Чогулуштун темасы:
ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКСУЗ ТАРБИЯЛОО
Чогулуштун максаты:
Зордук-зомбулук көйгөйүнүн болуп жаткандыгын ата-энелерге түшүндүрүү.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун ар түрдүү түрлөрү менен ата-энелерди тааныштыруу.
Ата-энелердин балдар менен болгон мамилесин жакшыртууда жана алардын керектөөлөрүнүн канааттандырууда ата-энелердин чыныгы кадыр-баркын көтөрүүгө көмөктөшүү.
Өткөрүүнүн формасы: тренингдин элементтерин колдонуу аркылуу лекция окуу
Чогулуштун планы: |
№ | Көнүгүү | Убакыт |
1. | Киришүү бөлүгү | 2 мүн. |
2. | «Балалыкка чөмүлүү» медитациясы | 5 мүн. |
3. | Лекция: «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук: түрү, формасы, натыйжасы» | 10 мүн. |
4. | Коллективдүү талкуулоо үчүн тест | 10 мүн. |
5. | Анкеталарды анализдөө | 5 мүн. |
6. | Көнүгүү: Зордук-зомбулуксуз тарбиялоо | 10 мүн. |
7. | Жыйынтыктоо: «Эстеткич түйүнү» | 3 мүн. |
Чогулуштун жүрүшү:
Киришүү бөлүгү (2 мүн.)
Мугалим: Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер! Биздин бүгүнкү сабактын аты «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук».
Официалдуу эмес булактардын маалыматы боюнча Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө балдарга карата зордук-зомбулуктун катышы бар. Биз бүгүн бул маалыматты төгүндөй же далилдей албайбыз. Биздин максат: бул көйгөйдү түшүнүү жана балдарыбыздын турмушуна анын залакасы тийип калышын болтурбоо. Ата-энелер чогулушун кээ бир үзүндүүлөрү башка
болушу мүмкүн, сиздер оюндардан качпаңыздар, сиздерге туура эмес көрүнүшү мүмкүн, ар бир оюнда өзүнүн жыйынтыгы жана мазмуну болот.
Мисалы, биздин жолугушууну медитация көнүгүүсүнөн баштасак.
«Балалыкка чөмүлүү» медитациясы (5 мүн.)
Мугалим көнүгүүгө жол-жобо берет:
Ыңгайлуу болуп отуруңуздар, бутуңуздарды полго коюңуздар, бутуңуздар таянганды жакшы сезсин, белиңиздерди отургучка жөлөңүздөр.
Көзүңүздөрдү жабыңыздар, демиңизге кулак салыңыз, ал түз
жана жайбаракат болушу керек. Колуңуздардагы жана бутуңуздардагы оордукту сезиңиздер.
Убакыттын агымы сиздерди кичинекей болгон мезгилге, бала-чакка алып баратат.
Жаздын жылуу күнү экенин сезиңиз, сиз 5, 6 же 7 жаштасыз, өзүңүздү
эң жакшы билип калган чагыңызды чагылдырыңыз. Сиз көчөдө баратасыз, кийген кийимиңизди, бутуңузда кандай бут кийим жана үстүңүздө кандай кийим экенин эске салыңыз. Сиз көңүлдүүсүз, көчөдө баратасыз, жаныңызда сиздин жакын адамыңыз, караңыз, анын колун кармадыңыз жана анын жылуу назик колун сезип жатасыз.
Андан кийин сиз анын колун кое берип жибересиз жана алдыга кубануу менен чуркап баратасыз, бирок, анча алыска эмес жерге, сиз өзүңүздүн жакын адамыңызды күтөсүз, кайра анын колун кармайсыз. Бир кезде күлкүнү угасыз, башыңызды көтөрсөңүз, таптакыр, сизге тааныш эмес, башка адамдын колун кармап турганыңызды көрөсүз. Арт жакка карасаңыз, сиздин артыңызда сизге жакын адам күлүп турат. Сиз ага чуркайсыз, ал сизди кучактайт, жароокер сылайт, өбөт, дагы колун алып, чогуу басып кетесиздер жана болгон окуяга чогуу күлөсүздөр. Сизге жылуу, жайлуу жана тынчсыз…
Азыр убакыт келди, кайра жанагы
бөлмөгө барууга жана сиз даяр болгондо көзүңүздү ачасыз.
