СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Диний экстремизм

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Диний-экстремизм боюнча тегерек стол

Просмотр содержимого документа
«Диний экстремизм»

ЭКСТРЕМИЗМ, РАДИКАЛИЗМ, ТЕРРОРИЗМ

«Экстремизм» термини латын сөзүнөн которгондо «чектен чыккан» деген түшүнүк менен дал келет. Сөздүктөрдө жана башка маалымат булактарында «экстремизмдин» төмөндөгү аныктамасын кездештирүүгө болот: «Чектен чыккан көз-карашка жана радикалдуу аракеттерге ыктоо». Экстремизмдин укуктук аныктамасы Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик аракеттерге каршы туруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 1-беренеси. 17.08.2005 ж. № 150  1-берене. Негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамдын максатын жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат: экстремисттик аракет (экстремизм): 1) коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан жана башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын төмөндөгүлөрдү пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга багытталган аракеттери: - Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күчкө салып өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузууга; 19 КР ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкери Жээнбеков Э.Т. “Диний экстремизм” аттуу китебинен алынды. - Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузууга; - бийликтин ыйгарым укуктарын тартып алууга же ээлеп алууга; - мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн түзүүгө; - террористтик аракеттерди жүзөгө ашырууга; - расалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга; - улуттук ар-намысты кемсинтүүгө; - идеологиялык, саясий, расалык, улуттук жүйөөлөр же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек көрүү жүйөлөрү боюнча же душмандык кылып массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоого уурдап, талап-тоноого; - динге, социалдык, расалык, улуттук, диний же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого; 2) нацисттик атрибутиканы же символиканы же болбосо нацисттик атрибутикага же символикага аралашуу деңгээлине чейин окшош болгон атрибутиканы пропагандалоого жана эл алдында көрсөтүүгө; 2.1. же символиканы экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоого; 3) аталган аракеттерди жасоого элди үндөө же аталган аракеттерди жасоого; 4) аталган аракеттерди каржылоо же аны жасоого көмөк көрсөтүүгө же аталган аракеттерди жасоого, анын ичинде аталган аракеттерди жасаганга финансы каражаттарын, кыймылсыз мүлктү, окуу, полиграфиялык жана материалдык-техникалык базаны, телефон, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн берүү, маалымдоо кызматтарын көрсөтүүгө, дагы башка материалдыктехникалык каражаттарды берүүгө; Экстремисттик уюм  Жогорудагы Мыйзам менен каралган негиздер боюнча экстремисттик аракеттерди жасоого байланыштуу болгон иштерди жоюу же тыюу салуу тууралу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген коомдук бирикме же диний уюм же башка уюмдар. Экстремисттик материалдар  экстремисттик аракеттерди жасоого үндөгөн, мындай аракетти ишке ашыруунун зарылдыгын негиздеген улуттук жана (же) расалык артыкчылыкты негиздеген же актаган, кандайдыр бир этникалык, социалдык, расалык, улуттук же диний топту толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган согуштук же дагы башка кылмыштарды жасоону актоого арналган жарыялоолор, документтер же башка сактагычтардагы маалыматтар; Экстремисттик уюмдардын атрибутикалары жана символикалары  Жогорудагы Мыйзамда каралган негиздер боюнча экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга байланыштуу жоюу же тыюу салуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими кабыл алынган уюмдун атрибутикалары менен символикалары.  Экстремизм  Идеологиялык негиз  Уюшкандуулук  Ишмердүүлүк Экстремизмдин кеңири жайылган түрлөрү  Диний экстремизм  Саясий экстремизм  Этникалык экстремизм  Саясий-диний экстремизм  Жаштар экстремизми  Маданий экстремизм  Спорттук экстремизм  Экономикалык экстремизм  Криминалдык экстремизм Диний экстремизм  Диний экстремизм – диний бирикмелердин, уюмдардын же болбосо адамдардын диний мамилелерде чектен чыккан көзкараштарга жана радикалдуу аракеттерге ыктоосу. Башкача айтканда диний булактарды чечмелөөдө, диний карым-катнаштарда радикалдуу ыкмаларды тандоосу ж.б. Диний экстремизмде кездешкен айрым белгилер:  Диний көз-караштарда жана аракеттерде чектен чыгуунун болуусу;  Башка диний идеяларды же диний көз-караштардын системасын жокко чыгаруу жана тааныбоо.  Диний радикалдуу булактарды, ыкмаларды, методдорду жактаган, актагандай өңүттө чечмелөө.  Диний кастыкты, жек көрүүчүлүктү козутууга байланышкан аракеттер. Радикализм  Радикализм (лат. radix — тамыр) — кандайдыр бир көзкарашка же болбосо концепцияга чектен чыгуу, аша чапкандык менен ыктоо.  Радикализмдин негизги өзгөчөлүгү - «аша чапкандык, катаал мамиле» Фундаментализм  Фундаментализм (лат. fundamentum — негиз). Фундаментализм заманбап коомдогу глобалдашуу процессине каршылык көрсөтүү катарында мүнөздөлөт. Фанатизм  Фанатизм - өзүнүн пикирине, идеясына аябай берилип, башканын пикирине такыр чыдабоочулукту көрсөтүү (көбүнчө диний жана саясий көз-караштарда) Терроризм  Терроризм – бул коомдо коркуу атмосферасын жаратууга багытталган психологиялык курал.  