СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жыл мугалим 2025

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аннотация

Мугалимдик кесип-ага болгон заманбап талаптар.

Мугалим-бул кесиптин жаралышы,кенири жайылышы бир нече мезгилди оз кучагына камтыйт.Албетте,мугалимдик кесиптин кыргыз турмушундагы орду,таркашы байыркы кочмон турмуштун системасында бир кыйла озгочо муноздо болгон,кыргыз элинде тарбия беруу,жаштарга кам коруу калыптандыруу кобунчо оозеки түрүндө,ал эми практика кунумдук тиричилик жашоо менен айкалышып иш жузуно ашып келген.

         Адамдын жашоого болгон табигый курошу,адам коомунун онугушу үчүнсоциалдык тажрыйба муундан-муунга берилип турушу дайыма зарыл болгон көрүнүш.Ошондуктан «Таалим-тарбия беруу алгачкы адам жаралгандан баштап эле кошо жаралган эч кандай педагогикасы жок эле,ал эмес анын бар экендигине шек санай элек кездерден тартып эле балдарды тарбиялап келишкен»деп педагог Подласый И.П.,айткандай таалим-тарбия беруунун озу-адам менен бирге жаралган коомдук-социалдык корүнүш.Ошондуктан кыргыз элиндеги тарбиялоонун башатын анын этногенези менен тыгыз байланышта кароого болот.

         Эң негизгиси доордон доорго,укумдан тукумга оозеки түрүндө берилип келишин элдик оозеки чыгармачылык,элдик каада-салт,үрп адаттар болгондугуна тарыхыбыз далил.Ал эми элдик оозеки чыгармалардын,тарбиялык,таанып билүүчүлүк,ар тараптан калыптандыруу жана жаш муундардын келечек кесипке жөндөмдүүлүгүнө жол тапканга түрткү болуп жол ачып берген жогорку окуу жайлардын мугалимдери болуп саналат.

         Келечектеги мугалим студенттик кезинен тарбияланып (окутуунун лингивистикалык,дидактикалык,психологиялык) атап айткандай окутуунун технологияларын,формаларын,каражаттарын жетиштүү билүүгө ал боюнча белгилүү бир кондумдорго тажрыйбага ээ болушу зарыл.

         Заманбап мугалим социалдык турмуштун бүгүнкү суроо-талаптары,оспурумдордун кызыгууларын,керектоолорун,муктаждыктарын ачык-айкын билип,алардын индивидуалдуу озгочолукторун так аныктоосу өз алдынча эркин жана эмоционалдуу ой жугүртүү жондомүн онүктүрүүсү дайыма умтулуусу учурдун талабы,анткени бүгүнкү күндүн окуучусу маалыматты мугалимден эмес,ата-энеден жана массалык маалымат каражаттары жана чойродон алышууда.

         Элибизде «Коп жашаган билбейт,коптү коргон билет»деген созго таянып коп жыл иштеген мугалимден эмес,окутууда жаңы технологияны колдонгон жана ишинин эффективдүүлүгүн жакшырткан мугалимдердин саны көп болсо,заманбап өнүгүү болот.Мугалимди мугалим кылган анын түбөлүктүүкуралы-анын өз билимин туруктуу оркундотуусу,баланын инсандык сапатын калыптандырууда озунун интелектуалдык деңгээлин жогорулатуу жана кундолук сабакка жогорку сапатта болгон даярдыгы болуп саналат.

         «Миң күн баш которбой окугандан коро,бир күн билги мугалимден сабак ал»-деп айтылган макал (жапан макалы)бекеринен айтылбаса керек.Бул создун терең мааниси бар.Заманбап жаш мугалим талбай изденип билим беруунун жаңы технологияларын жогорку денгээлде оздоштуруп,дуйного болгон коз карашын жогорку интелектуалдык денгээлде болушу керек.

         «Эли билимдүү болсо»-мамлекеттин баа жеткис байлыгы ошондо.

«Кут алчу билим» Жусуп Баласагын

Айткым келди ,о,окурман сөз жайын

Окуу,билим пайдасынан баштайын.

Окуу түндө алдындагы шам чырак,

Билим алсаң майдай ачык жаркырап.

Окуу,билим коп нерсеге жеткирет,

Бул экөөнөн урмат-сыйды коп көрөт.

Сокур дешет билимсизди-жөн дебе,

Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.

Мыйзам барбы-элде бейпил жашоо бар,

Анын аты кылымдарга даңкталар.

«Билим менен деп айтыптыр акылман,-

Кунөөкөр да тозокто оттон кутулат»

Болсо эгер,ал билимдуу кары чал,

Унут болор алган билим,дени шал

Сен сурасаң окубасты кандай деп?

Айтар элем:оозго алып не керек.

