Сабактын темасы: Туура көп грандыктар
Сабактын максаты:
Билим берʏʏчʏлʏк: Туура көп грандыктар жөнʏндө тʏшʏнʏшөт. Туура томпок көп грандыктардын чокуларынан чыккан кырлар менен грандардын байланышын изилдөөдө көп грандыктартын пайда болуу тарыхын жана анын өнʏгʏʏшʏ жөнʏндө таанышышат.
Өнʏктʏрʏʏчʏлʏк: Окуучулар байкоо жʏргʏзʏʏдө,анализдөөдө таанып билʏʏсʏн өнʏктʏрө алышат, чечим чыгара билишет.
Тарбиячылык: Жашоо-турмуштагы башка илимдер менен болгон байланышын жана практикалык маанисин көрʏшөт. Математика болгон кызыгуусу артырылат,маданиятуу маектешʏʏгө, жоопкерчиликтʏʏ сезимге тарбияланышат.
Сабактын тиби: таанып-билʏʏчʏлʏк
Колдонуучу каражаттар: Проектор,моделдер,кагаздар.
Сабактын планы:
Уюштуруу:
Сабактын максатын көрсөтʏп берʏʏ
Алынган билимдердин негизинде көнʏгʏʏ иштөө
Жаңы материалды окутуу
Окуучуларга табияттан маалыматтар
Көнʏгʏʏ иштөө
Жыйынтыктоо
Сабактын жʏрʏшʏ:
Слайд 1 Мугалим: «Туура көп грандыктар геометрияда кызыктуу бир темалардын ичине кирет. Бул жерден кызыктуу илимий гипотезаларды, кайталангыз касиеттерге ээ болгон геометриялык телолорду көрө аласынар. Бʏгʏнкʏ сабакта туура көп грандык деген эмне?, анын канча тʏрʏʏ бар. Жашоо-турмушта көп грандыктын практикалык мааниси эмне, каякта жана эмне себептен керектиги жөнʏндө билебиз.»
Слайд 2 Улуу математик жана философ Льюис Кэроланын сөзʏндө: «Туура көп грандыктарга аз көңʏл бурулат. Бирок,ал ар кандай илимде абдан жөнөкөйлʏʏгʏ менен эң тереңдигине жетише алган.
Чачылган моделдерди аныктоо: (Бир окуучу чыгат. Окуучулар менен бирдикте моделдерди аныкташат. Ал жерде пирамидалар, призмалар, айлануу телолору бар)
Көп грандык деген эмне?
Туура призма деген эмне?
Туура пирамида деген эмне?
Бул экөөнʏ туура көп грандык деп айтсак болобу?
Слайд 3 Туура көп грандыктардын тʏрʏн изилдөөгө көнʏгʏʏ иштөө: ( 4 топко баракчалар таркатылат)
Көрсөтмө: Туура көп грандыктын ар бир көп грандуу бурчтарынын суммасы 360˚ кичине.
Көп грандуу бурчтардын суммасы
n
360
Грандары | туура n-бурчтуктун ички бурчу | n=3 | n=4 | n=5 | n=6 | Чечим: |
Туура ʏч бурчтук | | | | | | |
Квадрат | | | | | | |
Туура беш бурчтук | | | | | | |
Туура алты бурчтук | | | | | | |
Анализдешет,чечим чыгарышат. Слайд 5
Туура көп грандыктар аталыштарынын себептери:
Слайд 6 Грек тилинен которгондо Эдрон-гран, тетра-4. Гекса-6, окто-8, додека-12, икоси-20
Тетраэдр-грандары туура ʏч бурчтуктар. Ар бир чокусунан ʏч кыр чыгат.
Куб- грандары квадраттар. Ар бир чокусунан ʏч кыр чыгат.
Октаэдр-грандары туура ʏч бурчтуктар. Ар бир чокусунан төрт кыр чыгат.
Додекаэдр-грандары туура беш бурчтуктар. Ар бир чокусунан ʏч кыр чыгат.
Икосаэдр- грандары туура ʏч бурчтуктар. Ар бир чокусунан беш кыр чыгат.
Байыркы грек окумуштуусу Евклид «Башталыш» китебинин 13-санында жазып кеткен экен. Кээде бул көп грандыктарды Платондун телолору деп атащкан экен.
Слайд 8 Байыркы грек улуу ойчулу Платон (б.э.ч. 428-348). «Дʏйнө 4 элементтен турат деген. От,жер,аба,суу»
Слайд 9 Платондун телолору дʏйнөнʏн сʏрөтөлʏшʏндө негизги философиялык ордун көрсөтʏшкөн.
Слайд 10 Азыркы заманда чоңдуктарды 4 абал менен салыштырат.(катуу,суюк,газ,от)
Тетраэдр-От. Анын чокусу тоонун чокусунда жалындагыдай оттой болуп өйдө багытталган.
Икосаэдр- агып туруучу сууну элестет
Куб-Жерди элестетет. Фигуралардын ичинен эң туруктуусу.
