«Жаныш Байыш»
«Жаныш Байыш» эпосу эл ичине эң кеңири тараган чыгармалардан. Азыркы учурда Кыргыз ССР илимдер Академиясынын Тил жана Адабият институтунун кол жазма фондусунда бул эпостун төрт варианты бар. Биринчи вариантын 1922-жылы Молдобасан Мусулманкуловдон1 К. Мифтаков жазып алган. Экинчи вариантын дагы К. Мифтаков 1923-жылы Жанаев Жусупалыдан2 жазып алган.
Үчүнчү варианты 1961-жылы Орузбай Урмамбетов тарабынан жазылып тапшырылган3 Төртүнчү варианты атактуу акын Калык Акиевдин айтуусу боюнча 1939-жылы басмадан чыккан. «Жаныш Байыш» эпосунун варианттары мазмун тараптан экиге бөлүнөт. Тактап айтканда, Молдобасан Мусулманкулов менен Жанаев Жусупалыныкы бир, Калык Акиев менен Орузбай Урманбетовдуку бир багытта.
Мисалы: М. Мусулманкуловдон жазылган «Жаныш, Байыш» эпосунун окуясында Жаныш, Байыш калмактарга калмактын Шумурут деген падышасынын Желмаян деген жансызынын азгыруусу менен барып аргасыздан согушат, Байыш колго түшөт. Ушул эле мотив Жанаев Жусупалыдан жазылган вариантта орун алган. Окуянын калган өнүгүшү да бирдей. Окуянын өткөн жери Алты шаар тарапта. Эпостогу каармандардын аттарына чейин бири-бирине окшош, Жусупалыдан жазылган вариантты окуганда Мусулманкуловдон уккан болуу керек деген ой туулат. Бирок бул эпосту ал Төлөгөн деген караколдук акындан үйрөнгөнүн эскерет. Кантсе да Мусулманкуловдун варианты менен үндөштүгүн эпостун бардык касиетинен — идеялык мотивдеринен композициялык түзүлүшүнөн толук байкайбыз. Буларда бар болгону көлөм жагынан гана айырма бар. Жанаев Жусупалыдан жазылган вариант 36 беттен, Молдобасан Мусулманкуловдуку болсо 129 беттен турат. Экөө тең ыр менен айтылган.
М. Мусулманкуловдун варианты көлөмүнө жараша ырааттуу, толук берилген. Сүрөттөө жагдайлары да кеңири. Бирок көркөмдүк жактан К. Акиевден жазылган варианттан алда канча ылдый турат деп так эле айтууга болот.
О. Урмамбетовдон жазылган варианттын негизги композициялык түзүлүшү, идеялык мотивдери К. Акиевдикине эң окшош. Ага карабастан мында эки орчундуу өзгөчөлүк бар. Биринчиси – эпостун башталышында Жаныш менен Байыштын калмактарга каршы аттанышы өткөн өчтү, кеткен кекти кууп жыл сайын калмакка төлөгөн салыктан (41 кыз, миң кундуз берип турган) кутулуш үчүн каршы чыгат. Экинчи, эпостун аягы Жаныш, Байыштын жеңиштүү келиши менен бүткөн. Биз бул үч варианттагы айрым өзгөчөлүктөрдү атайылап К. Акиевдин вариантындагы окуялардын түшүнүктүү болушу үчүн келтирдик. Анткени, К. Акиевдин вариантындагы Жаныш, Байыштын калмактарга, кытайларга каршы аттанышы эпостун идеялык
1 Кыргыз ССР илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун кол жазма фондусү. Инв № 1262
2 Ошол эле фондуда, Инв № 501
3 Ошол эле фондуда, Ивн № 5186
мотивиндеги терс көз караш катары каралып жүрөт. Чындыгында «Жаныш Байыш» эпосундагы идеялык мүчүлүштөр кайсында, алар эпосто кандайча орун алган — бул маселеге биринчи кезекте токтолуп өтүү зарыл. Сөзсүз, элде айтылган, эл оозеки чыгармасында өмүр сүргөн чыгарманын баары эле элдик идеяны, элдик ой-мүдөөнү көрсөтө бербейт. Анткени таптык коомдо үстөмдүк кылып турган эзүүчү таптар да элдик эпостордун, элдик лирикалардын саясы курал экенин түшүнүшкөн. Ошондуктан өзүлөрүнө жаккан, өз кызыкчылыгына туура келген идеяны эпосторго кийрүүгө көп аракет кылышкан. Дал ошондуктан алар эшик ага ырчыларды, уруу ырчыларды, жомокчуларды күтүшкөн. Дал ошондуктан бир эле эпостун элдик жана элге жат варианттары келип чыккан. Бирок ага