СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Түз пропорциялык көз карандылык

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Пропорция

Просмотр содержимого документа
«Түз пропорциялык көз карандылык»

Сабактын темасы: Түз пропорцияык көз карандылык. Пропорция


Сабактын максаты: а) билим берүүчүлүк

Окуучулар тема боюнча түшүнүк алышат, пропорциянын негизги касиетин пайдаланышат

б) өнүктүрүүчүлүк

Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, аң сезими өнүгөт, теория менен практиканы айкалыштыра алышат.

в) тарбия берүүчүлүк

бири-бирин сыйлоого, тез тапкычтыкка, чынчылдыкка,өз милдетин жоопкерчилик менен аткарууга тарбияланышат.


Көсөткүчтөрү: Окуучулар тема боюнча түшүнүк алышса, пропорциянын негизги касиетин пайдаланышса, теория менен практиканы айкалыштыра алышса.



Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын жабдылышы: таблица,карточкалар, интерактивдүү доска, Билим булагы программасы

Сабактын усулу: интерактивдүү

Сабактын жүрүшү:

        • Уюштуруу

        • Жагымдуу маанай түзүп алуу

        • Алтын эреже түзүү

        • Карточкаларды таратуу аркылуу өтүлгөн темаларды өздөштүрүүлөрүн суроо

        • Жаңы теманы баяндоо



Окуучулар ар бири оң жагындагы окуучуга синоним сөзү менен комплимент айтышат.

Мисалы: Сен аябай билимдүүсүң, сени менен сыймыктанам, сен бүгүн аябай сулуусуң ж.б.


Окуучулар 3топко бөлүнүшөт.

1-топ:сентябрь

2-топ: октябрь

3-топ:ноябрь


  • Азыр кайсыл ай? Октябрь айы күз мезгилинин канча бөлүгүн түзөт? (1/3)

  • Күз мезгили жылдын канча бөлүгүн түзөт? (1/4)

  • Сентябрь айында даталуу күндөр

  • Октябрь айындагы даталуу күндөр

  • Ноябрь айындагы даталуу күндөр











Алтын эреже





















Доскада “Ойлон, изден тап!” деп аталган ватман илинип турат. Окуучулар суроолорго оозеки жооп беришет.

  1. Тик бурчтуктун аянтын кантип табабыз?

  2. Бурчтун кандай түрлөрүн билесиңер?

  3. Үч бурчтуктун аянты эмнеге барабар?

  4. Бурчту кандай курал менен өлчөйбүз?

  5. Айлананы сызуу үчүн кандай курал колдонулат?

  6. Айланын узундугун кантип табабыз?

  7. Тегеректин аянтын кантип эсептейбиз?

















“Билим булагы” программасынан Математика бөлүгүндөгү “Катыш жана пропорция” деген темага байланыштуу эрежелер, мисалдар окуучуларга көрсөтүлөт.

Практикада бирсан экинчисинен канча эсе чоң экендигин кантип табабыз? Мисалы: 8саны 2 санынан канча эсе чоң? Албетте 8ди 2ге бөлөбүз. Келип чыккан тийинди 8 саны 4 санынан канча эсе чон экеендигин билдирет.


Аныктама: эки сандын тийиндиси катыш деп аталат.

Демек а жана b 0 сандарынын тийиндиси а нын bга болгон катышы деп аталат.

а жана b сандары катыштын мүчөлөрү


Аныктама: Эки катыштын барабардыгы пропорция деп аталат.


a:b=c:d же



Мисалы: 21:7= 18:6 пропорциясын 21 санынын 7 ге болгон катышы 18 санынын 6га болгон ктышына барабар деп окуйбуз.


а менен d пропорциянын четки мүчөлөрү, b менен c ортоңку мүчөлөрү болот.


Пропорциянын туура же туура эмес экендигин текшерүү үчүн пропорциянын негизги касиетин пайдаланабыз.



a:b=c:d же болсо, анда a x d = c x b болот.



Мисалы: 45:5=36:4 45 х 4= 5 х 36 180ге барабар экендиги келип чыгат.


Эгерде пропорциянын бир мүчөсү белгисиз болсо, аны кантип табабыз?

Мисалы: х:5=9:3

Буга чейин из теңдеме чыгарууну билебиз. Демек, пропорциянын негизги касиетин пайдаланып, теңдемени чыгарабыз.

3х=5*9

3х= 45

х= 45:3

х = 15 15:5= 9:3 туура пропорция келип чыгат

.

Бышыктоо: ар бир топко бирден мисалдар берилип, презентация жасашат.


322 56 санын 3:5 катышында эки бөлүккө ажыраткыла

56= 21+35

21:35= 3:5



323 75 саны бири 35, ал эми экинчиси 40 болгондой эки бөлүккө ажыратылган, 75 саны кандай катышта ажыратылган?

75=35+40

35:40=7:8


35 х 8= 40 х 7



325 пропорцияны окугула



327 25 саны 15санына кандай катышса, х саны 12 санына ошондой катышат дегенди математикалык туюнтма түрүндө жазгыла.



15х = 25 *12

15х=300

х= 300:15

х= 20




Демек, балдар пропорция деген эмне экен?

Пропорциянын четки жана ортоңку мүчөлөрү кайсылар?

Пропорциянын туура же туура эмес экендигин кантип текшеребиз?




Баалоо: топтордун алган баллдарына карап баалоо.


Үйгө тапшырма берүү: №328

Жыйынтыктоо