СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тил - улуттун теги -жайы белгиси, тил - улуттун теңир берген энчиси. (Мамлекеттик тилдин 30жылдыгына карата сабак)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тил - улуттун теги -жайы белгиси, тил - улуттун теңир берген энчиси. (Мамлекеттик тилдин 30жылдыгына карата сабак)

Просмотр содержимого документа
«Тил - улуттун теги -жайы белгиси, тил - улуттун теңир берген энчиси. (Мамлекеттик тилдин 30жылдыгына карата сабак)»

Сабактын темасы: Тил улуттун теги-жайы белгиси, Тил улуттун Теңир берген энчиси.

Сабактын максаты: а) Окуучулар тилдин улуулугу эмнеде экендиги, сөз кадырын баалай билүү, сөзгө терең маани бере билүү тушүнүктөрүнө ээ болушат.

б) Көрктүү окууга , роль жаратуу чеберчилигине, кыргыз тилин даңазалай билүүгө машыгышат.

в) Мамлекеттик тилге болгон патриорттук сезимдери ойгонуу менен таза кыргызча сүйлөй билүүгө тарбияланат.

Мугалимдин сөз: Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматуу өз тилинин баркына жетип, сөз кадырын баалаай билген, тилине кайдыгер карабаган асыл адамдар!

Алып баруучулар: Адахан: Мына бүгүн тилге арналган майрам күн,

Кыргыз тилге бакыт кушу байлансын.

Кыргыз болуп тилин чанган акылсыз,

Тилибиздин бир сөзүнөн айлансын!

Мадина: Чынынына ,улуттун эң башкы улуу касиети болуп,анын тили саналат.өз тилин унуткан улут, унуткан кунү өзү жок болот. Ал кайсы тилде сүйлөп калса, ошол улуттун бир бөлүгүнө айланат. “Тил жоголсо, жоголот дил, тууруң да тукумуң да жоголот бил!” –деп Шайлообек агабыз бекеринен күйүп-жанып жазбагандыр.

Адахан: Ооба,кыргыз тили жашап келген үчүн тууру да,тукуму да жоголбой кылымдарды картып, баскан изине бай тарыхты калтырып,кыргыз деген улут жашап келген. Ырасында:

Тил бар үчүн кыргыздар кыргыз болдук,

Тарыхы бар таанымал жылдыз болдук.

Тилди барктап ,тилди ыйык туткан үчүн,

Тыныстанов,Түгөлбай,Чыңгыз болдук.

Бегимай: Улут мыктылыгынан эмес,начардыгынан улам жок болот.Ошондуктан улутун сактайм деген өлкө-тилин сактайт.Эгерде кыргыз тили жоголсо,кумга сиңген суудай,көрүнөн калктын калың катмарына сиңип кетип,бүгүнкү Кыргыз мамлекети тургай “кыргыз”деген ат угулбай калат беле ким билет.Ошон үчүн ак карлуу Ала-Тообузду,касиеттүү Ысык-Көлүбүздү,Манас атабыз жердеген Таласты мекен кылып, туубузду жыкпай желбиретип сайып кеткен, таш бетине болсо да тарыхын,маданиятын калтырган ата-бабаларыбызга миң ирет таазим кылсак да аздык болор.

Эне тилсиз эч бир эл улут болбос,

Энетилдүү улуттар унут болбос.

Эгемендүү эл болдук кыргыз деген,

Эми эч качан кыргыз тили курут болбос!

Адахан: Өз тилине маани бербеген адам, сөзгө да маани бербейт. Ал эми сөзгө маани берүү – эң чоң маданият. “Сөзуң өлгучө, өзүң өл” деген кыргызда ошондон улам калган. Эмесе келгиле, “мен кыргызмын” деген атуулдар кыргыз тилге терең маани берели, ал үчүн жан аябай күйөлү!

Мадина: Эне тил! Кандай жөнөкөй, кандай терең, кандай ыйык, кандай улуу сөз! Дал ушул тил, “апа” деген сөздү айттырып, “А” деген тамаганы таанытты.

Адахан: Ооба, эне тил- менин, сенин, анын тили!