Билимдүүнүн иши дагы салмактуу,

А түркөйлөр-майда,жеңил,камгак бу.

Байкап көрсөң калети жок,бул сөз ак

Илим-билим алган адам акыйкат.

Кимде-ким окуй билсе-олжо табат

Билимдүүбү анда ал бектик алат.

Акылы бар кишилер асыл делет,

Билим күчү бектерге ото керек.

Кишилер ар нерсеге жетүү үчүн

Жумшаган билек күчүн,илим күчүн.

өнөргө ээ болосун окуу менен

Аз болсо да билимге пайда кенен.

Даңк байлыкка жеткирет илим деген,

А билим байлык каткан казынага тен.

Жыпар менен билимдин мааниси окшош.

Экоону озголордон катып болбос.

Жыпарды канча катсан жыты чыгат,

Билимди айткан сөзүн дайын кылат.

Билим байлык четин эмес кыпынын

Эң айлакер ууру албайт,мунум чын.

Акыл-билим окшош болот кишенге,

түшсөң эгер чыгамын деп ишенбе.

Окуу болсо,жан кыйышпас дос саган,

Билим болсо,кесиптешин,кошунан

Илим-билим түркөй жанга алыс жат,

Соо жүрсө да эки кырсык жабышат.

«Илимдүүгө окуу жолдош бир тууган,

Түркөй айдайт кулагынын сыртынан»

Билимдүүгө окуу кийим аш болот,

Билимсиздер ушак менен дос болот!

О,билимдүү!Ачууңа алдырба!

О,акылдуу!Сыймыгыңды булдурбо!

Ишти каар,ачуу менен баштаба,

Бул экөөнөн пайда келбейт эч сага.

Менин педагогикалык философиям.

Бийик идея,асыл ой,улуу максат жана озун-озу анализдоону балдарда калыптандыруу.

Бардык эле балдардан эң кичинекей мезгилдеринде келечекте ким болосун деп  сурасаң: «Мен чонойсом,президент болом,а мен болсо депутат болом»,орто класстардан сурасан: «Мугалим болом,шофер болом,доктор болом» акырында окууну аяктап жаткан балдардан сурасан: «Аллахтын айтканы болот» дегендерди ото коп кездештирип келебиз.Чындыгында Аллахымдын айтканындай мугалим болуп калгандар ото ыраазы болуп,балдар менен бирге кунунун отконун билбей калган инсандардын катарында мен да бармын.Ооба,мен мугалим болом деп кыялданчумун.Ошол учурдагы балалык баёо сезимим менен бул жашоодо мугалимдик кесипти аркаласам гана  коомго пайдалуу,ардактуу адам болуп чыга келем деп туйчумун.Ал кесиптин ээси болуп калышыма озумду окуткан мугалимдерим да чоң таасирин тийгизди.Алардын баскан турганы,суйлогону мен учун бийик идея катары сезилди.Мына мен мугалиммин.Бул кесибимден эч окунбойм.

         Кайсы бир балага жарык берип,нур тогуп,мээрим тартуулап,туура жолго салып,анын адам болуп калыптанышына оз салымыңды кошуп тургандан откон бакыт барбы?Чынында мугалимде ото коп маселе бар экен.Айтышат го: «Педагог-жетелеп тарбиялоочу»-деп.Ошол сынары мугалим бул билим эле берип калбастан,баланы жетелеп дайым бирге алып журөт экен.Мен жетелеген балдар бийик идеяны коздосо,асыл ойлорду ойлосо,максаттуу коз караш менен бул жашоодо жашаса деп умуттономун.Албетте ошол балдарда озун-озу анализдоо туболук калыптанса дейм.Анткени айтайын деген идея бийик болбосо,же ачык идея коюлмайын чар жайыттуулук пайда болот.Асыл ой болмоюн балада ишеним жоголот.Максатсыз жүрүү тактыкты жокко чыгарып,анализдин болбогону,озун-озу ондоонун устундоиштебегендикти билдирет.

         Чыныгы педагогдор-озунун ишинин фонаттары болушат.Ал адам-башка адамдарды өз идеялары ,ой толгоолору менен кызыктыра ала турган жана аларды позитивдууонугууго багыттай алуучу адам болушу абзел.

         Менин педагогикалык философиям-бул менин окуучуларда креатив кырдаалдардын жаралышын, негизги компетентүүлүктүн ишке ашышын баамдаган жана окууда ушуларды ишке ашырган окуучуларды окутуу жана тарбиялоо.Ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүмдү күн санап онуктуруу.Антпесем бугунку кундун баласы маалыматты мугалимден эмес айлана-чойродон алып,тушунбостон эле аткарып кетишуудо.Ишмердуулугум-техникалык каражаттарды кунумдук иш жараянында пайдаланып,балага туура тушундуруп,отулгон теманын идеясын ачып,жыйынтыгында  турмуш менен ундош экендигин корсотуп коюу.

