СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Диндердин өнүгүү тарыхы Католицизм 8-класс

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Диндердин өнүгүү тарыхы  Католицизмдин пайда болушу  8-класс

Просмотр содержимого документа
«Диндердин өнүгүү тарыхы Католицизм 8-класс»

КАТОЛИЦИЗМ

КАТОЛИЦИЗМ

САБАКТЫН МАКСАТЫ: Билим берүүчүлүк:  -Окуучулар католицизмдин пайда           болушу жана Рим папасы              жөнүндө кеңири маалымат             алышат жана түшүнүшөт.  Өнүктүрүүчүлүк:   - Алган билимдерин дагы да             тереңднтип билүүгө ашыгышат.  Тарбия берүүчүлүк:  -Логикалык ой чабыты өсүп, өз           оюн кеңири айтууга үйрөнүшөт.

САБАКТЫН МАКСАТЫ:

  • Билим берүүчүлүк: -Окуучулар католицизмдин пайда болушу жана Рим папасы жөнүндө кеңири маалымат алышат жана түшүнүшөт.

  • Өнүктүрүүчүлүк: - Алган билимдерин дагы да тереңднтип билүүгө ашыгышат.

  • Тарбия берүүчүлүк: -Логикалык ой чабыты өсүп, өз оюн кеңири айтууга үйрөнүшөт.
Католицизмдин пайда болушу. Католицизм  ( грек . καθολικός (katholikos) – жалпы, бүткүл ааламдык) дегенди түшүндүрүп,   православие  жана   протестантизм  менен бирдикте  христианчылыктагы  негизги багыттардын бири.

Католицизмдин пайда болушу.

  • Католицизм  ( грек . καθολικός (katholikos) – жалпы, бүткүл ааламдык) дегенди түшүндүрүп,   православие  жана

  протестантизм  менен бирдикте  христианчылыктагы  негизги багыттардын бири.

К а т о л и ц и з м Христианчылык  пайда болгондон тартып бүткүл ааламдык,  кафоликалык , башкача айтканда курама деп аталган бирдиктүү  христиан  чиркөөсү болгон. Анын  Константинополду  борбор кылган чыгыш жана  Римди  ордого айландырган батыш деп аталган эки бөлөк чиркөөгө бөлүнүшү 9-кылымда башталып, 11-кылымда (1054 ж.) аяктаган. Алардын ар бири өзүн  кафолик  же роман-латынча католик чиркөөсү деп атаган.

К а т о л и ц и з м

  • Христианчылык  пайда болгондон тартып бүткүл ааламдык,  кафоликалык , башкача айтканда курама деп аталган бирдиктүү  христиан  чиркөөсү болгон. Анын  Константинополду  борбор кылган чыгыш жана  Римди  ордого айландырган батыш деп аталган эки бөлөк чиркөөгө бөлүнүшү 9-кылымда башталып, 11-кылымда (1054 ж.) аяктаган. Алардын ар бири өзүн  кафолик  же роман-латынча католик чиркөөсү деп атаган.

Католициздин дүйнөгө таралышы

Католициздин дүйнөгө таралышы

Орус тилинде бул түшүнүккө «собордук» деген термин ылайык келет. Акырындык менен батыш жана чыгыш чиркөөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылык күч алат. Ал төмөнкүдөй факторлор менен шартталган: бир жагынан аталган чиркөөлөр европадагы мамлекеттерге саясий үстөмдүк орнотуу үчүн болгон күрөш менен байланышса, экинчи жагынан  Константинополдун  же  Римдин  таасирине туш болгон элдердин менталитетинин өзгөчөлүктөрү менен аныкталган.  Мисалы: чыгыш жана түштүк  славян  урууларынын маданияты,  этностук  аң-сезими, рухий дөөлөттөрү үчүн чыгыш  христианчылыктын  окуусу жакын болуп, натыйжада  православие  дини калыптанган.
  • Орус тилинде бул түшүнүккө «собордук» деген термин ылайык келет. Акырындык менен батыш жана чыгыш чиркөөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылык күч алат. Ал төмөнкүдөй факторлор менен шартталган: бир жагынан аталган чиркөөлөр европадагы мамлекеттерге саясий үстөмдүк орнотуу үчүн болгон күрөш менен байланышса, экинчи жагынан  Константинополдун  же  Римдин  таасирине туш болгон элдердин менталитетинин өзгөчөлүктөрү менен аныкталган. Мисалы: чыгыш жана түштүк  славян  урууларынын маданияты,  этностук  аң-сезими, рухий дөөлөттөрү үчүн чыгыш  христианчылыктын  окуусу жакын болуп, натыйжада  православие  дини калыптанган.
Герман  уруулары Рим-католик чиркөөсүнүн жетекчилиги астындагы батыш  христианчылыкты  кабыл алышкан. Христианчылык өз маңызы боюнча  космополиттик  (улуттук мүнөзгө ээ эмес) дин болсо да, тигил же бул элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүнө ыңгайланышуу менен батыш жана чыгыш чиркөөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктарды кескин күчөтүп жиберген. Натыйжада, 1054-ж.  христианчылык  официалдуу түрдө эки багытка ажырап кеткен.  Православие  менен католицизмдин ортосундагы айырмачылыктар төмөндөгүлөргө негизделген:

Герман  уруулары Рим-католик чиркөөсүнүн жетекчилиги астындагы батыш  христианчылыкты  кабыл алышкан. Христианчылык өз маңызы боюнча  космополиттик  (улуттук мүнөзгө ээ эмес) дин болсо да, тигил же бул элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүнө ыңгайланышуу менен батыш жана чыгыш чиркөөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктарды кескин күчөтүп жиберген. Натыйжада, 1054-ж.  христианчылык  официалдуу түрдө эки багытка ажырап кеткен.  Православие  менен католицизмдин ортосундагы айырмачылыктар төмөндөгүлөргө негизделген:

1) 6–9-кылымдардын аралыгында чыгыш менен батышта ар кандай мүнөздөгү  христиан   догматикасы  калыптанат. Рим-католик чиркөөсү догматтарды өнүктүрүү ынаным кабыл алган. Бул принцип боюнча чиркөө соборлору жаңы догматтарды кабыл алууга толук укуктуу.

1) 6–9-кылымдардын аралыгында чыгыш менен батышта ар кандай мүнөздөгү  христиан   догматикасы  калыптанат. Рим-католик чиркөөсү догматтарды өнүктүрүү ынаным кабыл алган. Бул принцип боюнча чиркөө соборлору жаңы догматтарды кабыл алууга толук укуктуу.