Бегимай: Ойлон кыргыз, көздү ачып карагын, Ооз көптүрбөй тилдин көрчү абалын. Отуз сөздү оку десе кыргызча, Онтоп атып буула түшөт тамагың.

Адахан: Билбейсиңби энең билген тилиңди, Анда кыргыз алдыргансың дилиңди. Башка тилде кыйкырсаң да баары бир, Сен дудуксуң эч ким укпайт үнүңдү.

Адахан: “Издейм сени” Аткаруучу : Аулес Темирбеков Издейм сени арасынан элдердин, Эң бир кооз,гүлзарынан жерлердин. Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин, Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин. Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сен деп кайгырууга, кайгырууга келгенмин.

Адахан: Жогорудагы ырдын соңунан сиздерге “Кайдасың” теле берүүсүн тартуулайбыз. (Окуучулар колдорунда “балкон”,“календарь”, “телефон”, “сразу”, “музей”, “уже”деген жазуусу бар сөздөрдү кармап олтурушат). Алып баруучу – Адахан: - Саламатсыздарбы, урматтуу теле көрүүчүлөр жана үзүлбөгөн үмүттөр! Сиздермен кайрадан мен Адахан Асанов. –Саламатсызбы, эже, сиз кимди, эмнеңизди жоготтуңуз?

Асел: (Балкон) - Мен Кара-Буура районуна караштуу Жийден айылынан келдим. Бул сөздү издегениме 5 жылдын жүзү болду. Баспаган жерим, сурабаган кишим калбады. Эл арасында бул сөз 20-25жылдан ашык колдонулуп, бирок карапайым элдин жашы да, карысы да, ал эмес жогор жакта иштеген чоңдор да бул сөздун кыргызча аталышын изилдеп, издебеген соң, мен кийинки жаш муундар биле жүрсүн деп силерге кайрылып олтурам. Уккан билгендер болсо, кабар берип коюуңуздарды өтүнөм. Дарегим: Талас шаары. Кара-буура району. Ак-Таш айылы. Тел. 0777 16 81 33

Адахан: - Кайгырбаңыз эже, буйруса сөзсүз табабыз, сиз издегенди дагы бир патриот кыргыз издеп мурда бизге кайрылган эле. Ойлонбоңуз, баары жакшы болот.

-Сиз кимди жоготтуңуз, байке?

Аулес: (Календарь) - Мен сиздерге мындан 3 жыл мурун да кайрылгам. Эч кабар болбогон соң, кайрадан келип олтурам. Жалал-Абаддан болом, Аксыдан. Аты-жөнүм Темирбеков Аулес. Жашым 45ке елип калды. Бул сөздү мейли биз билб-сек да бала-чака, небере-чөбөрөлөр билип калса деген тилекте издеп жүрөм. Эскирген сөздөр Историзм, Архизм өлкөлөрүндө деп угуп ал жакка да бардым , бирок эч натыйжа чыкпады. Айланайын кыргыз элим, жардам бергиле.Силерден үмүттөнүп олтурам.

Адахан: - Байке, издегениңизди табарыңызга көзүм жетип турат, капа болбоңуз.

Мадина: (Телефон) - Мен Ысык-Көлдөн болом. Сиздердин теле берүүңүздөргө мурда кайрылгам. Адамда үмүт деген үзүлбөйт экен. Силерден кабар келип калабы деп кудайдын куттуу күнү күтөм, жол карайм. Айтор шыбыш угулса деле ыраазы элем. Бул сөз өзү эл ичинде кеңири колдонулат. “Алысты жакын кылган кыз” дечү эле илгери, азыр алысты жакын кылган ушул телефон болуп калган. Биз үчүн эң уят иш го, ушул жаныбыздан жарым карыш чыгарбай күндө пайдаланган нерселерибиздин кыргызча аталышын билбей турсак. Азыр бул буюм элде “сотка” деп да аталып жүрөт. Элим жардам бери-ңиздер, бул сөз бир эле мага керек эмес жалпыбызга керек.

Адахан: - Ыйлабаңыз эже, биз сиздин жакыныңызды таптык, азыр бир нече мүнөттөрдөн кийин бирге болосуздар.