         Менин башка мугалимдерден айырмачылыгым окуучуларга такыр «2» деген бааны кундолугуно да,журналга да койбой жана окуучуну суйлоого мажбурлап идея эмне экендигин билдирип,акын же жазуучунун асыл деген ою эмне жонундо экендигин корсотуудо.Бул ишмердүүлүк мага келишинин себеби: КР УИА академиги,анын тунгуч президенти Иса Коноевич Ахунбаев да озунун окутуучулук,ишмердуулугундо «2» деген баа койбоптур.Анткени студенттердин ордунан туруп келишинин озу «3»деген экен.

         Мен оз кесибимди суйомун.Мен мугалим болуп иштебейм-мен мугалиммин.Мындай созду тогун жерден айтпай жатам.Копчулук адамдар аргасыздан эле мугалим болушуп,ишке араңдан келип убакытты откоруп кеткенге максат коюшса,окуучулар менен пикир алышуудан эч кандай ырахат алышпайт.Ал эми мен бул кесипти оз каалоом менен  тандап алып келгем.Жада калса,ЖРТ нын үч талонун тең мугалимдик багыттагы факультеттерге таштагам.Сабакка кирип,окуучуларга теманы түшүндүрүп,алар менен пикир алышуудан чоң ырахат,дем күч алса болот.Чындыгында ушундай.Мен кайсы класска сабакка кирсем ал окуучуларды сөзсүз китеп окуганга түрткү беремин.Кичинекей болсо да чыныгы инсанды калыптандырсам дейм.Себеби балдар китептен көрө интернетте көп маалымат бар деп ойлошот.Бирок интернеттен алган маалыматы тез унутуп коюшат.Окуп чыккан маалымат эч качан өчпөй сакталат.Ошол эле учурда балада коз сүрот тартуучу болуп кызмат аткарат.Жазууда коп ката кетирбегенге жетишет.    

         Бугунку жан дуйносун техника ээлеп бараткан баланы кантип таза дилдүү,жумшак создүү бала бойдон алып калууга болот?-деген суроо мени күнүгө кыйнап келет.Кээде жолдо,сабакта балдардын бири-бири менен корс мамилелешип жатканын корүп калсам,же угуп калсам аябай жан дүйнөм ооруп кетет.Аларда жумшак,дурс-дурс этип турган жүрөк эмес,катуу жалтыраган темир жүрөк уруп тургандай сезип кетемин.Чындыгында сураштырып келсең,ошол бала күнүго коп убактысын телефон менен откоруп,керек учурда ата-энесин да укпай жашынып алып,телефондон кандайдыр бир пайдасыз,бирок күнүмдүк алдоочу,кызыктыруучу оюндарды коргону ачык болот.Эми аны кантип тарбиялайбыз?Бул учун бизде эки жылдан бери «Энелер мектеби» деген программа менен иштеп келе жатабыз.Ал программанын негиздоочусу Г.Мадаминов айткандай «Энелер окуп билмейин,балада билим кайдан болсун?»,-деген созундой энелерди сабакка чакырып келебиз.Ар бир айда бир жолу откорулгон энелер менен уюштурулган сабактарда балдарды кантип китеп окуганга кызыктырабыз?Аларда канткенде инсандык сапаттарды калыптандырабыз?Балдарды тарбиялоодо эмнелерге таянабыз?жана башка ушул сыңары маселелрдин айланасында баарлашууларды уюштуруп келебиз.Бир топ аракеттер бар.Азыр копчүлүк ата-энелер баланын колуна уюлдук телефондорду бербей,тапшырма аткарууда эки-эки жарым сааттай бирге үй тапшырмасына жардамдашып жаткан кези.Мен ойлойм чындап эле эненин билими,маданияты,инсандык асыл сапаттары бийик болбосо  балага таасири тийип калат.Анткени ошондой жондомдорго ээ болгон энелер созсуз бала тарбиясында инсандык асыл сапаттары,маданияты аркылуу улуу ойчулдардын айткан сөздөрүн эсепке алып,балдарына таалим-тарбия беришет.

