СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү министрлиги
Ош Мамлекеттик Университети
Физика-техника факультети
Жалпы физика жана физикага окутуунун усулу кафедрасы
Дипломдук иш
Тема: Электрондук окуу китебин физика сабагында пайдалануунун методикасы
Илимий жетекчи: П.Кожобекова.
Аткарган: Абдалим кызы Акылай
Коргоого уруксат берилди ____________
каф. баш. м.а. ф.-м.и.к., доц. Эгембердиев
Ош-2013
М А З М У Н У
КИРИШҮҮ ……………………………………………………………………………...3
I. Электрондук окуу китептери жана аларга коюлган талаптар жөнүндө жалпы маалымат ……………….……………………………………………….9
§1-1. Электрондук окуу китептери жана анын түрлөрү.................................………..9
§1-2. Электрондук окуу китептерине коюлуучу талаптар ……………………….….10
§1-3. Электрондук окуу китептеринин структурасы…………………………………12§1-4. Электрондук окуу китептеринин классификациясы …………..………………14
§1-5.Электрондук окуу-методикалык комплекс…... ………………………………...15
§1-6. Электрондук окуу китептерин түзүү каражаттары…………………….............16
II. Физика боюнча электрондук окуу китептер (октуучу компьютердик программалар) ………………………………..……………………………..….22
§2-1. Физика боюнча электрондук окуу китептерине анализ ……………………....22
§2-2. Электрондук окуу куралдарынын окуу процессинде колдонулушу..........…..26
§2-3. Физиканы окутууда электрондук окуу китептерин пайдалануунун методикалык ыкмалары..........................................................................................30
§2-4. Физика сабагында компьютердик окутуучу моделдерди колдонуунун методикасы ……………………………………………………………………….33
§2-5. Кадимки жана электрондук окуу китептеринин дидактикалык мүмкүнчүлүктөрү………………………………....................................................36
§2-6. Электрондук тест түзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана методикасы…………...…...40
Педагогикалык эксперимент………………………………………………………..46
Корутунду………………………………………………………………………………47
Адабияттар……………………………………………………………………………..49
Тиркемелер……………………………………………………………………………...
КИРИШҮҮ
Иштин жалпы мүнөздөмөсү
Дипломдук жумуштун темасынын актуалдуулугу
Азыркы учурда электрондук окуу куралдарын колдонуунун жана түзүүнүн проблемаларын изилдөө актуалдуу болуп калды. Себеби билим берүү жана таанып билүү процессинде компьютердик технологияларды колдонуу кеңири кулач жайды. Билим берүүнүн бир багыты катары окуучунун өз алдынча билим алуусун тереңдетүү жана калыптандыруу эсептелгендиктен, өз алдынча даярдануунун бир каражаты катары электрондук окуу куралдарын алсак болот.
Электрондук окуу куралдары өз алдынча даярдануучуну, студентти жана окуучуну өзүнүн көркөмдүгү, маанилүүлүгү, кызыктуулугу жана жөнөкөйлүгү менен тартып турушу керек. Электрондук окуу куралдары жөнөкөй жана татаал болуп эки топко бөлүнүшөт. Жөнөкөй электрондук окуу куралдары катары, окуу пландарына жана окуу программаларына жооп берген окуу китептеринин электрондук түрү саналат. Ал эми татаал электрондук окуу куралдары өзүнүн ичине окуу китебин, маселелер жыйнагын жана лабораториялык практикумдарды камтыйт.
Электрондук окуу куралы - бул окуу курсун өз алдынча өздөштүрүүнү камсыз кылуучу программалык-методикалык компле кс болуп эсептелет. Электрондук окуу куралдарынын бирдиктүү илимий-методикалык жабдылышы жана аларды түзүүнүн, колдонуунун стандарттары жок болгондуктан, түзүүнүн биринчи кадамы катары электрондук окуу куралдарын функциясын классификацияланышын, түрлөргө бөлүштүрүлүшүн жана компоненттерин изилдөө эсептелинет.
Электрондук окуу куралдарынын компонентерин классификациялоо ар кандай белгилер менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мисалы: информацияларды берүү жолдору боюнча; колдонуучу менен маектешүүчүнүн активдүүлүгү боюнча; билим берүүнүн татаалдыгы боюнча; окутуунун түрү боюнча (күндүзгү, кечки жана сырттан же дистанттык) ж.б.
Электрондук окуу куралдарынын негизги компоненти болуп окуу материалдарынын маанилүүлүгү, маңыздуулугу жана илимийлүүлүгү эсептелинет. Окуу материалдары гипертекст түрүндө берилиши материалдын дидактикалык элементтерин байланыштырууда чоң роль ойнойт. Гипертекстте ар түрдүү көрсөтмө материалдар, схемалар, графикалар, диаграммалар, анимацияланган сүрөттөлүштөр, аудио жана видео материалдар болушу керек.
Мындай технологияларды колдонуу окуучунун аң сезимине, эске тутуусуна жана окуу материалдарындагы түшүнүктөрдүн калыптануусуна, теориялык билимдерин бекемделүүсүнө зор таасир берет. Негизги окуу материалдардан башка дагы терминдер сөздүгү, ар кандай маалымдамалар, окуу китептеринин тизмелери, китепканалардын, журнал, газеталардын интернет даректери бар болушу электрондук окуу куралдардын маңыздуулугун жогорулатат.
Электрондук окуу куралдарында издөө жана навигация системаларынын болушу алардын эффективдүүлүгүн жана өзүнө тартып туруусун күчөтөт. Издөөнүн эки түрүн колдонсо болот: биринчи түрү толук тексттүү, экинчи түрү индекстүү.
Толук тексттүү түрүндө информациялар издөөдө AND, OR, NOT логикалык амалдарын жана атайын символдорду колдонот. Ал эми индекстүү издөөдө көрсөткүчтөр колдонот (ысымдуу көрсөткүчтөрр, схема көрсөткүчтөрү ж.б.) ар бири өздөрүнүн кызматчы сөздөрүн камтыйт. Абдан ыңгайлуу навигация системасы болуп информациялардын бөлүм-глава-тема-темача-материал болуп жайгашы эсептелинет. Электрондук окуу куралдарын түзүүнүн дагы бир маселеси алардын түзүү жабдыктарын тандоо болуп саналат. Электрондук окуу куралдарын түзүүнүн негизги жабдыгы болуп мультимедиа каражаты колдонулат.
Мультимедиалык программалык продуктуну түзүү эки негизги бөлүктөн турат:
Биринчи бөлүгү мультимедианын компоненттерин түзүү (графика, текст, анимациялык сүрөттөлүштөр ж.б.), экинчи бөлүгү түзүлгөн компоненттерди бирдиктүү тиркемеге бириктирүү. Мультимедиалык тиркемени түзүүнүн программалык каражаттарын үч группага бөлүүгө болот:
1. Адистештирилген программалар.
2. Автордук иштеп чыгуу каражаттары.
3. Программалоо тилдери.
Азыркы учурда бул үч группанын так аныкталган чектери жок, мисалы: Power Point, Tempa Media Authоr, Flash-технологиясы ж.б. өздөрүнүн ички программалоо тилдерине ээ.
XX-XXI кылымдардын чектериндеги «маалыматтык жарылуунун» таасири менен бардык тармактардагы билимдердин жаңылануу тездиги кесин жогорулады. Билим берүү тармагында колдонулуп жаткан жаңы маалымат, компьютердик технологиялар окуу каражаттарын жогорку деңгээлде иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Билим берүүдөгү приоритетүү багыттардын бири жаңы технологиялардын негизинде окуучуну, студентти жана мугалимди визуалдык окуу материалдарынын толук комплекси менен камсыз кылуу болуп эсептелет. Бул жагдай электрондук окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууну жана түзүүнү шарттайт.
Акыркы мезгилде мектептин заманбап окуу китептерин түзүүнүн теориялык-методологиялык негиздерин изилдөөнүн үстүндө В.П. Беспалько, Г.Г. Граник, Д.Д. Зуев, И.К. Журавлев, В.В. Краевский, А.А. Леонтьев, А.В.Полякова, В.С. Цетлин ж.б. иштеп жатышат. Кыргыз республикасында табигый-математикалык предметтер боюнча окуу китебин түзүү жана колдонуу маселеси ү.А. Асановдун, И.Б. Бекбоевдин, М.Д. Джораевдин, Э.М. Мамбетакуновдун, Т.М. Сияевдин, Г.К.Чекированын ж.б. эмгектеринде изилденген. Ошентсе да, мектеп жана ЖОЖ үчүн замандын талабына ылайык компьютердик технологиянын негизинде окуу-методикалык комплекстерди (электрондук окуу китептерин) иштеп чыгуу маселеси орун алууда.
Физика предмети жаратылыштагы кубулуштардын жана процесстердин мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөтөт. Окулуп жаткан обьектини процессти компьютердик визуалдаштыруу менен абдан кызыктуу жана түшүнүктүү берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул багытта Россия Федерациясында чыккан “Открытая физика”, “Физика в картинках”, “Репетитор. Физика”, “Живая физика” ж.б. компьютердик программалар, окуу методикалык комплекстер мектеп жана практикасына ийгиликтүү киргизилүүдө.
Физика предметин окутууда олуттуу проблемалардан болуп предметке болгон кызыгууну, көргөзмөлүүлүктү арттыруу жана окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатуу, өз алдынча билим алууга шарт түзүү саналат. Мындан чыгуунун бир жолу болуп, компьютердик технологиянын негизинде кыргыз тилиндеги электрондук окуу-методикалык комплекстерин (электрондук окуу китептерин) түзүү жана аны окуу процессине кийирүү эсептелет.
Изилдөөнүн обьектиси: электрондук окуу китеби (электрондук окуу-методикалык комплекси).
Изилдөөнүн предмети: физика предмети боюнча электрондук окуу китебин түзүү жана аны колдонуунун дидактикалык негиздери.
Изилдөөнүн максаты: жалпы физика курсунун механика жана молекулалык физика бөлүмдөрү боюнча өз алдынча билим алууга жана даярданууга көмөктөшүүчү электрондук окуу китебин иштеп чыгуу.