карабастан элдин түбөлүктүү чыгармасы канчалык бурмаланганына карабастан элдин жаркын үмүтүн. кыялын, турмушун, ой-тилегин чагылткан боюнча кала берет. Ошондуктан эпоско кирген жат идеяларды тазартуу же туура баа берүү ар бир адамдын милдети. Ал үчүн баарыдан мурда ошол бааланып жаткан чыгарманын жанрдык өзгөчөлүгүн так ажыратып ага таандык касиеттерди ачык сезүү зарыл. Антпесе эпосторду реалисттик пландагы тарыхый чыгарма катары карап тарыхты бурмалаган деп жыйынтык чыгаруучулар да табылат. Экинчи жагынан ошол чыгарма жаралган мезгилдеги тарыхый шартты, коомдук түзүлүштү, түшүнүктөрдү эске алуу керек. Ансыз таптык коомдогу, уруу коомундагы түшүнүктөрдү, турмуш эрежелерин, этика мораль жөнүндөгү түшүнүктөрдү азыркы учурдагы - тапсыз коомдогу мораль, этика коомдук ой-пикирлер менен салыштыра коюу сөзсүз чаташууга алып барат. Ушул айтылгандардын баарынын «Жаныш, Байыш» эпосуна баа берүүдө кандай мааниси бар? Тикеден-тике. Анткени «Жаныш, Байыш» эпосунун Жаныш, Байышты калмактын падышасы Шумуруттун Желмаянды жиберип карматып уруш кылышын эпостун элдиктүүлүгүн көрсөтүүчү мотив катары көрсөтүп, ал эми Жаныш, Байыштын калмакка каршы аттанышын элдик эмес деп баа берип жүрөбүз. Бул эки карама-каршы идея бир эле эпостун вариантында орун алган. Бирок эпоско терең тааныша келгенде бул эки окуя тең өзүнчө туура көрүнөт. Мисалы К. Акиевдин вариантындагы ушул идеянын берилишине көз жүгүртүп көрөлү. Байыш туула электе энеси жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Бул элдик чыгармаларда баатырдын туула тургандагы белгиси. К. Акиев чоң акын катары эпостогу каармандардын мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнө көп көңүл бөлгөн. Ал элдик фантазияда жаралган баатырлардын да жөнөкөй турмуштагы адамдардай кемчилиги, артыкчылыгы бардыгын сезген. Дал ошондой өзгөчөлүгү менен баатырдын элесин тарткан, эпостогу окуя да ошол каармандын кыял өзгөчөлүгүнө байланыштуу өнүгө турганын байкаган. К. Акиевдин вариантында Байыштын баатырдыгына өзгөчө көңүл бурулган. Ал ойноо бала кезегинде эле кишичил буураны бутунан кармап, бута атым жерге ыргытат. Эпостун андан аркы өнүгүшүндө ошол чексиз баатырдык, күчүнө ишенгендиктин натыйжалары көрүнө баштайт Ал «урушууга жоо таппай, урунарга тоо таппай» өткөн өчтү кууп Кытай чегине барат. Муну эпостун бүтүндөй элдиктүүлүгүнө шек келтирүүчү мотив катары кароого болбойт. Анткени, ал оозеки чыгармасында баатырдын эрдигин көрсөтүш үчүн кээде чектен тыш, элге жага бербеген аракеттерди да жасатып жиберген учурлар жолугат. Мисалы, балбан туулган бала чүкө ойноп
жаткан бала менен чырдашып чекеге чертип өлтүрөт, кыйкым таап сабайт. Мындай көрүнүштөр Манастын, Төштүктүн балалык чагындагы мүнөзүн ачууга пайдаланылган. Баатырдын балалык кезегинде мындай тентек кылып көрсөтүүдөгү максат - анын чексиз баатырдык, ашып-ташыган күчүн түшүндүрүү болгон. Байыштын образы да дал ошондой ыкма менен түзүлгөн. Байыштын бекиген чепти бузуп жоого аттанышы эл тарабынан кубатталбайт. Ага агасы Жаныш, ата-энеси да каршы турат. Дал ошол элдик кубаттоого ээ болбой ээленип баргандыгы үчүн Байыш колго түшүп азапка кабылды. Анын бүткүл денесин канжар тешип чыпылдаган ысык канга бөлөндү. Байыштын мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрдү эске алганда окуянын өнүгүшү мындан башка болушу мүмкүн эмес. Байыштын кыялы жөнүндө эпосто мындай эскертилет:
«Ар кыялы бар болчу,
Ачуусуна чыдабай,
Атасын көзгө илбеген.
