СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Вирустар, микробдор жана оорулар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Вирустар, микробдор жана оорулар»

Сабактын темасы: Вирустар, микробдор жана оорулар

Сабактын максаты: • Окуучулар ден-соолугун коргоого, сактоого жана чыңдоого тарбияланышат. Алардын ден-соолугуна кам көрүү максатында балдарга жугуштуу оорулар, аларды алып жүрүүчү жана козгоочу микробдор, вирустар жөнүндө түшүнүк алышат.

• Окуучулар ар дайым таза жүрүүгө үйрөнүшөт. Ден-соолукка байланыштуу көптөгөн пайдалуу кеңештер менен таанышышат. Окуучулардын ден-соолукка болгон кайдыгер көз караштары жоюлуп алардын тазалыкка болгон көз караштары калыптанып, логикалык ой-жүгүртүүлөрү өнүгүп жана сабакка болгон кызыгуулары артат.

• Спортко, дене-тарбия сабагына карата окуучулардын туура мамилеси калыптандырылат.

Сабактын тиби: Аралаш.

Сабактын методу: Интерактивдүү

Сабактын жүрүшү: • Уюштуруу

• Υй тапшырмасын кайталоо

• Жаңы тема

• Жыйынтыктоо

• Υйгө тапшырма

• Уюштуруу: Саламдашуу. Классты жоктоо.

Мугалимдин сөзү: Балдар азыркы мезгилде коомдо ар түрдүү жугуштуу оорулар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Мисалы, геппатит оорулары, грипптин ар кандай формалары, дизенетерия, кызамык, ветрянка ж.б.у.с көптөгөн оорулар. Келгиле балдар, азыр өзүбүзчө ой жүгүртүп, эмне үчүн вирус көбөйүп, адамдарга тез арада жугушуп жатат, коомдо вирустардын, микробдордун көбөйүшүнүн себептери эмнеде? Жугуштуу оорулардын алдын алууга, аларды жок кылууга биз салым кошо алабызбы? деген суроого эссе жазабыз. Балдардын эсселерин окуп, алардын оюн уккандан кийин жугуштуу оорулар, вирусмикробдор, алдын алуу, келип чыгышынын себептери жөнүндө балдарга маалымат берем. Гепатит (сарык) жугуштуу оорулардын катарына кирет. Дарыгерлердин айтымында, учурда жаш балдар арасында бул оору кеңири жайылууда. Андыктан сарыктын түрлөрү, белгилери жана сактануу жолдору тууралуу маалымат беребиз. Оору тууралуу маалымат

Гепатит оорусу – боордун вирустар жана организмдеги уулуу заттар, ошондой эле иммунитеттин төмөндөшү менен пайда болгон сезгенүүсү болуп саналат. А гепатитин сарык оорусу же жугуштуу гепатит деп да аташат. Бул – гепатиттин жөнөкөй түрү, анын оор кесепеттери жок. Анын жугуу механизми ичеги жугуштуу ооруларына да окшош болот. Ал ооз жана кир колдор аркылуу да жугат. Вирустан улам боордун сезгенүүсү жугуштуу гепатит деп аталат. Анын учурда А, Е, Б, D, С, F, G деп аталган 7 түрү белгилүү. Кыргызстанда сарыкты аныктоонун 5 түрү боюнча реактив бар.

Вирустук гепатит жугуштуу оору болуп саналгандыктан, негизинен боордун ткандарын бузуп, өзүнүн функциясын аткарууга кедергисин тийгизет. Азыркы учурда 1 жаштан 14 жашка чейинки балдарда вирустук гепатиттин А деген түрү кездешет. Гепатиттердин арасында А вирустук гепатити 6 жашка чейинки балдарда 90 пайыз, 6-14 жашка чейинки балдарда 50 пайызга чейин болот. Бул мектептеги жана балдар бакчасындагы балдардын санынын бир имаратта көп болушу, жай, күз айларында мөмөжемиш бышкан чакта аларды жууп-тазалап жебегенден улам болот. Вирус гепатити ичеги жугуштуу ооруларындай эле адамдын организмине ооз аркылуу тамак-аш жегенде жана арыктардан суу ичкенде кирет.

