СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дидактика сабагы .

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дидактика

Просмотр содержимого документа
«Дидактика сабагы .»

Лекциянын темасы: Дидактика (билим берүүнүн, окутуунун теориясы)

Планы:

  1. Дидактиканын предмети, методологиясы, милдеттери.

  2. Окутуу дидактикалык процесс катары.

  3. Окутуу процессинин функциялары.

Дидактика – бул окутуу жана билим берүү жөнүндөгү, окутуунун жана билим берүүнүн максаттары, усулдары, каражаттары (ресурстары) жана окутууну уюштуруу формалары жөнүндөгү илим.

Дидактика илим катары өз предметине ээ. Дидактиканын предмети – окутуунун мыйзам ченемдүүлүктөрү жана принциптери, окутуунун максаттары, билим берүүнүн мазмунунун илимий негиздери, усулдары, формалары, окутуу каражаттары.

Дидактика жалпы жана жеке болуп бөлүнөт. Жалпы дидактика окутуу процессин аны пайда кылуучу факторлор, окутуу процесси жүрүп жаткан шарттар, ошондой эле окутуу процесси кандай натыйжаларга алып келиши менен кошо изилдейт.

Жеке дидактикалар түрдүү окуу предметтерин окутуу процессинин жүрүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн, аларды окутуунун формалары менен усулдарын иликтейт. Жеке дидактикаларды башкача аталышта да, -тиешелүү окуу предметин окутуунун методикасы деп аташат. (маселен, математиканы окутуунун методикасы, географияны окутуунун методикасы ж.у.с.).

Илим катары дидактика төмөндөгү проблемаларды чечүүнүн үстүндө иш жүргүзөт:

-эмне үчүн окутуу керек (билим берүүнүн, окутуунун максаттары);

-кимди окутуу керек (окутуунун субъектилери);

-окутуунун кандай стратегиялары бир топ натыйжалуу (окутуунун принциптери);

-эмнени окутуу керек (билим берүүнүн, окутуунун мазмуну);

-кантип окутуу керек (окутуунун усулдары);

-окутууну кантип уюштуруу керек (окутууну уюштуруунун формалары);

-окутуунун кандай каражаттарын колдонуу зарыл (окуу китептери, окуу колдонмолору, компьютердик программалар, дидактикалык материалдар, көрсөтмөлөр, тапшырмалар, ж.б.);

-окутуунун натыйжасында эмнеге жетишүү керек (окутуунун натыйжаларын мүнөздөөчү критерийлер менен көрсөткүчтөр);

-окутуунун натыйжаларын кантип текшерип, баалоо керек (окутуунун натыйжаларын текшерүү жана баалоо усулдары).



Окутуу дидактикалык процесс катары

“Окутуу” жана “окутуу процесси” деген педагогикалык категорияларды кээде теңдеш түшүнүктөр катары карашат. Бирок бул дайыма эле андай эмес. “Окутуу” түшүнүгү кубулушту түшүндүрсө, “окутуу процесси” (же “окуу процесси”) түшүнүгү – бул процесстин убакыт менен мейкиндикте өнүгүшү, алардын этаптарынын ырааттуу алмашышы.

Россия педагогикалык энциклопедиясы боюнча, окутуу процесси деп, “мугалим менен окуучулардын биргелешкен, максатка багыттуу ишмердүүлүгүн, ишмердүүлүктүн жүрүшүндө инсандын өнүгүүсү, ага билим берүү жана аны тарбиялоо жүргүзүлөөрүн” түшүнөбүз. (Российская педагогическая энциклопедия: В 2 т. М., 1999.)

Ю.К. Бабанский эсептегендей, “Окутуу процесси – бул мугалим менен окуучулардын максатка багыттуу өз ара аракеттенүүсү, мунун жүрүшүндө окуучуларга билим берүү милдеттери чечилет”. (Педагогика. Под ред. Ю.К. Бабанского. 2-е изд. М., 1988)

Бул түшүнүккө бир топ көлөмдүү аныктаманы И.П. Подласый берет: “Окутуу процесси – бул окуучулар менен мугалимдин атайын уюштурулган, максат коюучу жана башкарылуучу өз ара аракеттенүү процесси, ал коюлган максаттарга ылайык билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүүгө, окуучулардын дүйнө таанымын калыптандырууга, акыл күчүн жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн бышыктоого багытталган”. (Подласый И.П. Педагогика. Новый курс: Учебник: В 2 кн. Кн.1. М.,1999)

Айтылгандардын баарынан мындай тыянак чыгарууга болот: окутуу процесси – бул окутуп жаткандар (мугалимдер) менен окуп жаткандардын (окуучулар) максатка багыттуу өз ара аракеттенүү процесси, мунун жүрүшүндө окуп жаткандарга билим берүү, аларды тарбиялоо жана өнүктүрүү ишке ашырылат.