         Баланын жан дуйносун изилдоодо,созсуз баланын иш аракетине конул болгон жакшы.Анткени:аракеттен адат-,адаттан-муноз,муноздон-тагдыр жаралат дешет.Окуткан окуучуңдун тагдырына мугалимдин тийгизген таасири ото чон орунду ээлеп калышы мумкун.Кээ бир окуучулар мугалимдин айтканын айткандай аткарат.Кээ бири болсо башка тараптын айтканына кирип башкача болгусу келет. Ошондой кырдаалдын алдын алуу үчүн мугалим окуучулар менен алака-катышта аларга акыл-эстүү талаптарды коюп,ошону менен катар сылык-сыпаа болуп озун аяр кармай билиши керек.Ар бир окуучунун табиятына жараша түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,кээде  креатив кырдаалдардын пайда болушунда индивидуалдуу озгочолугун,жашоо шартын,албетте,кандай чойродо оскон бала экендигин эске алуу, маселени баланын козу менен кароо,кээде карама-каршылыктуу кырдаалдардан амал таап чыга билүү-педагогдун чыныгы ачкычы болот.

         Дагы бир негизги маселе мугалимдин назарий билими.Кандай кырдаал болбосун билимин колдонуп чыга алган инсан мыкты дешет.Балдар сага түрдүү суроолорду берип калышы ыктымал.Анын артында сенин сабагына болгон ишеним турарын эсине туюп, жооп кайтар.Балдарда сага болгон ишеним кучогондон кийин,сенин сабагына болгон кызыгуу максат катары коюла баштайт.Максат менен келген бала окуп,билим алат,уйронот.Ошондо асыл ой айта алган,бийик идеяны коздогон,озун-озу баскан турганын козомолдогон бала сенин сабагында пайда болот.Мугалим катары турдуу акылдуу кеңештериңди бергиң келет.

         Окуучу үчүн мектептеги эң негизги кубулуш,эң негизги окулуучу предмет,эң негизги корсотулуучу улгу-мугалим деген немец педагогу Фридриг Дистервергдин айтканына кошулуп кетем.Ошондой экен ар бир мугалим мектеп дарбазасын аттагандан баштап жоопкерчиликтуу ишке келе жатканын билип,алдынан тосуп чыккан жылдыз коздуу балдарды суйорун сездирип келиш керек.

         Менин мугалимдик бакытым-бул балдардын журогундогу бизге болгон ишеничтин чексиздигинде жана алардын бизден коп жакшы нерселерди күтүп турган умуттуу балбылдаган коздоурндо деп билемин.

         Мугалим-бул эң ыйык кесиптердин бири гана болбостон,балдардын ички дуйносунун кыймылдаткыч кучу катары да кызмат кылат.Дегеним мугалимдин ар бир созу окуучу учун кандайдыр бир нерсенин далили катары кабыл алынат.Мугалим озунун кайсы бир суйлому аркылуу кайсы бир окуучунун уйкуда жаткан талантын ойготупалышы мүмкүн,башка бир окуучуга умуттун,озуно ишенуучулук нурун чачышы мумкун.

       Менин иш тажрыйбам

      Баяндама

Мен Кыргыз Республикасынын жарааны,кыргызстандын кызы катары Каникей,Айчүрөк,Курманжандай тарыхта таасын из калтырып,элимдин керегинежараган инсан болгум келет,ал учун коптогон жолдор бар.А мен болсо,копчулук элес албай,коз жаздымда калтырып жургон жонокой,бирок ого эле туйшугу тумон,ошол эле мезгилде кызыктуу мугалимдик кесипти тандадым.

         Тарыхына саресеп сала турган болсом,Тоголок Молдо,И.Арабаев,К.Тыныстанов жана башка улуу инсандар коч башын баштап кетишкен.

         Чынгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасындагы Дуйшондун образы мугалимдин канчалык денгээлдеги боорукер,акылдуу,адамдагы асыл сапаттарга эгедер экендигин чагылдырса,Алтынайдынаракетчилдиги,мээнеткечтиги,чыдамкайлыгы «Мээнетин артык болсо,доолотуң кучтуу болот»дегендей окуучуларгачон стимул берет.Алтынайдын академик болушуна түздөн-түз таасир берген Дуйшондой мугалимдерден окуп жүрүп,таасир алдым.

         Ата-энем ар дайым элдин керегине жараган кыз болушумду тилешет эле.Мугалим болуу менен бири биринчиден,озум суйгон кесипте иштесем жан дуйномо азык алып,руханий байлык топтой алам.Экинчиден,келечекте буюрса мыкты мугалим болом,мугалим бир гана окутуучу эмес,дүйно таанымы терен,психолог болом.Албетте бул нерселер уй-булодогу ойдо-ылдыйда жардамын бербей койбойт.

Үчүнчүдөн,келечек муунга тарбия берип,караңгыда шамы,туңгуюкта кеңешчиси болгум келет.Жаштар жакшы тарбия алса,билимге сугарылып,китеп менен дос болсо,албетте келечек жаштардын колунда демекчи,коом жакшырат.Мына ушундай жол менен ишимде аз да болсо өз салымымды кошо алам.Жаш жеткинчектердин дуйнөсүн кеңейтүүгө,инсан катары калыптанып,турмуштун оош-кыйышында жаза басып,тайып кетпей,туруштук берип,басып кетүүсүнө жол көрсөтүү үчүн жан дилим менен кызматымды аткаргым келет.Бал тилдүү балакайлар,жоодураган көздөрүн аландатып,дүйнөсү  аруу жан дүйнөсү таза,жаңыдан көгөрүп өсүп жаткан бүчүр сымал,эми-эми өркүндөп,чоңоюп келаткан чынар сындуу балдар менениш алып баруу кандай сонун,кандай керемет!

         «Мугалим-таалайдын тазасы,тарбиянын башаты»дегендей,бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс чоң иш аткаргым келет.

         Улуу инсан-ар тараптуу педагог,ошондой эле Эл мугалимдери С.Абдрахманова А.Жайнаков,О.Шаршекеев,И.Бекбоев,С.Мамбеткалиев,Б.Исаков,агай-эжейлеримдин жолун жолдоп Эл мугалими болуу-максатым.

Омур баян

Мен,Жунусова Акылай Абдалимовна 1985-жылы 14-октябрда Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагынын Кара-Добо айылында кызматкердин уй-булосундо торолгомун.

         Жети жашыма чейин ата-энемдин колунда тарбиялангамын.1992-жылы1-сентябрда №47 А.Темирбаев атындагы (мурдагы «Кара-Добо») орто мектебине кабыл алынгамын.Мектепти жакшы окуп,класстын активдуу окуучуларынын бири болдум.Жылдын жыйынтыктары менен коптогон ардак граматаларды алдым.2001-жылы Кадамжай райондук администрациясынын стипендианты болдум.2003-жылы мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктадым.2003-2004-окуу жылында Жалпы Республикалык Тесттен жогорку балл алып,ошол эле жылы Кызыл-Кыя шаарындагы Баткен Мамлекеттик Университетинин филология факултетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине бюджеттик негизде окууга тапшырдым.Жогорку окуу жайда да оз аракетим менен группанын старостасы болуп,бир нече конференцияларга катышып,коптогон диплом,граматалардын ээси болдум.

         Университеттер аралык конференция,олимпиадаларга да катышып журдум.

2008-2009-окуу жылында артыкчылык диплом менен кыргыз тили жана адабияты мугалими деген квалификация менен университетти аяктап,ошол эле жылы

№47 А.Темирбаев атындагы орто мектебине кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп кабыл алындым.Мугалим болуп иштеген мезгилден бери 11 жылдын жузу болуптур.Мыкты мугалим катары мектептин,окмоттун,Кадамжай райондук билим беруу болумунун жана администрациясынын ардак грамоталарынын ээси болдум.

         Копчулуктун катарында 2009-жылы турмушка чыгып,уй-було куттум.Жолдошум,Насиров Ымамаззам.Азыркы учурда жук  ташуучу унаа башкарат.Кызым,Жанибекова Адинай 3-класс окуучусу.

Уулум,Жанибеков Нурислам «Кара-Добо Анар»балдар бакчасында орто тайпада тарбияланып жатат.

Биздин уй-булодо эч ким соттолгон эмес.

10-январь 2020-жыл.            /                   /Жунусова Акылай

Үчүнчүдөн,келечек муунга тарбия берип,караңгыда шамы,туңгуюкта кеңешчиси болгум келет.Жаштар жакшы тарбия алса,билимге сугарылып,китеп менен дос болсо,албетте келечек жаштардын колунда демекчи,коом жакшырат.Мына ушундай жол менен ишимде аз да болсо өз салымымды кошо алам.Жаш жеткинчектердин дуйнөсүн кеңейтүүгө,инсан катары калыптанып,турмуштун оош-кыйышынд

Просмотр содержимого документа
«Жыл мугалим 2025»

Сабактын темасы: Сан атооч соз туркуму боюнча кайталоо.

Сабактын максаты

Күтүлүүчү натыйжа

А)Билим берүүчүлүк максаты: Сан атоочту соз туркуму катары кайталап, алган билимдерди бышыктоо.

Б)Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Конугуу иштоо менен логикалык ой жугуртуулору осот. Чыгармачылык менен иштоо жондомдуулуктору эске сактоолору онугот.

В)Тарбия берүүчүлүк максаты:

Топтордо активдуу иштоого бири бирин сыйлоого кызматташууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: Саякат сабак

Сабактын методу: интерактивдуу сабак.топто иштоо.

Сабактын жабдылышы: акылдуу доска,тесттер,окуу китеби,упайларга кийиздерден жасалган макеттер,плакаттар ж.б.

Сабактын байланышы: математика, адабий окуу.

Сабактын этаптары: 1.Уюштуруу:

Саламатсынарбы,балдар!

Коздон-козго тике карап,

Бир жылмайып коелу.

Азаматсынар балдар!Анда айткылачы быйылкы жылды кандай жыл деп атаптыр президентибиз?

Аймактарды онуктуруу жана санариптештируу,балдарды колдоо жылы деп атады.Билесинерби бул санариптештируу боюнча 2023-жылга чейинки концепция да кабыл алынды.Ошол эле учурда:Балдар билим алууга,медициналык жардам алууга,уй-булосундо бактылуу болууга,дос кутууго укуктуу экендигин билдирди.

Слайд корсотулот.

Кордунорбу балдар,силер бул аркылуу укугунарды билип да алдынар.

Анда эмесе:

2.Уй тапшырма

Балдар кана эмесе уйго берилген тапшырманы аткарган экенсинер.Элибиздин улуттук кол онорчулукторунон жасалган буюмдар.Бизге бул буюмдар кереги тиет деп ойлойбуз.Ото жакшы аткарыпсынар.Азаматсынар силер.

3.Жаны тема:

Балдар биз учун бугун жаны тема «Акылмандын жообу» чыгармасындагы жазуучунун чеберчилиги экен.Анда эмесе сабагыбыздын максаты менен таанышып алсанар.

Бугун сабакта:

Этаптар

Мугалимдин ишмердуулугу

Окуучунун ишмердуулугу

компетенттуулук

Негизги

предметтик

1

Саламатсынарбы балдар.

Балдар биз отураардан мурда эки топко болунуп алайлы. Менин колумдагы суроттор аркылуу болуносунор.

Саламдашат.

Экинчи теледен берилген суроого кыздар да,балдар да жооп берип жатышты.

Жигиттер тобунан бир жигит «Сары ой»деген ырды.Кыздар болсо «Курбулар» ырын аткарышат.

Балдар,кыздар теледен берилген тесттерди иштеп чыгышты.

Балдар,кыздар кеп куржун болуму боюнча создорду жана макал-лакаптарды чечмелеп беришет.

Балдар жана кыздар берилген суйломдорду толукташат.

К1

К2

К3

П1

П2

П3

5

Сабакты жыйынтыктоо:

Балдар оз аткарган иштерине таасирленишип,бири-бирине тан берген мезгил болот.

К1

К2

П1

П3

6

Баалоо:

Балдар айткан жоопторуна упайларды алып олтурушат.

К1

П1

7.

Уй тапшырма:

Балдар тапшырманы тушунуп алышты.

К1

П1

Омур баян

Мен,Жунусова Акылай Абдалимовна 1985-жылы 14-октябрда Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагынын Кара-Добо айылында кызматкердин уй-булосундо торолгомун.

Жети жашыма чейин ата-энемдин колунда тарбиялангамын.1992-жылы1-сентябрда №47 А.Темирбаев атындагы (мурдагы «Кара-Добо») орто мектебине кабыл алынгамын.Мектепти жакшы окуп,класстын активдуу окуучуларынын бири болдум.Жылдын жыйынтыктары менен коптогон ардак граматаларды алдым.2001-жылы Кадамжай райондук администрациясынын стипендианты болдум.2003-жылы мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктадым.2003-2004-окуу жылында Жалпы Республикалык Тесттен жогорку балл алып,ошол эле жылы Кызыл-Кыя шаарындагы Баткен Мамлекеттик Университетинин филология факултетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине бюджеттик негизде окууга тапшырдым.Жогорку окуу жайда да оз аракетим менен группанын старостасы болуп,бир нече конференцияларга катышып,коптогон диплом,граматалардын ээси болдум.

Университеттер аралык конференция,олимпиадаларга да катышып журдум.

2008-2009-окуу жылында артыкчылык диплом менен кыргыз тили жана адабияты мугалими деген квалификация менен университетти аяктап,ошол эле жылы

№47 А.Темирбаев атындагы орто мектебине кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп кабыл алындым.Мугалим болуп иштеген мезгилден бери 11 жылдын жузу болуптур.Мыкты мугалим катары мектептин,окмоттун,Кадамжай райондук билим беруу болумунун жана администрациясынын ардак грамоталарынын ээси болдум.

Копчулуктун катарында 2009-жылы турмушка чыгып,уй-було куттум.Жолдошум,Насиров Ымамаззам.Азыркы учурда жук ташуучу унаа башкарат.Кызым,Жанибекова Адинай 3-класс окуучусу.

Уулум,Жанибеков Нурислам «Кара-Добо Анар»балдар бакчасында орто тайпада тарбияланып жатат.

Биздин уй-булодо эч ким соттолгон эмес.

10-январь 2020-жыл. / /Жунусова Акылай

А.Темирбаев атындагы орто мектеби

Сабактын иштелмеси.

Тема:Коррупцияга жол жок.

9-А-Б класстар

Аткарган:Кыясова Б.Каратаева Г.

Презентация ыры.

Мен,Акылай Жунусова боломун,

Ушул жылы 35ке толомун.

Бугун коргоп тилчилердин намысын,

Сынчылардын купулуна толооормун.

Мектептеги ийгиликтер уланып,

БатМУ КГПИ болду мага окуу жай.

Артыкчылык диплом менен аяктап,

Айылыма келдим Кара-Добо кандай соонун жай!

Таасирленип кыргыз тилчи эжеден,

Болсом дедим кыргыз тилчи мугалим.

Темирбаевте болуп эмгек жамаатым,

Орундалды менин ошол тилегим.

Озумду окуткан улуу устаздар менен

11 жылдан бери иштеп келемин.

Баш тартпаймын ар бир ишти билемин,

Балдар учун дайым даяр журомун.

Уюштуруу кезегинде сабакты.

Маанайларын которомун суйомун.

Усулдарды колдономун ар турдуу,

Окуучуну тарбиялап ыймандуу.

Койгой коюп талбай иштеп алдыма,

Инсан кылуу чыныгы менин ниетим.

Жаны сабак жанга канат болуучу,

Акылдуу доска,проектор,слайддар.

Тушунуктуу болсун учун балага,

Колдономун дайым сабактарымда.

Усулдардын жаны турун билемин,

Ротацияны кубикти коп тузомун,

Графикалык текшерууну колдонуп,

Окуучунун билимин текшеремин.

Оздоштуруудо кыйналган баланы.

Оз алдымча жетелеймин журомун.

Креативдуу балдарым бар аларга,

Татаалдашкан тапшырманы беремин.

Ал балдардын жан дуйносу башкача,

Денгээлине жараша баа беремин.

Турдуу-турдуу усулдарды колдоном.

Ар сабакта ар башкача толгоном.

Троянын атын минет балдарым.

Ролдоштурат сабактарды болжогон.

6шляпа 6 турдуу маалымат

Артараптуу дароо билим алышат

Ал билимин бышыктоодо сабакты.

Оз ойлорун кенири айтып салышат.

Президенттин жарлыгында аталган.

Санариптуу мен мугалим боломун.

Балдарды колдоп,укгун коргоп кун сайын

Онуктуром оз аймагым кыштагым.

Онлайн тест интернеттен алабыз

Дароо эле чогуу иштеп салабыз

Кахот менен зип грейд программаны

Бышыктоодо темаларды бышыктап,

Убакыттан зор мумкундук жаратабыз.

Баа беруудо балдарымды таарынтпай,

Озун-озу бааллоого да багыттайм.

Ал анткени озуно баа бере алса

Башкаларды баалайт го дейм жанылтпай

Сабак таймаш викторина откором.

Акыл ордо таймаштарын коптогон.

Кала берсе Манас таануу дегендей

Конкурстарга барып кала коп менен.

Анан дагы эссе жазып жарышат.

Баалуу сыйлуу белектерди алышат.

Балдарынан умумуту зор энелер

Озум менен дайым иштеп келишет.

Мадеминов агай айткан сыяктуу

Эне билсе балдары да билишет.

Мен да озумчо жаш болсом да устазмын.

Менин дагы дарагымда момо бар

Алар менин окуучу буткон балдарым.

Жогоркуу окуу жайларында окушат.

Эн жогорку баллдар алып тесттерден.

Россия,Ош,Бишкектен алып билимди

Келечекте улуу инсан болушат.

Бар болгону ушул менин тарыхым

Кыргыз тилим жан дуйном да азыгым.

Мария эже баштаган тилчилерим.

Колдоочум да,абийрим да,НАМЫСЫМ!

Менин койгойум:Асыл ой,бийик идеяны коздогон,максатка карай умтулган баланы калыптандыруу.

Хобби.

Саламатсыздарбы урматтуу коруучулор.Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгын белгилоонун алдында турабыз.Баарыныздардын алдыда келе жаткан Улуу жеништин 75жылдыгы 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар куну менен чын дилимден куттуктаймын.

Менин хоббим:корком чыгармаларды окуу жана ошол эле учурда баардык кыз-келиндерге тиешелуу корком кол онорчулукту онуктуруу болот.

Жан алгычтай душмандан,

Жалтанып кантип качайын.

Алпештеп шордуу энекем.

Намыска тууса атайын.-деген жигиттердин бири Майсалбек Субанкуловдун монологун аткарып берейин.

Саламдашуу.

Тоолору кок мелжиген _______________районунун,балдарды мыкты тарбиялап чыгарган ______________мектебине кош келиниздер!.Урматтуу ары туйшуктуу,ары сыйлуу директорлордун тарбия иштери боюнча орун басарлары.

