СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жайыл баатыр 18 кылымдагы кыргыздардын улуу инсаны

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жайыл баатыр 18 кылымдагы кыргыздардын улуу инсаны

Просмотр содержимого документа
«Жайыл баатыр 18 кылымдагы кыргыздардын улуу инсаны»

УДК: 94.47


ЖАЙЫЛ БААТЫР ΧVΙΙΙ КЫЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН УЛУУ ИНСАНЫ.


Ажыбаева Нурила Эргешбаевна, М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында тарых мугалими, Кыргызстан, г.Бишкек, ул. Боконбаева №146,

e-mail:[email protected]


Аннотация: Бул макалада Жайыл баатырдын өмүр жолу, саясий ишмердиги жана казак-кыргыз мамилелеринин бузулущу менен “Жайыл кыргыны” баяндалат. Касиетүү Сафед-Буланда Талкан бийдин уулу Коңурбайдан эркек бала төрөлүп, анын ысмын “жайылсын укум-тукум урпактар” деп Жайыл койгондугу, апасы саяк уруусунун Каба баатырдын уруусунан болгондугу белгиленет. Жайыл баатырдын эл арасында кадыр-баркы өсүп, эл арасындагы чыр-чатактарды, талаш-тартыштарды калыстык менен чечкен. Ал жигиттери менен Кашкар тарапка барып, андагы кыргыз уруулары Котон менен Яркен шарынын арасындагы тоолордо тейит, кесек, кыпчак, найман, карабагыш, чоң багыш, чериктер жашаганынан кабардар болгон. Ушул сапарында жигиттери бир баланы кошо ала келип, Жайыл баатырдын аялы Айкан энеге беришкен. Айкан эне ага Котон, кийин Кудайберди деп ат койуп, уулу Итикеге эмчектеш кылып багып өстүргөн. Мындан Жайыл баатырдын өзү да атасынын эрте айрылганын эске алсак, багар-көгөрү жок балдарга камкордук көргөнү баяндалат.


Түйүндүү сөздөр: инсан, кең пейил, ак үйлүү, баатыр


ЖАЙЫЛ БААТЫР-ВЕЛИКАЯ ЛИЧНОСТЬ ΧVΙΙΙ ВЕКА

Ажыбаева Нурила Эргешбаевна, учитель истории в музыкальном школе-интернате имени М. Абдраева, Кыргызстан, г.Бишкек, ул. Боконбаева №146,

e-mail:[email protected]


Аннотация: В этой статье описывается история жизни Жайыл баатыра, его политическая деятельность и разрушение казакско-кыргызских отношений в “Побоище Жайыла”. Отмечается, что в священном Сафет-Булане у Конурбая, сына Талкан бия, рождается сын, “пусть распространяются наши потомки” таким желанием они его назовут Жайылом, а мама его была саячкой от племени Каба баатыра. У Жайыл баатыра постепенно растет авторитет у населения и он справедливо решает все споры, вздоры и разногласия, которые возникают у населения. Он со своими жигитами направляется в Кашкар и там узнаёт, что в горах вокруг городах Котона и Яркента живут такие кыргызские племена как: тейит, кесек, кыпчак, найман, карабагыш, чон багыш, черики. В этой ознакомительной поездке жигиты Жайыл баатыра берут с собой одного мальчишку, и впоследствии его передают Айкан эне, жене Жайыл баатыра. Айкан эне сначала ему дает имя Котон, затем назовет Кудайберди и он растет вместе с ее сыном Итике. Здесь рассказывается о том, что если вспомнить, что сам Жайыл баатыр с малых лет рос без отца, он был очень заботливым человеком в отношении сирот.

Ключевые слова: личность, великодушный, заложник, богатырь

ZHAYIL BAATYR IS A GREAT KYRGYZ PERSONALITY OF THE ΧVΙΙΙTH CENTURY

Ajybaeva Nurila Ergeshbaevna, teacher of history at boarding-school naemed after M. Abdraev, Kyrgyzstan, Bishkek, ul. Bokonbaeva №146, e-mail: [email protected]

