Кыргыз
адабияты
8-класс
Мугалим:Алыбаева Айжан
Сабактын темасы:
Токтогул Сатылгановдун
ырлары
«Өмүр», «Карылык»,
«Токтогулдун өлүм алдында ырдаганы»
Сабактын максаты:
1.Токтогулдун «Өмүр», «Карылык», «Токтогулдун өлүм алдында ырдаганы» ырлары менен таанышуу;
2.Акындын ырларынын маанисине терең түшүнүп, жашоонун кымбаттыгын, өмүрдүн улуулугун түшүнүү;
3.Сатылгановдун чыгармалары аркылуу эмгекчил болууга, жашоонуу баалай билүүгө тарбиялануу;
Өтүлгөндөрдү эске салуу:
1. Токтогул кандай акын болгон?
2. Токтогулдун акын болушуна кимдер таасир
берген?
3. Акын болуп аттанып чыкканы ал ким
тарабында болду?
4. Токтогул эмне себептен Сибирге айдалган?
5. Токтогулдун чыгармалары жана
чыгармаларынын тематикасы:
«Өмүр»
Ат арыбас болсочу,
- Жибек оңбос болсочу,
- Жигит өлбөс болсочу,
- Жигит менен кыз өлсө,
- Жерге көмбөс болсочу.
- Картаң өмүр жыйырма беш,
- Жашка барар болсочу,
- Кайран жанды кол менен
- Жасап алар болсочу.
- Өзөнгө элим толсочу,
- Өмүр өтпөс болсочу.
- Жашка ажал келбес болсочу,
- Жакшы адам өлбөс болсочу.
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо,
Жай-жайына койсочу.
- Кыз бурулбас болсочу,
- Көгөргөнү чын болсо,
- Гүлдөр соолбос болсочу.
- Кызыл оңбос болсочу,
Чөп куурабас болсочу,
Көз тунарбас болсочу.
Кызыл жүзү бозоруп,
Кыз кубарбас болсочу.
4
Өмүр
Ар бир адамга ар кандай берилет.
Кээ бири эрте кетет, кээ бири көп жыл жашайт.
Адам бул дүйнөгө жаралат, кайра кетет.
Өмүр ошонусу менен кызык, кайталангыс.
Өмүр түбөлүктүү болуу үчүн биз бул жашоодо татыктуу жашап кийинкилерге жакшы ой, сөз калтырышыбыз керек.
«Карылык»
Араба тарткан тор аттай Оор болгон кезегим. Омурткамдан жыртылып, Жоор болгон кезегим.
Арканы жок, жиби жок Тушайт экен карылык, Колду, бутту кан кылбай, Бычат экен карылык.
Күрүчтөй болгон тишиңди Чагат экен карылык. Каран түндө башыңа Салат экен карылык.
Токтогулдун «Карылык» деген ырында бу дүйнөгө түркүк болгон эч бир пенде жок деп айтылат. Адам өмүрү канчалык таттуу, канчалык кымбат болбосун, ал чектелүү, анын ченеми бар. Жаратылыштын мыйзамы ушул-бардык нерсе түгөнөт, картаят.
Мына ушундай философиялык ой акындын ырынын негизин түзүп турат. Бирок буга акын кейибейт, ал буралган жаштыгын жоктоп отурат.
Бул табият мыйзамы.
«Токтогулдун өлүм алдында
ырдаганы»
Эки эли тилим сүйлөсүн, Эки эли тилим өзү эмес, Ээрчиген добуш үндөсүн, Эсилиң Токоң көзү өтсө, Эсине алып ким көрөт Эңилчек баскан мүрдөсүн?.. Эламден кетсем мейличи, Эркинде элим гүлдөсүн.
Кара тилим сүйлөсүн, Кара тил жалгыз өзү эмес, Комузум добуш үндөсүн, Кайран Токоң көзү өтсө, Кайрылып келип ким көрөт Кара чым баскан мүрзөсүн?.. Калкымдан кетсем мейличи, Калың журтум гүлдөсүн.
Токтогулдун чыгармачылыгынын акыркы мезгилинде, же болбосо өмүрүнүн соңку күндөрүндө жараткан терең мазмундуу ырларынын мыкты үлгүлөрү катары «Карылык» менен «Өлүм алдындагы ырын» айтсак болот.
Бул саптарды акындын өлүм алдында айткан арманы катары кабыл алсак болот.
Ырас, бир адам бул өмүрдөн өткөнү менен дуйнө бүтпөйт, жашоо улана берет. Акын өзү айткандай «аркасында калган эли гүлдөп, өссүн».Акындын бул нускалуу сөздөрү анын зоболосун көтөрүп, мурасын үйрөнүүдө ар бир адамга шык баалайт.
Тапшырма:
Т.Сатылгановдун «Өмүр», «Карылык», «Өлүм алдында ырдаганы» ырларынын мааниси, идеялык багыты эмнеде?
Ырларды жаттап, көркөм айтып берүү.
Токтогулдун чыгармалары
эмнеге тарбиялайт?
Кластер түзөбүз.
Берилген тапшырмаларды аткарып, мага жөнөтөбүз
Кара
Саламатта
калгыла.