Терроризмдин негизги объектиси курман болгондор эмес, тескерисинче, тирүү калгандар.  Терроризмдин максаты – адамдын жанын кыюу эмес, тирүү калгандарды коркутуу жана үркүтүү. Экстремизмдин теологиялык аспектиси Пайгамбардын (с.а.в.) доорунда адамдар Ислам динин түшүнүүдө бир жолдо болушкан. Бирок кийин динди туура эмес түшүнүүдөн улам ар кандай агымдар келип чыкты. Бул келип чыккан туура эмес агымдардын өтө коркунучтуусу, мусулмандарды күнөөлөрү себептүү каапырга чыгаруу. Бул көрүнүш аша чапкандык, Исламдын табиятына жат көрүнүш. Экстремизм жана терроризмдин дини да мекени да жок деп айтылат. Кээ бир адамдар кайсы бир диндин өкүлү катары өздөрүн дин адамы катары көрсөтүүгө аракет кылып, өз аракеттерин туура деп ойлойт. Же болбосо эч кандай динге тиешеси жок эле адамдар динге жамынып алып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн, башка бирөөлөргө күч колдонуу менен же кан төгүү менен экстремистик максатын ишке ашырат. Зордук-зомбулуктун жана аша чапкандыктын, экстремизмдин келип чыгышынын бир канча себептерин белгилеп кетсек болот. 1.Аша чапкандыктын же экстремизмдин келип чыгуусунун бир себеби, ошол кээ бир аша чапкандар өздөрүн башкаларга караганда динди жакшы түшүнөм деп ойлошконунан болууда. Өздөрү илимден жана фикхтен, шарият өкүмдөрүнүн фарз, ваажиб, сүннөт, мустахаб, арам, макрух амалдарынын баскычтары тууралуу эч нерсени билбей туруп, аалымдардан озунуп сөз сүйлөп аша чаап кетип жатышат. Ошентип кээ бир жаштар мустахаб ишти андан жогору турган амалдан жогору коюп, ошол эле учурда кээ бир Алла Тааланын фарз, важибдеген амалдары калып кетип жатат. Бул өз кезегинде шарият эрежелеринен чыгып, Алла Тааланын буюрганын кылбагандыкка жатат. Мунун бардыгы адамдын ыйманын алсыратууга, өзүн өзү мактагандыкка, өзүн өйдө санаган текеберчиликке, Алла Таала белгилеген чектен ашууга алып барат. 2.Чектен чыккандыктын дагы бир түрү, катуулукту бекем кармоо. Динде ар бир адамдын жеке жашоосунда (Азиймат)- эң жакшы деген иштерди аткаруусуна уруксат. Ал эми башкаларга диндин бардык өкүмдөрүн тануулоого, күчкө салуу менен чакырууга тыюу салынган. Анткени диндеги катуулук адамдарга оорчулукту жана жийиркеничти пайда кылат. 3.Аша чапкандыктын же экстремизмдин келип чыгуусунун дагы бир себеби такфиризм. Такфиризм - мусулмандарды капырлыкка айыптоо. Бул ишеним Исламдын табиятына жат, анын тарыхында болбогон көрүнүш. Бул бузук ишеним негизи илимсиздиктен жана Ислам динин, Куранды, Хадисти туура түшүнбөгөндүктүн айынан келип чыгууда. Натыйжада көйгөйлөрдүн, кайгы-муңдардын башталуусуна жол ачып жатат. Россия Федерациясынын Мусулмандар Диний Башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Дамир хазрат Мухеддинов Бишкекте өткөн (2015) “Эктремизм жана Такфиризмдин коомго келтирген коркунучу” аттуу Эл аралык симпозиумда жасаган докладында диний экстремизм жана такфиризмдин пайда болуу себептерин мындайча баяндады: “Бүгүнкү күнү алгачкы харижизм такфиризм түрүндө кайра жаралууда. Ар кандай топтордун жактоочулары мусулмандардын басымдуу бөлүгүн каапырлыкка, мунафыктыкка же мушриктикке айыптоо менен, өздөрүнүн оюна макул болбогондордун бардыгын диний-саясий өңүттөн өлтүрүүнүн зарылдыгы идеясын таратышууда. Чындыгында такфиризм алар тарабынан, өздөрүнүн уюмдарынын согуштук кызыкчылыктары үчүн коюлган. Зарылдык туулуп калса, ким болбосун каапыр деп жарыяланат. Мындай идеядагы топторду биз бүгүн Ирак, Сирия жана башка мамлекеттерден көрүп жатабыз. Жана Алланын Элчиси (с. а. в.) эскертүү менен булар жөнүндө да: “Алар ар бир кылымда пайда болуп турат жана талкаланышат...”, деп айткан (“Сунан”, Ибн Маажа). Жалпы көрүнүшүндө такфиристтердин идеялык-теориялык принциптери өзүнөн мурункуларды кайталап турат. Аларды төмөндөгүлөргө топтосо болот: 1. Абдан бекем тартип. Такфиристтер тышкы дүйнөгө хаосту жана баш аламандыкты таратканы менен, алардын ички түзүлүшүн бийликтин темирдей тартиби өзгөчөлөнтөт. Катаалдык, каржылык сыйлыктар менен жана жетекчиликтин тынч калкка жана кулдарга көрсөтүлгөн эч себепсиз ырайымсыздыктарды, зордуктарды, талап-тоноолорду колдоолору менен жана төмөнкү катмардын согуштук олжолорду бөлүштүрүүгө катышуулары менен акталып кетет, ал эмес капкачан калып калган жана ислам тарабынан тыюу салынган кул ээлөөчүлүк кайра киргизилип жатат. 2. Бири-бирине кепил болуу системасы аркылуу жарамдуу согушчандар тартылган туташ зордук-зомбулукка таянуу, терроржана тынч калкты коркутуу. Чындыгында такфиристтердин бардыгы кылган кылмыштары үчүн тиешелүү жоопкерчилигин тартат, ошондуктан алар бири-бирине кызыкдар. 3. Алардын бийик чегине жеткирилген фанатизми, бардык зордук-зомбулуктарын актоо кызматын кылат. Принциптери – “жеңиш бардыгын жоёт”,“максат каражаттарды жана курмандыктарды актайт”, “эч кандай олку-солкулук”, “бейиш бул жерде жана азыр”, “ким биз менен болбосо, ал бизге каршы” такфиристтердин тилинде бул “ким биз менен болбосо, ал капыр, андай болгон соң, анын жаны да малы да адал”, башкача айтканда өлтүрсө да, тоносо да болот дегенди билдирет. 4. Популизм. Такфиристтердин лидерлери өздөрүнүн жактоочуларына алар эмнени каалаган болсо, ошону айтышат жана эмнени алгысы келген болсо, ошону беришет. Диний курулай чечендиктери, жактоочуларына бир нерселерди берип туруу менен бекемделет. 