Просмотр содержимого документа
«Улуу жибек жолу аркылуу саякат. 5-кл. кайталоо сабагы»
Жалал- Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов атындагы
№5 мектеп-гимназиясынын
тарых мугалими
Жусуева Турдукандын тарых сабагынан
жазган план-конспектиси
Сабактын план-конспектиси
Предметтин аты: тарых Классы: 5 Мугалимдин аты-жөнү: Жусуева Турдукан Иштеген мектеби: Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясы. 1. Сабактын темасы:Улуу жибек жолу аркылуу саякат
2. Сабактын тиби, формасы: кайталоо, оюн сабак
3. Колдонулган методдор жана ыкмалар: Жекече, топто иштөө, изилдөө, көргөзмөлүүлүк методдору
4. Сабактын жабдылышы:, китеп, сүрөттөр, интерактивдүү доска, слайд, таблицалар, таркатмалар, ж.б.
5. Предмет аралык байланыш: Биология, табият таануу, география,
6. Сабактын билим берүүчүлүк максаты: Өтүлгөн темаларды кайталап, эске салышат.
7. Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты: берилген тапшырманы аткаруу менен кабыл алуусу, ойлоосу калыптанат жана сөз байлыгын өстүрүшөт
8.Сабактын тарбия берүүчүлүк максаты; Берилген тапшырмаларды так аткарууга, топтор менен иштөөгө,бири-бирин угууга, сыйлоого үйрөнүшөт
Күтүлүүчү натыйжалар:
8.1.1.2. берилген тапшырманы аткаруу менен тарыхка көмөктөш илимдерди аныктай алышат.
8.1.1.3. Практикалык иштерди аткарууда, тарых предметине болгон кызыгуусу артат
Негизги компетенттүүлүк | Предметтик компетенттүүлүк |
1.Маалыматтык (НК1) | Хронологиялыкжана картографиялык (ПК1) |
2.Социалдык –коммуникативдик (НК 2) | Тарыхый-цивилизациялык (ПК2) |
3.Өз алдынча уюштуруу, көйгөйлөрдү чечүү (НК3) | Этномаданий (ПК3) |
| Социалдык-жарандык (ПК4) |
9. Сабактын жүрүшү :
№ | Сабактын этабы (убактысы) | убакыт (минута) | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Компетент- түүлүк | Баалоо |
Негизги (НК) | Предметтик (ПК) ) |
9.1 | Уюштуруу: Саламдашуу | 2 мин | Мугалим окуучулар менен саламдашып, дежур аркылуу жоктоп топторго бөлөт. (атайын жазылган стикерлерлерди тарттыруу менен 4 топко бөлүү: Таш Рабат, Өзгөн, Бурана, Шах-Фазил) | Окуучулар китеп, дептерлерин алышып, сабакка даярданышат. Стикерлерди тартышат, жазылган жазуусуна карап топторго бөлүнүшөт. | НК2 | | |
9.2 | Үй тапшырмасын текшерү | 5мин | Үйгө берилген тапшырмаларды сүрөттүү суроолор аркылуу суроо (слайд №1) | Өз даярдыктарына жараша жооп беришет | НК2 | | Диаг- ности калык |
9.3 | Жаңы тема: Жаңы темага өбөлгө түзүү; Максатын жарыялоо жана күтүлүүчү натыйжа; Теманы түшүндүрүү; | 10 мин 4 мин 3 мин | Мугалим сабактын шартын түшүндүрөт Балдар бүгүнкү сабагыбыз кайталоо болгондугу үчүн “Улуу Жибек жолу” аркылуу саякатка чыгабыз. Кытайдан чыккан кербендерди Кыргызстандын территориясынан сак саламат Өзбекстандын территориясына күзөтүп коюшубуз керек. Кербендер токтогон жерде тапшырмалар берилген, эгерде тапшырмаларды аткарсак кербендеги төөлөрүбүз түгөл боюнча кийинки токтоочу жайга жетет. Эгерде так аткара албасак бирден төө калып кете берет. Кайсы топтун кербени толугу менен Өзбекстандын территориясына өтсө ошол топ жеңүүчү болот. 1-тапшырма: Дал келтирүү Окуучуларга Кыргызстандын картасы түшүрүлгөн ватмандар жана архитектуралык эстеликтердин ж.б. ар кандай сүрөттөр берилет, окуучулар берилген сүрөттөрдү орду ордуна жайгаштырышат. (1-тиркеме) 2-тапшырма: класстер толтуруу Тарыхка көмөктөш илимдер боюнча класстер толтуртуу (2-тиркеме) | Окуучулар оюндун шартын түшүнүшөт Берилген ватмандагы Кыргызстандын картасына сүрөттөрдү өз ордуна жайгаштырып презентация жасашат. Өз фантазияларына жараша класстер түзүшөт, презентация кылышат. | НК2 НК1 | ПК1 ПК1 ПК2 | Диаг- ности калык Калып- тандыр-уучу Калып тан- дыруу- чу |
9.4 | Интерактивдүү көнүгүүлөр, практикалык ж.б иштер: | 8 мин | 3-тапшырма: “Биз изилдөөчүбүз” 4 топко тапшырмалар (буюмдар) берилет. 1-топко: таш дооруна таандык эстеликтер 2-топко:коло дооруна таандык эстеликтер 3-топко: тыйындар 4-топко: жазуулар | Окуучулар берилген буюмдарга карата изилденишет. | НК2 | ПК2 | Калып тан- дыруу- чу |
9.5 | Бышыктоо: | 6 мин | Күтүлбөгөн суроолор аркылу бышыктоо: Онамастика деген эмне? Маданий катмар деген эмне? Генеология деген эмне? Жазуу даректери ? Геродот деген ким? Осмонаалы Сыдык уулу? | Өз билгендерине жараша жооп беришет | НК3 | ПК3 | Сумма-тивдик |
9.6 | Баалоо: | 1мин | Төөлөрү аман-эсен түгөл боюнча Кыргызстандын территориясынан өткөндүгүнө карап, “Эң жакшы”, “жакшы” деген баа менен бааланат. | Күндөлүктөрүнө баа койдурушат. | | | Сумма-тивдик |
9.7 | Үй тапшырмасы: | 1мин | кайталоо | | | | |
9.8 | Жыйынтыктоо рефлексия: | 1мин | | | | | |
1-тиркеме
Нумизматика
2-тиркеме
археология
хронология
онамастика
тарых
этнология
генеология
палеография