат,малга жана адамдарга түрдүү ооруларды жугузат.

https://wordwall.net/ru/resource/70844441

Суроолор:

  • Нух пайгамбар эмне үчүн бардык жаныбарлардан бир түгөйдөн кемеге салып алган эле?

  • Жыланды кайсы эмгеги үчүн пайгамбар сыйламакчы болот?

  • Чиркей кимдин каны таттуу экен деп бара жаткан эле?

  • Эмне үчүн чабалекейгежыландын ачуусу келет?

  • https://learningapps.org/watch?v=ptt8g07i224

Суроолор:

  • -Жомоктогу каармандарды жаз.

  • -Жомоктогу каармандарда кайсы сапаттар бар?

  • -Бул каарман оң каарманбы же терс каарманбы?

  • -Бул каармандар жөнүндө макал ыр ж.б. мисал келтир.

Тапшырмалар:

  • Чиркей, чабалекей, пайгамбар-үчөөнүн сүйлөшүүсүн тексттен таап көркөм окугула.

  • «Чабалекей-адамдын досу» дешет. Ушул тууралууөз оюңарды айтууга даярдангыла.