5. Согушчан билимсиздик, жапайылык, антиинтеллектуализм. Такфиристтер интернетте, алар Иракта жана Сирияда адамзаттын маданий мурастарын кантип жатышкандыктарын үстөккө-босток көрсөтүшөт. Бүгүнкү күндө жок кылып сырткы душмандардын жана ички кризистердин салмагынан курчуп кеткен ислам дүйнөсүнүн бул өнөкөт оорусуна даба боло турган дары барбы? Идеяны бомба менен жеңүүгө болбосу түшүнүктүү. Сөзгө жана ойго бир гана сөз жана ой каршы тура алат. Ислам тарыхы улуу Абу Ханифа (ага Алланын мээрими болсун) такфиризмге каршы иштеп чыккан жана ийгиликтүү колдонгон эмдөөдөн дагы таасирдүүрөөгүн билбейт. Ал динийукуктук нормалар менен негиздеп, харижиттерди идеологиялык жактан талкалоого жетишкен. Мисалы, харижиттер, чоң күнөө кылган ар бир мусулман каапыр, – деп тастыкташкан. Алардын идеялык оппоненти Абу Ханифа, тескерисинче, “Устаз жана окуучу” деген трактатында: “Куфр” сөзүнүн анык мааниси бар, ал – толук четке кагуу. Арабдар Алла Таала Куранды түшүргөн өздөрүнүн араб тилиндеги бул сөздүн маанисин дал ушундай түшүнүшөт. Жана мусулман эгер четке какпай туруп диний милдетин таштап койсо ал күнөөлүү деп аталат”, – деген. Абу Ханифанын бул формуласы боюнча“Кыбыланын адамдарынын эч кимисин” күнөөлөрү үчүн каапырлыкка чыгарууга болбойт: эч кимисинин ыйманын четке кагууга болбойт; жакшылыкка (буйрулган нерселерге) үндөп жана жамандыктан (арам нерселерден) кайтарып туруу керек. Абу Ханифанын диний мурасынын бардыгында, акыркы максатын түзгөн, диний өлтүрүүлөрдү актап болбой тургандыгы жөнүндө идеялар бар. Ошондой идеялардын биринде ыйман менен амал экөө барабар эмес, – деген тезис бар. “Амал ыйман эмес жана ыйман амал эмес; амалын жоготкон ыйманын жоготкон болуп эсептелбейт, анткени ал ыйманга амалсыз ээ болгон”, – деп аныктайт Абу Ханифа өзүнүн трактатында. Бул баа жеткис, Куран илими менен бекемделген тажрыйба бүгүнкү күндө бизге аба сыяктуу зарыл. Биздин аалымдар бизге акылга сыярлык дин илимин эле калтырбастан, ар бир социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн практикалык жолун дагы калтырып кетишкен. Алла Таала Куранда бизге мындай дейт: “Эгерде билбесеңер, илим ээлеринен сурагыла”(21:7), башкача айтканда, жообун аалымдардан, адистерден, илимге жана тажрыйбага ээ болгондордон сурагыла. Ислам дининин ханафий мазхабынын, матуридия акыйдасынын аалымдары, Улуу Имамдын теориясын терең өнүктүрүштү. Бекеринен Уралдын Волга жээгиндеги, Сибирдин, Казакстандын жана Орто Азиянын элдери эч качан диний ураандын алдындагы такфиризм жана терроризм сыяктуу коркунучтуу алааматтарды билишкен эмес. Бул бизде мамлекеттик атеизмдин кулашы менен сырттан келген, акыркы он жылдыктын оорусу. Өзүбүздүн мазхабга таянуу менен гана биз Евразия мейкиндигинде жана бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана мусулман элдеринин гүлдөп, өнүгүп-өсүүсүн камсыздай алабыз”(“Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу”, Бишкек, 2015). Зордук - зомбулук, экстремизмге каршы туруу жолдору Исламда диний экстремизмге каршы туруунун комплекстүү иш чаралары эле каралбастан, алардын аткарылуусунун зарылдыгы да айтылат. Бул үчүн коомдогу экстремизмдин өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган шарттарды жок кылуучу, жалпы комплекстүү программаны иштеп чыгуу зарыл. Мындай экстремизм сыяктуу коркунучтуу кубулуштун алдын алуу ишинде, коомдук институттар жана диний бирикмелер өзгөчө ролду ээлеш керек. Экстремизмге каршы туруунун жүрүшүндө, жүктү жарандык коомдун бир катмарына эле жүктөп койгон туура келбейт, бирок руханий жол башчылардын жана диний бирикмелердин өздөрүн активдештирүү керек. Экстремизмге каршы туруу чаралары дин кызматкерлердин жалгыз өзүнүн эле милдети болбостон, жалпы коомчулуктун дагы иши болуп эсептелет. Экстремизм менен күрөшүү мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун институттарынын биргелешкен күчү менен натыйжалуу болот.Ошондуктан экстремизмге каршы турууда жана анын кесепеттерин жоюуда мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун институттары жана дин кызматкерлери профилактикалык иштерди жүргүзүүсү зарыл. Коомдун бөлүгүн түзгөн диний бирикмелер, диний экстремизмге каршы туруунун иш-чараларын жүргүзүүдө, экстремизмдин таралышына ириде алар өздөрү каршы туруп, коомчулуктун диний чөйрөсүн коргош керек. Диний мекемелерге, мечиттерге, Куран жана Сүннөттөн илими бар диний аалымдарды даярдап, экстремисттердин идеологиясына каршы туруу чараларын көрүү зарыл. Анткени экстремисттердин идеологиясын туура диний идеологияменен гана жеңүүгө болот. Мындай келишкис терс көз караштарга жана идеяларга каршы турууда, терең диний илими бар адамдардын эмгеги талап кылынат. Мечиттердин имамдары жана имам-хатибдери бардык күчаракеттерин ар кандай радикалдык идеялардын мечитке кирип кетпөөсү үчүн жума намаздарынын алдындагы хутбаларда жана намаз окуучуларга өз ара түшүнүшүүгө, ханафий мазхабына, ахли сүннөт ишенимине, адеп-ахлакка, мекенди сүйүүгө, сабырдуулукка жана бири-бирин урматтоого чакырууда Куран аяттарын жана пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) хадистериндалилдер менен түшүндүрүү, диний экстремизмге каршы турууда бир топ жакшы натыйжа берет. Мечитте ыйманга чакыруу хутбаларынын жүрүшүндө, жаштарды руханий өсүүгө, патриоттуулукка, илим алууга, өз улутун сүйүүгө, динибизге шайкеш каада-салттарды үйрөнүп билүүгө, коомдун жыргалчылыгы үчүн эмгектенүүгө чакыруу сөздөрү дагы айтылып туруу керек. Абумансури Матуридинин акыйдасын, ханафий мазхабынын маселелерин кенен түшүндүрүү зарыл. Мындай түшүнүктүн негизинде исламга эзелтеден мүнөздүү толеранттуулук жана ачыктык