Annotation: This article describes the “Jaiyl genocide”, when relations between Kyrgyz and Kazakhs started to get worse, autobiography and political activities of Jaiyl baatyr. It is noted that he was born in sacred Safet-Bulan, and his father Konurbay, son of Talkan bii, named him Jaiyl, which means “let our descendants spread”. It is also known that his mother was from the Saiak tribe, which belonged to Kaba Baatyr. Jaiyl Baatyr gradually increases his authority among his people as he rightly resolves all disputes, nonsenses and disagreements that used to happen. With his jigits (fellows), he goes to Kashkar and there he learns that in the mountains around the cities of Coton and Yarkent, live Kyrgyz tribes as: Teyit, Kesek, Kypchak, Naiman, Karabagysh, Chon Bagysh, Cheriki. On this visit, the jigits of Jaiyl Baatyr take one boy with them, and they later pass him on to Aykan Ene, wife of Jaiyl Baatyr. Aikan Ene first gives him the name Coton, then he will be called Kudaiberdi and he grows up with her son Ichika. Here it is told that if we remember that Jaiyl Baatyr himself grew up without a father from an early age, he was a very caring to orphans.

Keywods : personality, magnanimous, hostage, hero

Элибиздин сыймыгы болгон улуу инсандардын бири Жайыл баатыр болгон. Ар бир доор өзүнүн баатырларын жаратат дегендей, ΧVΙΙΙ кылым да бизге көптөгөн тарыхый инсандарды жаратты. Бул мезгилде Жуңгар хандыгынын баскынчылык жоортуулдарына кыргыз, казак жана өзбек эли ар дайым бирге согушуп турган, кийин казак-кыргыз мамилелеринин курчуп турган доору болгон.

Калмактардын жер жайнаган аскерине туруштук бере албай, кыргыз урууларынын көпчүлүк бөлүгү убактылуу Фергана аймагына жана Чыгыш Түркстанга, Каратегинге, Гиссарга сүрүлгөн. Алардын арасында Жайыл баатырдын чоң атасы Талкан бий болгон. Ал солто уруусунун бийи болуп, кыргыз санжырасында аны Чаанын тукуму деп берилет [2. 187-б.]. Анын ак үйлүү болуп жүргөн уулу Байболот Галдан Коңтаажынын тойунда калмак балбаны Чыкыкты жеңгенде, калмактар каарданып кыргыздарды кырганга даярданганын угуп, Талкан бий элин аман сакташ үчүн Куляб, Алай, Өзгөн өрөөндөргө барып, Сафед-Буланда туруп калат [8.18-б.].

Касиетүү Сафед-Буланда уулу Коңурбайдан эркек бала төрөлүп, анын ысмын “жайылсын укум-тукум урпактар” деп Жайыл койот [8, 242-б.]. Бирок баатырдын туулган жылы жөнүндө так маалымат жок. Эгерде “Кыргызстан” улуттук энциклопедияда болжолу 1692-жыл деп [3. 227-б] берилсе, Ө. Ж. Осмонов болжолу 1703-1705ж. чени [5. 322-б] деп белгиленет. Ал казак ханы Абылай менен согушканда М. Төлөбаевдин “Жайыл баатыр” керээзинде :”Жетимиштин элүүсүн, Коргоп элим келгенмин” [8.115-б.] деп Жайыл өзү айтат. Ал эми Д. Сапаралиев 1710-жылда ата конушунан алыс Сафед-Буланда төрөлгөн [6.6б.] деп жазган. Абылай хандын кыргыздарга чабуулу жөнүндөда кайчы пикирлер бар, бири 1774-жылы деп белгилейт. Эгер казак-кыргыз согушун 1779-жылы деп белгилесек, анда Жайыл баатыр болжол менен 1709-1710жылдары төрөлгөн.

Жайыл баатырдын апасы саяк уруусунун Каба баатырдын уруусунан болгон[6. 4-5 б]. Анын атасы Коңурбай ал жаш кезинде эле каза болгон. Атасынын агасы Кошой тарбиялап, көп нерсеге үйрөтөт. Ага энчилеп ат токуп берип, жаа тартканга үйрөтөт [8. 142-б.]. Кокондон молдо алдырып, сабаттуулукка, арабча окуганга үйрөтөт. Ал жаш чагында Фергана тарапта жүргөндө отурукташкан элдин турмушу менен жакындан таанышып, эгин эгип, дан баккандын сырын үйрөнгөн. Аларды Атажуртка кайтканда элге үйрөтүп, кол өнөрчүлүк жана соода-сатыкка аралаштырып, тезирээк ирденүүгө, эмгекчилдикке үйрөткөн[5. 322-б.].

Жайыл баатыр жаштардын илим-билим алуусуна да көп салым кошкон. Окууга умтулган, зээндүү балдарды Бухара, Ташкентке чейин жиберип, аларды чоң медреселерде окуп, билим алуусуна кам көргөн. Мектепи ачып, Анжиян, Наманган, Кокондук молдолорго балдарды окуткан [5. 322-б.]. Демек ал өзү билим алгандыктан, жаштарды да сабаттуулукка үйрөтүүгө кам көргөн. Бул анын келечекти көрө билгенинен кабар берет.

Биздин ата- бабалар киндик кан тамган туулган жерге өзгөчө көңүл бурган. Чоң атасы Талкан бийдин керээзи менен солто элин Кошой бий Чүйгө алып жөнөгөн. Бирок ал 85 курагында Кетмен-Төбөдө каза болгон [8.151-б.]. Жайыл баатырдын калыстыгын, кең пейилдүүлүгүн эл башчысы болоорун байкап, Кошой бий элди туулуп өскөн Чүйгө барууну тапшырат.

Жайыл баатырдын эл арасында кадыр-баркы өсүп, эл арасындагы чыр-чатактарды, талаш-тартыштарды калыстык менен чечкен. Ал жигиттери менен Кашкар тарапка барып, андагы кыргыз уруулары Котон менен Яркен шарынын арасындагы тоолордо тейит, кесек, кыпчак, найман, карабагыш, чоң багыш, чериктер жашаганыннан кабардар болгон. Ушул сапарында жигиттери бир баланы кошо ала келип, Жайыл баатырдын аялы - Айкан энеге беришкен. Айкан эне ага Котон, кийин Кудайберди деп ат койуп, уулу Итикеге эмчектеш кылып багып өстүргөн. Демек, мындан Жайыл баатырдын өзү да атасынын эрте айрылганын эске алсак, багар-көгөрү жок балдарга камкордук көргөнүн көрөбүз.

Жайыл баатыр алысты көрө билген инсандардан болгон. 1758-1760-ж. кыргыз элчилерди Кытайга жөнөткөндө неберелери Шарип менен Шоорукчуну элчи башчысы Нышаага кошуп жиберген. Биринчиден, эл көрсүн, жер көрсүн десе, экинчиден Кытайга барып тил үйрөнүүнү кааласа керек. Себеби Кытай хандыгы шарт боюнча аларды ак үйлүү кылып калтырганда, алар бат эле тил үйрөнүп, кийин эл жерине кайта албай, үй-бүлө күтүп калышкан. Алардын тагдыры жөнүндө “Жайыл баатыр” китебинде “Шарип менен Шоорукчунун тарыхында кенен берилет [8. 302-368-б.].

Кыргыз-казак чатагы ошол доордогу эки элдин ынтымагын бузуп, бири-бирине жоо кылып койгон. Жоокерчилик заманда жылкы тийип, малдарынан эле ажыратпастан, эр жүрөк баатырлардан да ажыраткан. Ага казактардын эр жүрөк, Көк жал Барактын өлүмү мисал. Э. Туганбаев агайыбыз бул маселеге кенен токтолгон. Орто Азиядан чыккан алгачкы тарыхчылар Ч. Валиханов менен Б. Солтоноев [ 7. 165-167 б.] бул эки элдин ортосундагы мамилелердин бузулушунун башкы себептеринин бири Барак султан экенин көрсөтүшөт.

Бирок кыргыз менен казак мамилелеринин бузулушунун башкы себеби-Жуңгар хандыгынын саясий жана ич-ара экономикалык жактан алсырай башталышы болгон. Кийин Цин империясы жуңгарларды 1758-1759жж. тыптыйпыл кылып талкаланышы менен бош калган конуштарды ээлөө башталган. Ошондо казак-кыргыз мамилелери татаалдана баштаган. Солтодон Момокон Таластын этегинде, Чоң Капкада Садыр баатыр казактардын жылкысына тийишип, казактарды жүдөткөнү да шылтоо болгон. Казактар анын ичинде Жайыл баатырдын досу Жоогач баатыр да Абылай хандан жардам сурап кайрылган.

ΧVΙΙ к. 70-жылдары казак, кыргыз кагылыштары күчөп кеткен, Абылайдын таластык жана чүйлүк кыргыздарга кол салуусун көп окумуштуулар Ө. Осмонов 1770-жылдары болжолу 30 миң аскер менен кол салат десе, Д. Сапаралиев 1774-ж. деп белгилейт. Бул кармаш жөнүндө эл арасында “Жайыл кыргыны” деген атка конгон. Аблай алгач Таластын башы аркылуу кыргыздарга кол салып, Кара-Балта, Сокулуктагы солто менен саяктардын айылдарын талап тоногон. Чечүүчү салгылашуу Ак-Суу жана Кыз-Тууган өзөндөрү Чүй суусуна куйган жерде өткөн. Бул салгылашууда Жайыл баатырдын жары Темиржан эне да кыз-келиндерди чогултуп, зоот кийим кийгизип, жаа атканды үйрөтүп, жоодо казактардан жоокерлер кача бергенде тууну ала баканга илип алып, туудан өтүп кеткениңер “ катынсыңар!”-деп намысына тийип, жоокерлер кайра жоого беттеп кармашкан деп эл оозунда айтылып калган.

Ошентип бул теңдешсиз кармашта Жайыл баатыр балдары менен Үсөн, Теке жана Итике Абылай хандын колуна түшүп, кичүү уулу бошотулуп, Жайыл эки уулу менен өлүм жазасына тартылган [8.195-б.]. Кыргыздардын жеңилүүсүнүн негизги себеби, кыргыз урууларынын солто, саяк, бугу, саруу, кушчу ж. б. урууларынын ортосундагы ынтымактын жоктугу болгон. Ал эл оозунда калган “Жайыл баатырдын керээзинде” [4. 175-б. ] кездешет. Ошол кыргындан кийин 40 үйлүү солто калган деп Ч. Валиханов [1. 106-б.] жазат.

Адамдын инсан катары калыптанышы үчүн адамдык сапаттар калыптанышы зарыл. Жайыл баатырдын колдо болгон маалыматтарга таянып, улуу инсан экендигин төмөнкү сапаттардан билсек болот:

  1. Анын кең пейилдүүлүгү. Абылай колго түшкөндө, эки элдин ынтымагын ойлоп, кең пейилдик кылып бошотуп жиберген;

  2. Анын калыстыгы. Кошой бий элин алып Чүйгө жетпей Кетмен-Төбөдө көз жумарда, элди чакырып, керээзин айтып бул ишти ага ыйгарган. Кошой аны өзү тарбиялап өстүргөндүктөн, аны ушул сапатына көңүл бурса керек;

  3. Анын баатырлыгы. Жайылдын жаштайынан ат үстүнөн түшпөй, согуш ыкмаларын үйрөнгөн. Калмактын баатыры Кебнасаны жеңгенден баштап, “Ошол күндөн, ушул кун. Жайыл баатыр атанды” деп айтылат [8. 29-б. ]. Аблай хан кол салганда өзгөчө баатырдык көрсөтүп, ал баштаган кол адегенде казак колун чегиндирген. Бирок Абылай хан баштаган кол качкан казактар биригип, анын колун ортого алган. Эки ортодо калган Жайылдын күчү каармандык менен аябай кармашкан. Жайыл салгалашууда ар дайым алдыңкы катмарда салгылашкан;

  4. Анын билимдүүлүгү. Жогоруда айтылгандай өзү да кат таанып, жаштарды алыскы Бухара, Ташкенге чейин жиберип турган;

  5. эл таңдырын ойлоп алыскы Кытайга элчи жөнөтүп, кытай-кыргыз мамилесин чыңдагысы келген.

Ошентип, Жайыл баатыр өз доорунун улуу инсаны болгон. Анын өмүр жолу, элдин камын ойлоп жасаган иштери, көз каранды эместик үчүн күрөшү биздин жаш муундарды патриоттуулукка, Ата Мекенин коргоого чакырат.

Пайдаланылган адабияттар тизмеси:

  1. Аттокуров С. Кыргыз санжырасы,- Бишкек, 1995.-106 б.

  2. Кыргыз санжырасы /Башкы ред. К. Жусупов; К. Кушубеков. М. Адышев- Бишкек,

1994.-187 б.

  1. Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Т. 3. – Бишкек, 2011. -227 б.

  2. Момунова Г. Жакшы сөз айткым келет. – Бишкек. 2012. -176 б.

  3. Осмонов Ө. Ж. Кыргызстан тарыхы ( Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин).- Бишкек, 2010. – 322 б.

  4. Сапаралиев Д. Б. Кең пейил баатыр-Жайыл хан ( Чагылган. 19. 02. 2017.-4-5б.

  5. Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. –Бишкек, 1993. -165-167 б.

  6. Төлөбаев М. Оморов А. Токтогулов Т. Бокөев Б. Жайыл баатыр, Бишкек, 2006. -18, 29, 242, 115, 302-368 б.

2