Агасы менден тартынбай,
Алганындай тилдеген».
Байыштын ачууга, баатырдыкка жеңдирип жоого аттанышы эпостун өзүндө берилген элдик баадан да көрүнөт:
«Балалыгы, жаштыгы,
Баатырдыкка жеңдирип,
Бак билбеген мастыгы». Байыштын орой, оолукмалуу баатырдыгы эпостун көп жеринде кайталанат. Аларга маани бербей өтүүгө болбойт. Эл анын ошол мүнөздөрүн күнөөлөйт, аны кубаттаганы бир жеринде да жок.
«Абалкыдан оолукпай,
Арылгандыр балалык»
— деп Байыш ордон чыккандан кийин Таманын эскергени да
бекеринен эмес. Дал ушул сөздөр менен алар Байыштын калмактарга,
кытайларга өзү тийишип барышын айыптаган. Демек, эпостун өзүндө
айыпталып сындалып жаткан көрүнүштү бул деле таптакыр элге жат
окуя деп эпостун элдүүлүгүнө шек келтирүүнүн эмне негизи бар? Ал
түгүл өзүнүн оройлугун, ээленип кетмейлигин Байыштын сезип калган
учурларын эпостон учуратабыз.
«Орой сөз, жаман тилимден, Качан жүрүп оңолом»...
- деп кейип отурганын элестетсек да болот.
Экинчиден, эпостук каармандар сыдыргыга салгандай элдик идеалды гана алып жүрүү керек, аларда кемчиликтин болушу мүмкүн эмес деген талапты коюу деги эле элдик реалисттик сүрөттөөгө айкалышпай турган маселе экенин сезүү керек го. «Жаныш, Байыш» эпосунда Байыштын колго түшүшүнөн баштап Байыштын ишинин адилеттүүлүккө өтүшү башталат. Дал ошол үчүн эл аны эч өлтүргүсү жок. Ал дарга тартса өлбөйт, сууга салса акпайт, отко салса күйбөйт, ок өтпөйт, кылыч кеспейт. Мында элдин аны ачык колдоого өткөнү толук байкалат.»Ал ар түрдүү айла-амал менен аман калып акыры касташкан душманын жеңип кайта. Элдик салтанат өкүм сүрөт. Байыш кармашкан кытай ханы Зыядат өтө залим болгон. Залимдерди жоготуу элдик
идеалга дал келет. Биз Зыядаттын залимдигин эпостун бир эле жеринен анын өз кызы Желкайыптын сөзүнөн ачык түшүнөбүз.
«Башынан залим Зыядат,
Балам эле дебеди.