Изилдөөнүн негизинде төмөнкүдөй гипотеза жатат: эгерде физика предметин окутууда салттуу окуу куралдары менен бирге электрондук окуу китеби кошумча колдонулса, анда ал:
Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлөктөрүн өнүктүрөт;
Окутуунун сапатын жогорулатат;
Окуу процесси жогорку натыйжалуу деңгээлде уюштурулат;
Өз алдынча билим алууга, дистанттык окууда жакшы шарт түзүлөт.
Излдөөнүн обьектисинен, предметинен жана максатынан изилдөөнүн төмөнкү милдеттери келип чыгат:
Окуу китептерин жана окуу куралдарын түзүүнүн теориялык-методологиялык негиздерине анализ жүргүзүү;
Кадимки окуу китептеринин жана электрондук окуу китептеринин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн салыштыруу;
Электрондук окуу китептеринин түзүлүшүн жана байланыштарын аныктоо;
Окуучулардын, студенттерин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жардам берүүчү, предметке болгон кызыгууну арттыруучу, активдешүүнү күчөтүүчү кадимки жана электрондук окуу китептери колдонулган окутуунун структурасын иштеп чыгуу;
Жаңы маалымат технологияларынын негизинде жалпы физика курсунун механика жана молекулалык физика бөлүмдөрү боюнча электрондук окуу-методикалык комплексин жана аны тейлөөнүн информациялык чөйрөсүн түзүү;
Түзүлгөн комплексти сыноодон өткөрүү, аны пайдаланууда окуучулардын, студенттердин, колдонуучунун окуу иш аракеттерин жандандыруу, ишке ашыруу этаптарын жана шарттарын аныктоо;
Физика предметин окутууда, предмет боюнча өз алдынча билим алууда, даярданууда электрондук окуу китептерин колдонуунун педагогикалык эффективдүүлүгүнө эксперименталдык изилдөө жүргүзүү.
Коюлган маселелерди чечүүдө төмөнкүдөй изилдөө методдору пайдаланылды:
Окутууда компьютердик информациялык технологияларды, электрондук окуу китептерин колдонууга, аларды түзүүгө, изилдөөнүн темасына жараша окуучулардын, студенттердин таанып билүү иш аракеттерин уюштуруу багытындагы психология-педагогикалык, методикалык адабияттарга анализ жүргүзүү;
Педагогикалык эксперимент жүргүзүү жана анын жыйынтыгын статистикалык иштеп чыгуу ;
Программалык камсыздоо багытындагы адабияттарды окуп үйрөнүү;
Анкетирлөө;
Иштин жүрүшүндө окуучулардын маалыматтык-технологиялык маданияты анализденди, аларда маалыматтык-технологиялык маданиятты калыптандыруу үчүн натыйжалуу болгон электрондук окуу-методикалык комплекстерди түзүү проблемасынын абалы иликтенди. Окутуу процессинде маалыматтык-технологияларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү аныкталды. Жумушчу гипотеза даярдалды. Түзүлүүчү электрондук окуу китебинин алгачкы элементтери түзүлдү. Электрондук окуу китебин түзүүдө керектелүүчү негизги каражаттар (мультимедиялык, программалык, аппараттык, инструменталдык) изилденип үйрөнүлдү.
Жалпы физика курсунун механика жана молекулалык физика бөлүмдөрү боюнча кошумча окуу, өз алдынча даярдануу, үйрөнүү үчүн электрондук окуу китебинин түзүлүшү аныкталды.
Электрондук окуу китепти колдонуунун өзгөчөлүктөрү аныкталды. Электрондук окуу китебин колдонуунун педагогикалык эффективдүүлүгүнө эксперименталдык изилдөө жүргүзүлдү
Физика боюнча кыргыз тилиндеги электрондук окуу китептерин түзүү жана колдонуу багытында жүргүзүлгөн иликтөөлөрдөн алынган жыйынтыктар жана сунуштар физика предмети боюнча электрондук окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуунун зарылдыгын көрсөттү;
Физика боюнча электрондук окуу-методикалык комплексти окуу процессинде (орто мектепте, ЖОЖдордо физиканы окутууда, өз алдынча даярданууда) колдонуунун методикасын иштеп чыгуу;
Изилдөөнүн жыйынтыгында коргоого төмөнкүдөй негизги жоболор сунушталат;
Физика предметин окутуу, өз алдынча даярдануу үчүн электрондук окуу-методикалык комплексти колдонуунун теориялык практикалык негиздери;
Электрондук окуу-методикалык комплекстин мазмундук түзүлүшү жана анын функцияларынын аныкталышы;
ЭОМКны колдонуунун методикалык көрсөтмөлөрү.
Изилдөөчүнүн өздүк салымы: Электрондук окуулуктардын мазмундук түзүлүшүн аныктоо, жалпы физика курсунун механика жана молекулалык физика бөлүмдөрү боюнча электрондук окуу китебинин алгачкы үлгүсүн түзүү.
Дипломдук иш киришүүдөн, эки главадан, корутундудан, адабияттардын тизмесинен жана тиркемеден турат. Иштин мазмуну 50 беттик тексте берилген, анын ичинде 2 таблица камтылган.
Аткарылган иштин жыйынтыктары ФОУ кафедрасынын окутуучуларынын, ОшМУнун “Билим” лицейиндеги, Ош шаарындагы №42 “Керме-Тоо” орто мектебиндеги физика сабактарында сыноодон өткөрүлдү. Жалпы педагогикалык экспериментке 120 окуучу-студент 6 мугалим катышты.
ОшМУнун физика-техника факультетинде өткөрүлгөн «Илим жумалыгындагы» студенттик илимий конференцияда талкууланды.
Электрондук окуу китеби деп – окуу материалдарынын оптикалык дисктерге (CD, DVD) жазылган же ЭЭМдердин тармагына (локалдык, регионалдык, глобалдык) жайгаштырылган басылмасын айтабыз.
Электрондук окуу китептери мультимедиалык компоненттерди пайдаланып, навигация системасы аркылуу бирдиктүү программалык чөйрө катары гипертексттик технология менен даярдалат.
Электрондук окуу китептери типографиялык ыкма менен чыгарылган окуу китептеринин жана колдонмолорунун негизинде даярдалат.
Электрондук окуу китеби - салттуу кагаз китептерге караганда бир катар олуттуу артыкчылыктарга ээ.
Мисалы: 650 мегабайт көлөмүндөгү бир компакт-дискке (СD-ROM) 400 томго жакын китептердин тексти батат.
Электрондук окуу куралы практикалык жактан да түбөлүктүү, айрылып, эскирип калбайт, аз гана орун ээлеп, алып жүргөнгө да ыңгайлуу. Алардын колдонулушу да вариативдүү: текстеринин шрифтеринин өлчөмүн, түсүн каалагандай өзгөртүп алууга, ал эми мазмунун окутуунун максатына ылайык ар дайым толуктоо, оңдоо, түзөөгө мүмкүн. Ошондой эле зарыл учурда принтердин жардамы менен окуу китептин кайсы бир бөлүгүн же толук баарын каалаган форматта чыгарып алууга да Stylus тибиндеги машиналык котормочунун жардамы менен окуулуктун тексттерин башка тилге да оңой эле оодарып алууга да болот.Электрондук окуу куралы окутуу жараяныда мугалимди да сабакка окуулукка кошумча көп сандаган окуу куралдарын, карточкаларды тексттерди кыркып даярдап келүү сыяктуу бир катар түйшүктөрдөн куткарат. Электрондук окуу куралы мындай материалдарды башка электрондук китепканалардан, китептерден, журналдардан интернет аркылуу оп-оңой эле кошо алат. Демек, электрондук окуу куралы билимдин мазмунун жыл өткөн сайын өнүктүрүп, өстүрүп туруу үчүн өтө ийкемдүү.
Электрондук окуу басылмаларын дисциплина боюнча окуу материалдарын камтуу деңгээлине, колдонулушуна жана максатына жараша төмөнкүдөй бир нече түрлөргө бөлүүгө болот:
1) электрондук окуу китеби - (Electronic text book-Электронный учебник) — билим берүүнүн натыйжасы, аны информатика (анын ичинде компьютер) каражаттарынын жардамы менен пайдаланууга мүмкүн, окутуу процессин үзгүлтүксүз жана толук камсыз кылган, сунуш кылынган сабак үчүн автор иштеп чыккан жана кадимки окуу китебине салыштырмалуу принципиалдуу жаңы мүнөздүү каражат.
