ЖАЛПЫ БИОЛОГИЯ
9 – КЛАСС
Даярдаган: Нурманова Батма Арзыкуловна
Тукум куучулук жана өзгөргүчтүк
Сабактын жүрүшүндө:
- Тукум куучулук жөнүндө түшүнүк
- Өзгөргүчтүк жана алардын түрлөрү
- Модификациялык өзгөргүчтүктүн негизги өзгөчөлүктөрү
- Мутацияга алып келүүчү факторлор - мутагендер
- Практикалык иш: « Модификациялык өзгөргүчтүк»
- Бышыктоо үчүн суроолор
- Жыйынтыктоо
Акылга чабуул
- Силер эмне үчүн ата-энеңерге окшошсуңар?
- Биздин өзгөчөлүктөрүбүз жөнүндө маалыматтар кайда сакталат?
- Эмне үчүн бир туугандар бири-биринен айырмаланышат? Бул эмнеден көз каранды?
Жандуу организмдер бири-бири менен тыгыз байланышкан эки маанилүү касиеттерге тукум куучулукка жана өзгөргүчтүккө ээ.
Генетика – организмдин тукум куучулук жана өзгөргүчтүгү жөнүндөгү илим.
Тукум куучулук – бул организмдердин түзүлүшүнүн жана тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн укумдан-тукумга өткөрүп берүү касиети. Белгилер эмес, ошол белгилерди жана касиеттерди аныктаган гендер аркылуу өткөрүп берилет.
Ген – бул бир полипептиддин синтезделишине жооптуу жана организмдин белгилерин аныктаган ДНКнын молекуласынын бир бөлүгү.
Организмдеги бардык гендердин жыйындысы – генотип деп аталат.
Организмдеги бардык белгилердин жана касиеттердин жыйындысы фенотип болуп эсептелет
Тукум куучулук маалыматтын 90% ядродо жайгашкан. ДНК аркылуу кийинки муунга берилиши ядролук тукум куучулук деп аталса, 10% митохондрияда жана пластидаларда жайгашкан ДНК аркылуу өтүшү цитоплазмалык тукум куучулук деп аталат. Тукум куучулук ДНК клеткада синтезделе турган белоктун структурасын маалымдап турат. Белок болсо белгини берет.
ГЕН → мРНК → БЕЛОК → БЕЛГИ
Өзгөргүчтүк – бул бардык жандуу организмдердин жекече өрчүшүндө чөйрөнүн шарттарынын таасири астында жаңы белгилерге ээ болуу касиети. Тукум куучулук менен өзгөргүчтүк организмдин бири-бирине карама-каршы касиеттери анткени, тукум куучулук касиет ата-энеден мураска алынган белгилерди сактоого, айырманын жок болушуна жана туруктуулукка алып келсе, өзгөргүчтүк ар түрдүүлүккө, өзгөрүүгө, айырманын жана жаңы белгилердин пайда болушуна алып келет. Өзгөргүчтүктүн биологиялык жана эволюциялык мааниси – түрдүн жашап кетишин, жашоо чыдамкайлыгын камсыздоо.
Өзгөргүчтүктүн түрлөрү
тукум куубаган же фенотиптик
тукум куучу же генотиптик
модификациялык өзгөргүчтүк
комбинативдик өзгөргүчтүк
мутациялык өзгөргүчтүк
Тукум кубалабаган өзгөргүчтүк – гендер жана хромосомалардын өзгөрүүсүнө алып келбейт, тукум куубайт, сырткы чөйрөнүн шарттарынын таасири астында пайда болот, убакыттын өтүшү менен жоголуп кетет, топтук мүнөзгө ээ, реакциялык норманын чегинде жүрүүчү өзгөргүчтүк. Белгинин модификациялык өзгөргүчтүк чеги «реакциялык нормасы» деп аталат.
Модификациялык өзгөргүчтүктө:
- тукумдан-тукумга берилбейт
- айлана-чөйрөнүн шарттары өзгөргөндө келип чыгат.
Сапаттык (теринин түсү, температурага жараша курт-кумурскалардын же жаныбарлардын түсүнүн өзгөрүшү, гүлдүн өңү, сүттүн майлуулугу ж.б) жана сандык (өсүмдүктөрдүн бийиктиги, жалбырактардын өлчөмү, организмдин салмагы, жумуртка туушу, уйдун сүттүүлүгү, түшүмдүүлүк ж.б ал эми адамдарда жакшы тамак аш берип багууда денесинин салмагынын тез өсүшү, спорт менен машыгууда булчуңдардын өсүшү модификациялык өзгөргүчтүккө мисал боло алат.