Ал айлана-чөйрөгө оорулуунун заңы менен бөлүнүп чыгат жана ага конгон чымындар гепатиттин таралышына өбөлгө түзөт. Анткени вирус салкын абада көбөйө баштайт. Ошондуктан ар бир адам ден-соолугуна өзгөчө кам көрүшү керек. Азыр көчөдө тамак-аш сатуу көбөйдү. Өзгөчө базарларда көчө бойлото санитардык талапка жооп бербеген тамак-аштар сатылганын көрүп жүрөбүз. Мындай тамактарды жегенден кийин сарык оорусунун башталышына себепкер болот. Ошондой эле, бул оору кайнатылбаган, тазаланбаган суудан жугат. Өзгөчө алыскы региондордо арыктагы суудан ичишет. Андан ар кандай вирустарды жугузушат. Бул сарык оорусунун башталышына жол ачат.

Сарыкты жугузуп алган оорулуунун температурасы 38 градустан жогору көтөрүлөт. Жүрөгү айланып, тамак ичпейт, ичи ооруйт, териси саргая баштайт. Алгач оору бир жума аралыгында көп билинбейт. Көпчүлүк адамдар сарыкты сасык тумоо менен алмаштырып алышат.

Сасык тумоодо оорулуунун температурасы түшөт, ал өзүн жакшы сезип калат. Ал эми А гепатитинде температура болбошу деле мүмкүн, оорулуунун абалы көпкө жакшы боло албайт. Оорулуу чарчап-чаалыгып, бир күндө бир нече жолу уктайт.

БЕЛГИЛЕРИ Оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал 10 күндөн 35 күнгө чейинки убакытта вирустун инкубациялык мезгили өкүм сүрөт, бул мезгилде дарттын белгилери пайда боло баштайт. Инкубациялык мезгил учурунда оорулуу алсырайт, тамакка табити тартпайт, кускусу келет, ичи өтөт, денесинин температурасы көтөрүлөт, териси жана көзүнүн склерасы (агы) саргаят, зааранын өңү кочкул тартып сыранын өңүнө окшоп калат, заңдын түсү болсо агыш тартат. Дарыгер боордун тушун басып көргөндө ооруйт.

Бул учурда бейтапты ооруканага жаткыруу зарыл. С гепатити боорду шишитет С гепатити кан аркылуу жугат. Ал көпчүлүк учурда байкала бербей, акырындап өнөкөткө айланып кетет. Тилекке каршы, стоматологиялык кабинеттерден, маникюр салондорунан, татуировкастудияларынан (денеге сүрөт тарткан), ал турсун, хирургиялык жана гинекологиялык аспаптарды тазаланбаган шартта колдонууда да жугуп калган учурлар көп кездешет.

Сабакты бышыктоо:

Кургак учук жугуштуу дарт Жабыркоо Жыл сайын кургак учук оорусу менен дүйнө жүзүндө 8 млн.дон ашык адам ооруйт. Өлүмгө дуушар болгондордун саны 2 млн.дон ашат. Кургак учук оорусу - жаратылышта жугуштуу оорулар менен катар социалдык ооруларга да кирет. Ошондуктан кургак учук оорусу менен ооругандар социалдык-экономикасы төмөн, өрчүп келе жаткан жумушсуздук, миграция көрүнүштөрү көп өлкөлөрдө кездешет.

Ага Индия, Кытай, Орто Азия өлкөлөрү кирет. Кохтун таякчалары Негизинен бул оору өпкөсүндө кургак учук оорусу бар, ал карыганда бактерияларды бөлүп чыгарган кишиден жугат. Бактериялар демекчи, бул көзгө көрүнбөгөн абдан кичинекей туберкулёз таякчалары, мисалы аларды лабораторияда микроскоп алдында 1000-1200 эсе чоңойтуп караганда гана көрүнөт. Бул микробду 1882-жылы 24-мартта немец окумуштуусу Роберт Кох ачкан. Ошондуктан бул бактерияларды көпчүлүк жерде Кохтун таякчалары деп келишет.

