Боз үй бабалар мурасы
Кыргыз боз үйүнө архитектуралык жактан эч бир курулуш тең келе албайт. Көчүп- конгонго жеңил, жуктөсө бир төөгө же атк ылайыктуу салмагы бар, жыл мезгилиинин бардык учурларында жашаганга ылайыктуу. 10. Боз үй табият кырсыкытарынан да оолак. Чагылган да түшпөйт. Тоодо күн куркүрөп чагылган чартылдаган учурларда мал-жандык боз үйго ыктап калат. Кыргыздарда чагылгандын “Бир тушсөм учка тушөм, бир тушсөм курчка түшөм” деген анты 20. болот деп айтышат. Курч деп илгери темирди айтышкан. Ошондуктан чагылган жаркылдап жаткан учурда темир тулганы, казанды жашырып, кузгулордү тетири оодарып коюшкан. Чындыгында, бир нече жолу байкоолордон улам чагылган темир 30. буюмдарга коп тартылаарын аныкташкан. Жогорудагы чагылгандын антынын айтылыш мааниси да ушунда. Эгер кокустан боз үйгө чагылган тийсе да, анын өрттөнушу мумкүкүн эмес, анткени кийиз арк андай температурада да жалбырттап күйбөйт, 40. быкшып тутөп отуруп эле көсөөлөнөт. Бир жолу жапон туристтеринин жанында такай алып жүрүүчү радиацияны олчөй турган аспабы кокусунан калпактын алдында калып, зыяндуулукту көрсөтпөй калганын айтышкан. Боз уй жер титирөөгө мыкты 50. туруштук бере алат. Катуу жер титирөө болгон учурда да боз үйдун жазылып буктөлүчү керегелери серпилип, коопсуздукту сактайт. Боз үйдун жер титирөогө туруктуулугу андай алааматка кабылган элдер тарабынан да бааланып 60. келүүдө. Совет доорунун алгачкы жылдарында Армениянын Спитак шаары талкаланганда, мындан бир нече жыл илгери Түркиянын Измиринде катуу жер титирөөдон улам он миңдеген адамдар үйсүз калганда биздин өлкө 70. Гуманитардык жардам иретинде боз уйлөрдү жөнөтуп, аны пайдалангандар ыраазычылык билдирген. Белгилүү жазуучу Кеңеш Жусупов боз үйдун дагы бир милдетин белгилей кетет: “Кыргыздар тункусүн тундук козунөн асмандагы айды карап, узатып, жылдыз 80. санап, космос менен байланышып, ой менен аалам кыдырып өткөн. Күндузу боз уйдун тундугунөн түшкөн кундун илебине жылынып отуруп, асмандагы булутту, куштарды узатып, тегеренген нурдун жарыгынан улам бир күндүн мезгилин эсептешкен. 90. Адегенде бир кундун убактын отуздан ашык маалга бөлгөн: бүлбүл, таң куланөөк, таң атуу, күн текши, шашке, улуу шашке, жалган түш, чак түш, түш оогон, бешим, ала көлөкө, кеч бешим, дигер, күн батар, күугүм, ак шам, иңир. 100. үрүл-бүрүл” ж.б. Карачы, баамчыл элдер гана убакытты мындай бөлүштүрүугө жетише алышы мүмкүн. Бул аталыштар элибизде улам сейрек колдонулуп, көркөм чыгармалардан гана кезиктирип калдык. Негизинен боз уйдү 110. Көчмөндөрдүн абсерваториясы деп атап койсо болот. Боз үйдүн адамдын тарбиясы менен аң- сезимине тийгизген таасирин да унутта калтырууга болбойт. Эр жетип үйлөнүп, үй тигип бөлунгөнгө чейин балдар ата-энеси менен бир үйдүн 120. ичинде чогуу жашаган. Мындай шартта баары бири-биринин көз алдында болгон, демек, орой. Уятсыз сүйлөгөнгө адепсиз жосун жасаганга болбогон. Балдар улууну урматтаганга, чыгып алып төр талашпай, жыра тартып сөз талашпай өз ордун 130. билгенге тарбияланган. Үй- булөгө тиешелүү ар кандай маселелер чогуу-чаран чечилген. Бир туугандар бири-бирине боорукер ырайымдуу болушкан. А азыркы там үйлөрдө ата-энелерар бир балага өзүнчө бөлмө ажыратып бергенге аракет 140. кылып, балдардын бири-бирине жыты сиңишпей, боор бербеген өзүмчүл, оюна эмне келгенин жасаган бейбаш болуп өсүп калышы бөлүнүп жашоодон чыгып жатканын моюнга алгыбыз келбейт. Демек, боз үй үй-бүлөнүн ынтымагынын да 150. данакери болгон. Боз үйдө жашоо учурда коомдо актуалдуу проблема катары саналып жаткан гендер саясатын, башкача айтсак, аял-эркектин тең укуктуулугу маселесин да белгилүү бир өлчөмдө чече алган. Эгер боз үйдүн ички мейкиндигинин 160. шарттуу бөлуштурүлүшүн алсак, анда анын тең жарымы (эпчи жак) аялга таандык экенин корөбүз. Ушунун өзүн эле тең укуктуулук катары караса болот. Байыртан 20-кылым- дын башына чейин жергебизге келген саякатчылардын 170. баары кыргыз аялдарынын үй-бүлөдө эркин, тен укуктуу экендигин, жалпы урууга тиешелүү маселелерди чечүүгө катышкандыгын белгилешкен. А бирок азыр тең укктуулук саясатын сырттан алып келдик деп айтабыз. 180. Мындан сырткары да боз үйдун тузулушүндө миң кыял философия, акылмандык жатат. Көчмөн турмуш үчүн боз - үй эң эле идеалдуу мурас.
Төмөнкү узундулөрдүн кайсынысында бардык башкаларында туюнтулган ойлор жалпылап берилген?
а) боз үй – үй булөнүн ынтымагынын данакери (148-149-сап) б) боз уйду көчмөндөрдүн абсерваториясы деп атасак болот (109-112-сап) в) ушунун өзун тең укуктуулук катары карасак болот (164-176-сап) г) боз үйгө архитектуралык жактан эч бир курулуш тең келе албайт (1-4-сап)
2. “Бир түшсөм учка түшөм, бир тушсөм курчка түшөм” (17-сап) деген элдик тушүнүк абзацтын контекстинде кандай маанини билдирет?
а) чагылгандын курчка (темирге) тартыларын б) чагылганга жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжасын в) кыргыздардын чагылганга карата ишенимин г) чагылгандын боз үйгө тушпөстүгүн
3. 77-104-саптарда берилгендер аркылуу кыргыз элин кандай мүнөздөөгө болот?
а) табиятты мыкты өздөштүргөн б) ой менен аалам кыдырган в) убакытты туура бөлүштүргөн г) космос менен байланышкан
4. “Бул аталыштар элибизде улам сейрек колдонулуп, көркөм чыгармалардан гана кезиктирип калдык”. (104-108-сап) Автордун бул саптардагы эмоциясы
а) кыжырдануу б) өкүнүү в) күчөтүү г) кайгыруу
5. Жапон туристтеринин окуясынан улам (41-48-сап) кандай тыянак чыгарууга болот?
а) кыргыз жерлеринде радиация жүрбөйт б) кыргыз калпагы зыяндуулукту көрсөтпөй турган мүнөзгө ээ в) боз үйдүн кийизи радиацияны өткөрбөй турган касиетке ээ г) кыргыз буюмдары зыяндуу нурларга чыдамдуу
6. 151-179-саптарда берилген ойлор кайсы бөтөнчөлүктү далилдейт?
а) жергебизге саякатчылардын көп келишин б) кыргыз аялдарынын үй-бүлөдө эркин экендигин в) боз уйдүн ички мейкиндигинин шарттуу бөлүштурүлүшүн г) кыргыздарда тең укуктуулук байыртан эле болгондугун
7. Боз үйдү “көчмөндөрдүн абсерваториясы” деп атап коюунун себеби эмне?
а) жашоого ыңгайлуу болгондугу б) табиятка байкоо жүргүзүүгө арналгандыгы в) көчмөндөргө арналгандыгы г) абсерваторияны элестеткендиги
8. 48-60-саптарда берилген ой 10-сапта айтылган ойго карата
а) натыйжа б) улантуу в) далил г) бышыктоо
9. Берилген үч тексттин ортосундагы жалпылык эмне?
а) улуттун улуу мурасы, элдин табигый байлыгы чагылдырылган б) көйгөйлөр жана анын чечилиши берилген в) байыркы учур сүрөттөлгөн г) элет элинин турмушу берилген
10. Текстте боз үйдүн кайсы бөтөнчөлүгү берилген?
а) коопсуздугу б) ыңгайлуулугу в) түбөлүктүүлүгү г) идеалдуулугу