Француз ботаниги Боннье каакым өсүмдүгүнө тажрыйба жүргүзгөн. Ал өсүмдүктү тең экиге бөлүп, бир бөлүгүн жылуу, жумшак климатта (Парижде), экинчи бөлүгүн бийик тоодо өстүргөн. Париждеги каакымдын сабагы бийик, ал эми тоодогунун сабагы абдан кыска болуп, жалбырагы кичине, жерге жакын өскөн. Өсүү үчүн тоонун татаал шартына аргасыз ыңгайлангандыктан, өсүмдүктүн сырткы түрү өзгөрүүгө дуушар болгон. Эгерде бул эки өсүмдүктүн уруктарын бирдей шартта өстүрсө, белгилери бирдей болгон өсүмдүктөр өсүп чыккан. Демек, сырткы чөйрөнүн таасири астында фенотиптин өзгөрүшү, генотиптин өзгөрүшүнө алып келбейт, ошондуктан тукумга берилбейт.
Норма реакциясы – сырткы чөйрөнүн өзгөрмөлүү шарттарына карата генотиптердин негизинде калыптана турган бардык сырткы белгилердин (фенотиптердин) жыйындысы.
Вариациялык катар – аныкталуучу белгинин сандык жактан өсүү же кичирейүү тартибинде берилүүчү көрсөткүчү.
Тукум кууган өзгөргүчтүк – гендер жана хромосомалардын өзгөрүшү менен шартталган, тукумга берилүүчү, бир түрдүн ичиндеги особдорду айырмалоочу, особдун жашоосунун аягына чейин сакталган өзгөргүчтүк.
Комбинациялык өзгөргүчтүк . Кыйыштырууда, аргындаштырууда комбинациялык өзгөргүчтүк билинет, тукумда гендердин жаңы комбинацияларынын пайда болушу менен шартталган. Мында жаңы ген пайда болбойт.
Комбинациялык өзгөргүчтүктүн булактары:
- гомологиялуу (окшош) хромосомалардын ортосундагы орун алмашуу
- зиготалардын пайда болуусунда
- уруктанууда жыныс клеткалардын кокустан дал келүүсү
Гендердин ар кандай дал келүүсү – муундардагы ата-энелик белгилердин кайра комбинацияланышынын себеби.
Мутациялык өзгөргүчтүк
Мутация (лат. - өзгөрүү) термини Гуго де Фриз тарабынан сунушталган. Мутация – бул айлана-чөйрөнүн ички жана сырткы факторлорунун таасири астында генотиптин өзгөрүшү.
Мутациялык өзгөргүчтүк – фенотипте жаңы белгилерди пайда кылуучу хромосомалардын же гендердин күтүлбөгөн жерден туруктуу өзгөрүүсү.
Гендик мутация – альбинизм
Учурда альбинизмдин себеби меланиндин нормалдуу синтези үчүн зарыл болгон тирозиназа ферментинин жоктугу. Тирозиназа - ткандардын түсү көз каранды болгон өзгөчө зат. Тирозиназанын пайда болушуна жооптуу гендерде ар кандай бузулуулар болушу мүмкүн. Альбинизм менен ооруган адамдарда пигменттин жетишсиздигинин деңгээли бузулуунун мүнөзүнө жараша болот. Бул оорудан жапа чеккен айрым адамдарда тирозиназанын пайда болушу менен баары жакшы, окумуштуулар мындай учурларда меланин алмашуу үчүн маанилүү болгон башка энзимдин пайда болушун жөнгө салуучу гендердин мутациясы болушу мүмкүн деп божомолдошот.
Чернобыль аймагындагы радиациянын деңгээли бүгүнкү күндө да жогору
Радиациялык жаракаттан улам пайда болгон генетикалык өзгөрүүлөр
Мутацияга алып келүүчү факторлор мутагендер деп аталат.
Мутагендик фаторлорго төмөнкүлөр кирет:
- Химиялык факторлор – формалин, антибиотиктер, пестициддер, колхицин ж.б
- Физикалык факторлор – рентген нурлары, радиация, ультра кызгылт көк нурлар, жогорку температура ж.б.
- Биологиялык факторлор – бактериялар, вирустар, организмдер иштеп чыккан уулуу заттар-токсиндер ж.б.
Мутациялар жасалма жана табигый болот. Ошондой эле зыяндуу, нейтралдуу, пайдалуу болуп бөлүнөт.
Тукум куучу өзгөргүчтүк – эволюциянын фактору. Организмде жаңы белгилердин пайда болушу жана алардын көп түрү табигый тандалуу аракеттери үчүн материал, жашаган чөйрөсүнө дал келген, особдордун өзгөрүшүнүн сакталышы, өзгөргөн сырткы чөйрөнүн шарттарына организмдин түзүлүшүнүн ылайыкталышы.
Практикалык иш: « Модификациялык өзгөргүчтүк»
Максаты: модификациялык өзгөргүчтүктүн статистикалык мыйзам ченемдүүлүгүн аныктоо.
Жабдуулар: дарактын жалбырактары (кара жыгач, эмендин ж.б)
Иштин жүрүшү:
- Жалбырактын узундугун ченегиле
- Таблицаны дептериңерге көчүрүп, алынган ченемдерди жазгыла .
ν жалбырактын узундугу, см
Р жалбырактын саны, даана
3. Жалбырактын орточо өлчөмүн санагыла:
M
ν – жалбырактын узундугу, см Р – жалбырактын саны, даана
n – жалбырактын жалпы саны
- Жалбырактын узундугунун вариациялык ийри сызыгын тарткыла.
- Жыйынтыктагыла.
Бышыктоо үчүн суроолор
- Тукум куучулук деген эмне?
- Жандуу организмдердин кайсы өзгөчөлүктөрү жаңы касиеттердин жана белгилердин пайда болушуна мүмкүнчүлүк түзөт?
- Тукум куучулуктун материалдык негизи эмне болуп саналат?
- Өзгөргүчтүк деген эмне?
- Өзгөргүчтүктүн түрлөрүнө мүнөздөмө бергиле, аларды салыштыргыла.
- Реакциялык норма деген эмне? Мисалдар менен түшүндүрүп бергиле.
№
1
Модификациялык өзгөрүчтүк
Мүнөздөмөсү
Бул өзгөргүчтүк белгилүү болуп саналабы?
2
3
Бул өзгөргүчтүк топто болот
4
Генотипке таасир тийгизеби?
5
Фенотипке таасир тийгизеби?
Пайда болгон өзгөрүүлөр тукум кууйт
6
7
Организмге мааниси
Эволюцияга мааниси
Жыйынтыктоо
Генетика – организмдин тукум куучулук жана өзгөргүчтүгү жөнүндөгү илим.
Тукум куучулук – организмдин өзүнө таандык белгилерин жана өрчүү өзгөчүлүктөрүн кийинки муундарга берүү касиети. Ошондуктан ар бир организм өзүнүн эне-атасына окшош болот. Мисалы, адамдан бала төрөлөт, иттен күчүк, карышкырдан бөлтүрүк туулат. Тукум куучулук касиет кийинки муунга жыныс клеткалары аркылуу берилет.
Өзгөргүчтүк – организмдин жеке өрчүшүндө (онтогенезде) жаңы белгилерге ээ болуу касиети. Мисалы: балдары ата-энесине куюп койгондой окшош эмес, алардын өзүнө таандык да жаңы белгилери болот. Ошондуктан, балдар ата-энелеринен жана бири-биринен айырмаланып турушат.
Тукум куучулук менен өзгөргүчтүк организмдин карама-каршы жана өз ара байланыштуу касиеттери. Анткени тукум куума касиет ата-энеден мураска алынган белгилерди сактап турса, өзгөргүчтүк жаңы белгилерди пайда кылат.
Терминдер
Генетика – организмдин тукум куучулук жана өзгөргүчтүгү жөнүндөгү илим.
Тукум куучулук – организмдин өзүнө таандык белгилерин жана өрчүү өзгөчүлүктөрүн кийинки муундарга берүү касиети.
Өзгөргүчтүк – организмдин жеке өрчүшүндө (онтогенезде) жаңы белгилерге ээ болуу касиети.
Ген – бул бир полипептиддин синтезделишине жооптуу жана организмдин белгилерин аныктаган ДНКнын молекуласынын бир бөлүгү.
Генотип - организмдеги бардык гендердин жыйындысы
Фенотип - организмдеги бардык белгилердин жана касиеттердин жыйындысы
Норма реакциясы – сырткы чөйрөнүн өзгөрмөлүү шарттарына карата генотиптердин негизинде калыптана турган бардык сырткы белгилердин (фенотиптердин) жыйындысы.
Вариациялык катар – аныкталуучу белгинин сандык жактан өсүү же кичирейүү тартибинде берилүүчү көрсөткүчү.
Комбинативдик өзгөргүчтүк – тукумда гендердин жаңы комбинацияларынын пайда болушу
Мутация – айлана-чөйрөнүн ички жана сырткы факторлорунун таасири астында генотиптин өзгөрүшү
Үй тапшырма
- § 10. Тукум куучулук жана өзгөргүчтүк түшүнүк айтуу (35-41бетке чейин)
- 29-сүрөт. Өзгөргүчтүктүн түрлөрү дептерге түшүрүү
- Иш дептердеги тапшырмаларды аткаргыла