СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дене тарбия. Эстефеталык чуркоо (конспект).

Категория: Физкультура

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Дене тарбия. Эстефеталык чуркоо (конспект).»

Тема: Эстафеталык чуркоо 4Х100.

Сабактын жалпы максаттары:

Окуучулар:

  • Эстафеталык чуркоо боюнча маалымат алышат.

  • Жөнөкөй чуркоо менен эстафеталык чуркоонун айырмасын айырмалай алышат.

  • Бири-бирин сыйлашат, урматташат.

Бул сабакты ийгиликтүү өткөрүү үчүн төмөнкү ресурстар зарыл:

  1. Свисток, секундомер, желекче, эстафеталык таякча.


Бул сабак аркылуу төмөндөгү жыйынтыкка (натыйжага) жетишүүгө аракет кылам:

Окуучуларды ылдамдык менен жогорку натыйжага жетишүүсүнө аракет кылам

Бул натыйжага жетишкендигим туурасында төмөндөгү индикаторлор көрсөтөт:


Эстафеталык чуркоо жөнүндө ой жүгүртөт.


Ылдамдык менен чуркап биринчиликке жетишүүгө үйрөнөт.

Бул сабак төмөндөгү негизги компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт:



Маалыматтык компетенттүүлүк


Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк

Өз алдынча уюштуруучулук жана маселелерди чечүү


Бул сабак төмөндөгү предметтик компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт:



Математикалык

-Эсеп-китеп аркылуу ылдамдыкты сактоо.

Социалдык-инсандык

-Талкуулоого катышат, өз пикирин билдирет.

-Топтордо иштөөдө практикалык жана таанып-билүүчүлүк тапшырмаларды биргелешип чечет, көрсөтмөлөрдү түзөт.


Социалдык-инсандык

- Дене тарбиялык көндүмдөрүн калыптандырууга жана аны колдонууга карата умтулуусун көрсөтөт.

Сабактын жүрүшү:



Сабактын этаптары

Мугалимдин иши

Окуучулардын иши

Окутуунун ыкмалары жана усулдары

1

Кириш бөлүк

Окуучулардан сабакка даярдыгын суралат.

Сабактын темасын, максаттарын жана милдеттерин айтам.

Топторго бөлүнүшөт.

Сабактын максаттарын жана милдеттерин мугалим менен бирге иштеп чыгышат. Сабакка даярдыгы жөнүндө маалымат беришет.


2

Өтүлгөн материалдарды кайталоо

Суроо берилет: Биз өткөн сабакта эмне жөнүндө көнүгүүлөрдү аткарганбыз?


Окуучулар талкуулашат, өз ойлорун билдиришет.

Берилген суроолор боюнча ой жүгүртүшөт, жооп бергенге аракет жасашат.

Окуучулар үйдө аткарып келген тапшырманын көнүгүүлөрүн аткарышат.

Жуптарда иштөө, суроо-жооп

3

Мугалимдин комментарийи

Жоопторду алгандан кийин кириш сөздү айтам:

Азыр биз аткарган көнүгүүлөр аркылуу өзүбүздүн түпкү бойубузду чыңдап алдык

Өздөрүнүн маалыматын толуктап, маалыматтарды билип алышат. Суроо беришет.

Суроо-жооп.

3

Жаңы окуу материалын түшүнүү

3 топко бөлүнгөн окуучуларга теманын планы негизинде тапшырмалар берилет.

Ар бир топ:

1.Старттан белгиленген убакытта чыгуу

2.Чуркоодо ылдамдыкта болуу

3. Эсафеталык таякчаны шеригине колдон түшүрбөй жеткирип берүү

4. Финишке келүү









Окуучулар өздөрүнүн топторунда коюлган ар бир тапшырманы чогуу талкуулашат жана аткарышат.









Окуучулар өздөрүнүн жоопторун беришет.

Чакан топтордо иштөө. Тапшырманы аткарууга 15 же 20 минут берилет.

Ар бир топтун презентациясына 5-10 минут берилет.

4

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо.

Кайра байланыш алуу үчүн кагаз баракчалары таратылат:

Финишке жетүү үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?

Окуучуларды баалоодо ар бирин аткарган иштери боюнча бааланат.

Окуучулар өздөрүнүн жоопторун айтышат


Формативдик баалоо: "Кайтарым байланыш".

Топторду баалоо

5

Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу жана рефлексия:

Окуучулардан алынган өтүнүчтөрдүн негизинде комментарийлерди жасалат жана окуучулардын суроолоруна жооп берилет.

Суроо беришет.

Суроо-жооп.

6

Үйгө тапшырма

Көнүгүүлөрдү аткаруу, ылдадыкты жогорулатуу

Тапшырманы күндөлүктөрүнө жазып алышат