Талкуулоо:
Ойлонуңуздар, биз сиздер менен өзүбүздүн балдарыбызга тез-тез жароокер жана назик болобузбу?
Өзүбүздүн балдарга жетишерлик түрдө камкордук жана жылуулук тартуулайбызбы?
Биз аларды жаныбыздай коргогонубузду сезишеби?
Жыйынтыктоо: Биз, ата-энелер балдарга ушулардын баарын берүүгө милдеттүүбүз. А бул сезимдеги
ар түрдүүлүк. Ар бир бала, аны сүйгөндүгүн, жетишкендиктерин бааланышын, жолу болбой калганда жардам болорун, керек болгон учурда корголо турганын билиши жана сезиши керек. Баланын келечектеги турмушуна, ал эле эмес өзүнүн үй-бүлөсүндөгү мамиле, бөтөн адамдар менен кантип мамиле түзө ала тургандыгына
ата-энелер өтө чоң роль ойнойт. Ошондуктан, биз, балдар менен баарлашууда кандай маалымат алуусун чогуу ойлонолу...
Лекция. (5 мүн.)
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук: түрү, формасы, натыйжасы».
Акыркы учурда биз балдарга карата болгон зордук зомбулук жөнүндө көп угуп жатабыз.
Балдарга карата болгон зордук- зомбулук- жаш балдардын өлүмү жана жаракат алуусу, бардык өлкөлөрдө бирден бир негизги көйгөй катары бааланат. Жаш балдар үй-бүлөдө, андан сырткары да зордук-зомбулукка дуушар болушат.
Зордук-зомбулук - бул аргасыз кылуу, кулдук, таарынтуу, өзүм билемдик.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук деп,
үй-бүлө мүчөсүнүн башка мүчөсүнө (же башкаларга) болгон жүрүм-турумун,
үй-бүлөдөгү бийликти сактап калуу, контролдоо жана коркунуч алып келген жагдайды түшүнөбүз. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук- бул жакын адамдардын
бири-бири менен болгон мамилеси, кайсы бир убакытта бирин-бири кысымчылыкка алуу же кандайдыр бир зыян келтирүү.
Дагы бир аныктамасы бар: үй-
бүлөдөгү зордук-зомбулук деп, үй-бүлө мүчөлөрүнө болгон системалуу түрдө агрессивдүү жана кастык менен мамиле кылган түшүнбөөчүлүк, жыйынтыгында зордук-зомбулук кылынган обүектке зыян, майып, кемсинтүү же өлүм алып келиши мүмкүн. Зордук-зомбулук өспүрүмдөр чөйрөсүндө да болушу ыктымал.
Зордук-зомбулуктун максаты, аны коркутуу, шантаждоо, үстөмдүк кылуу, кемсинтүү жана көзөмөлдөө аркылуу ал же бул укукту жана артыкчылыкты өзүнө ыйгаруу, ошондой эле адамдын үстүнөн көзөмөлдөө жасоо жана багынтуу.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун ар түрдүү багыты болушу мүмкүн:
Күйөөсүнүн аялына болгон мамилеси;
Аялынын күйөөсүнө болгон мамилеси;
Бир же эки ата-энелеринин балдарына болгон мамилеси;
Чоң балдарынын кичине балдарга болгон мамилеси;
Чоң балдарынын же неберелеринин ата-энесине же кары-картаң туугандарына болгон мамилеси;
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка үй- бүлөгө карата болгон мамилеси.
Зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп көпчүлүк учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн корголболгон мүчөлөрү болот (аял, жаш бала, үй-бүлө мүчөсүнүн кары-картаңы, инвалиддер). Үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктагы жабыралангандардын
70 пайыздын аялдар жана жаш балдар түзөт. Көпчүлүк учурда зордук- зомбулуктун бир канча түрлөрүн жолуктурууга болот.