Бул мүнөздөргө мултимедиалуулугу, виртуал аныктыгы, жогорку даражадагы интерактивдүүлүгү, окуучунун өздүк мүнөздөмөлөрүнө карата окутууну уюштуруу кирет;
2) электрондук окуу-методикалык комплекси - конкреттүү предмет боюнча толук же кайсы бир бөлүм үчүн бардык тиешелүү болгон окуу материалдарынын (программа, электрондук окуу китеби, методикалык көрсөтмөлөр, окуу көрсөтмө куралдар, жумушчу дептер, практикум, эсептер жыйнагы, окуу малыматтык колдонмолор, өз билимин текшерүү үчүн тесттер ж.б.) компьютердик технологиянын негизинде окутуу процессинин натыйжалуу жүрүшүн, өз алдынча билим алууну, үйрөнүүнү, даярданууну камсыз кылган бирдиктүү дидактикалык системалык каражат;
3) электрондук текшерүүчү программалар – окуу чөйрөсүндө белгилүү аракеттердин удаалаштыгын пландаштыруу жана аткаруу аркылуу коюлган максаттарга жете ала тургандай тапшырмаларды берүү;
4) электрондук окутуучу программалар– окуу материалын берүү жана жоопторду талап кылуучу суроолорду сунуштоо;
5) электрондук моделдөөчү программалар – окуучудан система тарабынан сунуш кылынуучу билимдердин негизинде туура жыйынтыкты алуу үчүн ой жүгүртүүнүн удаалаштыгын чагылдырууну талап кылуучу тапшырмаларды берүү, мисалга алсак, компьютердин экранында сүрөттөлүштү түзүү;
6) электрондук тренажер программалар – маселе чыгаруунун техникалык ыкмаларын калыптандыруу жана бышыктоо үчүн кызмат кылышат. Алар меселелерди чыгаруу теориялары жана ыкмалары тууралуу информациялар менен камсыз кылуу, өз алдынчалуулуктун ар кандай деңгээлдеринде машыгууларды жана текшерүүнү камсыз кылуулары зарыл;
7) электрондук дидактикалык оюндар – оюн процессин колдонуу аркылуу пайда болгон суроолорго жооп берүү;
8) электрондук гипертекстик системалар – информацияны издөө абдан жакшы ишке ашырылган мультимедиялык системалар болуп эсептелинет;
9) электрондук демонстрациялык окутуучу программа – бул компьютердин жардамында окутулуучу курсту же анын белгилүү бир бөлүмүн өз алдынча жана окутуучунун катышуусунда өздөштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү программалык-методикалык комплекс;
Электрондук окуу китептерине коюлуучу талаптар
Электрондук окуу куралдарын түзүүдө негизинен төмөндөгү аспектилерди эске алуу абзел:
1.2.1. Окуу материалдарынын мазмунунун адекваттуулугумамлекеттик билим берүү стандартына туура келиши;
дисциплинаны өздөштүрүү үчүн берилген окуу материалдарынын толуктугу;
окутуунун ар түрдүү (күндүзгү, сырттан, кечки жана дистанттык) формаларына ылайыктуулугу;
теориялык материалдарды, практикалык, семинардык жана лабораториялык сабактарды өз алдынча окуп-үйрөнүүгө жарамдуулугу;
өтүлгөн материалдарды бышыктоо үчүн, учурдагы, аралыктагы жана жыйынтыктоочу текшерүүлөр үчүн суроолордун камтылышы;
окутуунун компьютердик методикасын колдонуу;
заманбап инструменталдык каражаттардын негизинде ишке ашырылышы;
компьютердик окутуучу программанын окуу процессинде колдонуу мезгили жана ыкмасынын аныкталышы.
билим берүүдөгү, илимдеги жана техникадагы жетишкендиктердин эске алынышы.
электрондук окуу басылмалары көрсөтмөлүүлүгү, колдонуу үчүн жөнөкөйлүгү жана ыңгайлуулугу менен айырмаланып турушу керек;
окуу материалдарынын жазылышынын (көрсөтүлүшүнүн) логикалык удаалаштыгынын туура болушу зарыл;
студенттин активдүүлүгүн интерактивдүү колдоо мүмкүнчүлүгүнүн болушу максатка ылайыктуу;
санитардык-гигиеналык нормаларга жооп бериши (мисалы, шрифттин өлчөмү өтө кичине же чоң, шрифттин же барактын фонунун түсү өтө жарык же күңүрт болбошу) керек;
CD, DVD дисктердин жана алардын футлярларынын сырткы дизайны көрүмдүү болуш керек.
өздүк баасынын арзандыгы;
узак мөөнөткө колдонуу (эксплуатациялоо) мүмкүнчүлүгү;
техникалык жана программалык каражаттардын талапка ылайыктуулугу.
Андыктан электрондук окуу куралдарын иштеп чыгаруу процессинде төмөндөгүдөй көйгөйлүү маселелер келип чыгат:
- окуучулардын билим деңгээлине жана индивидуалдык мүнөздөмөлөрүнө шайкеш келтирүү;
- окуучулардын материалды өздөштүрүүдөгү кызыгуусун арттыруу.
Каалагандай түрдөгү электрондук окуу куралдарынын материалынын мазмуну темалардын көлөмүнө жараша модулдарга бөлүнүшү жана анимациялар аркылуу коштолуусу максатка ылайык. Электрондук окуу куралдарын түзүүдөгү негизги талаптардын дагы бири – бул мультмедиялык каражаттарды колдонуу.
Себеби тажрыйба көрсөткөндөй, окуу материалын графика аркылуу информацияны берүү кошумча кыйынчылыктарды талап кылбастан, тез кабыл алууга шарт түзөт. Окуу куралындагы ар бир иллюстрациянын түшүндүрмөлөр аркылуу коштолуусу кабыл алуунун эффективдүүлүгүн жогорулатат.
Бардык эле компьютердик программалар сыяктуу эле, электрондук окуу куралдары да интерактивдүү жардам системасын камтышы максатка ылайык.
Себеби мындай системалар керектүү информацияларды издөөнү жеңилдетүү жана окуучулардын ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн активдештирүү үчүн кызмат кылат. Компьютердик окуу программаларында бири-бири менен тыгыз байланышкан интерактивдүү жардам системасынын төмөндөгүдөй эки түрүн бөлүп көрсөтүүгө болот:
- программа менен иштөөнүн эрежелери жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу информацияны берүүчү техникалык жардам;
- окулуучу дисциплинага тиешелүү негизги информацияларды берүүчү предметтик жардам.
Электрондук окуу басылмаларындагы окуу материалдарынын структурасы:
Титулдук барак (мекеменин аббревиатурасы, авторлор, адистиктин жана дисциплинанын аталышы, окуу басылмасынын тиби, басылманын жарык көргөн жылы);
Басылманын китеп вариантындагы УДКсы, ББКсы, ISBNни, авторлор тизмеси, басылманын аталышы, көлөмү (Мбайт менен), басылма даярдалган форматтын тиби (chm, pdf, djvu, html, tex, ж.б.), инсталляция каражаты, рецензенттер, аннотация, автордук укук, басылманы жарыкка чыгарууга кепилдик берген мекеменин аталышы, басылма чыккан шаардын аталышы, басылма жарык көргөн жыл;
Мазмуну (гипершилтеме менен);
Кириш сөз (басылманы колдонуу эрежелери, өзгөчөлүгү, навигация багыты, материалды өздөштүрүү менен кандай компетенциялар, билимдер, билгичтиктер жана көндүмдөрдүн калыптанышы баяндалат);
Бөлүмдөр, параграфтар, темалар, чакан темалар (мультимедиа элементтери, навигация, издөө системалары колдонулат);
Бышыктоо жана текшерүү үчүн суроолор;
Өз алдынча иштөө үчүн практикалык тапшырмалар;
Глоссарий (негизги терминдердин түшүндүрмө сөздүгү);
Билимди баалоо үчүн тесттер;
Окуу үчүн сунуш кылынган адабияттардын жана электрондук ресурстардын тизмеси
Электрондук окуу басылмалары модулдук-рейтингдик жобонун негизинде модулдук принципте даярдалганы максатка ылайыктуу.
Электрондук окуу басылмаларынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп басылманын мазмунунан тиешелүү бөлүмдөрүнө, параграфтарга, темаларга, мультимедиалык элементтерге, глоссарийге, мурдагы же кийинки темаларга гипершилтемелер менен ыңгайлуу өтүү навигациясын орнотуу эсептелет.
Электрондук окуу басылмасынын бөлүмдөрүндө жаңы материалды өздөштүрүү сапатын аныктап берүүчү (диагностика кылуучу) окуу тапшырмаларынын жыйындысы келтирилиши керек. Өзүн өзү текшерүү учурунда студенттин өздөштүрүүсүн кубаттап, мотивациялоочу каражаттар (динамикалык стимулдаштыруучу маалыматтар) да болгону жакшы.
Окуу тапшырмаларын өз алдынча аткарууда кетирилген каталарды алып таштоочу жана артка кайрылууга боло турган мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу зарыл. Колдонуучуну тез чарчатып жибербес үчүн релаксация блоктору (мисалы, музыкалык тыныгуу фрагменттери, учкул сөздөр же тамаша иретиндеги сөздөр же сүрөттөр) басылмага тиркелсе жакшы болот.
Электрондук окуу басылмаларында мультимедиа элементтерин колдонуу керектүү информацияны табууну жеңилдетет, анткени адамдын көрүү жана угуу жөндөмдүүлүктөрү абстракттык түшүнүктөрдү кабыл алганга караганда алда канча өйдө турат.
Электрондук окуу материалдарынын (электрондук техникалык каражаттардын колдонулушуна жараша) даярдоо деңгээли төмөнкүдөй классификацияланат (1-таблица):
1-таблица
Даярдоо деңгээли | Окуу материалдары | Навигация | Мультимедиа | Интерак-тивдүүлүк | Билимди баалоо |
1-тип | Текст | – | – | – | – |
2-тип | Текст | Гипершилтеме | – | – | – |
3-тип | Текст | Гипершилтеме | Графика, анимация, аудио, видео | – | – |
4-тип | Текст | Гипершилтеме | Графика, анимация, аудио, видео | Глоссарий, издөө, справкалык материал | – |
5-тип | Текст | Гипершилтеме | Графика, анимация, аудио, видео | Глоссарий, издөө, справкалык материал | Тест менен билимди баалоо |
5-типтеги басылма сапаты боюнча жогорку деңгээлдеги электрондук окуу басылмасы болуп эсептелет. Орточо деңгээлдеги электрондук окуу басылмасы деп 4-типтеги басылманы кабыл алса болот.
Электрондук окуу-методикалык комплекс (ЭОМК) дисциплинаны толук өздөштүрүү үчүн зарыл болгон бардык окуу-методикалык каражаттарды камтып турган көлөмдүү электрондук басылма болуп эсептелет.
Электрондук окуу-методикалык комплекстин структурасы:
Титулдук барак (мекеменин аббревиатурасы, авторлор, адистиктин жана дисциплинанын аталышы, ЭОМК жана анын жарык көргөн жылы);
ЭОМКнын аталышы, авторлор тизмеси, көлөмү (Мбайт менен), басылма даярдалган форматтын тиби (chm, pdf, djvu, html, tex, ж.б.), рецензенттер, аннотация, автордук укук, басылманы жарыкка чыгарууга кепилдик берген мекеменин аталышы, басылма чыккан шаардын аталышы, басылма жарык көргөн жыл;
Мазмуну (гипершилтеме менен);
Кириш сөз (ЭОМКны колдонуу эрежелери, өзгөчөлүгү, навигация багыты, материалды өздөштүрүү менен кандай компетенциялар, билимдер, билгичтиктер жана көндүмдөрдүн калыптанышы баяндалат);
Дисциплина боюнча типтүү программа;
Дисциплина боюнча жумушчу программа (силлабус);
Лекциялык сабактардын материалдары бөлүмдөргө, параграфтарга, темаларга, чакан темаларга мультимедиа элементтерин, навигацияны жана издөө системаларын колдонуп жайгаштырылат;
Бышыктоо жана текшерүү үчүн суроолор;
Практикалык сабактардын материалдары;
Семинардык сабактардын материалдары;
Лабораториялык сабактардын (автоматташтырылган же виртуалдык) материалдары жана аларды аткаруунун үлгүлөрү;
Өз алдынча иштөө үчүн практикалык тапшырмалар;
Учурдагы, аралыктагы жана жыйынтыктоочу текшерүүлөрдүн тапшырмалары;
Билимди баалоо үчүн тесттер;
Курстук иштерди аткаруу боюнча методикалык көрсөтмөлөр;
Курстук иштердин жана рефераттардын темалары;
Билимди баалоо критерийлери;
Жумушчу барактар;
Глоссарий (негизги терминдердин түшүндүрмө сөздүгү);
Окуу үчүн сунуш кылынган адабияттардын жана электрондук ресурстардын тизмеси
1.6. Электрондук басылмаларды түзүү каражаттары
Электрондук басылмаларды түзүү үчүн төмөнкү инструменталдык, программалык жана аппараттык каражаттар колдонулат:
компьютердик техника жана анын перифериялык түзүлүштөрү (микрофон, вебкамера, сканер, цифралык фото- жана видеокамералар, ж.б.);
электрондук окуу басылмаларын түзүү жана окуу үчүн программалык оболочкалар;
Microsoft Office программаларынын пакети;
электрондук окуу басылмаларды chm, pdf, djvu, html, tex, ж.б. кеңейтилишинде даярдоо үчүн колдонулуучу программалар;
электрондук окуу басылмаларын жарыялоо үчүн зарыл болгон мультимедиа программалык каражаттары;
тесттик материалдарды даярдоо жана компьютердик тестирлөөнү камсыз кылуучу каражаттар жана программалар.
htm2chm1 программасынын каражаттары менен электрондук басылмаларды «chm» форматында түзүүгө болот.
Эң оболу htm2chm программасын дистрибутивин (717 Кб) традициялык жол менен компьютерге орнотуп алабыз. Аны Пуск - Программы - htm2chm - htm2chm.exe маршруту менен жүктөп алууга болот.
h tm2chm программасынын башкы терезесинде «Создать», «Страницы», «Содержание», «Редактор», «Извлечь» командалары жана «Настройка», «Выход», «Автор», «FAQ» баскычтары бар 1.6.1-сүрөт). Бул командалардын колдонулушу электрондук окуулукту түзүү процессинде түшүндүрүлөт.
Электрондук басылмаларды түзүү үчүн төмөнкү алгоритмди колдонобуз.
«D:» дискине өзүнчө «А» деген папка түзүп алабыз.
Басылманын Word документин «А» папкасына көчүрөбүз.
Microsoft Word программасында басылманын титулдук барагын копиялап өзүнчө документке жазып, аны веб-страница форматында «А» папкасына index деген ат менен сактайбыз.
Басылманын ар бир главасын, параграфын, бөлүмүн, бөлүмчөлөрүн өзүнчө копиялап, жаңы документтин терезесине жазып, алардын ар бирин веб-страница форматында «А» папкасына тиешелүү аталыштар2 менен сактайбыз.
П роводник менен «А» папкасына мыштын оң баскычын басабыз да, пайда болгон динамикалык тизмеден «htm2chm» командасын тандаганыбызда, андан кийинки подменю пайда болот. Андан «Создать файл содержания» деген команданы тандайбыз. Натыйжада «Генератор содержания» терезеси пайда болот 1.6..2-сүрөт). Андан кийин «Пуск» баскычын басабыз. Жыйынтыгында «А» папкасынын ичинде «Table of Contents.hhc» файлы пайда болот. Бул файл биздин электрондук окуулуктун «Мазмуну» болуп эсептелет.
«
Table of Contents.hhc» файлын программанын редакторунда өзүбүз каалагандай редактирлеп алабыз. Ал үчүн Проводник менен «А» папкасын ачып, «Table of Contents.hhc» файлын тандап, мыштын оң баскычын басабыз да, пайда болгон динамикалык тизмеден «Редактировать» командасын тандайбыз. Натыйжада «Table of Contents.hhc» файлын редактирлөө терезеси монитордун экранына чыгат (1.6..3-сүрөт).
Р едактирлөө терезесинин оң панелиндеги «index» деген сөздү тандап, мыштын сол баскычы менен аны сүйрөп келип сол панелдеги «Содержание» деген сөздүн үстүнө кое беребиз. Натыйжада «index» сөзү «Содержание» сөзүнүн астына жазылып калат. «index» сөзүн тандап, мыштын сол баскычын бир жолу чыкылдатсак, өчүп-жануучу курсор пайда болуп, редактирлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. «index» деген сөздүн ордуна электрондук басылманын аталышын жазып, андан кийин «Enter» баскычын басабыз. Андан кийин аннотацияны сол панелге жайгаштырабыз.
Ушундай эле жол менен 1-главанын аталышын, анын параграфтарын, бөлүмдөрүн, бөлүмчөлөрүн, башка главаларды да сол панелге алып келип жайгаштырабыз.
Мазмунду иерархиялык формада жайгаштыруу үчүн «Ctrl» баскычы менен мыштын сол баскычын бир убакта басып, бөлүмчөлөрдү бөлүмдөрдүн үстүнө таштоо керек (1.6.4-сүрөт). «Ссылка» талаасында гипершилтемени басканда ачыла турган файлдын аталышы кеңейтилиши менен көрсөтүлүп турат. Редакциялап бүткөндөн кийин «Сактоо» баскычы менен файлды сактап алуу керек.
Басылманы түзүүнү аяктоо үчүн «А» папкасына мыштын оң баскычын басабыз да, пайда болгон динамикалык тизмеден «Преобразовать в А.chm» командасын тандаганыбызда, «Мастер преобразования» терезеси пайда болот (4.5-сүрөт).
Эми басылманын параметрлерин тандайбыз:
1). «Папка» талаасына биз түзгөн «А» папкасы тандалат.
2). Формат талаасында автоматтык түрдө «Справка Help» варианты пайда болот. Аны ошол бойдон калтырабыз.
3). «Название» талаасына электрондук басылманын аталышын жазабыз.
4). «Главная» талаасына башкы бетти чакыруучу «index.mht» файлын тандап коебуз.
5). «Выход» талаасына басылманы кайсыл ат менен сактоо керек болсо, ошол атты жазабыз.
6). «Содержание» талаасына «Table of Contents.hhc» файлы тандалат.
7). «Язык» талаасына «Русский» варианты тандалат.
8). Параметрлер 4.5-сүрөттө көрсөтүлгөндөй тандалгандан кийин «Пуск» баскычын басабыз. Натыйжада түзүлүп жаткан басылма компиляция болот жана «А» папкасы жайгашкан дискке кеңейтилиши chm болгон электрондук басылма колдонууга даяр болот.
Колдонуучу өзү үчүн маанилүү болгон же өтө көп колдонулган бөлүмдөрдү «Избранное» барагына кошуп кое алат.
1.6.2. Adobe Acrobat Reader программасыОкуу китептеринин, макалалардын колдонмолордун электрондук варианттары pdf форматында даярдалат. Аларды окуу үчүн Adobe Acrobat Reader программасы колдонулат.
PDF (Portable Document Format) форматы - полиграфиялык продукцияларды зарыл болгон шрифттерди, тексттер менен вектордук жана растрдык графикалардын комбинацияларын кошуу менен электрондук документке айландыруу технологиясы болуп эсептелет.
Бул технология 1993-жылы Adobe Systems фирмасы тарабынан түзүлгөн. 2008-жылдан баштап ISO стандартына киргизилген.
1 .6.3. Foxit PDF Editor программасы
Foxit PDF Editor (v.2.2.1.1119 Rus RePack) – компакттуу жана тез иштөөчү PDF-редактор болуп эсептелип, PDF форматтагы файлдарды редактирлөө үчүн колдонулат. Бул программа 2001-жылы Foxit Corporation Кампаниясы тарабынан чыгарылган.
Foxit PDF Editor программасынын төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрү бар:
PDF документтин каалаган бетин оңдоп-түзөөгө, андагы текстти тандоого, өзгөртүүгө, өчүрүүгө, айландырууга жана копиялап алууга болот;
PDF документке жаңы текстти, сүрөттү жана графикти кошсо жана импорттосо болот;
PDF документтеги фотографияларды инструменттер тобу (лассо, кисть, заливка, штамп ж.б.) менен редактирлөөгө болот;
PDF документтин каалаган бетин өчүрүп таштоого, дизайнын өзгөртүүгө жана бир нече PDF файлдарды бир PDF документке бириктирсе болот;
Оңдоп-түзөлгөн PDF документти печаттоого, мурдагы оригинал файлдын үстүнө жазып сактоого же жаңы файл катары сактоого болот.
Окуу китептерин компьютерде окуп көрүү үчүн аны Djvu (дежавю) форматта даярдашат. Мындай электрондук окуулуктарды көрүү үчүн Win DjWiew инсталляторун (программасын) интернеттен көчүрүп алып, өзүбүздүн компьютерибизге орнотуп алуубуз керек.
Djvu (француз тилиндеги Dejavu – “көргөнмүн” деген сөздөн алынган) программасы китептерди, журналдарды, макалаларды, чиймелерди, схемаларды ж.б. документтерди сканерлөө жолу менен электрондук вариантта сактоого ылайыкташтырылган программа болуп эсептелет.
Мындай документтерди көрүү үчүн WinDjView STDU Viewer,DjVu Viewer программалары колдонулат.
