Мөөнөтү:
Классы: 7- класс
Темасы: Тилин унуткан эл келечегин жоготот, улут катары жок болуп кетет
А) Окуучулар малекеттик тил боюнча маалымат алышат
Б) Алган билимдерин турмушта колдоно алышат
В) Өз алдынча иш алып бара алышат
Сабактын тиби: Жаңы материалды окуп-үйрөнүү
Сабактын ыкмасы: аӊгемелешүү
Сабактын жабдылышы: сүрөт, маркер, таркатуучу материалдар
Сабактын жүрүшү: а) Уштуруу (окуучулардын сабакка даярдыгын текшерүү)
б) Үй ишин текшерүү (эссе жазып келүү)
в) Жаңы теманы түшүндүрүү
Тема: Тилин унуткан эл келечегин жоготот, улут катары жок болуп кетет
Кыргыз тили- Кыргыз Республикасынын негизги калкынын, кыргыз улутунун тили. Ырас, эне тилибизди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, б.а. эне тилибиз кан-жаныбыз менен кошо бүткөн, боор эт менен теӊ, эч нерсеге алмаштыргыз ыйык дөөлөтүбүз, сыймыгыбыз.
Эне тилибизди ата-бабаларыбыз көөрөрбөс мурас катары калтырган. Тилибиз байыркы бай тилдердин бири экендигин карт тарых айганелеп турат.
Жакында лингвист-окумуштуу, австралиялык Венгер Стефенно Ворму дүйнөлүк тил атласын түзүп, 50гө жакын тил жок болуу коркунучунда экендигин тастыктады. Адистердин пикири боюнча бир элдин жеткинчек балдарынын 30%дан ашыгы эне тилинде сүйлөбөсө тилдин жок болуу коркунучу жаралат экен.
Ал эми кыргыз тилинде 3 миллиондон ашык адам сүйлөп турганда жоголуп кетиши мүмкүнбү? Тилибизди жоготпош үчүн эмне кылуу керек?
«Эне тилим-эне сүтүм», « Тил тагдыры- эл тагдыры», « Тил достукка чакырат», « Дил жоголсо дагы, тил жоголбойт», «Улут болсоӊ тилиӊ менен улутсуӊ» деген макалдар бар, маанисин чечмелейбиз.
Канча тил билсеӊ, ошончо адамсыӊ дегендей, башка тилдерден келген сөздөрдү билип, сиӊирип, өз эне тилибизге айкалыштырып байытуу да зарыл.
Кыргыз тили- кыргыз улутунун гана эмес , кыргыз мамлекетинин эне тили. Мамлекеттик тилге мамлекеттик деӊгээлде мамиле, жоопкерчилик болушу керек.Мамлекетте жашаган ар бир жаран үчүн муктаждыктарын ошол тил аркылуу канааттандыра алгандай шарт түзүлүшү керек.
Тил менен улут тагдыры, кыргыз улутунун улутттук жан дүйнөсүнүн тагдыры аныкталат.
Курч калемгер Шайлообек Дүйшеевдин:
«Жылт эткендин баары жылдыз эмес,
Кабыландын баары Манас эмес.
Калкын чанган,калкынын тилин чанган,
Хан болсо да кыргыздын баласы эмес!»-деген ыр саптары бекеринен айтылбаган.
Кыргыз элинин атуулумун деген жаштарды мамлекеттик тилде сүйлөөгө, өнүктүрүүгө сакыруу керек.Мамлекеттик тил бирөө эле болот.Тилибизди жок болуп кетүүдөн сактоо ар бир кыргызстандыктын милдети.
Тил улуттун улут экенин аныктаган паспорт. Ошондуктан кыргыздын улуулугу, сулуулугу, баалуулугу анын кереметтүү тилинде экендигин унутсак, улут катары жок болуп кетишибиз мумкун.