Жакында эле интернеттен көргөн бир видео мени өтө ойлонтту. Ал видеодо мектеп окуучуларынын дискотекада бийлегени жүктөлгөн эле. Алардын бийи үрөйдү учурат. Бойго жеткен кыз менен улан ушунчалык бири бирине кыналышып бийлеп жатышат.Биринчи көргөндө мындай бийди чет элдин уятсыз кинолорунан көрдүбү деп ойлодум, бирок жакшылап саресеп салсам алар кадимки эле өзүбүздүн тойлордо улуу муундардын бийлегенин туурап бийлеп жатышат.Бала көргөнүн кылат эмеспи.Бир тараптан интернетте электелбестен чыгарылып жаткан видео роликтерди жөндөө зарылчыгы келип чыгууда.
Биз той берүүнүн негизги максат маңызын унутуп, өзүбүздү кыйноо менен эл көрсүнгө өткөрүп калдык. Сиз кайсы бир жаныбардын той берип, жарыя кылып үйлөнгөнүн көрдүңүз беле? Биз адамдарга жарыя кылып үйлөнөбүз деп, бирок тойдо айбанча кылык жоруктарды жасап жатпайбызбы. Ал эле эмес эбегейсиз чыгымдар экономиканын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатат. Эч кимге кереги жок чүпүрөктөр барып келип ортодо жыртылат. Дасторконго коюлган дүйүм тамак ден соолукка пайдасынан көрө ,ченинен артык болуп, зыяны да болду. Муну баарыбыз билсек да, жоюуга аракет кылгандай болуп айыл өкмөттөн активдер көзөмөл кылгандай болсо да эмнеге өзүбүз жасап жаткандын туура эместигин билип туруп токтотпойбуз?
Балким бул көйгөйдү чечүү жолдорун ойлоп табуу керектир? Тойканага чакырылган адамдын санын чектеп (Мисалы жүз киши), союлуучу союштун санын чектеген закондор кабыл алынса кандай болоор эле? Эгер мындан ашыкча коротулган акча үчүн мамлекетке айып акча төгүү өңдүү закондор. Биздин аң сезим өсүп өнмөйүн булар пайда бериши күмөн . Бул нерселер бардарчылыктан болуп жаткандыр? Анда эмне тойдон кийин жан кыйнап чет жакка жумушка кетип жатышат. Биз жөн гана акчаны туура жумшоого аракеттенбей жатабыз. Мамлекетте коомдук ишмер же жазуучунун көзү өткөндөн кийинки туулган күндөрүнө канчалаган акча коротулуп жатат. Эгер алардын өмүрү өрнөк болсун десек , жөн гана эскерип анын жашоо жолун жаштарга айтканыбыз жакшы. Эбегейсиз чыгымды азайтып үй бүлө келечегине кам көрсө, мамлекет завод фабрикаларды курса элибизде миграция азаят беле.
Бир нече жылдар мурун союз таркаган кезде , күрүлдөп иштеп турган завод фабрикалар солгундап, эл жумушсуз , айлыксыз, айыл жеринде совхоз, фермалар жоюлуп,ар бир кожолукка малдар бөлүп берилди. Сумкалап ун ташылган кыйынчылык мезгилди баштан өткөрдүк.
Ал кезде өздүгүбүз, ата мурас эмес, кара курсактын камын ойлоп жашадык. Ал мезгилде ырчылар да аз болчу .
Азыр кудайга шүгүр искусство, туризм , куруучулук тармактары өнүгүүдө. Унутта калган улуттук каада салт, бий, кийимдерибиз жандандырылды. Эми элдик нукуралыкты ,менталитетибизди сактоо менен финдердей таза, япондордой жоопкерчиликтүү, убакытты кадырлаган, экономикасы, маданияты өнүккөн мамлекет болууга умтулалы....
Просмотр содержимого документа
«Туура жолго багыт ал»