Окуунун эң маанилүү элементи болуп мотивдер, б.а. окуучу тигил же бул окуу иш-аракеттерин же болбосо бүтүндөй окуу ишмердүүлүгүн ишке ашырууда жетекчиликке алган үндөөлөр эсептелет. Окууга ар түрдүү касиеттеги көптөгөн мотивдер үндөйт, алардын ар бири айрым-айрым эмес, бири-бири менен өз ара аракеттенүү абалында болот. Интеллектуалдык-үндөөчү мотивдердин арасында таанып-билүүчүлүк кызыгуулар жана муктаждыктар өзгөчө орунду ээлеп турат. Аларды өнүктүрүүгө музмуну илимий болгон жана активдүү, өз алдынча таанып-билүүнү педагогикалык жактан максатка ылайык уюштурган окутуунун жогорку деңгээли өбөлгө түзөт.



Окутуу процессинин функциялары

Окутуу процесси бир катар функцияларды аткарат. Алар: билим берүү, өнүктүрүү, үндөө жана уюштуруу функциялары.

Билим берүү функциясы окутуу процесси баарыдан мурда билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү, чыгармачылык ишмердүүлүк тажрыйбасын калыптандырууга багытталгандыгында турат.

Билим – бул фактыларды, маалыматтарды, түшүнүктөрдү, эрежелерди, закондорду, теорияларды, формулаларды, мүнөздөмөлөрдү ж.б. түшүнүү, эсте сактап калуу жана аларды кайра кайталоо.

Ошондой эле билим берүү функциясы окутуу окуучулардын билим алуусуна гана эмес, аларда билгичтиктер менен көндүмдөрдүн калыптануусун да болжойт.

Билгичтик – эрежелерге таянуу менен кандайдыр бир операцияларды (иш-аракеттерди) аткаруу жөндөмдүүлүгү. Же болбосо: билгичтик – бул билимдерди практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу.

Көндүм – бул аң-сезимдүү ишмердүүлүктүн автоматташтырылган компоненти. Башка сөз менен айтканда, бул, автоматизмге жеткирилген, жогорку даражада өркүндөтүлгөн билгичтик.

Билгичтиктер көнүгүүлөрдүн натыйжасында жаралат, түзүлөт. Көндүмдөрдү иштеп чыгуу үчүн көп жолу кайталоолор зарыл.

Окутуу процесси билим берүү функциясы менен катар тарбиялык функцияны да аткарат. Окутуунун тарбиялык функциясы бул социалдык процесстин табиятынан объективдүү түрдө келип чыгат. Бул деген, окутуу процессинде окуучулардын көз караштары, илимий дүйнө таанымы, табияттын, коомдун жана ойлоонун закондорун түшүнүүсү, адептик жана эстетикалык түшүнүктөрү, коомдогу жүрүм-турум нормаларын, мамлекетте, коомдо кабыл алынган закондорду аткаруу жөндөмдүүлүгү калыптанат. Окутуу процессинде ошондой эле инсандын керектөөлөрү, муктаждыктары, ишмердүүлүк жана социалдык жүрүм-турум мотивдери, баалуулуктары жана баалуулукка болгон багыт алуулары калыптанат.

Окутуу ар дайым тарбиялоого тийиш, бирок бул автоматтык түрдө эмес жана дайыма эле керектүү багытта болбой калышы мүмкүн, ошондуктан окутуунун тарбиялык функциясын ишке ашыруу окуу процессин уюштурууда, анын мазмунун иргеп алууда, окуу процессинин формалары менен усулдарын тандоодо тарбиялоонун коюлган милдеттеринен туруп кароону талап кылат.

Окутуу процесси билим берүү жана тарбиялык функциялар менен катар окуучуну өнүктүрүү функциясын да ишке ашырат. Окутуу процессинде билимдерди, билгичтиктрди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүдөн сырткары окуучулардын өнүгүүсү да жүрөт. Өнүгүү бир топ багыттарда ишке ашырылат: инсандын кебин, ойлоосун өстүрүүдө, сенсордук жана кыймылдык чөйрөлөрдө, эмоциялык, эрктик жана керектөөчүлүк-мотивациялык тармактарда. Улуу окумуштуу Л.С. Выготский түзгөн психологиянын маанилүү мыйзамдарынын бири тастыктагандай, “окутуу дайыма өнүгүүнү ээрчитип жүрөт”. Ага билим берүүнүн мазмунун да, окутуунун пайдаланылуучу усулдары менен формалары да, ошондой эле окуучулардын активдүү, ар түрдүү аң-сезимдүү ишмердүүлүгү да өбөлгө түзөт.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!