Православ чиркөөсү бул принципти толугу менен четке кагат.  Мисалы: батышта ишенимдин  Никей-Царьграддык символу  « филиокве » ( лат . filioque – уулдан дагы) деген түшүнүк менен толукталган. Башкача айтканда католик Чиркөөсү  Никей-Царьграддык  собордун чечимдери менен канааттанбастан, кийинки соборлорду да чакырган. Кийинки соборлордо кабыл алынган  филиокве  принциби боюнча Ыйык Рух Кудай Ата менен Кудай Уулдан дагы жаралган.
  • Православ чиркөөсү бул принципти толугу менен четке кагат. Мисалы: батышта ишенимдин  Никей-Царьграддык символу  « филиокве » ( лат . filioque – уулдан дагы) деген түшүнүк менен толукталган. Башкача айтканда католик Чиркөөсү  Никей-Царьграддык  собордун чечимдери менен канааттанбастан, кийинки соборлорду да чакырган. Кийинки соборлордо кабыл алынган  филиокве  принциби боюнча Ыйык Рух Кудай Ата менен Кудай Уулдан дагы жаралган.
Православие  дини  Никей-Царьграддык  собордун чечимдери менен толук макул, б. а. Ыйык Рухту Кудай Ата жараткан деп эсептейт жана кийинки соборлорго катышкан эмес. Демек, православие кийинки соборлордо кабыл алынган догматтарды четке кагат.
  • Православие  дини  Никей-Царьграддык  собордун чечимдери менен толук макул, б. а. Ыйык Рухту Кудай Ата жараткан деп эсептейт жана кийинки соборлорго катышкан эмес. Демек, православие кийинки соборлордо кабыл алынган догматтарды четке кагат.
2) 20-кылымга чейин  католиктер  тарабынан православие четке каккан төмөнкүдөй догматтар кабыл алынган: тазартуу ( орус . чистилище) тууралуу догмат (1439-ж.); жакшы иштердин запасы тууралуу догмат (1854-ж.); Ыйык Мариянын күнөөсүз кош бойлуу болушу тууралуу догмат (1854-ж.); Ыйык Мариянын денесинин асманга кетиши тууралуу догмат (1950-ж.).
  • 2) 20-кылымга чейин  католиктер  тарабынан православие четке каккан төмөнкүдөй догматтар кабыл алынган:
  • тазартуу ( орус . чистилище) тууралуу догмат (1439-ж.);
  • жакшы иштердин запасы тууралуу догмат (1854-ж.);
  • Ыйык Мариянын күнөөсүз кош бойлуу болушу тууралуу догмат (1854-ж.);
  • Ыйык Мариянын денесинин асманга кетиши тууралуу догмат (1950-ж.).
3) Католицизм Рим Папасын рим-католик чиркөөсүнүн башчысы гана эмес,  Христостун  мурасчысы,  христианчылыктагы  ар кандай багыттарга таандык экендигине карабастан, бардык  христаиндардын  атасы жана устаты деп атайт.  Православиеде  Рим Папасынын мындай кеңири мүнөздөгү бийлиги кабыл алынбайт.
  • 3) Католицизм Рим Папасын рим-католик чиркөөсүнүн башчысы гана эмес,  Христостун  мурасчысы,  христианчылыктагы  ар кандай багыттарга таандык экендигине карабастан, бардык  христаиндардын  атасы жана устаты деп атайт.  Православиеде  Рим Папасынын мындай кеңири мүнөздөгү бийлиги кабыл алынбайт.
4) Католицизм менен православиеде диний ырым-жырымдар да ар кандайча түшүндүрүлөт.  Мисалы:  католик  дининде причащение (Кудайдын денеси жана каны деп ооз тийилүүчү нан жана вино ичип, кудайды эскерүү) ырымы бекем орногон. Католиктерде  дин кызматкерлери нан жана вино (нан –  Христостун  денесинин, вино – канынын символу) менен кудайды эскерсе, жөнөкөй  христиандар  нан гана ооз тийүүгө укуктуу. Католицизмде чокундуруу ырымы православиедегидей сууга чөмүлтүү жолу менен эмес, үстүнөн суу куюу аркылуу жүргүзүлөт.
  • 4) Католицизм менен православиеде диний ырым-жырымдар да ар кандайча түшүндүрүлөт. Мисалы:  католик  дининде причащение (Кудайдын денеси жана каны деп ооз тийилүүчү нан жана вино ичип, кудайды эскерүү) ырымы бекем орногон.
  • Католиктерде  дин кызматкерлери нан жана вино (нан –  Христостун  денесинин, вино – канынын символу) менен кудайды эскерсе, жөнөкөй  христиандар  нан гана ооз тийүүгө укуктуу. Католицизмде чокундуруу ырымы православиедегидей сууга чөмүлтүү жолу менен эмес, үстүнөн суу куюу аркылуу жүргүзүлөт.
5)  Католиктер  латын тилинде жазылган  Библияны  гана кабыл алышат жана аны башка тилдерге которууга тыюу салышат.  Православиеде  диний кызмат жергиликтүү элдин тилинде жүргүзүлөт. Ошондуктан,  православиени  туткан элдерде  Библияны  башка тилдерге которуу салыштырмалуу эрте башталган.  Мисалы, грек улутундагы орус агартуучулары, ага-ини  Кирилл  жана  Мефодий  тарабынан  Библия  грек тилинен эски орус тилине которулган.
  • 5)  Католиктер  латын тилинде жазылган  Библияны  гана кабыл алышат жана аны башка тилдерге которууга тыюу салышат.  Православиеде  диний кызмат жергиликтүү элдин тилинде жүргүзүлөт. Ошондуктан,  православиени  туткан элдерде  Библияны  башка тилдерге которуу салыштырмалуу эрте башталган. Мисалы, грек улутундагы орус агартуучулары, ага-ини  Кирилл  жана  Мефодий  тарабынан  Библия  грек тилинен эски орус тилине которулган.
6) Католицизмде дин кызматкерлеринин чиркөө эрежелерине «кыңк» этпестен баш ийиши салт.  Мисалы:  католик  дин кызматкерлери үй-бүлө, бала, чарба күтпөө тууралуу ант беришет. Православиеде  мындай ырым-жырым жок. Ошол себептен эрежелерди бекем сактаган ыйык адам катары түшүнүлгөн  Рим  папаларынын күнөөсүздүгү тууралуу догмат 1870-жылы кабыл алынган.  Православиеде  дин кызматкерлеринин күнөөсүздүгү тууралуу догмат толугу менен четке кагылат.
  • 6) Католицизмде дин кызматкерлеринин чиркөө эрежелерине «кыңк» этпестен баш ийиши салт. Мисалы:  католик  дин кызматкерлери үй-бүлө, бала, чарба күтпөө тууралуу ант беришет.
  • Православиеде  мындай ырым-жырым жок. Ошол себептен эрежелерди бекем сактаган ыйык адам катары түшүнүлгөн  Рим  папаларынын күнөөсүздүгү тууралуу догмат 1870-жылы кабыл алынган.  Православиеде  дин кызматкерлеринин күнөөсүздүгү тууралуу догмат толугу менен четке кагылат.
7)  Православие  мамлекеттин саясий бийлигине кийлигишпейт жана адамдардын адеп-ахлактуу жүрүм-турумун жөнгө салуу менен гана чектелет.  Аврелий Августиндин  окуусуна таянуу менен Рим-католик чиркөөсү өз бийлигин динсиз мамлекеттерге орнотууга жана аларды саясий тескөөгө алууга умтулган. Чиркөөнүн светтик бийликке болгон үстөмдүгү тарыхта клерикализм ( лат . cularis – чиркөө бийлиги) деген ат менен белгилүү. Ошондуктан батыш европанын орто кылымдардагы тарыхы  Рим  папаларынын чиркөөгө баш ийбеген динсиз мамлекеттер менен болгон тынымсыз күрөшү менен коштолгон.
  • 7)  Православие  мамлекеттин саясий бийлигине кийлигишпейт жана адамдардын адеп-ахлактуу жүрүм-турумун жөнгө салуу менен гана чектелет.  Аврелий Августиндин  окуусуна таянуу менен Рим-католик чиркөөсү өз бийлигин динсиз мамлекеттерге орнотууга жана аларды саясий тескөөгө алууга умтулган.
  • Чиркөөнүн светтик бийликке болгон үстөмдүгү тарыхта клерикализм ( лат . cularis – чиркөө бийлиги) деген ат менен белгилүү. Ошондуктан батыш европанын орто кылымдардагы тарыхы  Рим  папаларынын чиркөөгө баш ийбеген динсиз мамлекеттер менен болгон тынымсыз күрөшү менен коштолгон.
8)  Православиеде  дин кызматкерлеринин зомбулук көрсөтүүгө жана курал колдонууга таптакыр укугу жок.  Католиктерде  зомбулук  христиан  динин орнотуунун, таратуунун жана коргоонун негизги каражаты болуп саналган. Ушул максатта католиктер тарабынан аскерлештирилген уюмдар жана кечилдик ордендер түзүлгөн. Аскерлештирилген кечилдик ордендери еретиктер менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Ошол эле максатта көп кылымдар бою адамкерчиликсиз ырайымсыздык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн инквизиция ( лат . inquisitio – издөө салуу) деп аталган өзгөчө сот органы негизделген. Негизги кечил ордендери болуп  доминикандыктар  менен  францискандыктардын  уюмдары эсептелген.
  • 8)  Православиеде  дин кызматкерлеринин зомбулук көрсөтүүгө жана курал колдонууга таптакыр укугу жок.  Католиктерде  зомбулук  христиан  динин орнотуунун, таратуунун жана коргоонун негизги каражаты болуп саналган. Ушул максатта католиктер тарабынан аскерлештирилген уюмдар жана кечилдик ордендер түзүлгөн. Аскерлештирилген кечилдик ордендери еретиктер менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Ошол эле максатта көп кылымдар бою адамкерчиликсиз ырайымсыздык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн инквизиция ( лат . inquisitio – издөө салуу) деп аталган өзгөчө сот органы негизделген. Негизги кечил ордендери болуп  доминикандыктар  менен  францискандыктардын  уюмдары эсептелген.
Сабакты бышыктоо:  Суроо-жооп ирээтинде талкуу болот Үйгө тапшырма берүү: Католицизмдин пайда болушу жөнүндө окуп келүү.
  • Сабакты бышыктоо: Суроо-жооп ирээтинде талкуу болот
  • Үйгө тапшырма берүү: Католицизмдин пайда болушу жөнүндө окуп келүү.