жатат. Жөнөкөй мусулманга исламдын чыныгы тынчтыкты сүйгөн, жакшылыкка чакыруу түшүнүгүн жеткирүү керек. Экстремизмге каршы турууда Пайгамбарыбыздан САВ сабак Зордук-зомбулуктун жана терроризмдин көйгөлөрү ар бир доордо ар түрдүү көрүнүштө болуп келген. Анын байыркы жана азыркы замандагы көрүнүштөрү окшош, ал өтө коркунучтуу көрүнүштөргө негизделген. Анын кесепетинен бүткүл дүйнө жабыркап келет. Аны чечүү үчүн Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) эң сонун жол көрсөтүлгөн. Ал чыныгы исламдык баалуулуктар менен чечүү жолу. Ар бир адамды чыныгы исламдык баалуулуктар менен жашоого үйрөтүп, адамдарга акылдуулук, боорукерлик, даанышмандык менен мамиле кылууну үйрөткөн, ар бир адамдын жүрөгүнө Алла Таала мени көрүп турат деген ишенимди салып, өз нафсын өзү күзөтүүчү сезимин салуу. Ушул сезим аркылуу адам, Алла Тааланын өкүмдөрүн жана адамдардын укуктарын сактоого аракет кылып, зордук-зомбулукка, терроризмге барбайт. Анткени Алла Таала анын жүрөгүндө, Ал Билүүчү, Ал анын бардык иштеринен кабардар экенине ишенет. мага Азирети Мааз Пайгамбарыбызга (с.а.в.): “О, Алланын Элчиси, насаат кылыңыз”- деп кайрылды. Анда Пайгамбарыбыз (с.а.в.): ”Алла көрүп турат деген ишеним менен ибадат кылгының!”- .деп насаат кылган. Аталган көйгөйлөрду чечүүдө Пайгамбарыбыз (с.а.в.) көрсөткөн жолду ар бир адам өзү жашаган коомго жайылтуусу зарыл. Ислам баалуулуктары менен коом дагы жакындан таанышып амал кылуусу керек. Өнүккөн жакшы коом түзүү үчүн бир катар баалуу, зор мааниге ээ принциптер сакталган болушу керек. Биринчиден, өзүбүздүн жарандарыбыздын ортосунда ак көңүлдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн духун өнүктүрүү, туткан динине, улутуна же жынысы боюнча дискриминацияга жол бербөө зарыл. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткан: :ملسو هيلع اللَّ ىلص اللَّ لوسر لاق :تلاق اهنع اللَّ يضر ةشئاع« بحي قيفر اللَّ نإ ىلع يطعي لا امو فنعلا ىلع يطعي لا ام قفرلا ىلع يطعيو قفرلاهاوس» ، لاقو بيعش( ريبكلا مجعملا :يناربطلاو ،نيخيشلا طرش ىلع حيحص هدانسإ :طوءانرلأا17131 )20/175 فنصملا :ةبيش يبأ نباو ،هل ظفللاو8/ “Алла Таала Мээримдүү Зат, мээримдүүлүктү жакшы көрөт, ошондой мээримдүүлүккө зордук-зомбулукка жана башка нерселергеберилбей турганнерселерди берет” Экинчиден, ката кетирген адамдарга ырайымдуу болуу. Бул өтө маанилүү баалуулуктардын бири, анын саясында мусулман коомчулугу өсүп-өнүгөт жана зордук-зомбулуктун жана терроризмдин чакырыктарынан алыс болгон гумандуу, боорукер коомду түзүүгө жол ачат. Бул маанилүү баалуулуктардын баркын түшүнүү үчүн Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жашоосуна назар салалы. سنننننأ نننننعف كننننلام نننننب لوننننسر عننننم دجننننسملا يننننف نننننحن اننننمنيب :لاننننق هنننننأاللَّ ينننبارعأ ءانننج ذإ] لانننقف ،دجنننسملا ينننف لونننبي مانننقف اللَّ لونننسر باحنننصأ هنننل: هنننم اللَّ لونننسر لانننق :لانننقهم: " لا ،هونننمرزت هونننعد". نإ منننث ،لانننب ىنننتح هونننكرتفاللَّ لوننسر هننل لاننقف ،هاننعد: " نإ هذننه دجاننسملا لا حلننصت ءيننشل نننم اذننه لوننبلا لاو ؛رذننقلا اننمنإ يننه ركذننل اللَّ ةلَننصلاو ةءارننقو لا نآرننق". ولدننب ءاننجف موننقلا نننم لَننجر رننمأ مننث ءانننم ننننم هننننشف هننننيلع. يننننف لونننبلا ىنننلع ءاننننملا بنننص بانننب ،ءوننننضولا بانننتك :يرانننخبلا( دجسملا217) Азирети Анас айтат: “Күндөрдүн биринде биз Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен мечитте элек. Аңгыча бир (араби) бедуин келип, мечитте туруп даарат сындыра баштады аны көргөн сахабалар токтот деп (уруша баштады). Анас айтат: Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Токтотпогула”, деди. Аны тек коюшту. Ал заарасынан бошонгондо Пайгамбарыбыз (с.а.в.) чакырды дагы: “Бул мечит, бул жерде даарат сындырууга болбойт. Мечит Алла Таалага зикир кылууга жана намаз окууга, Куран тилават кылууга курулган”- деп түшүндүрдү. Анан бир кишиге бул жерге бир чака суу алып келип куюп салууну буюрду. Мына ушинтип Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сахабаларга ката кетирген адамды коркутпастан, чоочутпастан мамиле жасоону үйрөттү. Үчүнчүсү, ортолук, мээлүүн жолду тандоо, динде аша чапкандык кылбоо. Динде аша чапкандык зордук-зомбулукка жана күч менен өз пикирин тануулоого алып бара турган жол. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткан: اللَّ لوسر لوقل ؛: " نإ نيدلا ،رسي نلو داشي نيدلا دحأ لاإ ؛هبلغ ،اوددسف ،اوبراقو ،اورشبأو اونيعتساو ةودغلاب ةحورلاو ءيشو نم ةجلدلا[12]" يبأ نع يراخبلا( رسي نيدلا باب ،ناميلْا باتك :ةريره39و ،)( يئاسنلا5034( نابح نباو ،)351 “Албетте дин жеңил, ким динге катуулук кылса ал утулат. Ошондуктан түздөнгүлө, жакындаштыргыла, куш кабар бергиле, жардамдашкыла, жакшы кабар бергиле, эртели кеч жана түндөсү бир аз убакыт Алладан жардам сурагыла”. Төртүнчүсү, адамдардын ортосун жараштыруу. Бул баалуулук Алла Тааланын алдында жана коомдун алдында эң жогорку даражалуу экени баса белгиленген. رباج نعف ، يبنلا ىلإ لجر ءاج :لاق هنأ نيملسملا يأ ،اللَّ لوسر اي :لاقف لاقف ؟لضفأ: " ملس نم هديو هناسل ن م نوملسملا"[14]. Азирети Жаабир айтат: “Бир киши Пайгамбарга келип, “ким эң жакшы мусулман”- деп сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Кайсы мусулман анын колунан да, тилинен да мусулмандар тынч болушса”-деп жооп берди. Ислам динин жайылтууда, үгүт-насаат жүргүзүүдө адамгерчиликтүү сылыктык, сыпалык өтө маанилүү. Адамдарды динге ар түрдүү кыйынчылыкка сабырдуу болуу менен даанышмандык ырайымдуу жол менен чакыруу зарыл.