Бегимай: (Сразу) - Мен Тазабекова Бегимай Оштон болом. Студентмин. Өзүңүздөр көрүп тургандай издегеним “сразу”сөзүнүн кыргызчасы. Бул сөздүн кыргызчасын мен 5 жашымда жоготтум. Анткени 5 жашка чейин ата-энем менен айылда жашачубуз. 5 жашымда атам менен апам иштейбиз деп Бишкек шаарына мени кошо ала кетишти. Ата-энем соода иши менен алектенип мени орус бала бакчасына беришти, бул создүн кыргызча аталышын мен ошол жактан жоготтум. Андан бери канча жыл өттү, азыр 22демин. Кеч болсо да издеп тапкым келет. Анткени азыркы учурда тилге чоң маани берилип, ар бир кыргыз өз тилинде булбулдай сайрай билиши керек деген талап коюлуп жатат. Уккан-билген достор, жардам бергиле! Мен бул үчун ата-энемди да күнөө-лөбөйм, анда мезгил талабы ошондой болуп, орусча сүйлөсөң жогорку окуу жайларда жакшы окуйсуң, ал тилди билбесең чоң кызматтарга да албайт деген кептерден улам ата-энем менин келечегим үчүн ошол кадамга баргандыр. Азыр абдан өкүнүп жатышат. Суранам, билсеңиздер кабар берип коюңуздар.

Аделя: (Музей) - Менин атым Кылычбекова Аделя. Бул жерге чоң тамдын өтүнүчү менен келип олтурам. Ал киши карып, ичер суусу, көрөр күнү аз калды. Көзүм өткөнчө “бул сөздүн кыргызчасын эл оозунан угуп кетсем арманым болбос эле” дейт. Илгери чоң атам бул сөздүн кыргызча аталышын көп пайдаланыптыр. Жашы өткөн соң карып, унутчаак боло баштайт экен, анын үстүнө небере-чөбөрөлөрү, бала-чакалары замандын агымына жараша сөздү бурмалап сүйлөп, ошого чоң атам бул сөздүн кыргызчасын жоготкон экен. Сиздерден көптөн-көп өтүнөрүм чоң атамдын акыркы өтүнүчүн аткарууга жардам бериңиздер.

Адахан: - Кайгырбаңыз, издегениңиз табылат.

Айгерим: (Уже) -Мен Ысык-Көлдүн Тоң районунан болом. Издегеним “уже” сөзүнүн кыргызчасы. Мындан 5 жыл мурун Россияга көр тириликтин айынан соода жүргүзүп келгем. Бул сөздүн кыргызчасын ошол жактан жоготтум. Кайран сөзүм бөлөк эл, бөтөн жерде кор болду деп санаам тынбай, сиздерге кайрылып жатам. 2016-жылы бир кыргыз байкеден угуп, кабарын издеп барсам, кетип калып ал жерден да таба албадым. Мага таарынган өңдөнөт, колдонуудан таза чыгарып салды деп. Досум, мени кечир, көрүп жатсаң кабарыңды бер. Кайрылып келсең баары башкача болот, “оокат” деп жүрүп орус чалыш болуп кетипмин, азыр абдан өкүнөм. Сөз берем, келсең оозумдан тушурбөй пайдаланып жүрөм.

Адахан: - Мына замандаштар, жогоруда жоготкон сөздөрүн издегендерге, кеч болсо да өкүнүп жаткан эже-агайларыбызга, тилибиздин тактыгы, нукура-луулугу , тазалыгы үчун жапырт жардам берели.

Азыр кезекти кубанычтуу мунөттөргө берели. Эмесе келиңиздер жакындарыңыздар менен көрүшүп, сагынычтарды таркаталы. (Колдорунда балкон- салкындама, календарь-айнаама, телефон-тыңдама, сразу-дароо, музей-мураскана, уже – эчак эле деген жазуулары бар окуучулар бири-бири менен кучакташып көрүшөт).

-Эмесе, бизге бөлүнгөн убакыт да келип жетти. Издегендер, сиздердин үмүтүңүздөр үзүлбөсүн, табышкандар, эч убакта айрылышпай, ар дайым бирге болуңуздар. Кийинки теле берүүбүздө көрүшкөнчө саламатта болуңуздар!

Көрктүү айтуу. Эсенгул Ибраев “Жан дүйнө жаңырыгы”

Адахан: Ук бардыгың, Бул жарлыгым. Жан дүйнөмдун жаңырыгы, Жанар тоодой жарып чыккан көөдөндү. Кыргызым ай, Ырысым ай, Ырксыздыгың, Ыйкы-тыйкы, Сезимиме теменедей төөнөлдү. Көзкаманың, Көбөшүң ук, Бөтөнүң ук, Падышаң ук, Букараң ук, Бектериң ук, Бечараң ук, Калк көтөргөн ханың ук, Каны суюк жашың ук, Калыс калбаат баарың ук, Атпай кыргыз баарың ук!

Элхан: Бир кудайдын бар экенин билемин. Жана да жок, Жок, эч болбойт күмөнүм. Билем жалгыз кыргызды, Эки бөлүү кылмыш бу. Бир кылмыштан өнүп чыгат бир кылмыш. Элди экиге бөлүп-жаруу - миң кылмыш, Бура тартпай бул чындыкты бил кыргыз! Уңгум да, Уюткум да , Уругум да, Улутум да бир кыргыз!

Эдил:

Эй, эрендер, жарандар! Эгеменди ээрчип алга жөнөгүн, Эмнең атуул тийбеген соң, Эл журтуңа көмөгүң. Кыйшайганды бери тартып, Кыңайганды жөлөгүн. Башка келчү бакыт кушун, Ынтымактан көрөмүн. Ыргыт нары, Ыргыт алыс, Ынтымактан бөлөгүн!







Садык:

Бүт менсиңер, Мен силермин, Башка эмесмин. Алмын, Булмун, Сенмин, Кыргызымсыз мусапырмын, Кыргыз барда төрөмүн. Кыргызымсыз жапыс, пасмын, Кыргыз барда дөбөмүн. Билгим келбейт, Билбейм дагы, Билбейм мындан бөлөгүн.

Чогуу айтышат:

Кыргыз болуп төрөлгөнмүн, Кыргыз бойдон өлөмүн!!!

Адахан: Кийинки кезекти улуу ойчулдардын сөздөрүнө берсек.

1.Эне тил барда мен бармын, эне тил менен Камбармын” (Камбаралы Бобулов)

2. “Эки тилиди элдир- селдир билгенче, тагдыр мага бир жакшына тил берсин” (Чыныбай Турсунбеков)

3. “Эне тилсиз укмак белем санатты, эне тилсиз укмак белем “Манасты”” (Түмөнбай Байзак ) 4.“Ар бир элдин тили өзүнө улуу” (Чыңгыз Айтматов)

5. “Тил сүйлөгөндө гана тил болот. Сүйлөбөсө, жазмасы канча болсо да, өлүү тилге айланат” (Сыртбай Мусаев)

6. “Кыргыз тили –энеңдин журөгүнүн согушу, энеңдин алаканынын табы, энеңдин бешик ыры, энендин эмчек сүтү аркылуу боюна тарап, көкүрөк көөдөнүңө уюган тил” ( Сыртбай Мусаев)

7. “Эртең тилим жок болору чын болсо, анда бугүн жан кыюуга даярмын” (Расул Гамзатов)

8. “Сүйлөп жатканы эле болбосо, бардык апдам эле соз биле бербейт. Сөз б илген адам анын ички поэтикасын, тышкы музыкасын сезет, туят. Соз билген адам сүйлөсө ал ырдап тургансый” ( Сулайман Рысбаев)

9. ““Тан эрте тил өмүрү бүтөт” десе, күн менен уккан кечте кошо батам” (Абдурасул Токтомушев)

10. “Илим менен билмге көпүрө тил, көкөлөткөн адамды тили деп бил” ( Жусуп Баласагын)

11. “Эне тилдин ээси – эл” (Тугөлбай Сыдыкбеков)

12. “Тил адам рухунун түпкү теги, суу ичкен булагы” ( Кусейин Карасаев)

13. “Ар бир элдин тили – бүткүл адамзаттын мүлкү” ( Чынгыз Айтматов)