Балдарга болгон зордук- зомбулуктун кээ бир түрлөрү:
Жаш баланын керектөөлөрүн тоотпогондук (моралдык таш боордук, ээн коё бергендик)- бул ата-энелер
тарабынан баланы өз убагында камкордукка алынбаганы, баланын өсүп өнүгүшүнө, ден-соолугуна зыян алып келиши мүмкүн жана эмоционалдык абалынын начарлашына алып келет;
бул үй-бүлө мүчөсүнүн бирөөсүнүн же өспүрүмдүн ар - намысына, моралдык коркунуч, кордук, шантаж, шек келтирүү ж. б. атайы жасалган иш-аракеттердин тутуму;
Экономикалык - үй-бүлө мүчөсү тарабынан үй-бүлө мүчөсүн үй-бүлөлүк бюджетти колдонуудан ажыратып салуу, акчалуу болуу жана аны каалагандай колдонууга укук алуу, жашы жете элек өспүрүмдөргө экономикалык жактан кысым көрсөтүү ж.б.
жетишпегендигине кол салуу, көпчүлүк учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашы жете элек өспүрүмдөргө карата болгон сексуалдык зордук-зомбулугу. Бул жашы жете элек өспүрүмдү, анын макулдугу менен же макулдуксуз жыныстык катнашка алып барган
иш-аракеттер. Кээ бир учурларда сексуалдык зордук-зомбулук физикалык зордук-зомбулуктун бир түрүнө кирип кетет. Инцест деген эмне? Инцест-бул эң жакын туугандары менен болгон жыныстык мамиле.
Физикалык – бул атайы, билип туруп ден-соолукка зыян келтирүү, физикалык оордук келтирүү, эркиндиктен, тамдан, тамак-аштан, кийим кечеден жана башка турмушка керектүү болгон шарттардан ажыратуу,
ошондой эле чоңдор тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөрдү камкордукка алуудан, ден-соолугун кароодон, коопсуздугун камсыз кылуудан баш тарткандыгы.
Зордук-зомбулук кантип билинет?
кыйкыруу, мимикалар, шилтөө менен коркунуч жасоо; милиция тарабынан физикалык опузалоо, атайын мектептер, жаныбарларга карата болгон зордук- зомбулук; жаш баланы таштап кетүүдө же тартып алууда опузалоо, акчадан ажыратуу ж.б.
Башкалардан бөлүп коюу (изоляция) - бул аялдын же жаш баланын эмне кылгандыгы, ким менен дос болгондугун, жолуккандыгын, сүйлөшкөндүгүн дайыма текшерүүгө алып туруу; жакын адамдар менен баарлашуусуна, оюн-тамашаларга барууга тыюу салуу ж.б.
Физикалык жаза – уруп-согуу, бетке чабуу, катуу кыйноо, чачынан тартуу, чымчуу жана башкалар.
Эмоционалдык (психикалык) зордук-зомбулук – бул бир гана коркутуу- үркүтүү, опузалоо, башкалардан бөлүп коюу эмес, анын жеке ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү,
сөз менен кемсинтүү, ырайымсыздык; жаш бала – эң жаман деген сөздү оюна сиңирүү, а аял болсо - жаман эне же жар, башка адамдардын алдында кемсинтүү; жаш баланын же аялдын дарегине сын айтуу жана башкалар.
Зордук - зомбулуктун чыгышынын себептери ар түрдүү. Аларды эки топко бөлүп караса болот: биринчи себеп,
бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн үйдөгү өз ара
аракеттенүүсү, башкасы үй-бүлөдөн сыртта. Бир топтун, экинчи топко карата болгон иш аракети. Көпчүлүк учурда зордук-зомбулук стресстик абалда жүргүзүлөт. Акыркы убакта зордук-зомбулуктун түрлөрү жакшы үй- бүлөлөрдө да байкалып жатат.
Зордук-зомбулуктун себеби:
аракечтиктин, баңгиликтин коомдо жайылышы;
моралдык кризис;
маданияттын кризиси;
инсанды зордук-зомбуктоонун көрүнүшүн дайыма ММК аркылуу демонстрациялоо жана ММК таасири, террористтик актыларды сүрөттөө, вандализм, садизм ж.б.