КР Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча терроризм жана дин темасында тегерек стол

Г.Абдыкеримова: — Урматтуу тегерек столдун катышуучулары, оболу “Терроризм” деген сөз эмнени билдирет жана бул термин качан пайда болгон? – деген суроого жооп издеп көрсөк.

— Терроризм деген эмне, анын тамыры кайда жатат, дин менен байланышы барбы? Албетте, бүгүнкү күндө бул суроолор абдан актуалдуу болуп турат. Бүгүн ММК, өзгөчө батыштык жана орусиялык ММКлар бул маселени көп көтөрүүдө. Терроризмдин дин менен байланышы бар деген пикирди жактагандар негизинен Курандагы “Каапырларды кайсы жерден тапсаңар, аларды өлтүргүлө…” деген аятка такашат. Чындыгында, мындай аят Куранда бар, бирок ал ошол кездеги Меккенин көп кудайчылдарына (мушрик) карата айтылган. Бирок динге баш ийгендердин баары, христиандар да, иудейлер да ыймандуу деп саналат. Алар мусулмандарга өтө жакын, бул жөнүндө да Куранда айтылган. Динсиз атеисттерди өлтүрүүгө да Куран чакырбайт. Ал аят Исламдын конкреттүү Мекке дооруна тийиштүү. Мекке мушриктери мусулмандар менен алардын ажылык парзын өтөөсүнө каршылык көргөзбөйбүз деп келишим түзүшүп, бирок аны бузуп, биринчи ажылыгын өтөөсүнө жол бербей, мусулмандарды ур-токмокко алганда ушул аят түшкөн. Ошондуктан бул аят конкреттүү жагдайга жана конкреттүү фактыларга байланыштуу. Чындыгында, эч бир дин зордук-зомбулукка үгүттөбөйт, үгүттөгөн болсо, демек ал дин эмес.

Бирок терроризмди эмнеге ислам менен байланыштырышат? Анткени кылмыштар “радикалдуу исламдын” жактоочулары тарабынан жасалууда, бирок муну ислам деп атаганга болбойт. “Ислам радикализми”, “ислам экстремизми” жана “ислам терроризми” деген терминдер – булар жөн гана илимий терминдер, алардын максаты – бул радикалдуу агымдарды башка агымдардан айырмалоо болуп саналат. Бирок бул терминдердин негизинде кээ бир адамдар, журналисттер исламда экстремизм бар деп айтуусу кейиштүү. Бул туура эмес. Чындыгында, Исламда радикализмге да, экстремизмге да жол жок.

Терроризм качан пайда болгон? Терроризм далайдан бери бар болгон көрүнүш. Илгерки Массадда “сикарийлердин” сектасы римдиктерди өлтүргөн. Бул сектанын аты “сико” аттуу кыска бычактардын атынан келип чыккан, ошол бычактар менен күндүзү эле үйүлгөн топ элдин арасында римдиктерди өлтүрүшүп, аларды коркутушкан. Бүгүнкү күндө терроризм менен көптөгөн өлкөлөр беттешүүдө. Ошону менен бирге, “терроризм” сөзүнүн жүздөн ашуун аныктамасы бар болгонуна карабай, так аныктамасы дагы деле жок.

Г.Абдыкеримова: — Азыркы терроризмдин пайда болушунун жана кенен таралышынын себептерине көз чаптырып көрсөк…

 — Терроризмдин төрт түрү бар. Бул диний терроризм, саясий терроризм, диний-саясий терроризм жана этносаясий терроризм. Конкреттүү бир фактыларда айтып жатканда, терроризмдин кайсы түрү экенин аныктап алганыбыз оң. Тарых көрсөтүп тургандай, радикалдуу агымдардын өмүрү кыска болот. Алар 2-3 кылымдан көпкө жашашпайт. Бизди кубандырганы – классикалык чыныгы ислам пайда болгон кезинен бери бар. Азыркы терроризмдин келип чыгышынын жана анын кенен таркалышынын себептери жөнүндө айтсак, белгилеп кетчү нерсе – террористтик коркунуч индексинин эң жогорку көрсөткүчтөрү мунай жана газ кендерине бай өлкөлөргө таандык. Көптөгөн илим адамдарынын пикири боюнча, бүгүнкү терроризмдин түпкү максаты – белгилүү бир жерде стабилдүүлүктү бузуу аркылуу табигый ресурстарды колго алуу жолу менен баюу. Мындайда террористтик уюмдар тарабынан дин бир идеология катары колдонулуп, жаштарды өз катарына чакырып, аларды кылмышкерлерге айлантып, өз максаттарына жетүүүчүн пайдаланышат. Бул көрүнүшкө каршы бөгөт коюу жолдорун айтсак, тилекке каршы, биздин коомубузда кээ бир жагдайлар радикалдуу жана экстремисттик идеялардын жайылышына өбөлгө түзөт. Булар – калктын, өзгөчө, жаштардын, билим деңгээлинин төмөндүгү (кеп бир гана диний билимдин деңгээли эмес, жалпы билим деңгээли жөнүндө болуп жатат); критикалык ой жүгүртүүнүн жоктугу, коомубузда социалдык мобилдүүлүктүн жоктугу, экономиканын алсыздыгы жана социалдык адилетсиздик. Жаштар көбүнчө активдүү жана агрессивдүү болушат, алар каалаганына дароо жеткиси келет, бирок мүмкүнчүлүктөрү жок болуп калат, мунун баары аларды террористтик уюмдарга мүчө болуу аркылуу болсо да өзүнүн тилегине жетүүгө түртөт. Андан сырткары, үйүнөн зордук-зомбулукка туш болгон жана коомунан эч кандай жардам көрбөй калган аялдардын Хизбут-Тахрир уюмуна мүчө болгон фактылар катталган. Өкмөт жаштар менен атайын иш жүргүзүүсү керек, дискуссия аянтчаларын түзүп, критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүүчүн өбөлгө түзүп, калктын диний жана жалпы билим деңгээлин көтөрүшү керек, калкты агартууда МККны активдүү колдонушу керек.

Г.Абдыкеримова: — Терроризмдин идеяларынын коомдо жайылышына каршы эмне кылуу керек?

 — Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөн билим алып жаткан студенттерди, алардын санын контролго алышыбыз керек. Бул жерде өкмөттүн Муфтият менен биргеликте иш алып баруусу зарыл. Азыр Кыргызстанда көптөгөн секталар бар, алар айрыкча айыл жергесинде активдүү иштеп жатышат. Өзгөчө Ысык-Көл облусунда активдүү алар, мисалы, Балыкчыны дааватчылардын борбор калаасы деп айтсак болот. Мындан сырткары, салафиттер сектасына да өзгөчө көңүл буруу керек. Анын өкүлдөрү көбүнчөөтө билимдүү, көп учурларда бирден ашуун жогорку билими бар, өздөрүнөөтө ишенген, диалогго барышы кыйын болгон шаардык балдар. Мен ойлойм, терроризм идеяларынын жайылышына каршы турууда бул үч нерсени аткарышыбыз керек: биринчиден, өзүбүздүн улуттук идеологиянын үстүндө иштешибиз керек, экинчиден, жумушсуздуктун деңгээлин түшүрүү керек, үчүнчүдөн, билим берүү деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Муну менен бирге жаштарга келечектеги кесибин туура тандоосуна, туура чечим кабыл кылуусуна жардам беришибиз керек.