DjVu технологиясы 1996-жылы иштелип чыккан. Анын файлдары • djvu же djv түрүндө болот. Бул форматтагы документтер максималдык түрдө кысылгандыктан, электрондук окуулуктардын көлөмү анча чоң болбойт жана колдонууга ыңгайлуу. Электрондук китептин каалаган бетин, бөлүгүн же өзүн толугу менен принтерден печаттап алса болот.
II. ФИЗИКА ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА ЭЛЕКТРОНДУК ОКУУ КИТЕПТЕР (ОКУТУУЧУ КОМПЬЮТЕРДИК ПРОГРАММАЛАР)
2.1 Физика боюнча электрондук окуу китептерине анализ
Компьютердин пайда болушу, өнүгүшү илимий жана практикалык иш аракеттердин түрдүү чөйрөсүндө жаңы технологияны түзүүгө түрткү берүүдө. Мисалы, билим берүүдө. Билим берүү - бир муундан кийинки муунга ситемалаштырылган билимди, ык-машыгууларды жана билгичтиктерди берүү (өткөрүү) процесси. Бүгүнкү күндө окутуу менен байланышкан традициялык эмес информациялык системалар жаралууда. Булар информациялык-окутуучу системалар деп аталат. Компьютердин билим берүү мекемелеринде пайда болушу менен педагогикада жаңы багыт-окутуунун компьютердик технологиясы жаралды. «Control Data Corporation» фирмасы тарабынан чыгарылган ЭВМ дин негизиндеги биринчи окутуучу система Pluto 50-жылдын аягында АКШ да иштелип чыккан. Окутуучу программаларды массалык түрдө түзүү, аны колдонуу 80-жылдардан кийин персоналдык компьютердин пайда болушунан жана алардын кеңири таралуусунан башталган. Компьютердик окутуунун пайда болушу менен компьютердик окутуучу программаларды түзүүгө 10 миңдеген педагогдор, техника илимдеринин адистери кайрылышууда. Алар негизинен өздөрүнүн интуицияларына жана практикалык тажрыйбаларына таянып, компьютерди колдонуу менен конкреттүү дисциплинаны окутуучу программаларды иштеп чыгышат.
Заманбап персоналдык компьютерлер өздөрүнүн мүмкүнчүлүчтөрү боюнча конструктивдик жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык уникалдуу окутуучу машиналар болушат. Ал түрдүү дисциплиналарды окутууда колдонулат жана чоң сандагы окутуунун маалымат технологияларын түзүү үчүн базанын кызматын аткарат. Персоналдык компьтердин төмөнкү өзгөчөлүктөрү аны мурдагы окутуучу машиналардан жана окутуунун техникалык каражаттарынан айырмалайт:
Интерактивдүү (диологдук) иштөө режими;
«персоналдык»;
Графикалык, иллюстративдик мүмкүнчүлүктөр;
Компьютердик графиканы жана адам-машина диологун программалоочу тилдердин эсебинен башкаруунун жөнөкөйлүгү;
Окуучулардын иш аракети жана окутуу процесси жөнүндөгү маалыматты сактоонун, каттоонун жеңилдиги, ошондой эле окутуучу программаны көбөйтүү жана анын көчүрмөсүн алуу мүмкүнчүлүгү.
Эгерде компьютер окутуучу каражат катары пайдаланылса, анда персоналдык компьютердин техникалык мүмкүнчүлүктөрү:
Окуу процессин активдештирүүгө;
Окутууну индивидуалдаштырууга;
Сабактын көргөзмөлүүлүгүн арттырууга;
Теориялык билим менен практиканы байланыштырууга;
Окуучулардын окууга болгон кызыгуусун арттырууга шарт түзөт.
Буларга кыскача мүнөздөмө берели.
Ар бир окуучу өзүнчө компьютерде иштегендиктен, окутууну активдештирүү диологдук мүнөздө иштөө менен байланышкан. Традициялык окутууда мугалим маалыматты ооз эки түрүндө берет. Мында окуучунун сабакка болгон активдүүлүгү көрүнбөйт. Ошондой эле мугалим ар бир окуучунун жумушчу ордундагы активдүү иш аракетин уюштурууга жана контролдоого жетише албайт. Ошондуктан традициялык окутуу негизинен пассивдүү болот. Көпчүлүк педагогдор традициялык окутууда окуучулардын 20-30% активдүү иштөөсүнө жетише алышат. Эгерде окутуу компьтердик класста компьютер-диологдук мүнөздө өткөрүлсө анда окуучулар өздөрүнүн иш аракеттерин стимулдаштырууга жана анын натыйжасын текшерүүгө жетишишет.
Компьютердик техника тез өнүгүп жаткандыктан натыйжада анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү да көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө компьютер окуу процессинин бардык этаптарында кеңири пайдаланылууда. Физиканы окутуу процессинде да компьютерди колдонуунун чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Окуу процессинде компьютерди колдонуунун эффективдүүлүгү көптөгөн факторлордон көз каранды, м:, окутуучу программанын сапатынан, мугалим пайдаланган окутуу методикасынан жана компьютердин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн (компьютердик жабдуулардан).
Каалаган предемет боюнча окуу процессинде компьютерди инструменталдык пайдалануу «эки мугалим моделинде» ийгиликтүү ишке ашат. «Эки мугалим модели» - бул информатик мугалим предметник жана окуучуга конкреттүү программалык каражатта иштөөдө жардамдашуу менен биргеликте иш алып барган учурда орун алат.
Бүгүнкү күндө «окуу» жана «билим берүүчү» деп аталган аннотациядагы программаларды жетишээрлик санда тапса болот. Бирок өз эне тилибизде эмес, орус жана башка тилдерде түзүлгөн окутуучу программаларды. Андыктан физика боюнча да орус тилиндеги окутуучу программаларды пайдаланууга туура келет. Бирок: «кайсыларын»?,- деген сууроо туулат. Алардын айрымдары РФнын жалпы жана професионалдык билим берүү Министрилигинин сунушуна да ээ. Бул кардарлардын аларга (окутуучу программаларга) болгон ишеничин жаратат, бирок, окуу программасына жана конкреттүү мугалимдин окутуу стилине адекваттулугуна кепилдик бербейт. Көпчүлүк программаларда методикалык материалдар камтылбайт.
Окуу процессинде компьютерди пайдалануу көйгөйүн изилдөөлөр, ар бир программалык продукт методикалык-справочный колдонмолор жана окуу семинарлары менен жабдылышы керектигин көрсөттү. Демек, окуу-методикалык комплекстин курамына окутуучу программаны алып жүрүүчү компакт-дисктен сырткары окуу-методикалык адабияттар да кирет. Мындай толук окуу-методикалык комлекстер Россиянын ИНТ компаниясы тарабынан даярдалып келүүдө. Мисалы «Алгоритмика» окуу-методикалык комплексин атасак болот.
Биз окутуунун көргөзмөлүүлүгүн арттыруу үчүн көбүнчө физтехтер тарабынан 1993-жылы түзүлгөн «Физика в картинках».@НЦ, «Физикон» коммерциялык программасын пайдаланабыз. Бул программа сүрөттөлүштөр, интерактивдүү эксперименттер о.э. справочник формулалар, физикалык чоңдуктардын таблицалары, калькулятор менен коштолгон жана суроолор, маселе-тапшырмалар кошулган. Суроолорго жоопторду кийирүү жана анны текшерүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Колдонуу категориясы: VI-XI класстар
Программа: MS-DOS
Алып жүрүүчү: дисктер («физика в картинках»)
Бул программаны пайдаланганда «Intel»667 процессорлуу жана «17»дюмдук мониторлуу компьютер колдонулат. Бирок тилекке каршы, мындай монитор жалпы класс үчүн көргөзмөлүүлүктү жетишерлик камсыздабайт, ошондуктан тажрыйбаларды компьютердин коштоосунда демонстрациялоодо окуучулардан компьютерге жакыныраак келүүлөрүн суранабыз.
Эреже катары жаңы материалды түшүндүрүүдө, баяндоодо демонстрациялык столго катар жайгашкан бир компьютерди гана пайдаланабыз. Бардык физикалык эксперименттерди «Физика в картинках» компьютердик программасын колдонуу менен жүргүзөбүз. Бул программада тажрыйбалардын демонстрацияларын жүргүзүү менен бир эле мезгилде берилген кубулушту же процессти түшүндүрүүнү сунуштоочу график тургузулат. Компьютердик программада бул ыкма мектеп физика курсунун бардык негизги темаларына колдонулат. Бул окуу материалын тез жана сапаттуу түшүндүрүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле окутуунун көрсөтмөлүүлүгүн, максаттуулугун арттырат. Мугалимге тажрыйбалардын жүрүшүн ар тараптан демонстрациялоого, ал эми окуучулардын окуу материалын терең өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул программаны индивидуалдык да, группалык да окутууда окуу материалын бышыктоо жана кайталоо этаптарында пайдалануу эффективдүү.
«Физика в картинках».@НЦ, «Физикон», 1993 программасындагы кемчилдик (жетишпегендик) катары окуу материалы синхрондук үн менен коштобогондугун айтууга болот. Ошентсе да, сабакта демонстрациялык эксперимент менен параллель колдонулуучу, физика боюнча өтө жакшы (илимийлүүлүгү, көргөзмөлүүлүгү жана окуу материалынын компановкалуулугу боюнча) окутуучу программалардын бири. М: «Газ закондору. Изотермалык процесс» темасын окуп үйрөнүүдө программа бул процесстин жүрүшүн тажрыйбада жана ошол эле мезгилде молекулярдык деңгээлде байкоого шарт түзөт. Биз тажрыйбанын жүрүшү менен параллель эле анын иллюстрациясын (P.V),(T.V),(T.V) координаталарда 3 графикте байкай алабыз. Температуранын түрдүү маанилеринде берилген процесстеги экспериментке байкоо жүргүзүүгө болот. Бул окуучуларга Бойль-Мариоттун законунун маңызын бир кыйла терең, жеткиликтүү түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Берилген демонстрацияда термостаттын температурасын тандап, идеалдык газды изотермалык кеңейтүү жана кысуу процесстерин байкоо менен (PV),(TV),(T.P) координаталарындагы графиктер боюнча бул процесстеги газдын параметрлерине көз салууга болот. Ошондой эле, убакыттын каалагандай моментинде P жана V параметрлеринин отчетун жасоого, калкульяторду пайдаланып керектүү эсептөөлөрдү жүргүзүүгө жана алынган натыйжаны компьютердин жардамында текшерүүгө болот. Бул программа физика курсунун башкы темаларына тиешелүү болгон бардык тажрыйбаларды демонстрациялоодо да жогорудагыдай эле мүмкүнчүлүккө ээ. Мындан сырткары, берилген теманы окуп үйрөнүүдөн кийин, ошол эле моментте дээрлик мазмундуу суроолордон жана маселелерден пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай суроолордун жана маселелердин жыйнагы программанын өзүндө камтылган. Аны монитордун экранына чыгарып алып эле пайдалана берүүгө болот.