зордук-зомбулуктун чыгыш себептери үй-бүлөдө да жатат: материалдык кыйналыш, үй-бүлө мүчөсүнүн бирөөсүнүн жумушсуздугу, там салуу көйгөйүнүн чечилбегендиги, үй-бүлө мүчөсүнүн бирөөсүнүн аракечтикке берилгендиги жана ичимдик ичкендиги; үй-бүлө мүчөсүнүн бангиликке берилгендиги, толук эмес үй-бүлө; үй-бүлөдөгү өгөй
ата жана өгөй эне; инвалид бала же ден-соолугунда кандайдыр бир көйгөйү бар үй-бүлө; көңүлгө туура келбеген бала; тарбиясы начар бала; моралдык
жактан тыюу салынган иш-аракеттердин алынып салынышы; үй-бүлөлүк чыр- чатактар; алсыздын эсебинен өзүн бекитүү; ташбоордук маданиятты коомдо пропагандалоо.
Балдарга карата болгон үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун кесепети.
Бир көз караш менен караганда, жаш баланын колуна уруу, бетине чабуу, соккулоо коомго жана жаш балага коркунуч, опуза туудурат.
Ал балага зордук-зомбулуктун сабагын берет;
Ал, жаш баланын ишенимге,
сүймөнчүлүккө муктаж экенин бузат;
Ал, балада чочулоону туудурат: кийинки соккуну күтөт;
Анда, калптын мерчеми бар: баланын педагогикалык мисалын чечип жатамын деген анткорлугу, ошол себептен балага өзүнүн ачуулануусун көрсөтөт. Чоң адам баланы эмнеге урат, анткени, аны да балалык чагында урган;
Ал, каарданууга жана өч алууга чакырат, бул чакырык кала берет жана кечирээк пайда болот;
Ал, ишенимди далилдөөнүн оңуна эмес, тескерисине үйрөтөт: Мен сени өзүңдүн жыргалың үчүн урдум». Баланын мээси бул маалыматты өзүндө сактайт;
Ал, баланын жеке жана башкаларга болгон боорукердигин бүлүнтөт, ошентип, баланын дүйнөгө жана өзүнө болгон жөндөмдүүлүгүнө чек коет.
Бала, уруудан жана жазалоодон кандай сабак алат жана анын натыйжасын көтөрө алабы?
Бала билди:
Ал кадыр-баркка тең эместигин;
Жакшылыкка жетүү үчүн жазалоонун жардамы менен окуп үйрөнүү (чыныда бул туура эмес, жазалоо баланы башка бирөөнү жазалоого үйрөтөт);
Азап чегүүнү жүрөккө жакын кабыл албоо, аны этибар кылбоо;
Сезимдин жок экендигин төгүндөө- кадимкидей көрүнүш;
Чоңдордон коргонгонууга мүмүкүн эмес.
Жыйынтыктоо:
Коллективдүү талкуулоо үчүн тест (10 мүн.)
Мугалим: Урматтуу ата-энелер! Азыр мен сиздерге угуу үчүн мындай текст сунуштайм.
«Бир жолу мен орто жаштагы киши менен маектешип калдым. Ал өз балалыгын айтып өттү. Үй-бүлө үчүн токсонунчу жылдар кыйын болгон.
Атасы түрмөгө камалган болчу. Жалгыз апасынын колунда беш жаш бала калып кеткен, ал эртеден кечке сатуучу болуп иштечү.
Үй-бүлөдө эң кичүүсү, менин маектешим 3 жашта болчу. Буту жылаң аяк, ачка балдардын тагдыры өз колдорунда болчу.
Көпчүлүк чоң кишилер өз балалыгын жакшы бактылуу өткөргөндөрүн эстеп өтүшөттүр. Бул кишинин сөздөрүндө өтүп кеткен жана кайтып келбес кайгылуу маанайлар гана болбостон, жашоого үмүтүн жандандырган булактар да болуп турду.
Апасы чарчап келсе деле, кирдеп кеткен өз балдарынын сүйкүмдүү өпчү жана дайыма бактылуу күлүп, “Менин таттуу балдарым ” деген сөзүн кайталап турчу. 10 жыл өткөн соң, балдары эстеп терең урматтап, берилип сүйүшөр,
мүмкүн бул эненин тарбиялоодогу өзүнүн сыры бардыр. Бул бир башкача нерсе, майда нерсе эмес.