 — Мен Орозбек Абдысаламович айткан сөздөргө кошулам. Биздин коомдоо диний башаламандык процесси 90-жылдарда башталган. “Бөлүштүр да, бийликти ал” деген илгерки принциптин дал көрүнүшү бул. Коомубузду бириктирген бирдиктүүөзөк жок. Коомубузга кирген бөлүнүү – бул бизде болгон маданий, тарыхый, нравалык баалуулуктардын кыйрашы, биздин салт-санаалардын жок болушу. Бирдиктүүөзөк болбосо, стабилдүүлүк болбойт. Мисалы, Украинада көптөн бери бир нече христиандык агымдар бар болуп келген, демек, коом өзү да стабилдүү эмес эле. Радикалдуу ислам салттуу исламдын ордун алуу максатын көздөгөндөй эле, христиан дининде да жалган христиан уюмдардын мисалдары көп. Алар бизде 90-жылдары пайда болушкан. Мисалы, “православиеден өткөн жаман – православиенин өзү” дешчү. Алар аргумент катары кадимки эле христиандар үчүн салттуу болгон баалуулуктар – Кудайдын осуяттарын колдонушат. Мисалы, мындай деп айтышат бизди:  “Алар иконаларга сыйынуу менен, Кудайдын “буттарга сыйынбагыла” деген осуятын бузушат”. Көптөгөн христиандар, номиналдуу христиандар, ушуга алданышып, алардын артынан ээрчип кетти. Мунун себеби алардын өз дининин негиздерин билбегендигинде, биз иконаларга сыйынбайбыз, аларга баш ийбейбиз, болгону биз иконаларга сый мамиле көрсөтөбүз. Алар минтип да айтышат: “Биз да христиан динин карманабыз, биз да Кудайдын осуяттарына баш ийебиз, болгондо да Эски Заветтин осуяттарына”. Алар да, Орозбек Абдысаламович айтып кеткен мисалдагыдай, бир сүйлөмдү контексттен айрып алышып, ал аркылуу билими алсыз адамдарды адаштырышат. Мына ошондуктан мен терроризмдин дин менен байланышы жок деп анык айтам. Террористтер динди маска катарында колдонушат, террористтик жардырууларды Аллах үчүн жасагыла деп айткандай эле, Кудай үчүн жасагыла деп да айтышат. Бирок биз, христиандар, Аллах – бул Кудайдын аттарынын бири деп билебиз.

Ошондуктан диний агартуу өтө маанилүү, муну менен бирге үй-бүлө баалуулуктарын сактап калуу да маанилүү. Себеби бардык нерсе үй-бүлөдөн башталат. Бирөө айткан экен: “Үй-бүлөнү бузган болсок, бүтүндөй коомду бузганга жетишебиз” деп. Салттуу баалуулуктарды балдарга үй-бүлөдөүйрөтүү керек, балдарды ой жүгүртүүгө, жамандык менен жакшылыктын ичинен туурасын тандап билүүгөүйрөтүшүбүз керек. Бул аларга кийин турмушунда жардам берет, анткени ой-жүгүртүп, туура чечим чыгарышат. Христиан дининде баш ийүү – бул жакшы сыпат, ислам дининдегидей бизде да орозо бар, дуба кылуу, чокунуу бар, бирок ой жүгүртүү эң жакшы сыпат болуп саналат. Бул биздин руханий жашообуз үчүн да, жалпы коомубуз үчүн да өтө маанилүү.

Г.Абдыкеримова: — Терроризмди жеңүүүчүн кандай практикалык сунуштарды айта алат элеңиздер? Бул үчүн биз Кыргызстанда эмне кылышыбыз керек? Кандай кемчиликтерибиз бар бүгүн? Аларды кантип оңдойбуз?

— Терроризмдин көрүнүштөрү менен биз, постсоветтик адамдар, Советтер Союзунун кыйрашынан кийин тааныштык, ага чейин китептен гана окучубуз бул жөнүндө. Кыргызстанда жүргүзүлгөн диний саясатты жана жалпы диний абалды алсак, эл аралык эксперттердин айтымы боюнча, бизде диний уюмдар үчүн да, ар кандай диндерди тутунган жарандар үчүн да жакшы жагдай түзүлгөн. Биз көптөгөн өлкөлөрдүн, алардын ичинде Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, жана бир убактарда ислам дини легалдаштырылган Тажикстандын өкүлдөрү болгон профессор, эксперттер менен жолугуп турабыз. Алардын баары бул жактан алганда абал Кыргызстанда өтө жакшы деп айтышат. Бул өтө маанилүү, абдан жакшы. Мисал катары Өзбекстанды карасак, алар бизге салыштырмалуу террористтик актылар менен өтө көп кездешкен. Анткени аларда террористтик уюмдардын максаты – өлкөнүн Президентин кетирүү болгон. Өзбекстандын калкы бизге караганда көбүрөөк исламдашкан, алардын көбү ислам мамлекетинин түзүлүшүн каалашкан. Бирок мамлекет бул абалды башкара алган. Бүгүнкү күндө аларда динге карата көп чектөөлөр коюлган. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде дин эркиндиги бар, муну түшүнүшүбүз керек. Бирок бизде да экстремизмдин идеологиясын колдогон социалдык база түзүлүп калды. Биздин “терроризмдин тамыры — жакырдыкта, иш орундарын түзүшүбүз керек” деп айтканыбызды көптөрү жактырбайт. Бирок бир адамдын колунда иши болсо, айлык маянасы жакшы болсо, үй-бүлөсү болсо, ал жөн эле романтизм үчүн Сирияга бармак беле? Демек, жакшы экономикалык негиз элди террористтик, экстремисттик идеяларга берилип кетүүсүнөн сактайт.

Терроризм, экстремизм жөнүндө изилдөөлөрдү айткан болсок, аларды жөнөкөй адам кылуусу кыйын. Себеби, түрмөдө отурган же болбосо ал жактан келген адамдар менен маектешүү зарыл. Бул өтө кыйын. Ошондуктан биз юристтердин, СНБнын, ИИМдин 10 башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин маалыматтарына таянабыз, алардын арасында кандидаттык иштерин жактаган, жеке изилдөөлөрдү жүргүзгөн илим адамдары бар.

Мен бүгүн идеологиялык стратегияны иштеп чыгышыбыз керек деген ойго кошулам. Экстремизмди жеңүүүчүн илимпоздор, эксперттер, теологдор жана башкалар баарыбыз биргеликте идеологияны иштеп чыгышыбыз зарыл.

 — Дин тууралуу маселе козголгондо “ислам терроризми”, “ислам экстремизми” деген сөздөрдү эч качан чыгарбасак. Тарыхка баам салсак абдан чоң жортуулдар да болгон. Анын ичинде бир гана ислам жортуулдары эмес, ошол эле учурда “крестовый поход” деп айтылган чоң бир жортуулдар да болгон. Бирок, бул эмнегедир бүгүнкү күндө эч эскерилбейт. Негизи терроризмдин улуту, же болбосо белгилүү бир ишенген ишеними, дини жок. Исламды бузган ар кандай секталар азыр өтө көп. Бүгүнкү күндө дин маселеси козголуп жаткан болсо, кандай гана иш-чара болбосун, сөзсүз түрдө динди терең түшүнгөн, адис инсандардын аралашып катышуусу өтө маанилүү.

Дин эрежелерин инсан койбойт, аларды Жараткан Алла-Таала чектейт. Чектелбеген эч нерсе жок. Мисалы, светофор чектелүү, жашоо турмуш чектелүү. Бүгүнкү күндө жалпы эле мусулман элдеринин, адамзаттын көйгөйү күчөп эле баратат. Биринчиси — бул түркөйлүк, жахилият деп аталат; экинчиси, экономикалык алсыздык, кедейлигибиз, үчүнчүсүөз ара пикир келишпегендигибиз. Идеалдуу мусулман болуу өтө кыйын. Төрт тарабы келишкен мусулман болуу абдан кыйын. Мамлекет дагы бир канча жылдын ичинде мамлекеттүүлүгүн алган, анан ушул абалга келди. Ошондой эле Кыргызстанда ислам дининин өнүгүшү дагы бир канча жыл болду. Идеалдуулукту айта турган болсок, идеалдуу инсан өзүнүн коомуна, жеке өзүнө, үй-бүлөсүнө, айлана-чөйрөсүнө зыяны тийбеген адамды айтат. Пайгамбарыбыздан дин деген эмне сурашканда, бул намаз, орозо, зекет, ажылык деп, эсептеген эмес. Пайгамбарыбыз дин деген бул мамиле деп айтат. Мамиледе жакшы болуу, кичипейилдик, кечиримдүү болуу деп айткан.Бул нерсенин нормативин ким үйрөтөт дегенде, албетте динден үйрөнүп атабыз деген. Ошондой эле формасы менен башкача айтканда сакал койгон бул Пайгамбарыбыздын сүннөтү. Аны карманып, карманбай койгондугу ар бир мусулмандын өз эркиндеги маселе. Кээ бир себептер менен мен да сакал койбой жаткан болушум мүмкүн. Бирок бул менин ал нерсени колдобогондугумдан эмес.

Г.Абдыкеримова: — Ушул сиз айтып кеткен дин маселесин мамлекетибиздин Президенти Сооронбай Жээнбеков дагы көптөн бери көтөрүп жүрөт. Ошого биз дагы жардамчы болуп өзүбүздүн бардык жардамыбызды көрсөтүшүбүз керек. Бүгүнкүөткөрүп аткан тегерек столубуз дагы ошол Президенттин илимпоздордун астында болгон максаты. Биздин Кыргызстанда дайыма тынчтык болсун! Экономикабыз өркүндөп-өссүн деген максатта чогулуп отурабыз. Бул жерде айтылган ойго толук кошулат элем. Бүгүнкү күндө, чындыгында, бардыгыбыздын астыбызда, жаштарыбызга идеологиялык багыт же болбосо диндин маданиятын азыркы жаштарга түшүндүрүүдөн башташ керек. Эртеңки күндө мектеп окуучуларына, студенттердин программасына кандай жол менен киргизебиз деген чоң маселе турат. Эгерде динди сабак катары киргизип алсак, бул дагы чоң жеңиш болот.

 — Радикализм менен экстремизмдин негизги себеби диний билимсиздикте жатат. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Биринчиден, жакында биз жаңы долбоорду баштадык – быйыл 1-сентябрдан И. Арабаев атындагы университетинде теологиялык колледж ачтык. Сариева Эльмирага рахмат, бул демилгебизди колдоп берди. Муну университеттин негизинде түзүшүбүздүн себеби – бул кадрларды коомдо өстүрүп тарбиялашыбыз керек. Медреседе окуган балдар ошол жерден билим алса болот. Медреселерде окуган балдар коомдон четтетилген, бир тараптуу билим алышууда. Андан кийин мечитке иштегени барышат, бирок коомдо эмне болуп жатканын билишпейт. Медреседен билим алган билим деңгээли төмөн болгон имамдарыбыз көп. Медресени бүтүргөн балдар окуусун уланта алышпайт. Бирок бул теологиялык колледжден билим алгандар, аны аяктагандан кийин окуусун кааласа диний тармакта, кааласа светтик билим алуусун улантса болот. Экинчиси – теологиялык факультет. Теологиялык колледждин бүтүрүүчүлөрү теологиялык факультетте билим алуусун улантса болот, ал жерден имам-хатиб даражасын ала алышат. Үчүнчү – Түркия мамлекетинин жардамы менен КР Мусулмандарынын башкармалыгы үчүн кадрларды даярдоо институту ачылууда. Биринчи топтогулар 18 айлык окуу программасы боюнча билим алышат, кийинкилери 30 айлык программа менен окушат.  Бул Институтту бүтүрмөйүнчө эч ким казы да, казынын орун басары да болуп иштей албайт. Ал жерде терең билим берилет. Бул ишти бир нукка салмайынча, бүгүнкү дин көйгөйлөрүн чече албайбыз. Андан кийин бул 30 айлык окуу программасы өлкөнүн бардык медреселерине жайылат. Негизинен дин кызматкерлери диний да, жарандык да билимге ээ болуусу зарыл.

