Просмотр содержимого документа
«Зордук зомбулукка каршыбыз»
Сабактын максаты:
1).Зордук - зомбулук түшүнүгүнө ээ болушат жана өз ойлорун айтып беришет.
2) Зомбулуктун түрлөрү жана формаларын т үрлөргө ажырата билишет.
3) Теманын үстүнөн кичи топтордо чыгармачылык менен иштешет.
Көрсөткүчтөр:
Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:
1). Зордук-зомбулук түшүнүгүнө ээ болушса, өз ойлорун айтып беришсе
2) Зомбулуктун түрлөрү жана формаларын түрлөргө ажырата билишсе,
3) Топтордо чыгармачылык, түшүнүү менен иштешсе.
Зомбулук - бул өзүнө же башка адамга же адамдардын тобуна багытталган, чыныгы же коркутуу түрүндөгү, атайылап физикалык күчтү же бийликти колдонуу, ал денеге зыян келтирүүнү, психологиялык травманы, өлүмдү, жетилүүдөгү бузулууларды же башка зыяндарды алып келет же алып келиши толук ыктымал. Зомбулук башка аракеттерден өзүнүн атайылаган мүнөзү
менен айырмаланат. Кокусунан жыгылып кеткенде, жолдогу транспорттук окуядан улам алган дене жаракаттары же психологиялык травма зомбулукка жатпайт. Мушташ учурунда коргонуу максатында жасалган сокку да, капысынан болгондуктан, коргонуп жаткан адам атайылап физикалык же башка зыян келтирүүнү каалабаган учурда,
зомбулук катары карала албайт.
Балдарга карата к өрсөтүлгн зомбулуктун түрлөрү
- Эмоционалдык (психологиялык)
2. Физикалык зомбулук (күч колдонуу)
3. Сексуалдык зомбулук
Эмоционалдык (психологиялык)
Эмоционалдык (психологиялык) зомбулук, бул физикалык күч колдонулбаган, бирок баланын беделин түшүрүүгө багытталган бардык мазактоо, кемсинтүү, намысына шек келтирүү, жаман аттарды коюу, адилетсиз мамиле жасоо, шылдыңдоо, бир тараптуу мамиле жасоо, коркутуу, коомдон сыртка бөлүү жана балага карата нормативдик лексикага жооп бербеген тилди колдонуулар кирет.
Физикалык зомбулук (күч колдонуу)
– бул атайылап балага залака тийгизүү жана денесин жаралоо, денесинин бир жерин оорутуу, соккулар, тепкилер, желкеге чабуулар, кулактан чойуу, уруп-сабоо, түртүү, жолун тозуу, буюм менен согуу, байлоо, эркиндигин чектөө, буюмун сындыруу же тартып алуулар .
Сексуалдык зомбулук
бул күчкө салып жыныстык катнашка мажбурлоо же баланы бузуктук иштерге багыттоо, баланын жашы жете электигине байланыштуу анын түшүнбөстүгүнөн пайдаланып жыныстык катнашка тартуу, чечинүүгө мажбурлоо, сүрөткө тартуу, сексуалдык мүнөздөгү кыймыл аракеттерди, жыныстык катнашка зордоо.
ЗОМБУЛУКТУН ФАКТОРЛОРУ