СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест 10-класстар учун

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тест 10-класстар учун»

10-класс

1.Фонема деп … аталат

А.Сөздүн составынан мүчөлөрдү алып таштагандан кийин, андан ары дагы морфологиялык элементтерге ажыратууга мүмкүн болбогон маанилүү бөлүгү

Б. Грамматикалык гана мааниге ээ, бирок өз алдынча колдонулбай турган морфема

В. Сөздөрдү түзүп, маани жагынан бири-биринен ажыратып туруучу эң кичине бирдик

Г. Тыбыштарды жазууда колдонулуучу алфавиттеги графикалык белги

2. Тыбыштын пайда болушу

А. Сүйлөө органдарынын катышы менен Б. Үндүн негизинде В. Тамгадан , сөздөн Г. Сүйлөөдөн , шыбыштан

3. Тамга эмес графикалык белгилерди белгилеңиз

А. ъ , ь Б. Аа, ээ, оо, уу, үү- созулма үндүүлөр жана х, ц В. Тыбыштардын бардыгы Г. параграфтын белгиси , басым белги , курсив

4. Үнсүздөр артка карай өзгөрүп айтылган сөздү белгилеңиз

А. башкага Б. нанга В. алманы Г.артты

Үнсүз тыбыштар артка карай өзгөрүп айтылганда ......... жазылат

А. кандай айтылса , ошондой Б.айтылышындай В. Унгу түрүндөгүдөй өзгөрүлбөй Г.өзгөрүлүп

5. Сөздөрдүн тыбыштык түзүлүшү жагынан ........ бөлүнөт

А. тыбыш тамгага Б. уңгу , мүчөгө В. жөнөкөй , татаал болуп Г. муунга же айрым тыбыштарга

6.Сөздөр эмненин негизинде ташымалданат?

А.басымдын Б.интонациянын В.муундун Г.сөздөрдү бөлүштүрүүнүн

7. Полисемия пайда болуу ыгына карата ....... жолдор менен пайда болот

А.маани берүүчү , маани бербөөчү сөздөр Б.метафора метонимия , синекдоха В.бир маанилүү , көп маанилүү сөздөр Г.эмоционалдык маани

8.Журт айдоодо жүргн күнүн эскеришип , Токтогулду аяшты. – Оо кайтан булбул , асыл булбул! Нени баштан өткөрбөдү. Сүйлөмдөгү “булбул” деген сөз кайсы мааниде колдонулган?

А.тике мааниде Б.өтмө мааниде В.синоним катары В.көп маанилүү сөз катары

9.Тыбыш менен тамганын саны дал келбеген сөз кайсы?

А.узундук Б.жайында В.кереметтүү Г.жылкы



10. Уяң үнсүз тыбыштар канчоо?

А.6 Б.8 В.14 Г.10

11.Абийиринди жашыңдан сакта. Бул сүйлөмдө үндөшүүнүн кайсы түрү сакталды?

А.таңдай күүсү Б.жоон үндөшүү В.ичке үндөшүү Г.эрин күүсү

12.Үнсүз тыбыштардын окшошуусу деген эмне?

А.Сөздүн составында жанаша айкалышта турган үнсүздөрдүн таасир этип өзгөрүүсү Б.тыбыштардын орун алмашып айтылышы В.Сөздүн, ошондой эле уңгу менен мүчөнүн курамындагы бири-бирине жакын же окшош эки үнсүз тыбыштын башка тыбышка өтүп айтылышы Г.үндүү тыбыштардын таасиринде каткалан тыбыштардын жумшаруусу

13.Кыргыз тилинде үндөшүүнүн закону канча түрү бар?

А.3 Б.бир эле закону бар В.үндүү , үнсүз Г.2

14.Уктоо , балдар, китеби , алтоо – уңгусу өзгөрүп кеткен сөздөрдүн жазылышынын принцибин белгилеңиз

А.фонетикалык Б.морфологиялык В. тыбыштык Г.тарыхый

15. -лар мүчөсүнүн он эки вариантта жазылышынын орфографиялык принцибин белгилеңиз

А морфологиялык Б.символикалык. В. тарыхый. Г.фонетикалык

16.Кыргыз адабиятынын тарыхында эң биринчи болуп басылып чыккан китеп эмне деп аталат жана ал кимге таандык?

А.”Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” Токтогулга Б.”Баскан жол” Калыкка В.”Кайран эл” Ысак Шайбековго Г.”Зилзала” Молдо Кылычка

17.Аталган акындардын кимиси жазгыч акын?

А.Токтогул , Барпы , Эшманбет Б. Коргоол , Токтогул , Жеңижок В. Тоголок Молдо , Молдо Нияз , Молдо Кылыч Г. Калыгул , Арстанбек

18.Молдо Нияздын жашаган жылдарын белгилеңиз

А. 1966-1917-жж Б. 1823-1886-жж В. 1900-1937-жж Г. 1860-1942-жж

19.Кашкардан , Бухарадан билим алган биринчи тарыхчы-окумуштуу ким?

А. Б.Солтоноев Б. О.Сыдыков В. И.Арабаев Г. Молдо Кылыч

20.Ата-энеси менен Россиянын Оренбург шаарына айдалган акын

А. Казыбек Мамбетимин Б. Мукай Элебаев В. Райкан Шүкүрбеков Г. Жеңижок