Сабакты уюштуруу максатында «Кирилл и Мефодий» и NMG компаниясы тарабынан иштелип чыккан электрондук окуу китеби-«Уроки Физики Кирилл и Мефодий» 9 жана 10 кл үчүн программасынан да пайдалансак болот. Бул программа физика курсунун негизги темаларына карата сабактарга бөлүнгөн жана ачык, так, даана үн менен коштолгон. Бул программада текшерүүчү тестер жакшы, кеңири тандалган бирок окуу материалы терең берилген эмес, ошондуктан жаңы материалды түшүндүрүүдө колдонуу анча деле туура келе бербейт. Бул программаны физика сабагында билимди бышыктоо, кайталоо жана текшерүү үчүн пайдалануу максатка ылайыктуу.
2.2. Электрондук окуу куралдарынын окуу процессинде колдонулушу
Кылымдар бою адамзат коому курчап турган дүйнө, андагы ар түрдүү кубулуштар тууралуу маалыматтарды жыйнап, алар тууралуу билимдерди, билгичтиктерди топтоп келген, б.а., информация чогулткан. Адегенде ал информациялар муундан муунга оозеки түрдө уламыш катары берилип келген. Кийинчерээк, жазуу пайда болгондон баштап, маалыматтарды сактоо жана таратуу ишенимдүү болуп эсептелген жазуу түрүндө ишке ашырыла баштаган. XIX кылымда электр тогунун пайда болушу, анын натыйжасында телеграф, радиобайланыш, телекөрсөтүүнүн өнүгүшү информациянын өтө чоң агымдарын сактоо, иштетүү жана таратуу татаал жана курч маселеге айланган. Кийинчерээк эсептөө техникаларынын пайда болушу жана өнүгүшү өтө чоң көлөмдөгү информацияны тез чогултуу, иштетүү жана таратууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Айрыкча микропроцессорлорго негизделген эсептөө техникалары компьютерлердин жана анын программдык жабдылышынын өнүгүшүн камсыз кылган. Азыркы учурларда информациянын өтө чоң агымдарын иштетүүгө жөндөмдүү болгон программалар пайда болууда.
Мындай программалардын жардамы аркылуу информациялык системалар түзүлөт. Каалагандай эле информациялык системанын максаты болуп чыныгы дүйнөнүн обөектилери тууралуу маалыматтарды иштетип, ал обөектилер тууралуу адам баласына керектүү информацияны камсыз кылуу болуп эсептелинет. Информациялык системалардын колдонулушунун бир мисалы бул –окуу процесин компьютерлештирүү.
Окутуу процессинде мугалимдин ишмердүүлүгү 3 этапка бөлүнөт:
1) мотивациялоо этабы,
2) таанып-билдирүү этабы,
3) баалоо этабы.
Биринчи этапта өтүлүүчү теманын маанисин, окуу дисциплинасындагы алган ордун аныктоочу кырдаал б.а., сабактын максаты, теманы өздөштүрүүгө карата талап кылынуучу билимдердин, билгичтиктердин, көнүмдүүлүктөрдүн минималдык көлөмү, теманы окуп үйрөнүүнүн планы аныкталат.
Экинчи этапта лекция же окутуунун башка формалары түрүндө билим берүүчү информация берилет. Көрсөтмө куралдардын жардамы аркасында ар кандай керектүү материалдар демонстрацияланат, эксперименттер жүргүзүлөт.
Жалпы эле айтканда окуу- таанып билүү ишмердүүлүгү уюштурулат.
үчүнчү этапта мугалим окуу материалын бышыктап, окуучулардын өтүлгөн материал боюнча билим деңгээлин баалап, сабакты жыйынтыктайт.
Окутуу процессин компьютерлештирүү, тактап айтканда, билим берүү процессинде электрондук окуу куралдарын колдонуу, жогоруда аталган мугалимдин ишмердүүлүгүнүн бардык этаптарынын функцияларын толук автоматташтырууну камсыз кылуусу зарыл.
Кадимки окуу китеби дайыма окуучунун жана студенттин негизги окуу куралы болуп келген жана боло бермекчи. Себеби каалагандай эле тексти компьютердин экранына караганда кагаздан окуу ыңгайлуу. Андыктан электрондук окуу куралдарын түзүүдө алдыга так максатты кое билүү б.а., анын традициялык окуу китебине салыштырмалуу сапаты кандай боло тургандыгын так аныктап билүү зарыл.
Электрондук окуу куралын түзүүнүн негизги максаты – окуучу өз алдынча керектүү билимдерге ээ боло алуучу, анын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу чөйрө түзүү.
Негизинен окутуучу программалар төмөндөгү педагогикалык максаттарга төп келиши керек:
1) окутуунун гипертексттик системасын колдонуу аркылуу видео жана аудио роликтер түрүндө берилүүчү теориялык материалдарды демонстрациялоо;
2) окутуунун белгилүү бир областындагы тренинг өтүлгөн материалды бышыктоого мүмкүндүк түзөт;
3) тестирлөө жана диагностика жүргүзүү окуучу өтүлгөн материалды кандай
өздөштүргөндүгүн аныктоого жана жалпы окутуу процессин текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Демек, жогоруда эскертилгендей, электрондук окуу куралдарын түзүүдөн мурда ал эмне экендигин жана анын кадимки окуу китебинен кандай айырмачылыгы боло тургандыгын так аныктап билүү зарыл.
Электрондук окуу куралы компьютердин дисктеринде жайгашуучу, окутулуучу дисциплинанын негизги илимий маңызын камтыган, окутуучу жана текшерүүчү программалардын жыйындысы болуп эсептелинет. Көпчүлүк учурда алар кадимки окуу куралдарына кошумча колдонулат жана төмөнкү шарттарды канагаттандырган учурда гана эффективдүү болуп эсептелет:
керектүү информацияны тез табууга жардам берүү;
гипертекстик түшүндүрмөлөргө көп жолу кайрылууда убакытты кыйла үнөмдөө;
өтүлүүчү материалдын текстин берүүдөн сырткары, кыска убакыт аралыгында окуучунун билим деңгээлин аныктоого жардам берүү;
тексти жөн гана экранга чыгарып бербестен, ал тексти графика аркылуу
чагылдырып, үн добуштары менен коштоо б.а., мультимедиялык технологиялырдын мүмкүнчүлөктөрүн көрсөтүү.
Россия академиги А.В.Хутровскойдун аныктамасы боюнча “окуу китеби – тиешелүү дидактикалык системанын алкагында жүрүп жаткан билим берүү процессинин ишке ашырылышынын зарыл шартын камтыган комплекстүү маалыматтык- ишмердүүлүктүн үлгүсү”.
Демек, окуу китеби – тиешелүү билим берүү процессинин максатын, принциптерин, мазмунун жана технологиясын чагылдырган үлгү. Орто мектептерде окуу китеби гана эмес, окуу-методикалык каражаттар, мисалы мугалим үчүн колдонмо, тапшырмалардын жана тесттердин жыйнактары, жумушчу дептер жана башкалар, жалпылап айтканда окуу-методикалык комплекстер колдонулат.
Окуу-методикалык комплекс – окутуу-тарбиялоо процессинин системалык чечмеленишинин долбоорун элестеткен бардык окуу-методикалык документтердин (пландардын, программалардын, методикалык колдонмолордун, окуу куралдарынын ж.б.), окутуунун дидактикалык каражаттарынын жыйындысы.
Азыркы учурда “жаңы окуу китеби”, “электрондук окуу китеби”, “электрондук окуу-методикалык комплекс” деген терминдер улам көбүөөк колдонула баштады. Бул жагдайда, “жаңы окуу китебин” кадыресе окутуунун жаңы парадигмаларына байланыштырышат, бирок анын түзүлүшү көпчүлүк учурда кадимки окуу китептериндей эле боюнча калат. Ал эми, “электрондук окуу китеби” тиешелүү окуу дисциплинасынын негизги илимий мазмунун камтыган, персоналдык компьютердин магниттик алып жүрүүчүлөрүндө (СD дисктерде) жайгаштырылган жана компьютердик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүнө (мультимедиа, web-технология, онлайн-окутуу ж.б.) негизделген “өзгөчө” китеп болуп саналат.
Электрондук окуу-методикалык комплекс конкреттүү предмет боюнча толук же кайсы бир бөлүм үчүн бардык тиешелүү болгон окуу материалдарынын (программа, электрондук окуу китеби, методикалык көрсөтмөлөр, окуу көрсөтмө куралдар, жумушчу дептер, практикум, эсептер жыйнагы, окуу малыматтык колдонмолор, өз билимин текшерүү үчүн тесттер ж.б.) компьютердик технологиянын негизинде окутуу процессинин натыйжалуу жүрүшүн, өз алдынча билим алууну, үйрөнүүнү, даярданууну камсыз кылган бирдиктүү дидактикалык системалык каражат катары каралат.