Психологияда жетиштүү тамактанбоо же ачка жүрүү түшүнүгү бар. Жакшы тамактандырган, бирок жеткиликтүү мээрим жетишпеген балдар да болот. Бул балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан балдар үчүн негизги көйгөй болуп саналат.
Аларды кучактаганга, өпкөнгө, эркелеткенге, көккө ыргытканга же атанын оор колу менен мойнун кучактаганга эч ким жок.
Мындайга ата-эненин сүйүүсү керек.
Азыркы алгылыктуу кылымда биз көтөрүмдүү жана оор басырыктуу болуп жатабыз.
Бир жолу мен бир кемпирдин экинчи кемпирге: “Эгерде бөбөктү эч качан башынан сылап мээрим беришпесе, жүлүн мээнин оорусу пайда болот экенин телевизордон айтышты”- деп айтып жатканын угуп калдым.
Элдик-илимдик чечмелөө күлкүлүү болсо деле, бирок биз, баардык ата- энелер үчүн эскертүү: үй-бүлөнүн негизги өзгөчөлүгү - үй-бүлөдө өсүп жаткан биздин балдарды үй-бүлөдөн ажыратпашыбыз керек.
Балдарды туура тарбиялоо керек деген ою менен ата эне бала менен сүйлөшүүнү мугалим жана окуучунун сүйлөөшүсүнө теңдебеши керек. Биринчи кезекте мугалим жаш баланын оюна,
ал эми ата-эне ички дүйнөсүнө мамиле кылуусу керек.
Мугалим окуучудан “Окугандан сен эмнени түшүндүң?”- деп сурашы мүмкүн. А эне баласы менен Чынгыз Айтматовдун “Кыямат” романынын акыркы барактарын окуп жатып ыйлашы мүмкүн, алар бири- бирине эч нерсе деп айтышпай, бири- бирин кучактап олтурушу мүмкүн.
Мындай ачуу көз ирмемдер тууралуу эскерүүлөр балада көп убакытка сакталышы мүмкүн, муну менен чоң жашоого баруу жана жүрөктү күтүүсүз жылуулук улгайганга чейин эсинен кетпей толкундаткан чыгаар.
Келгиле анда, балдарга түбөлүк жашоосуна калгыдай кылып сезим тартуулайлы.
Талкуулоо:
Жыйынтыктоо: Балага мээрим берүү керек.
Анкеталарды анализдөө
(5 мүн.)
Мугалим алдын ала анкета жүргүзгөн (чогулуштун алдынан).
БАЛДАР ҮЧҮН АНКЕТА
Апам мени менен сылык-сыпаа:
Тез-тез -100%
Кээ бирде;
Сейрек;
Эч качан.
Атам мени менен сылык-сыпаа:
Тез-тез;
Кээ бирде - 89%
Сейрек;
Эч качан.
Апам мага кыйкырат:
Тез-тез;
Кээ бирде -83%
Сейрек - 17%
Эч качан.
Атам мага кыйкырат:
Тез-тез;
Кээ бирде -78%
Сейрек-10%
Эч качан-2%
Апам мени урушу, чапкылоосу мүмкүн:
Тез-тез;
Кээ бирде - 12%
Сейрек - 20%
Эч качан - 68%
Атам мени урушу, чапкылоосу мүмкүн:
Тез-тез;
Кээ бирде - 12%
Сейрек
Эч качан - 88%
АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН АНКЕТА
Башка бирөөнүн баласына эскертүү кылса болобу?
Ооба – 47%
Жок – 10%
Жооп берүү кыйын - 43%
Өзүңүздүн балаңызга эскертүү кыла аласызбы?
Ооба - 93%
Жок;
Жооп берүү кыйын.
Башка бирөөнүн баласына кыйкырса болобу?
Ооба;
Жок - 80%
Жооп берүү кыйын -20%.
Өзүңүздүн балаңызга кыйкыра аласызбы?
Ооба;
Жок- 32%
Жооп берүү кыйын.
