Сабактын темасы: ЖАЙ СҮЙЛӨМ Сабактын максаттары:
а) Билим берүүчүлүк максаты: окуучулар сүйлөм жөнүндө түшүнүктөрүн тереңдетишет: б) Өнүктүрүүчүлүк максаты: окуучулар жай сүйлөмдүн бир калыпта баяндоо менен айтыларын жана тыныш белгилеринин коюлушун билишет. Грамматикалык талдоонун түрлөрүнөн маалымат алышат;
в) Тарбия берүүчүлүк максаты: топто иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...
а) сүйлөмдүн маанисине карай түрлөрүн жана алардын оозеки, жазуу кептеги өзгөчөлүктөрүн билсе;
б) жай сүйлөм ойдун жайынча баяндалуусу менен айтыларын, тыныш белгилеринин коюлушун билсе жана грамматикалык талдоону жүргүзө алышса;
в) топто иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша билсе.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
сүйлөмдөрдү маанилери, айтылыш максаттары жана интонациясы боюнча ажыратат;
интонацияга ылайык тыныш белгилеринин коюлушун үйрөнөт.
Кептик компетенттүүлүктөр:
-тексттерден жай, суроолуу жана илептүү сүйлөмдөрдү ажырата алат.
Маданий компетенттүүлүк:
макал, лакап, учкул сөздөрдүн маанисин түшүнүп, баалай билет.
оозеки кепте интонацияга ылайык туура сүйлөөгө калыптанат
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.
Сабактын методу: проблемалуу метод жана интерактивдүү метод.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо. Кайталоодо класс сүйлөм деген темага кластер түзүшө
Жаңы тема: жай сүйлөм
Сүйлөм айтылыш максатына жана берген маанилерине карай жай, суроолуу, илептүү жана буйрук болуп төрткө бөлүнөт. Сүйлөмдөгү ой жайынча гана баяндалса, жай сүйлөм деп аталат: Бизде кыргыз тили сабагы өтүп жатат. Бул сүйлөм берген мааниси боюнча бир калыпта баяндоо интонациясы менен айтылды. Жазууда болсо аягына чекит (.) белгиси коюлат.
М.: Ажар көзүнүн жашын мөндүрдөй төгүп отурат.
Мугалим: - Бул сүйлөм кайсы чыгармадан алынган, билесиңерби?
Окуучу: - К. Баялиновдун «Ажар» повестинен алынган.
Мугалим: - Туура айтасынар, «Ажар» повестинен алынган. Бул сүйлөмдө Ажардын көзүнүн жашын төгүп отурган абалы кандай интонация менен берилди?
Окуучу: - Ажардын көзүнүн жашын төгүп отурган абалы жайынча кабарлоо интонациясы менен берилди.
Мугалим: - Мындай сүйлөмдөрдүн аягына кандай белги коюлат экен?
Окуучу: - Мындай сүйлөмдөрдүн аягына чекит белгиси коюлат.
Окуу китебиндеги 115-көнүгүүдө берилген «Кызыктар дүйнөсүнөн»,
«Жибекчилик» деген тексттер жана 116-көнүгүүдөгү текст топтор аркылуу аткарылат. Окуп маанисин түшүндүрүү менен интонациясына көңүл бурушат. 117-көнүгүүдө берилген сөздөрдү катыштырып жай сүйлөм түзүү менен кандай интонация менен берилгенин айтып беришет. Мын- дан тышкары, мугалимдин тандоосу менен кошумча төмөнкүдөй тексттер сунушталат. Окуп, анда кандай ой айтылганын, тыныш белгилеринин ко- юлушун түшүндүрүшөт.
Жер титирөөнү алдын-ала сезген жаныбар
Мышыктарда кээ бир касиеттер адамдарга салыштырмалуу алда канча мыкты өрчүгөн. Мисалы: алар сааттын тыкылдаганын адамдарга караганда төрт эсе катуу угат. Алар адамдардын, жада калса, иттер- дин да, сезе албай турган үндөрдү уга билишет. Бул касиетинин жардамы менен мышыктар үйдөгү адамдардын үндөрүн айырмалай алышат. Мын- дан сырткары, алардын ар бир кулагында жыйырмадан ашык угуу клет- калары жайгашкан. Мунун натыйжасында алар ар бир кулагын өз-өзүнчө иштетип, кыймылдата алышат. Ошентип алар үндүн кайдан чыкканын кыска убакыттын ичинде таамай белгилей алышат да, олжосунун кай- сыл жерде турганын так билишет.
Бул сүйкүмдүү жаныбарлар кыбыраган кыймылдардын баарын сезе билишет. Мышыктар аппарат менен өлчөөгө мүмкүн болбогон майда силкинүүлөрдү да сезишет.
Демек, мышыктар башка жаныбарлар сыяктуу эле, жер титирөө болорун күн мурунтан билишет.
«Шоокум» журналы
Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт.
Окуучунун билим көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо:
эрежени билип, аны пайдалана алышы;
сүйлөмдү бири-биринен айырмалашы;
сүйлөм, анын түрлөрүн мааниси боюнча ажырата алышы;
жоопторунун тактыгы; -өзүнүн оюн далилдеп бере алышы;
тексттен жай, суроолуу жана илептүү сүйлөмдөрдү аныктай алышы;
тиешелүү тыныш белгилерин коё билиши.
Үй тапшырма: 118-көнүгүү