Башка түшкөн азапты,
Кайгы-капа жеңеби». - «Жаныш, Байыш» эпосуна туура баа берүүдө кыргыздын баатырдык эпосторун бүтүндөй бирдей мүнөздө башталыш керек деп милдеттендирүү, дегеле ага ык алуу чындыкка туура келбейт. Кыргыз эли өзүнүн узак тарыхында ар түрдүү кагылыштарды өткөрүп сүрүлүп, сүрүп, чабылып, чаап - адам коомундагы жапайычылыкты да, жоокерчилик заманды да, цивилизацияны да басып өттү. Дал ошол кырк кырдуу турмуш картинасы алардын көркөм тарыхы - эпостордо чагылтылып келди. Ошондуктан эпостогу каармандардын оң жана терс жактары бар. Ал түгүл эл идеал катары көрсөткөн каармандардын кемчиликтери, түшүнбөстүгү бар. Бул жагынан алганда Байыштын образындагы оройлукту, энөөлүкту элдик идеалга жат келет деп баалоого болбойт. Мындагы негизги элдик идеал кыргыз элинин өткөндөгү өчүн чет душмандардан алуу, элдин бирдигин сактоо, баатырдык шыкты, патриоттук ойду даңктоо бар.
Ошондой эле Жаныш, Байышты хан тукуму, бек тукуму деп эпосто берсе эле чыныгы турмуштагы хан, бек деп баалоого болбойт. Эл оор турмушта турганда адилеттүү, кайрымдуу хандардын образын түзгөн. Эл чачылганда адаттан тыш жаралган баатыр, балбандардын болушун каалаган. Жаныш, Байыштын образы деле дал ошондой кыялдан жаралган, хан, бектер. Анын кыялдан жаралганы эпостун бардык окуясынан сезилип турат. Байыштын туулушу да башка, элдик фантазия Жаныш, Байыштын бирине күмүш, бирине алтын көкүл берди. Буураны, жолборсту бутатым жерге ыргыткандай күч берди. Отко күйбөс, ок өтпөс дене берди! Эпосту кылдат байкасак ал баатырлар жашаган шаарлар да кыялдан жаралганы ачык байкалат. Нуркандын турган шаары Үзүр, Жаныштын салдырганы Кайры шаар. Эпосто Кайры шаар жөнүндө мындай ой айтылат:
Кырк күндүк жерге салдырган,
Кытайдан уста алдырган.
Кырк тыйын чака чыгарбай
Карыптык көөнүн кам кылган
Жарды-жакыр түнөгөн
Амандыгын тилеген. Адам баласы басып өткөн таптык коомдо «кырк тыйын чака чыгарбай, карыптарды, жарды-жалчыларды» баккан шаарлар, хан, бектер болгон эмес. Бул элдик фантазияда түзүлгөн келечектеги тилеги ой-кыялы болгон. Дал ошого карата шаардын атын да Кайрымдуу деп Кайры шаары деп атаган. Үзүр шаары да атына жараша адамдардын үзүр көрө турган шаар деп берилген. Кантсе да «Жаныш, Байыш» эпосундагы элдик кыял менен түзүлгөн баатырларды, хан, бектерди шаарларды турмуштук көрүнүштөр менен чатыштырып алардын тарыхый тамырын издөөгө негиз жок.
Анын үстүнө «Жаныш, Байыш» эпосунун элдиктүүлүгүн аныктоодо алар кытайлар менен урушканбы же калмактар менен
урушканбы деп суроо коюп чын-төгүнүнө жетүүгө аракеттенип аныктоого да болбойт.
Эпостогу каармандар кытайга каршы урушса элдик идеяга каршы келип, калмактар менен урушса дал келип калбайт. Кеп бул жерде чоң элби, кичине элби баары эл жөнүндө болуп жаткандыктан аларды таразага салуунун кажаты жок. Сөз бул жерде тарыхый чындыктын орун алышында болуш керек. Ал эми тарыхый чындыкка караганда кыргыздар чектеш турган калмактар менен да, кытайлар менен да бир канча жолу кагылышканы жөнүндө тарыхый фактылар бар. Ал фактылар ар түрдүү - бирде кытайлар келип кол салса, бирде кыргыздар кол салган. Бирде калмактар келип чапса, бирде кыргыздар барып чапкан. Ошентип эки элдин ортосундагы согуштар өткөн өчтү куу жөнүндө болуп тутумдашкан абалды түзгөн. Бул айрыкча«Манас», «Курманбек» эпосторунда ачык байкалат. «Жаныш, Байыш» эпосунда да дал ошол өч алуу ачык формада коюлбаса да окуянын өнүгүшүндө сезилип турат. Ал айрыкча Молдобасан Мусулманкулов менен Орузбай Урмамбетовдун варианттарында ачык байкалат.