14. “ Мен күйүп жанбасам, сен күйуп жанбасаң, ал күйүп жанбаса, анда ким тилге шоола чачат” (Назым Хикмет)

15. “Кылымдан кылым өтуп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турганда, кыргыз тили да жашай берет” (Чыңгыз Айтматов)

16. “Кептин көркү -тил, ойдун көркү – сөз, жүздүн көркү – көз болот” ( Жусуп Баласагын)

17. “Тил илими – океан” ( Константин Юдахин)

18. “Ким өз улутуна, тилине каршы чыкса, тагдыры трагедия менен бүтөт” ( Мухтар Шаханов)

19. “ Кандай десең да, эне тил дайыма эне тил бойдон калат” (Лев Толстой)

Адахан: -“Сөздүн күчү-сөздө” деген кептин маанисин ачып берүү үчүн “Акыл Карачач” жомогунан үзүндү коюп берүү үчүн сахнага катышуучуларды чакырып алсак:

Автор - Орунбекова Бегимай Жээренче чечен - Темирбеков Аулес Жаныбек хан - Биримкулов Эдил Жээренче чечендин уул Төлөмырза – Аскарбеков Элхан Акыл Карачач – Тазабекова Бегимай Отун терген кыздар Автор: - Өткөн бир заманда өзү чечен, сөзү бекем жээренче чечен деген киши болгон экен. Анын Төлөмырза деген сөзүндө чыны жок, акылсыз баласы болгон. Бир күнү Жээренче чечен уулунун акылын сынамакка ээрчитип, жолдо келе жатып: - Уулум, ат жалына казан асчы? (Уулу түшө калып, ат жалына от коюп кирет) Автор: Бир топ узагандан кийин: -Балам, узун жолду кыскарт? (Уулу кетмен менен жерди чапкылап кирет) - Уулум, кетмен менен жолду кыскарта албайсың, “Узун жолду кыскарт” деген өткөн-кеткенден кеп сал деген сөз. Кеп эрмек болот, адамга жолдун кандай өткөнү билинбей калат, узун жолду кызык сөз кыскартат. Автор: Ошентип Жээренче чечен катуу ойго батып: - Кой, бул боюнча калса жалгыз уулум, Төлөмырзам мырза да болбойт, тукум да, туяк да болбойт экен. “Аял жакшы болсо, эр жакшы болот” деген эл сөзү бар эмеспи. Дүйнө жузүн издеп, бир жакшы колукту алып берейин. Автор: - деп жолго чыгат. Барбаган эли, баспаган жери калбай, кыз көп бирок Жээренче чечен издеген кыз табылбай келе жатса, айылдын четинен бир топ кыз-келиндердин отун көтөрүп келе жатканын көрөт. Ал аңгыча күн жаап жиберет. Кыздар алы келгендери музоосун жетелей, отунун көтөрө үйлөрүнө качышты. Бир кыз музоосун эмизбей кармап, отунун чапаны менен жаап, өзү отунду астына коюп отуруп калды. Жээренче чечен жанына келип: -Ээ, балам, тиги кыздар жүгүргөн бойдон үйунө кетти, сен эмне себептен жаанды тосуп отуруп калдың? -Ээ, ата, ал кыздардын төрт зыяны бар, менин бир зыяным, үч пайдам бар. –Пайдаң кайсы? Музоом эмген жок, отунум кургак калды, өзүм суу болгонум жок, энем үйгө барганда урушпайт – бул үч пайдам. Чапаным суу болду – бир зыяным ушу. Кыздардын болсо, музоосу эмди, отуну суу болду, кийими да суу болду, музоону эмиздиң деп энелери урушат, качып кеткен кыздарга, төрт жагынан тең зыян болду. –Жарадың, балам. Силердин үйүңөр кайсы? -Ээ, ата, айылга барсаңыз эле таап аласыз, келиштирип кырк найза сайылган үй биздики. – Өркүнүң өссүн, кызым. Автор: Издегеним табылды деп сүйунүп, кыздын ата-энеси менен сүйлөшүп, куда тушүп, Карачачты уулуна алып берет. Аны уккан Жаныбек хан Карачачка ашык болуп, аны токолдукка алмай болот. Жээренче чеченди чакыртып, 40 ирик берип, “40 күндүн ичинде, 40 козу козулатып бересиң” дейт. Жээренче чечен кайгырып койлорду айдап үйүнө келет. Карачач: - Ата, бүгүн койлоруңуз көп го? - Көбү курусун деп, болгон окуяны келинине айтат. – Кайгырбаңыз, ата, бул арзан иш турбайбы. Эч камсанабай жата бериңиз. Автор: Карачач ошентип кайнатасына күнүгө бирден союп бере берет. Кайнатасы “Ансыз да эрте өлгөн кулмун” деп жеп жата берет. Жаныбек хандын келер күнүндө отун алымыш болуп, Карачач алдынан тосуп чыгат. Жаныбек хан : - Келиним, отун алып жүрупсүң, атан эмне кылып жатат? - Өзүм жалгыз бой болгон соң отунга келдим. Атам болсо үйдө толготуп төрөгөнү жатат. - Жаның чыккан Карачач, эркек киши да туучу беле? - Ханым, сөзүңузгө кулдук, хан сөзү эки эмес, айла канча, сиздин эркек койлоруңуз да туучу беле? - Ок, сенин жолуң болсун! Автор: Ошентип Карачач кайнатасын бир өлүмдөн куткарып, эл ичинде Акыл Карачач деген атка конгон экен.