Ал эми окуу процессинде электрондук окуу куралдарын колдонуу төмөндөгүлөрдү камсыз кылат:
- белгилүү бир аныкталган дисциплина боюнча толук окуу курсун компьютерде жүргүзүүүнү (лекциялык жана практикалык сабактар);
- окуучуну керектүү адабияттарды издөө жана сатып алуудан бошотот;
- ар бир тема боюнча көрсөтмө материалдарды демонстрациялоону анализдөөнүн негизинде негизги материалды баяндоонун ыкмаларын өркүндөтүү;
- окуучуларга жана студенттерге теориялык материалды үй шартында жана өз алдынча окуп үйрөнүүгө мүмкүндүк түзүү.
Демек, окуу процессине компьютердик технологияны киргизүү билим берүүнүн сапатын кыйла жогорулатууга, окутуучунун жумушун жеңилдетүүгө, окуучулардын жана студенттердин өз алдынча билим алууга болгон жөндөмдүүлүгүн арттырууга түрткү берет.
2.3. Физиканы окутууда электрондук окуу китептерин пайдалануунун методикалык ыкмалары
Физиканы окутуунун методикасы башка бардык предметтерди окутуунун методикасынан ар дайым татаал болуп келген. Физиканы окутууда компьютерди пайдалануу окутуунун эффективдүүлүгүн арттыруу багытында да, мугалимдин ишин жеңилдетүү багытында да окутуунун методикасын деформациялайт.
Акыркы 10 жылдын ичинде орто жана жогорку мектептерде окутулуучу окуу материалдарынын көлөмү чоңоюп жана татаал болуп бара жатканы байкалат. Ошону менен бирге көптөгөн окуу жайларда жогорку квалификациялуу окутуучу кадрлар жетишсиз экендиги да белгилүү. Оперативдик түрдө ар кандай окуу пособиелерин даярдоодо, чыгарууда жана аларды жайылтууда өтө чоң кыйынчылыктар келип чыгат. Саналган факторлор окутуунун сапатын жогорулатууда терс таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө окутуунун прогрессивдүү методикаларын колдонууга б.а. эсептөө техникасын колдонууга өтө чоң көңүл бурулат.
Окутулуучу билимдерди жана жасай билүүлөрдү (умение) берүүгө негизделген программалар «Автоматташтырылган окутуучу системалар» (АОС) же жөн эле окутуучу программалар деген атка ээ болушат.
Окутуучу системалардын өнүгүүсү азыркы учурда окутуунун шартына жана максатына жараша анын берилүү жолуна адаптациялануу багытында жүрүп жатат.
Акыркы 100 жыл аралык ичинде психологдор өздөрүнүн илимий күч аракеттеринин маанилүү бөлүгүн окутуу процесстерин түшүнүүгө жана аларды чечмелөөгө коротушуп келишет.
Мындай жагдай негизинен үйрөнүүнүн, кабыл алуунун тездигине жана алынган билимдердин унутулуусуна таасир этүүчү факторлордун негизинде келип чыгат. Бул аракеттердин жыйынтыгында окутуунун схемасын тургузуу үчүн колдонулган бир нече керектүү принциптер орнотулган.
Окутуунун принциптери автоматташтырылган окуутучу системалардын иштелип чыгуусуна түздөн-түз катышышат (таасир этет). Бул прициптердин ар бирин кошумча карап кетели.
1. Окутуу тез жана терең жүрөт, эгерде окуучуларда үйрөнүлүп жаткан предметке активдүү кызыгуу пайда болсо.
Окутуу эффективдүүрөөк болот, эгерде билимдерге жана көндүмдөргө ээ болуу формалары төмөнкүдөй болсо; алар эмнеге негизделгендиги жөнүндө эмгексиз эле “реалдуу жашоонун” шарттарына өткөрүлгөн болсо. Бул окуучуларды берилген суроолорго туура жооп табууга үйрөтүү аларды жөн эле үйрөнүп алууга караганда маанилүүрөк экендигин түшүндүрөт.
Окутуу бат жүрөт, эгерде окуучу өзүнүн ар бир жообунун “жыйынтыгын тез аралык ичинде укса”. Эгерде жооп туура эмес болсо, анда аны да бат угуусу керек. Маанисиз эле кечиктирүү окутууну токтотот. Ал эми азыркы учурда биздин окуучулар өздөрүнүн жоопторунун жыйынтыгын көпкө күтүүгө аргасыз болуп жатышат.
Окутуу тез жүрөт, эгерде предмет боюнча программалык материал акырындык менен татаалдашуу принциби боюнча түзүлгөн болсо. Сабак, керектүү көндүмдөргө жана билимдерге ээ болгон, окуучулар аткара ала тургандай жөнөкөй тапшырмалардан, маселелерден башталышы керек. Бара-бара материалдын татаалдыгынын деңгээли жогорулай берүүсү шарттуу. Бул процесс тажрыйбанын жана шыктын биз каалаган даражасына жеткенге чейин улантылса болот.
Өзүнүн ишинин жыйынтыгын билүү кийинки тапшырманын, маселенин аткарылышын стимулдаштырат. Окуучулар, биринин артынан экинчиси удаалаш келип чыккан кыйынчылыктарга туруштук берүүсү керек, ал эми алардын ийгиликтүү туруштук берүүсү активдүүлүктүн жогорулоо деңгээлин өнүктүрөт.
Окутуу өзүнөн-өзү индивидуалдуу жана окутуу процесси ар бир окуучу программаны өзүнүн жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша үйрөнө ала тургандай уюштурууну көздөйт. Ушул себептерден бирөөсү материалды башкасына караганда тезирээк өздөштүрөт, ошондуктан мындай эки түрдүү окуучуларды бирдей группада окутуу кыйынга турат.
Ушуга окшогон көптөгөн проблемаларды окутуучу программаларды колдоонуу менен чече алабыз. Мындай программаларды түзүү областында иштегендердин аз сандагысы гана класстын аудиторияда мугалимди өзү аткара албаган функциялардан бошотуусуна, ошондой эле бул курсту өтүп жатканда окуучу материалды канчалык дээңгелде өздөштүрүүнүн жыйынтыгын контролдоо иштерин жеңилдетерине үмүттөнүшкөн.
Ошондо гана, аткарууда эч кандай машина алмаштыра албаган бир гана адам-мугалимдин күчү жеткен маселелерди чыгарууга мугалимдин көп мүмкүнчүлүгү болот.
Жогоруда айтылган автоматташтырылган окутуучу системалардагы окутуунун принциптерин көпчүлүгүн жайылтуу үчүн окуу материалынын так структуризациясы керек. Бүгүнкү күндөгү системалардын иштелмелеринин көпчүлүгү окуу материалынын структуризациясынын толук мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылбай жатышат. Көптөгөн учурларда автоматташтырылган окутуучу системаларды түзүүчүлөргө (иштеп чыгуучуларга) анын структурасын жалпы учурда гана элестетүү талап кылынбастан, темасына чейинки тактыкта, конкретүү майда структурасына чейинки (аныктамаларына, теоремаларына, алгоритмдерине, ж.б. чейин) деталдаштыруу да талап кылынат. Бул материалдын жана иштелменин толук эместиги болуп эсептелет. Түшүнүктү логикалык жактан байланыштыруу үчүн кандайдыр бир элементтин иштелип чыгылуусу зарыл. Айтылган структура боюнча берилген китеп үчүн негиз болуп эсептелген базалык түшүнүктөрдү, окутуу процессинин башталышына чейин эле билимдерди бат эле байкаганга болот. Мындай структуралардын жардамында окутуу үчүн материалдын берилүүсүнүн удаалаштыгынын тууралыгын жана кийирилген аныктамалардын коррективдүүлүгүн (тактыгын) текшерүүнү жеңил эле аныктоого болот. Мындай структуранын болушу колдонуучунун билим деңгээлине жараша окутуунун оптималдуу жолун көрсөтүүчү жана өздөштүрүлгөн билимдерди текшерүүчү, окуу процессинин планын өзгөрткөн рекомендацияларды (түшүндүрмөлөрдү) иштеп чыгуучу окутуунун интелектуалдык системаларын тургузуу үчүн жөнөтүүчү булак болуп кызмат кылмак. Мына ушунун баары толугу менен окутуунун циклин жакшыртат жана үйрөтүүгө кеткен убакытты үнөмдөйт.
2.4. Физика сабагында компьютердик окутуучу моделдерди колдонуунун методикасы
Компьютердик моделдерди жаңы материалды түшүндүрүүдө же маселе чыгарууда демонстрация катары пайдалануу абдан ыңгайлуу. Компьютерди пайдалануу менен физикалык кубулуштарды, процесстерди түшүндүрүү бир кыйла жөнөкөй жана көргөзмөлүү болот. Мисалы, Бордун моделине ылайык квантты жутуу же чыгаруу менен коштолгон атом электронунун орбитадан орбитага кандай өтөрүн компьютердик моделдерди пайдаланып түшүндүрүү бор менен досканы пайдаланганга караганда жөнөкөй жана көргөзмөлүү болот. Мындай компьютердик демонстрацияны пайдалануудан ийгиликке жетишүүгө болот:
Эгерде мугалим кичине группа менен иштесе. Анткени бул учурда окуучуларды мониторго жакыныраак отургузууга шарт түзүлөт.
Кабинетте компьютердин экранын кодослайд сыяктуу чоң форматтагы экран стенасына чагылтуучу проекциялык техника бар болсо (мындай техника шаардык мектептерде гана болушу мүмкүн). Бул шарттар орун албаса, анда мугалим окуучуларга компьютердик класста моделдер жана өз алдынча иштөөлөрүн сунуштайт. Окуучу абдан кызыгуу менен демонстрацияга тиешелүү болгон регулировкалардан пайдаланып көрөт. Бирок демонстрациянын физикалык мазмунуна маани бербейт. Тилекке каршы жогорудагы кызыгуу 2-3 минутага гана созулат. Анткени ал экрандын бетиндеги кооздуктан келип чыккан кызыгуу болчу. Андан кийин, мындан ары эмне кылуу керек? деген суроо туулат. Тилекке каршы программалардын авторлору компьютердик моделдерди индивидуалдык окуу процессинде пайдалануунун методикасын ойлонушкан эмес. Программадагы моделдерге тиешелүү болгон маселелер жана суроолор, биринчиден аз, экинчиден аларды пайдалануу ар дайым эле ийгиликтүү болбойт. Ошондуктан, компьютердик класста сабак формасы боюнча кызыктуу гана болбостон максималдык эффект берсин үчүн, мугалим окуучулар үчүн мурунтан тандалып алынган компьютердик моделди үйрөнүүгө иш план даярдап коюшу керек. Андан сырткары окуучулар сабакта жооп берүүгө же аталган иш жөнүндө отчет жазууга туура келерин эскертип коюу максатка ылайыктуу болот. Мугалимдин сабактын башталышында окуучуларга тиешелүү материалды кагазга чыгарылган түрдө таркатып берүүсү идеалдык вариант болуп эсептелет.