Ушул таякчалардын ачылуусунун негизинде 100 жылдан кийин бүткүл дүйнөлүк ден-соолукту сактоо закону бул күндү кургак учук менен күрөшүү күнү деп белгилеген. Кургак учук таякчалары 3 айга чейин кургакчылыкта -26 градус С ге чейин муздаткычта, спиртке да өлбөй туруштук беришет. Түз тийген күндүн нурунда жарым саатка чейин жашашат. Бул микробдун мындай өзгөчөлүктөрү кургак учук оорусунун канчалык коркунучтуу экенин, аны менен күрөшүү канчалык кыйынчылыкты туудурганын ачык-айкын далилдейт. Таралуу жолдору Негизинен кургак учук оорусу өпкөсү ооруган киши жөтөлүп, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө какырык менен шилекейинде кохтун таякчаларын бөлүп чыгаруу менен таралат. Бул жерде эл арасында айтылып келген ачык туберкулёз деген түшүнүктү айтып кетүү зарыл.

Мындай оорулар менен чогуу жүргөн, бирге жашаган, көп убакыт бирге байланышта болгон кишилер ушул ооруга чалдыгышы мүмкүн. Ачык түрүндөгү өпкө кургак учугу менен дарыланбай жүргөн оорулуу киши бир жылда 10-15 кишиге жуктурушу мүмкүн. Кургак учук таякчалары организмине кирген кишилердин баарысы эле ооруй бербейт. Оору өөрчүп, белгилери пайда болуш үчүн белгилүү шарттар керек. Кургак учук менен кандай адамдар оорушат? Ден-соолугу таза кишиде белгилүү деңгээлде иммунитети болот, б.а. микробдор, вирустар жана башка ооруну чакыруучу агенттер менен күрөшүү механизмдери иштейт. Анын төмөндөп кетүүсүн, башка жугуштуу оорулар, кокустук жарат алгандар, жашоо шарты начар, тамак-аш сапаты төмөн, белок, витаминдер жетишпеген балдар, аялдар арасында төрөттөн, аборттон кийинки мезгилдер алып келет.

Бул ыкма дартты тез жана оңой жол менен дарылайт. Себеби какырыктын ичинде кохтун таякчалары табылат. Кээ бир мезгилде өпкөнүн кайсыл жагы сезгенгенин аныкташ үчүн рентген сүрөттөр жасалат. Оорулуу дарылоо курсунан өтөт. Тилекке каршы жаңы табылган оорулардын ичинен 15-20 пайызынын өпкө көңдөйлөрү жабылбай, оору өтүшүп, дагы деле кургак учуктун таякчаларын бөлүп чыгаруусу улана берет. Мындай учурда өпкөнүн ооруга чалдыккан жерлеринен өнөкөттүү көңдөйлөрдү алып салып, таза айыктырууга толук шартыбыз бар. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе Оорулуу жана аны курчап тургандар үчүн өздүк жана жалпы гигиенаны сакташ зарыл.

Буларга көрүнгөн жерге какырып, түкүрбөө, эл арасында, транспортто жөтөлгөндө оорулуу мурдун бет аарчы менен тосуу, үйбүлөдө орулууну өзүнчө бөлмөгө бөлүп, идиш-аяктарын 2% соода ээритмесинде кайнатып тазалоо, бөлмөлөрдү шамалдатуу, төшөнчү, жаздыктарды күнгө жаюу, убагында эс алып, тамеки тартпай, спирт ичимдиктеринен алыс болуусу шарт

Сабакты жыйынтыктоо:

Үйгө тапшырма берүү: “Жугуштуу оорулардан мен кантип сактанам”-деген темада дил

баян жазып келүү.

Баалоо: