СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Турмуштук жомоктор.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Турмуштук жомоктор.»



Бишкек шаарындагы №80 Ш.Назаркулов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби





Турмуштук жомоктор





Мугалим: Камзаева Назгүл Мырзабековна





Сүйүү жөнүндө жомок

Илгери-илгери алыскы бир ороондо Улан менен Айсулуу аттуу кыз бала жашаптыр. Алар бала кезинен бери бирге өсүп, кен талааларда ойноп, терең достук мамиле түзүшкөн. Убакыт өтүп, алардын достугу таза жана назик сүйүүгө айланат.

Бир жолу жылдыздуу түндө Улан Айсулууга алтын сыйкырдуу жүрөк түрүндөгү тумарды тартуулайт. Тумар жылуу алтын түскө боёлуп, асмандагы жылдыз сыяктуу жаркырайт. Улан: «Бул жүрөк – биздин байланыштын, назиктигибиздин жана ишенимдүүлүгүбүздүн белгиси», – деп, тумарды АйсулуТумар алардын бакыт жана кубаныч булагы болуп калат. Алар бирге болгондо же бири-бирин эстегенде, тумар андан да жарык күйүп, эки жүрөктүн ортосундагы сыйкырдуу көпүрө сыяктуу кызмат кылат.

Бирок кыйынчылыктарсыз жомок болбойт эмеспи. Бир күндө коңшу падышалык менен согуш жарыяланып, Улан аскерге чакырылат. Кетип жатып ал Айсулууга: «Биздин жүрөгүбүз бул тумар аркылуу дайыма байланышта болот», – деп айтат.

Айсулуунун жүрөгү сагынычка толуп, тумарды кармап, сүйүүсүнө ишенет. Анан бир күнү токой четиндеги сыйкырчы аял жөнүндө угуп, анын жардамына кайрылат. Сыйкырчы аял Айсулууга сыйкырдуу күзгү берип, анын жардамы менен Уланды көрө ала турганын айтат. Күзгүгө караган Айсулуу Уланды кайтып келе жаткан кемеде көрүп, кубанган бойдон үйүнө кайтып барат.

Улан кайтып келгенде, экөө бири-бирине боору жазыла кучакташып, күзгүдөн сүйүүлөрүнүн символу болгон жаркыраган жүрөктү көрүшөт. Бул алардын сүйүүсүнүн күчтүүлүгүнүн далили болуп калат.

Улан менен Айсулуунун бул окуясы сүйүү бардык кыйынчылыктарды жеңерин жана аныктуулугун жоготпостон, түбөлүктүү болорун эскерткен уламыш болуп таркап кеткен.

Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок



Автор: Анна Деус

Илгери-илгери эң байыркы жана эн бийик эмен дарагынын чокусунда кичинекей жалбырак өсүп чыгыптыр. Ал өтө назик эле, жылдыздай жаркыраган жука тамырлары күндүн жарыгында жылтырап турчу. Жалбырак чон жана белгилуу болгусу келчү. Ал шамалда чимирилген чоң жана бекем жалбырактарга суктанып, өзү да ошондой болууну эңсечү.

— Мен ушунчалык кичинекеймин, — деп арызданды жалбырак шамалга. — Бул чоң дүйнөдө кантип өзгөртүү киргизе алам?

Шамал акырын шыбырады:
— Сенин күчүңдү али биле элексиң.

Бирок жалбырак ишенген жок. Ал чоң жалбырактардай жаркырап, өзгөчө болгусу келип, аларды көргөн сайын капаланды.

Күз келгенде, жалбырак чоң жалбырактар дарактан түшүп жатканын байкады. Алар биринен сала бири абада айланып, жерге конушту.

— Эми менин да кезегим келген го, — деп ойлоду жалбырак.

Бирок ошол учурда ага күн нурунан жасалгандай жеңил жана тунук канаттары бар көпөлөк учуп келди.

— Эмнеге мынча капа болуп жатасың? — деп сурады көпөлөк. — Сен озгочосун!

— Кантип мен озгочо боло алам? — деп таң калды жалбырак. — Мен болгону кичинекей жалбыракмын, эч нерсеге жарабайм. Мени шамал учуруп кетет.

Көпөлөк жылмая жооп берди:
— Жылдыздарды карачы. Алар алыста, кичинекей көрүнөт, бирок алар өз жарыгы менен жердин бардык бурчун жарык кылат.

Жалбырак ойго чөмүлдү. Түн киргенде, асмандагы сансыз жылдыздарды көрүп, ар бир жылдыз чоң ааламдын бир бөлүгү экенин түшүндү. Өзү да ошол эмендин чоң дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенин билди.

Күздүн сыйкыры улана берди. Жалбырак бутактан үзүлүп түшкөндө, шамал аны акырын жерге алып келди. Ал эмен дарагынын тамырларын жылуу жаздыкча менен жапкан жумшак килемдин бир бөлүгүнө айланды. Ошол учурда ал чоң даракты коргоп, азыктандырганын түшүндү.

Шамал акырын шыбырады:
— Сен күчүңдү таптың, Кичинекей Жалбырак.

Жалбырак жерге сиңип кетер алдында жылмайды: ал эми түшүндү, эң кичинекей нерсе да табияттын улуу айлампасында маанилүү экенин.



























Бактылуу карылык жөнүндө жомок

Илгери Кудайберди деген дыйкан жашаган экен. Анын аялы жана эки уулу бар эле. Анын дарбазасынын жанында чоң таш жатчу экен. Ар дайым ал таштын жанынан өтуп бара жатканда, таш минтип сурайт эле: «Эй, кожоюн, сен эмне каалайсың: бактылуу жаштыкпы же бактылуу карылыкпы?»


Кудайберди бул суроого эмне деп жооп беришти көпкө ойлонуп жүрдү. Акыры ошол эле айылда жашаган акылман карыяга барып:

— Дарбазанын жанындагы таштын жанынан өткөн сайын, ушул эле суроону сурайт берет: «Сен эмне каалайсың: бактылуу жаштыкпы же бактылуу карылыкпы?» Көпкө ойлондум, бирок эмне деп жооп беришти билбейм, — деди.

Карыя мындай жооп кайтарды:
— Ташка мындай жооп бер: «Жаштыгым кандай болсо да, карылыгым бактылуу отсун.» — деп.

Ошентип, Кудайберди таштын жанына барып, анын суроосуна жооп берди:
— Жаштыгым кандай болсо да, карылыгым бактылуу болсун!

Тилекке каршы, андан кийин эле Кудайбердин башына бактысыздыктар удаа-удаа түшө баштады. Алгач ата-энеси каза болду, анан малы оорудан кырылды, кийинчерээк чагылган тийип үйү өрттөнүп кетти. Аялын жана балдарын араң куткарып калды, бирок үйдө эч нерсе калбай, күлгө айланды.

Кудайберди эмне кыларын билбей, иш издеп, үй-бүлөсү менен белгисиз жакка жөнөдү. Ал иш сурап көп жерлерге кайрылды, бирок эч жерден иш таба алган жок.

Бир күнү жолдо жаш жигиттерди жолуктуруп калды. Алар анын аялынын сулуулугуна суктанып, аялын тартып алып кетишти.

Кайгыга баткан Кудайберди эки баласы менен ары карай жол тартты. Бара жатып бир дарыяга жетти. Дарыянын жээгинде чоң дарактын түбүнө бир баласын калтырып, экинчисин дарыядан өткөрүп, кайра артына кайтты. Бирок дарыядан баланы өткөрүп келип, караса, биринчи баласын карышкыр алып качып кетиптир.

— Оо кудай! — деп кыйкырып Кудайберди карышкырдын артынан кубалап жөнөдү. Бирок ошол учурда экинчи баласы колунан суурулуп кетип, дарыяга тушуп кетти.

Кудайберди эси ооп жатып калды. Бир кезде анын жанынан атчан бирөө өтүп бараткан. Атчан аны көрүп, жардам берди, эмне болгонун сурады. Кудайберди башынан өткөндөрүн айтып берди. Атчан ага кайрат берип:
— Эркек адам мынтип үмүт үзбөшү керек! — деп жолун улады.

Кудайберди өзүн кармап, кайра жолун улады. Акыры ал шаарга жетип, бир соодагердин дүкөнүн тазалап иштөөгө орношту. Кудайберди акылдуу жана сабаттуу болчу, бирок муну кожоюнга билдирбеди.

Бир күнү дүкөндө иштеген башка кызматкер эсепте ката кетирип койду. Кудайберди муну байкап, кожоюнга айтты. Соодагер катаны текшерип, чындыкка көзү жеткенде, ката кетирген кызматкерди кызматтан бошотуп, анын ордуна Кудайбердиді койду.

Көп өтпөй Кудайберди өзүнүн акылдуулугу жана эмгекчилдиги менен ишин өркүндөтүп, кожоюнунун ишенимине кирди. Соодагер аны дүкөндөрүнүн башкы башкаруучусу кылып дайындады. Соодагердин баласы жок эле. Акыры ал Кудайбердиді өзүнүн уулу катары кабыл алып, бар байлыгынын жарымын ага өткөрүп берди.

Бирок Кудайбердидин жүрөгүндөгү кайгы басылбай койду.

Ал убакта өлкөнүн падышасы каза болгон. Анын өлөр алдында айткан осуяты боюнча, анын үч көгүчкөнү элдин арасынан жаңы падышаны тандашы керек эле. Эл чогулганда, көгүчкөндөр топтун үстүндө айланып учуп, бир адамды тандады. Бул адам — Кудайберди болчу. Ошентип, ал падыша болуп, акылмандык менен өлкөнү башкарды.

Бир күнү эл ичинен бир аялдын көп кайгырып жүргөнүн укту. Аялды чакыртып, анын жүрөгүндөгү кайгыны сурап билди. Аял анын жоголгон жубайы, ал эми жоокерлер анын балдары болуп чыкты. Кудайберди акыры бактылуу картылыкка жетти.

Ошентип, Кудайберди сыноолорду женип туболук бактылуулукка ээ болгон экен.

























Нооруз жөнүндө жомок

Илгери-илгери өткөн заманда акылман, боорукер, иштерман кыргыз калкы болуптур. Алар жаратылыштын, жер-асмандын, ай-жылдыздардын сырларын мыкты өздөштүрүшүп, алардын ар бир кыймылын билишкен. Күндөрдүн биринде, кыш бүтүп, жаз башталып, жер эне ойгонуп, , жер бетине көк чыга баштаган мезгил- жаңы жылды – Ноорузду майрамдоого бел байлашат.

Алар чөп, гүл өскөн талааларга чыгып, майрамга даярдана башташты. Үйлөрдү, көчөлөрдү кооздоп, даамдуу тамактарды, сүмөлөк жасап, ыр ырдашкан.

Нооруз күнү келгенде эл чогулуп, майрамды башташты. Алар кыргыздын улуттук оюндарын ойноп, бийлеп, ыр ырдашты. Жаңы жылга кубанып, бакыт-таалай, жакшылык, ырыскы, береке, элибизге ынтымак алып келсин деп үмүт кылышты.

Бул адамдардын арасында Акылтай аттуу кичинекей кыз бар эле. Акылтайга аны курчап турган дүйнө, жаратылыш абдан кызык эле, ал ушу жөнүндө көбүрөөк билгиси келген. Ал айланасындагы жаратылыштын кооздугуна суктанып, улуулардан Нооруз майрамын эмне үчүн майрамдашарын сурады.

Нооруз — жаз майрамы, жаңы башталыш деп жооп беришти улуулар. Бул күнү жаратылыш кышкы уйкудан ойгонуп, гүлдөр жайнап, жер жаңы түшүмгө даярдана баштайт. Бул адамдар менен жаратылыштын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ортосундагы байланыштын мезгили.

Акылтай Нооруз жаратылыш менен кайра байланышуу жана жаңы мүмкүнчүлүктөр экенин түшүндү. Ал буга шыктанды жана ар күнүн айланасындагы дүйнөнү изилдөө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу менен өткөрүүнү чечти.

Ошентип, Нооруз кубанычтын гана эмес, шыктануунун, жаңылануунун, жаңы башталыштардын мезгили болуп калды. Ал эми жыл сайын Нооруз келгенде, элдер чогулуп, үмүткө, жакшы ой-тилектерге, жаңы максаттарга, мүмкүнчүлүктөргө толгон, жаңы жашоонун башталышын белгилешет.





Тамсил: Ташбака менен коён



Ташбака менен коён кимиси кыйын чуркайт деп мелдеше кетишет. Ошентип мелдеш башталды. Коён өзүнүн шамдагайлыгына ишенип, ташбакака мындай деди:
— «Сен акырын баса бер, мен бираз эс алып анан бат эле сенден ашып кетем».
Ошентип ал жолдун четине жатып уктап калды.

Ал эми ташбака акырын мараны көздөй жыла берди. Ошентип, ал уктап жаткан коёнду артта калтырып биринчи келип жеңишке ээ болду.

Бул тамсилдин мааниси, канчалык кыйын болсоң дагы аракет кылбасаң женишке жетпейсин.































































Тамсил: Кемпир жана тоок


Бир кемпирдин тоогу болуптур. Ал тоогу күнүгө эртең менен бирден жумуртка тууп берчү экен. Кемпирге бир жумуртка аздык кылат. Ал мындай ойлонот:
«Мен тооогума эки эсе көп жем берсем, ал мага күнүнө экиден жумуртка тууйт болуш керек!»

Ал ошондой кылды, бирок тоок бат эле семирип, таптакыр туубай калды!

Бул тамсилдин мааниси, болгон нерсеге шугүр кылыш керек.





















































Эки бака жана кудук

Автору: Эзоп

Көлмөдө эки бака жашачу. Жайдын чилдесинде ачуу тийген күндүн астында көлмө соолуп калды. Бакалар башка үй издеп жөнөштү. Жолдо кетип бара жатышып суусу бар терең кудукка туш болушат.

Биринчи бака ойлонбой туруп мындай дейт:
-«Кел, ушул жерде жашайлы. Үстүбүздө чатырыбыз да болот, суубуз да болот.

Экинчи бака, кудуктун ичин карап, шашпай ойлонуп туруп анан мындай деп жооп берди:
— «Бул жер болбойт, кудуктагы суу кургап кетсе, биз кантип ушунча терең кудуктан чыгабыз?»

Ошондуктан бир нерсе кылаардан мурун, анын кесепеттери кандай болот ойлонуңуз.