— Биз эмдиги жылга «Ислам жана коом» аттуу журналды жарыкка чыгарсакпы деп план кылып атабыз. Бүтүндөй теологдор, тарыхчылар, социологдор, саясат таануучулар, философтор биригип топтоп туруп бир аянтча уюштуруп, дискуссия кылып, баары текшерилгенден кийин гана журналды басып чыгарабыз деген ой бар. Менин жеке пикирим, бардыгы эле айтып кетишти, конкреттүү бир матрица түзбөйлүбү? Ошол силер айтып аткан Ысык-Көлдө эмнеге радикалдаштырылган диндер күчөп кетти? Көрсө, бардыгы үй-бүлөдөн башталат экен да. Анткени жаш балдар ата-энесин көрүп ошол жолго барып атышат. Бул 20-30 жылдан ашык күрөшүп аткан кубулушту биз оңдоого аракет кылып атабыз. Жеке менин пикирим, биз ушул кубулушка 15-20 жыл кечигип калдык. Бизге ислам багытындагы, динге байланышкан секталар 60-жылдардан кийин эле келе баштаган. Мына азыркы учурдагы абал ошол нерсенин жыйынтыгынан чыгып келди. Мисалы, биздин жаштар башка динге өтсө кайра ошо динден кайтара ала турган дин психологу Кыргызстанда жок. Бир дагы дин боюнча иштеген специалист-психолог бизде жок. Бизде уюм дагы жок, ушу балдарды сактап калганга. 90-жылы радикалдаштырылган динди биз күчөтүп ийип, ошол убакытта токтото алган эмеспиз. Эмне себептен? Биздеги имамдар 2000ден ашык болсо, ошолордун билим деңгээли кандай? Туура эмес маалымат таратып жаткан жокпу, ошолорду карашыбыз керек. Дааватка кетип калышып, үй-бүлөлөрү ачка 1-2 айга калып калгандар бар. Бул дагы туура эмес. Биз бул нерсени оңдойбуз деп күчкө сала албайбыз. Бул үчүн тарбия матрицасын түзүп, коомчулукка кайрылыш керек.

Г.абдыкеримова: — Мен бир сунуш кылып кетет элем, диний экстремизм боюнча көптөгөн китептер азыр чыгып атат. Алардын кыргыз тилинде дагы, орус тилинде дагы котормолору бар. Алардын ичинде көптөгөн дин маселелери бар. Мисалы, ойноштук кылган аялдар жөнүндө, аларды таш баранга алыш керек деген дагы түшүнүктөр жазылган. Азыр интернеттен көп көрүп атам, башка динге өтүү боюнча маселелерди. Ушул сыяктуу нерселердин баары китептерде жазылган. Андан сырткары намаз окубагандар каапырлар, каапырларды өлтүрүш керек деген айрым көп китептер бар. Ушул сыяктуу китептерди жаштар көп окуса кандай таасир берет?

 — Мисалы, ошол сиз айтып аткан китептерди окуп чыксак, айрымачылыгы болушу мүмкүн. Ошол китептин авторун чакырып эле, сен бул жерден туура эмес жазыптырсың деп оңдосок болот. Өзү улуу адамдардан сабак алып келген окутуучулардын арасында кийин салафитке берилип кеткендер да бар. Бул жерде эң коркунучтуу нерсе, булардын санынын көбөйүшү жана өзүлөрүн таанытуу аракеттерин жасап жаткандыгы. Ушундай глобалдуу маселелер азыр мектептерде диний сабактарынын жоктугунан келип чыгып атат. Диний сабаттуулукту мамлекет өзүнүн мойнуна алыш керек. Бул нерсени мамлекет чечпесе жанагындай адамдар өзүнүн билими менен чечип коюшу мүмкүн да. Ошондуктан жанагындай таш менен чаап өлтүрүү деген ойлор пайда болуп атат. Мындай нерселерди оңдошубуз керек. Пайгамбарыбыздын хадисинде айтылгандай, жамандыкты көрсөңөр колуңар менен оңдогула, колуңар менен күчүңөр жетпесе тилиңер менен, анда дагы жетпесе жүрөгүңөрдө кабатыр болгула жана ушул ыймандын эң алсыз даражасы болуп эсептелет.

Жогоруда айтылган маселелерди жоюуда негизинен заманбап диндик тарбиялар керек. Анан исламда мындай бир эреже бар: шарияттын алкагынан чыгып кетпеш керек. Мисалы, максат коюлдубу, бир нерсеге жетүү максаты же ислам динин жаюу максаты болсо дагы, ошого жетүүгө дагы колдонулган ыкма же болбосо жолу, шарияттын көрсөтмөсүнө ылайык болуш керек. Арам жол болбош керек. Максат адал болуш керек, жол дагы адал болуш керек. Террористтик группалар, адамдарды алдап, мындай караганда бийик максаттарды коюмуш болуп, ошого жетиш үчүн өзүңдү-өзүң жардырышың керек же болбосо согушушуң керек деп, адамдардын башын айландырып жатышат. Эң чоң жихад деген сөздүн сөздүк мааниси – бир нерсени аткаруу, Алла-Тааланын ыраазычылыгын көздөө жана ошого болгон күчүн жумшоо деген нерсени түшүндүрөт. Биз ошол нерсеге басым жасоо менен коомубузга исламды туура жеткирүүгө аракетин жасасак, ошондо биз терроризмди алдын алган болобуз. Натыйжа менен эмес, себептерди аныктап жана ошого жараша иш жүргүзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө психология жана социология илими, мусулмандардын көз карашында дагы заманбап жана келечекте өтө керек аныктоочу күчкө ээ илимдердин бири болуп эсептелет.

— “Диалог Евразия” коомдук фонду өз ишинде жакшы ыкмаларды колдонуп келет, анткени алар бир диалог столунда ар кандай пикирдеги, жада калса ар кандай дин ишенимдеги адамдарды чогултушат. Бул абдан туура. Себеби коомдун ар бир мүчөсүөз оюн айта алышы керек, алардын да ой-пикирин билишибиз керек.

Бизде азыр ар кандай секталар өтө көп. Кызыгы, бул секталарды кадимки эле кыргыз жигиттери жетектешет, көбүнчө Ысык-Көл облусунан. Бул секталардын айынан айыл жергесинде көп ызы-чуу чыгат. Бир убактарда “демократия курабыз” деп киргизип алып, эми кантип чыгарышыбыздын айласын таппай отурабыз. Бирок ушундай талкуулар менен гана чектелип калбашыбыз керек. Конкреттүү, комплекстүү иштерди аткарышыбыз керек, бүгүн айтылган көйгөйлөрдү чечүүүчүн. Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнө кенен калкты дин маселелери боюнча агартуу максатында эфирдик убакыт берилүүсү жөнүндөӨкмөттүн атайын чечими бар. Тилекке каршы, ал азырынча аткарылбай турат, бирок бул маселени чечебиз.

Акыркы жылдарды өлкөбүздө кайрымдуулук жаатында жакшы тенденция байкалууда. Өзгөчө Рамазан айында кайрымдуулук кылгандар өтө көп.

Терроризм жөнүндө айта турган болсок, бул терс көрүнүш ар бир өлкөдө бар. Бирок коркунучту азайтышыбыз мүмкүн. Биз да өз тарабыбыздан бардык жагымдуу демилгелерди колдоого даярбыз.

А. Ормушев: — Рахмат. Бүгүнкү тегерек столдун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирем, келип катышып, өз ой-пикирлериңиз менен бөлүшкөнүңүздөр үчүн. Бүгүнкү иш-чара өз максатына жетти деп ойлойм. Баарыңыздарга ийгилик, ден соолук каалайм!