Башка бирөөнүн баласын ура аласызбы?
Ооба.
Жок- 92%
Жооп берүү кыйын – 8%.
Өзүңүздүн балаңызды урасызбы?
Ооба;
Жок;
Жооп берүү кыйын - 58%.
Жыйынтыктоо: бул анкеталардан мындай жыйынтык чыгарса болот,
биз зордук-зомбулуксуз тарбиялоого үйрөнүшүбүз керек.
Көнүгүү:
Зордук-зомбулуксуз тарбиялоо (10 мүн.)
Багыт берүү:
Бардык ата-энелер үч топко бөлүнүшөт, ар бирине өзүнчө мисал берилет;
Биринчи топ – «макул» деген аргументке өздөрүнүн көз карашын айтышат;
Экинчи топ - «каршы» деген аргументтерин даярдашат;
Үчүнчү топ - булар медиаторлор (ортомчу), каршы тараптарды жумшартуу үчүн, бир чечимге келүүгө жардам берет.
Мисалы:
мас абалда. Ата-энеси, баласын уктоого жаткырып, кийинки күнү баласына, мындай кылык-жорукту көрүү ата-энеге оор жана жагымсыз экендигин айтышат. Андан сырткары, өспүрүм ишеничти жоготуп, мындай абал дагы кайталанса дискотекага баруу жөнүндө кеп да болбошун айтышат.
«Зордук-зомбулук» үчүн
Ата-энелер, эгерде өспүрүм кандайдыр бир туура эмес кылык-жорукту жасаса, анда баланы жазалаш керек деп эсептешет. Ата-энелери укпагандыгы үчүн урган балдар аракты аз ичет, тамекини аз тартат, жакшы окушат.
Ортомчулар топторду угушуп, айтылган ырастоолорго ойлорун айтат.
Жыйынтыктоо: эгерде ата-энелер зордук-зомбулуксуз усулун тандап алса, анда, өспүрүмдөр ата-энелерине ишенишет, демек бул ишеничти жок кылбоо үчүн аракеттенишет.
Жыйынтыктоо:
«Эстеткич түйүнү» (3 мүн.)
Мугалим: Урматтуу ата-энелер!
«Эстеткич түйүнү» катары биздин бүгүнкү ата-энелер чогулушунун негизинде, мен сиздерге тизме сунуштаймын - биздин тарбиялоонун баланын турмушуна тийгизген таасири туралуу эскертким келет.
Балдар турмуштан жашоого үйрөнүшөт:
Эгерде, баланы дайыма сындасак, анда ал жек көргөнгө үйрөнөт;
Эгерде, бала кастыкта жашаса, ал агрессивдүүлүккө үйрөнөт;
Эгерде, баланы мазактап күлүшсө, анда, ал түнт болот;
Эгерде, бала жемелөөдө чоңойсо, анда, ал күнөөлүү болуп жашаганга үйрөнөт;
Эгерде, бала сабырдуулукта чоңойсо, анда, ал башкаларды кабыл алууга үйрөнөт;
Эгерде, балага дем берсе, анда, ал өзүнө ишенүүгө үйрөнөт;
Эгерде, баланы мактасак, анда, ал ыраазы болууга үйрөнөт;
Эгерде, бала ак ниетте өссө, анда, ал адамдарга ишенүүгө үйрөнөт;
Эгерде, бала коопсуздукта жашаса, анда, ал адамдарга ишенүүгө үйрөнөт;
Эгерде, баланы колдосо, анда, ал өзүн баалоого үйрөнөт;
Эгерде, бала достукта жана түшүнүүчүлүктө жашаса, анда, ал бул дүйнөдөгү сүйүүнү табууга үйрөнөт.
Эске туткула! Өз баласына ырайымсыз мамиле кылган ата-энени эч нерсе актай албайт. Бала - кул эмес, ата-эне – мырза эмес. Бала жана ата-эне бирдей укукка ээ, анын ичинде, коркунучтан эркин жана зордук-зомбулуктан сырт болууга укуктуу.
Чогулушту аяктап жатып, ата-энелер үчүн өткөрүлгөн чогулуштун эсте каларлык жагын айтып кетүү жагы сунуш кылынат.