Быйыл урматтуу президентибиз «Аймактарды онуктуруу,олкону сарариптештируу жана балдарды колдоо» жылы деп атады.Андыктан балдарды ар тараптан колдоп,коргоп,озубуздун аймагыбызды тынымсыз онуктуруп туралы.Ошондой экен сиздерге биздин балдардын таланттардын концерттик программасын тартуулоого уруксат этиниздер.

Кечени ачып беруу учун мектебибиздин сыймыктуу болгон,ажарлуу айым,диреторубуз _______________эжекени созго чакырып алабыз.

Ак калпагы,Ала-Тоосу белеси,

Ырга айланткан Алыкулдун элеси.

Бизди колдоп дайым колдо сузгонсуйт,

Айтматовдун белгилуу Ак кемеси.

Бабам Манас колдоп дайым жарышта,

Семинарда,конкурстарда,таймашта.

Бут талантын коргозууго эл учун,

Жарап турат биздин мектеп намыска!

Бугун мына бизде дагы салтанат,

Семинарга келип жатат чар тарап.

Кубо болсун биздин ушул талантка,

Бизде болбойт,ээриктирмей,чарчамак.

Салам айтам жалпы журтка,баарына.

Кош келипсиз Кара-Добо айлына.

Айлым соонун,аны менен мактанам

Керек болсо бут дуйного жар салам.

Салам айтам кабыл алгын жарыгым,

Бугун мына ______________айынын.

Жыпар жыттуу жаз илеби билинип,

Маанайлары которунку жалпынын.

Кел замандаш бугун ырдап,бийлейли.

Капалыкты журоктон кетирейли.

Ырахаттын кучагына болонуп,

Меймандарга дайым оомат тилейли.

Ыр ырдайлы,бий бийлейли замандаш,

Кундор отсун ыр кулкуго аралаш,

Ынтымактык,достук шертин аткарып

Кочодо да кайда журбо амандаш.

Бугун мына мектебимде салтанат,

Баары шаттуу мандайлары жаркырап.

Салам бердик кел замандаш обон кош.

Баары-баары сиздер учун арналат.

1.Бул жашоодо чыныгы бактылуу деп кандай адамды айта аласынар?

1.Армандарын айтып жаткан кишилердин кимисинин арманынан таасирлендинер?

1.табып

2.зындан

3.дарт

4.бакыт

5.казына

1.Акыл байлыкка багынбайт,кучтууго сыйынбайт.

2.Акыл ажалдан да куткарат.

3.Жетинин бири кызыр.

4.Вазир жакшы хан жакшы.

Сабактын максаты

Күтүлүүчү натыйжа

А)Билим берүүчүлүк максаты:

Балдар «Акылмандын жообу» чыгармасы боюнча алган билимдерин бышыктап алышат.

Балдар «Акылмандын жообу» боюнча алган билимдерин бышыктай алса…

Б)Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Балдар өздөрүнө кабыл алгандарын бири-бирине жеткиришет жана суроолорго жооп берүү аркылуу ойлоо логикасы өсөт.Тактыкка,тапкычтыкка көнүгүшөт.

Балдар алган маалыматтарын бекемдеп,бири-бирине жеткире алса,суроолорго жооп бере алса,логикасы өссө,так-тапкыч боло алса…

В)Тарбия берүүчүлүк максаты:

Балдар элибиздин эзелки салтты унутпай сабакта да аларды колдонууга тарбияланасынар

Элибиздин эзелки салтын кунумдук турмушунда колдонууга жетишсе..

А)Билим берүүчүлүк максаты:

Балдар

«Акылмандын жообу» чыгармасы боюнча

алган билимдерин бышыктап алышат.

Түз эфир,

тесттер,суроолор аркылуу билгендерин бекемдешет.

Б)Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Балдар өздөрүнө кабыл алгандарын

бири-бирине жеткиришет жана суроолорго жооп берүү аркылуу ойлоо

логикасы өсөт.

Тактыкка,

тапкычтыкка

көнүгүшөт.

В)Тарбия берүүчүлүк максаты:

Балдар элибиздин

эзелки салтын унутпай,кастарлап сабакта да аларды колдонууга тарбияланышат

Балдар

«Акылмандын жообу»

чыгармасы боюнча алган билимдерин бышыктай алса…

Балдар алган маалыматтарын бекемдеп,бири-бирине

жеткире алса…

суроолорго жооп бере алса…

логикасы өссө…

так,тапкыч боло алса…

Элибиздин эзелки салтын күнүмдүк турмушунда

колдонууга жетишсе…

А.Темирбаев атындагы орто мектеби

Улуу Британиянын

майрамдары.

Аткарган:Жанибек кызы Айжаркын