Эпосто Байыштын баатырдыгына өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Анын ченде жок балбан, баатырдыгын ар түрдүү абалда көрсөтөт. Ал жолборсту мышыкча көрбөйт. Ал эми ачуулангандагы абалы жүрөк түшүргөндөй сүрдүү.
«Ачуу кайрат деминен, Агасына айткан кебинен, Качып жаткан мындан көп. Байыштын кайрат табынан, Жүрөгү чыгып кабынан, Жүдөп жаткан мындан көп.»
«Жаныш, Байыш» эпосунда ошол өз доорунун мезгилинин көп көз караштары, түшүнүктөрү орун алган. Мисалы буга Байыштын Кытайдын ханы Зыядаттын колуна түшкөндөн кийин Желкайыптын жашырын мусулман болуп ошонун аркасында Байышты бошотуп чыгышы далил. «Манас» эпосунда дал ушундай мотив Алмамбеттин образында бар. Өз учурунда эпосту жаратуучулар эпостогу каармандардын ар түрдүү иштер, окуянын өнүгүшүнүн белгилүү себептер, мотивдер байланыштырып көрсөтүү зарылчылыгы болгон. Ансыз ал ишенимсиз болуп көрүнгөн. Ошондуктан ислам дининдеги, түшүнүктөгү адамдар үчүн өз элинен кетиш үчүн ар түрдүү турмуштук чыр-чатактарга караганда ислам динин кабыл алыш закондуу көрүнгөн. Бирок ошол эле диндик мотивдерди эпостун экинчи жеринде айыптап ашкерелейт.
Байгамбар менен бериште,
Бастырып келбейт жалынба.
Балаадан сени куткарып
Качан келет жанына
Алардан айла болобу,
Ал көрө сыйын багыңа. Байыштын дал ушул сөзүнөн элдин динге кандай караганын түшүнөбүз. Анткени, эпостун негизги идеясы андагы башкы каармандын образы аркылуу чечилет. Эпос «Жаныш, Байыш» деп аталган күндө да борбордук орунда Байыштын образы турат. Негизги
окуялар да Байыштын ишине карата өнүгүп отурат. Акырында айта турган бир сөз «Жаныш, Байыш» эпосундагы Акжол, Дарбас кулдардын иштерине байланыштуу маселе. Эпосто Акжол, Дарбас эзилүүчү элдин өкүлү катары берилгенби же башка пландабы - дал ушуга аз токтолуп өтөлү. Сөзсүз, кулдар дегенде эзилүүчү таптын өкүлүн түшүнөбүз. Бирок мында бир өзгөчөлүк бар, ага көңүл бөлбөй өтүүгө болбойт. Ал болсо эпосто эчен жолу кайталанып, такталып айтылып отурган Акжол, Дарбастын жоодон түшкөн кулдар экендигинде. Эпосту жараткан эл өз жоосунун кулу болобу беги болобу элди бийлеген хан болушун каалаган эмес. Дал ошол үчүн Жаныштын баласы Баяман - «мен кытай кулдарга энемди, эжемди бергенче тирүү жүрбөйм» - дейт. Ал эми элге кайрымдуулугу менен атагы чыккан Нуркан, Сарбандар:
«Хандыгымдан айырып,
Кытай кул тапкан эбимди», же
«Задиси кытай кулдардын,
Залимдиги боору таш»
«Казанчы калмак кулдардан
Карып болду ушулар»— — деп мүгдүрөп турат. Эпосто калмак, кытай кулдары деп улам тактап отурушу касташкан жоонун өкүлү катары көрсөтүү эле. Анын үстүнө Акжол, Дарбас бийликке уурулук менен жетет. Эл сүйгөн каарманын эч убакта мындай сүрөттөбөйт. Уурулук алдамчылык элдик эпостордо айыпталат. Акжол, Дарбас ошол үчү айыпталды, элдик каармандар жеңди. Анын үстүнө эпосту ар бир тарыхый шарттын өзгөрүшүнө карата өзгөртүп турууга эч кимдин акысы жок. Ал тарыхтын күбөсү, өткөндүн элеси катары кала бериш керек. Тарыхый чындыкка эч бир эл таарынбайт — эпостун тарбиялык мааниси да ошондо — ал келечекте баскынчылык, кыргын-сүргүнгө жек көрүүчүлүк менен кароого үйрөтөт. Ар бир доордун өз закону болгон, ал эл оозеки чыгармада чагылтылган жана сакталып калган. Ал үчүн аны жараткан элди күнөөлөгө болбойт. «Жаныш, Байыш» эпосу да дал ошондой белгилүү бир доордун көркөм эстелиги катары эл оозеки чыгармасында өз ордун ээлейт го деп ойлойбуз.