Октаэдр-абаны элестетет
Додекаэдр- бардык дʏйнөнʏн символун элестетет. Латын сөзʏнөн «квинта эссенсия» эң негизги дегенди тʏндʏрөт.
Слайд11 Туура көп грандыктар жандуу жана жансыз жаратылышта.
Слайд 12 Феодарий-бир клеткалуу жандык. Деңиз тʏбʏндө жашайт. Корал балыгынын азыгы. Анын коргонуу ʏчʏн 12 чокусунун 12 учтуу ийне чыгып турат. Беттик грандарынын аянты эң кичине болгондуктан, суунун тереңиндеги басымды азайтууга жардам берет.
Слайд 13 Биологтор көп вирустардын формасын икосаэдрге окшоштурушкан. Бактериофактын вирусунун баш жагы икосаэдрдикиндей. Ал эми полимелиттин вирусу додекаэдрдикиндей. Ал адамдарда жана приматтарда жашайт жана көбөйʏшөт.
Слайд 14 Метан- углеводород,тʏссʏз,жытсыз газ. Кристалдык торчосу тетраэддин формасындай. Кʏйʏʏчʏ зат катары колдонушат. Абада жарылуучу аралашма.
Слайд 15 Аш тузу-кристалдык торчосу куб формасындай. Кичинекей шарикчелер натрийдин оң иону, чоңдору хлордун терс иону.
Слайд 16 Пирит- Сары тʏстʏʏсульфид минерал ташы. Кристалдык торчосунун формасы додекаэдрдикиндей. Акылсыз алтын деген аты менен белгилʏʏ болгон. Андан кʏкʏрт кислотасын, алтын кенин, жезди, кобальтты алуучу чийки зат катары колдонушат. Пириттин касиетти бар деп ырымдап бул бизге энергич берет деп алып жʏрʏшкөн. Кошолекторуна акча алып келет деп салышкан.
Слайд 17 Магнетит- майда кара бөлʏкчө минералы. Кристалчасы октаэдрдикиндей.
Магнетиттин чакан кендери Кеминде,Чаекте,Суусамырда,Нарын шаарында бар. Ал эми Талас шаарынын жакынкы жеринде титан магнетити бар, андан темир,титан,ванадий алууга болот.
Слайд 18 Алмаз-өтө катуу минерал. Анын кристалдык торчосу октаэдрдикиндей. Катуулугу жагынан жаратылышта андан өткөн зат жок. «Асыл таш» катары колдонушат. Таза,тунук дʏйнөлʏк рынокто жогорку баага ээ. Атайын кырдаштырылып иштетʏʏн натыйжасында геометриялык формага ээ болуп «каухар», «бриллиант» деген аттар менен белгилʏʏ. Тоотектерди тешʏʏчʏ бургуларды, айнек кесʏʏчʏ буюмдарды ж.б. жасашат.
Слайд 19 Илгертеден эле кымбат баалуу кристалдардын тарыхы уланып келген. Буга мисалы-алмаздын бир тʏрʏ болгон «Кохинор» тарыхы. Бул алмаз жөнʏндө биринчи маалымат болуп Байыркы Индиядан келген. Көп кылымдар бою бул алмаз раджалардын тукумдун баалулугу болуп келген. Бирок 1526-жылы баалуу таш монголдордун колуна кеткен.Ошондон бери бул баалуу таш уруш-талаштын ташы болуп келген. 1739 жылы перс ханы Надир таштын ээси Улуу Монгол Мухаммеддин чалмасындагы ташты көрʏп «Кох и Нур» деп кыйкырган. Коштошуу учурунда достуктун белгиси болсун деп чалмаларын алмаштырышкан. 1848 жылы аскердик тополоң буюм катары алмаз англия коронасынын казынасына тʏшкөн.Англия королевасы алмаздын кырын алтын жип менен кырдап чыгылсын деген буйрук берген. Зергер алмазды көрбөгөндʏктөн алтын жиптин канча кетээрин билбеген. Ага төмөндөгʏдөй маалыматтар берилген. Чокуларынын саны В=54, грандарынын саны Г=48, кырларынын узундугу L=4мм.
(Окуучулардын оюн угуу)
Чыгарылышы: 54+48-2 =100, 100˟4=400мм=40см
Эйлердин формуласы В+Г-2=Р
Туура көп грандыктардын чокуларынын. Грандарынын. Кырларынын санын аныктоо:
Көп грандыктын тʏрʏ | Чокуларынын саны | Грандарынын саны | Кырларынын саны |
Тетраэдр | 6 | 4 | 4 |
Гекса (куб) | 12 | 6 | 8 |
Октаэдр | 12 | 8 | 6 |
Додекаэдр | 30 | 12 | 20 |
Икосаэдр | 30 | 20 | 12 |
Жыйынтыктоо: Демек туура көп грандыктар жашоо-турмушта табиятта, искусстводо кездешет экен. Ар кандай илимде (физика.химия,биология,география. ж.б.)кездешерин көрдʏк. Пифагор акылманыбыз айткандай «математика адамдын акыл-эсинин эшигин ачат» дейт. Демек математиканы биз окууга милдеттʏʏ экенбиз.