Вариант 404
Улуттук тест
1. Кыргыз Республикасынын чыгыш точкасынын координатын көрсөткүлө?
а) 69°15/ ч.у. б) 80°18/ ч.у. в) 39°11/ т.к. г) 43°16/ т.к.
2. Кыргызстандын кайсы өрөөнүндө нефть жана газ кендери жайгашкан?
а) Жумгалда б) Таласта в) Ферганада г) Ат-Башыда
3. Бул көлдөрдүн эң ирисин атагыла?
а) Чатыр-Көл б) Мерцбахер в) Ысык-Көл г) Соң-Көл
4. Кыргызстанда кайсы өсүмдүк эфемерлер тибине кирет?
а) кызгалдак б) беде в) шыбак г) доңуз сырт
5. Кыргызстандан башка эч жерде кездешпеген өсүмдүктү атагыла?
а) кызыл карагай б) мажүрүм тал в) терек г) Семенов пихтасы
6. Кыргызстандын аймагы канча ири аймактык жаратылыш комплекстерине бөлүнөт?
а) 7 б) 6 в) 5 г) 4
7. Түндүк Тянь-Шанга тиешелүү өрөөндү атагыла?
а) Алай өрөөнү б) Кемин өрөөнү в) Нарын өрөөнү г) Фергана өрөөнү
8. Кыргыз Республикасынын эң чоң шаарын атагыла?
а) Жалал-Абад б) Бишкек в) Ош г) Каракол
9. Кыргызстан качан эгемендүүлүктү алды эле?
а) 1989-ж. 21- мартта б) 1995-ж. 7-январда в) 1993-ж. 5- майда г) 1991-ж. 31-августта
10. Кайсы калктуу пунктта, Чүй дарыясынын бассейнинде түстүү металлдардын рудалары казылып алынат жана байытылат?
а) Чүй б) Борду в) Кант г) Токмок
11. Кайсы станция жарык гана эмес жылуулук да берет?
а) ПЭС б) ГЭС в) ТЭС г) ТЭЦ
12. Кыргызстанда көмүр казып алуунун эң эски борбору?
а) Өзгөн б) Таш-Көмүр в) Сүлүктү г) Жыргалаң
13. Төмөнкү саналган ГЭСтердин кайсынысы Нарын дарыясында курулган?
а) Лебединовка б) Токтогул в) Аламүдүн г) Борду
14. Кыргызстандын аймагы батыштан чыгышка канча аралыкка созулат?
а) 958 км б) 895 км в) 459 км г) 925 км
15. Кыргызстандын кайсы областында марал сакталып калган?
а) Ички Тянь-Шанда б) Борбордук Тянь-Шанда в) Алай өрөөнүндө г) Түштүк-Батыш Тянь-Шанда
16. Кыргызстандын кайсы жеринде калктын жыштыгы жогору?
а) Ош областы б) Ысык-Көл областы в) Нарын областы г) Талас областы
17. Кыргызстандын кайсы шаарында эң ири ТЭЦ орун алган?
а) Талас б) Ош в) Бишкек г) Балыкчы
18. Кыргызстанда бийик тоолуу альпы шалбаалары кайсы сезондо пайдаланылат?
а) кышта б) жазда в) жайда г) күздө
19. Макмал алтын кени Кыргызстандын кайсы областында орун алган?
а) Жалал-Абад б) Ысык-Көл в) Нарын г) Ош
20. Кыргызстандын чек арасынын узундугу канча?
а) 4508 км б) 7439 км в) 6300 км г) 7000 км
21. Кайсы областта жергиликтүү калк 97% ти түзөт?
а) Жалал-Абад б) Талас в) Нарын г) Ысык-Көл
22. Сары-Жаз кенинде кайсы рудалар казылып алынат?
а) боксит б) жез рудалары в) темир рудалары г) калай рудалары
23. Калай, вольфрам, висмут кендери кайсы областтан табылган?
а) Нарын б) Ош в) Жалал-Абад г) Ысык-Көл