Мадина: Ай-ааламды багынткан, Акыл жакшы эмеспи - дегендей, акыл менен ааламды багынткан жаштардан бололу!

Адахан: Анда эмесе кийинки кезекти кыргыздын тыюу ырымдарына берели:

Адамдын үстүнөн аттаба.

Ата энеңдин төшөгүн тебелебе.

Акты жерге төкпө.

Айт күнү кир жууба.

Аш куюлган аякты сол колуң менен сунба.

Баласы жок бешикти терметпе..

Балапанды өлтүрбө.

Баш кийимди башкага белек кылба..

Бышып турган ашты таштап кетпе.

Бычакты оозуңа салба..

Бычакты мизинен кармаба

Бут кийимиңди төргө чыгарба.

Бөйрөгүңдү таянба.

Жакын адамыңа бычак тартуу кылба.

Жер таянып олтуруп тамак жебе.

Жуунбай туруп эртең менен наар ооз тийбе.

Дасторконду жайылган бойдон тун ичинде калтырба.

Дасторкон үстүндө оозуңду ачып чүчкүрбө.

Дасторкондун үстүн кагаз менен арчыба.

Идишти теппе.

Итти бутуң менен теппе.

Караңыда жылаң баш сыртка чыкпа.

Калп айтып карганба

Кесир сүйлөбө.

Кумурсканын уюгун бузба.

Куранды жерге таштаба.

Колуңду силкпе.

Колуңду оозуңа салба.

Кымызды жерге төкпө.

Күн батарда жатпа.

Нанбы сол колуң менен сындырба.

Суу ичкен кудугуңа түкүрбө.

Тамакты үйлөп ичпе.

Тамак аштын үстүн ачык калтырма.

Тырмагыңды тиштебе.

Төрөлө элек балага ат койбо.

Тун ичинде чач тараба.

Түндө күзгүгө каранба.

Түндө тырмак алба.

Түндө үй шыпырба.

Улуу кишиден озунуп тамак ооз тийбе.

Отту теппе.

Шыпыргы менен баланы урба.

Шымды жазданып жатпа.

Эшикти бутуң менен тээп ачпа.

Жыйынтыктоо. Мугалимдин сөзү: Таңып байлап коёр эмес убакыт, Же токтотуп коё албайбыз суранып. Мына ушундай касиеттүү күндөрдө, Жүз көрүшүп турганыбыз зор бакыт. Мына, менин окуучуларым, эне сүтүн кандай ыйык тутсак, эне тилин да дал ошондой ыйык тутушубуз зарыл. Бекеринен: “Эне деген улуу болот күндөн да, Эне сүтү, эне тилге сиңген да!” деген сөз эл арасында тараган эмес.