С. Закиров.
ЖАНЫШ-БАЙЫШ
Кыргызда Азирет хан деген болгон экен. Өзү адамдан акылман, билгин, эмдиги жылы келе турган жамандык-жакшылыкты быйылкы жылы биле турган киши болгон. Кыргыз элинин ханы турган Үзүр шаары. Үзүр шаарынын кыргыз ханына 60 шаар эл караган. Ал убакта кыргыз эли кытай менен кезешип урушуп жүргөн кытайдын ханы Сыядат. Кытай менен кыргыздын ортосунда Аккүргүн деген дарыя болгон. Маңдайы кытайдын чеги, бер жагы кыргыздын чеги. Үзүр шаары менен Аккүргүндүн арасы алты айчылык жол. Аккүргүндүн зоосунун түбүнө Азирет хан көпүрө салдырган. Көпүрөдөн өтүп Азирет хан кытайларды нечен жолу чаап да алган. Азирет хан алп катарында балбан жана баатыр киши болгон. Өзү абдан карыды. Өлөр убагына да жакын калды. Ойлонду, Азирет хан — мен өлсөм көпүрөмдөн өтүп алып элиме кытай күн көрсөтпөйтко. Көпүрөнүн эки башын бекиттирейин деп, акыл менен эсептеп, уруштарда колго түшкөн көн кытайларга эч кимге билгизбей бекиттире баштады. Маңдай жагы кара зоо, кара кыш менен кынатып, кара кум менен шыбатып бүтүрдү да, кайып ээлеп калды - деп жазуу жаздырып койду. Өйүз – бүйүзү кызыл зоо эле, кызыл кыш менен «ынатып, кызыл кум менен шыбатып кызыр ээлеп калды — деп жаздырды. Көпүрөнүн маңдайы кара зоо болуп калды. Бүйүңү кызыл зоо болуп калды. Эки жагы тең жиксиз зоо болду. Азирет хандын уүлу Нурган. Нургандын, атасынча эрдиги жок, балбандыгы жок калкын сурап жата берди. Нургандан Жаныш—Байыш. Жаныш жаңыдан туулганда Азирет хан өлдү, Жанышты таятасы багып алды. Нурган өзү элин сурап тынч жатып калды. Күлүкандын боюнда болуп калып жолборстун жүрөгүнө талгак болуп, талгагы канбай жатып, бир жылда Байышты төрөдү. Атын Байыш койду. Байыш 9 жашар болгондо бир кишичил бууранын бутунан кармап ыргытканда буту колунда калып, буура бутатым жерге барып түшкөн. Ата-энеси - койгун, балам, дешип алдап-соолап эмитен мындай кылсаң бирөөнүн көзү тиет, же бир душман өлтүрүп кетет — деп, агылгалап ачуусуна тийбей асырап сактап жүрүштү.
Жанышка Күлбөскандын Күмүшай сулуу деген кызын алып берди. Күмүшайдын сулуулугу күүгүмдө күн тийип турган сыяктуу болуп, адамдын көзүн тайгылта турган сулуу болгон. Жаныш— Байыштын жайында жайлап, жаз, күз куш салуучу: Баш көл, Орто көл деген көлдөрү бар эле. Орто көлдө кымыз ичип, шерине жеп, кырк жигити менен оюн-күлкү тамаша менен жаткан жерде, Байыш баатыр, агасы Жанышты карай сөз баштап айтып турган жери: