Вариант 405
Улуттук тест
1. Кыргызстан түндүк жагынан кайсы өлкө менен чектешет?
а) Кытай б) Казакстан в) Өзбекстан г) Тажикстан
2. Кыргызстандагы кайсы тоо кыркасы эң чоң аралыкты ээлейт?
а) Туркестан б) Алай в) Фергана г) Какшаал Тоо
3. Тескей Ала-Тоонун эң бийик чокусу?
а) Каракол ч. б) Чоктал ч. в) Жеңиш ч. г) Батыш Аламүдүн
4. Кыргызстандагы эң ири суу сактагыч?
а) Орто-Токой б) Төмөнкү Ала-Арча в) Касан-Сай г) Токтогул
5. Республикабыздын жасалма көлмөлөрүндө өстүрүлгөн балыктын түрүн атагыла?
а) камбала б) жаян в) скумбрия г) сазан
6. Чүй өрөөнүнөн Суусамыр өрөөнүнө автомобиль жолу өткөн ашуу кайсы?
а) Төө-Ашуу б) Ала-Бел в) Өтмөк г) Талдык
7. Кыргызстандын эң четки түндүк-батышында жайгашкан өрөөндү атагыла?
а) Талас б) Орто Нарын в) Суусамыр г) Жумгал
8. Кайсы областта жергиликтүү калктын саны эң жогорку процентти түзөт?
а) Ысык-Көл б) Нарын в) Ош г) Талас
9. Кыргыз Республикасынын калкынын орточо жыштыгы кандай?
а) км² де 20 киши б) км² де 24 киши в) км² де 13 киши г) км² де 50 киши
10. Кара-Буура суу сактагычы Кыргызстандын кайсы областында жайгашкан?
а) Ысык-Көл б) Ош в) Баткен г) Талас
11. Кыргызстанда темир кени чыккан жер кандай деп аталат?
а) Кадамжай б) Жетим в) Сумсар г) Жыргалаң
12. Кыргызстандын кайсы областтарынын аймактары боюнча нефть өткөргүч түтүк өтөт?
а) Талас б) Ысык-Көл в) Ош жана Жалал-Абад г) Чүй
13. Кыргызстанда электростанциялардын кайсы тиби басымдуулук кылат?
а) ПЭС б) ТЭС в) ГЭС г) АЭС
14. Теңир тоонун капталында жайгашып, Меридиан тоосунан 9 км батышты көздөй кеткен тоо чокусу?
а) Хантеңири б) Жеңиш в) Манас г) Каракол
15. Кыргызстанда жаңгак токойлору кайсы тоо кыркасында өсөт?
а) Фергана б) Алай в) Нарын г) Кыргыз
16. Кыргыз Республикасында канча улуттун өкүлдөрү жашайт?
а) 150 б) 70 в) 50 г) 60
17. Кыргыздар Кыргыз Республикасынын калкынын канча % түзөт?
а) 53,2% б) 20% в) 12,9% г) 61,6%
18. Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайынын кайсы тармагы мурдагы убакта союздук мааниси бар эле?
а) нефти жана газ өндүрүү б) түстүү металлдарды казып алуу в) фосфориттерди казып алуу г) темир рудаларын казып алуу
19. Кыргызстандын тоо кен өнөр жайынын жайгашкан борборун тапкыла?
а) Бишкек, Кант б) Жыргалаң, Көк-Жаңгак, Сүлүктү в) Өзгөн, Чолпон-Ата, Талас г) Ош, Шопоков, Ак-Түз
20. Кыргызстандын кайсы шаарында лист жана панелдик электролиттерди чыгаруучу "Изолит" заводу жайгашкан?
а) Майлы-Сай б) Каракол в) Балыкчы г) Токмок
21. Кайсы өрөөндө калктын жыштыгы эң жогору?
а) Чүй б) Ат-Башы в) Талас г) Орто Нарын
22. Кыргызстандын кайсы дарыясынын системасында 18-24 гидроэлектростанцияларды курууга мүмкүн?
а) Чүй б) Талас в) Кара-Дарыя г) Нарын
23. Чүй областынын кайсы жеринен полиметалл рудаларын казып алып, байытып иштетишет?
а) Ак-Түз б) Шопоков в) Ак-Суу(Беловодск) г) Кайыңды