Компьютердик моделдер менен иштөөдө окуучуларга окуу иштеринин төмөндөгүдөй түрлөрүн сунуштоого болот:
Модель менен танышуу, б.а. моделдин түзүлүшүнө жана анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө экскурс жасоо. Бул иштин жүрүшүндө мугалим татаал суроо берүү жана моменттерди ачуу менен моделди өздөштүрүүлөрүнө окуучуларга жардам берет.
Андан кийин окуучуларга 1-3 компьютердик экспериментти аткаруу сунушталат. Бул эксперименттер окуучуларды экрандын бетиндегилерди ишенимдүү башкарууга жана демонстрациянын маңызын түшүнүүгө үйрөтөт.
Мындан ары, эгерде модель мүмкүндүк берсе окуучуларга эксперименталдык, б.а. чыгаруу үчүн эсептөө маанилүү болбостон, тиешелүү компьютердик экспериментти пайдалануу керек болгон маселелерди сунуштоого болот. Адатта окуучулар мындай маселелерди чыгарууга өзгөчө энтузиазим менен киришишет.
Бул этапта, буга чейин окуучулар окуп үйрөнүлүүчү кубулуш боюнча терең билим алышкандыктан жана компьютердик моделдер менен иштөөнү жетишээрлик деңгээлде үйрөнгөндүктөн, аларга көп убакыт талап кылбаган 2-3 маселени компьютерди колдонбостон туруп чыгарууга сунуштайбыз. Маселенин чыгарылышынын тууралыгын компьютердик моделдерди колдонуу менен текшерүүгө болот. Мындай маселелерди түзүүдө моделдин функционалдык өзгөчөлүктөрү менен катар эле, автор (моделдин) тарабынан киргизилген сандык параметрлердин өзгөрүү диапазонун да эске алуу керек. Эгерде мындай маселелер компьютердик класста компьютерди колдонуу менен чыгарылса анда аларды чыгаруу 5-8 минуттан ашпоосу керек. Болбосо маселе чыгарууда компьютерди колдонуу эффект бербейт. Чыгарууда узак убакытты талап кылган маселелерди үй тапшырма катарында сунуштоого болот. үйдөн иштеп көрүп, андан кийин гана компьютердик класста чыгарып, текшерүү пайдалуу.
Чыгармачылыкты талап кылуучу маселелерди окуучуларга үй тапшырма катарында берген жакшы. Маселелерди чыгарууда өз алдынча ойлонуп чыгарышат жана натыйжаны компьютердик класста текшеришет.
«Открытая физика 1.0» компьютердик курсунда иштөөнү индивидуалдык режимде 1же 2 окуучу менен баштоо ыңгайлуу. Ошондой эле, факультативдик курстарда кичине группалар менен иштөөдө колдонуп көрүүгө болот. Бул режимдер мугалимдин компьютердик курсту жакшы өздөштүрүүсүнө, ошондой эле, мындай ыкма менен окутууга байланышкан негизги кыйынчылыктарды түшүнүүгө жана курсту сабакка колдонуунун өздүк ыкмаларын жана усулдарын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Мугалим компьютердик моделдер курсун жетишээрлик деңгээлде өздөштүргөндөн кийин, жаңы материалды түшүндүрүүдө аларды колдонуу менен тажрыйбаларды демонстрациялоону баштай алат. Ал үчүн 17 дюмдан кичине болбогон экрандуу монитор менен мултимедиялык проектор керек болот. Тилекке каршы компьютердик курстун бул версиясында эксперименттин параметрлеринин сандык маанилерин сактоо функциясы жок. Ошондуктан мугалимде сабакка чейин өзү тандап алган параметрлери менен тажрыйбалардын сериясын даярдоо жана аларды компьютердин узак убакыттуу эсине жазуу мүмкүнчүлүгү болбойт. Ошондуктан эксперименттердин авторлор сунуш кылган баштапкы шарттарын өзгөртпөй калтырып коюу ыңгайлуу.
2.5. Кадимки жана электрондук окуу китептеринин дидактикалык мүмкүнчүлүктөрү
Кадимки окуу китептери менен электрондук окуу-методикалык комплекстердин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн бири-бирине салыштыруу үчүн төрт негизги критерийди алууга болот: маалыматтык-таанып билүүчүлүк, психологиялык-педагогикалык, башкаруу, уюштуруу-технологиялык мүмкүнчүлүктөр.
Окуу китептеринин дидактикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн салыштырма анализинин жыйынтыктарын 1-таблица түрүндө көрсөтүүгө болот.
1-таблицада көрсөтүлгөндөй, окуу процессинде колдонулган окуу китептеринин дидактикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн кыска анализи эле электрондук окуу-методикалык комплекстердин олуттуу артыкчылыктарын жана келечектүүлүгүн көрсөтүп турат. Электрондук окуу-методикалык комплексте окуу материалы терең, кызыктуу мультимедиалык формада берилип, анын натыйжалуу өздөштүрүлүшүнө шарт түзүлөт
№ | Окуу китептеринин дидактикалык мүмкүнчүлүктөрү | КОК | ЭОМК |
I. Маалыматтык-таанып билүүчүк мүмкүнчүлүктөр | |||
1. | Окуу материалын берүүнүн илимийлүүлүгү (окулуп жаткан кубулуштун илимий документалдуулугу жана тактыгы) | +++ | +++ |
2. | Окуу материалын берүүнүн көрсөтмөлүүлүгү (кубулушту кыймылда, өнүгүүдө көрсөтүү, уникалдуу оьектилерди көрүнбөгөн, тез өтүүчү же жай жүрүүчү процесстерди көрсөтүү) | + | +++ |
3. | Аналитикалык-синтездик мүмкүнчүлүктөр (кубулушту бүтүн боюнча да, бөлүктөрү боюнча да көрсөтүү, кубулушту же обьектини абстракциялоо жана аны үлгүгө айлантуу) | + | +++ |
4. | Маалыматты толук, системалуу жана ырааттуу берүү (гиперсылкаларды колдонуу менен толук жана терең берүү) | + | +++ |
5. | Окуу материалын системалуу берүү (ажыратуу жана бириктирүү) | ++ | +++ |
6. | Окуу материалын актуалдаштыруу (жайылтып туруу мүмкүнчүлүктөрү) | - | +++ |
II.Психологиялык-педагогикалык мүмкүнчүлүктөр | |||
1. | Проблемалуулук (проблемалуулук окутуунун элементтерин киргизүү) | ++ | ++ |
2. | Окуу материалын өздөштүрүүнүн бекемдиги (маалыматты берүү жана текшерүү) | - | +++ |
3. | Окутуунун активдүүлүгү (окуу материалын өздөштүрүүнүн жекече багытын тандоо, процесске тикеден-тике катышуу, жеке максаттарды аныктоо, маалыматты башка булактардан алып өз алдынча толуктоо) | + | +++ |
4. | Окутуунун жеке мүнөздүүлүгү (анимациялоо менен көрсөтүүнүн тездигин жөнгө салуу, материалдын тереңдиги, кайра байланыштын тез болушу) | - | +++ |
5. | Адаптивдүүлүк (билим деңгээлин аныктоо, жеке мотивине жараша терең окутуу) | - | +++ |
6. | Эмоционалдык таасирдүүлүк (тиешелүү психологиялык абалды уюштуруу, материалды полимодалдык формада берүү) | - | +++ |
III. Башкаруу мүмкүнчүлүктөрү | |||
1. | Окутуунун толук дидактикалык цикли (теориялык окутууну практикалык ишмердик менен айкалыштыруу) | + | +++ |
2. | Окутуунун интерактивдүүлүгү (өзгөртүү, кайра түзүү, окуу-таанып билүү ишмердигинин жүрүшү) | - | +++ |
3. | Кайра байланыш (байланышты кеңейтүү, кыйынчылык пайда болгондо конктерттүү сунуштарды иштеп чыгуу) | - | +++ |
4. | Өзүн-өзү башкаруу (окуу материалды “жекече багыт ” боюнча пландоо, кошумча маалыматты табуу; өздүк окуп-таанып билүү ишмердигине жана жыйынтыктарына өз алдынча көзөмөл жүргүзүү, өзүнө өзү багыт берүү) | + | +++ |
IV. Уюштуруу технологиялык мүмкүнчүлүктөрү | |||
1. | Класста өз алдынча иштөө | +++ | +++ |
2. | үйдө өз алдынча иштөө | +++ | +++ |
3. | Иштөөдөгү ыңгайлуулук (жагымдуу интерфейс, жекече жөндөмүн эске алуу, кайра-кайра кайрылуу) | + | +++ |
4. | Атайын жобонун талап кылынышы | жок | керек |
5. | Көп көлөмдөгү маалыматты сактоо | - | +++ |
Колдонулган шарттуу белгилердин чечмелениши: +++ - өтө мүнөздүү ; ++ - азыраак мүнөздүү; + - өтө аз мүнөздүү; - мүнөздүү эмес касиет |
Анализде көрсөтүлгөндөй электрондук окуу-методикалык комплекстин дидактикалык мүмкүнчүлүктөрү кадимки окуу китептерине караганда бир кыйла кеңири. Анда окуу материалын актуалдаштыруу маселеси толук өлчөмдө ишке ашат. Окуу маалыматын оперативдүү жаңыртып турууга бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, бул бир жагынан окуу колдонмосунун өзгөрмөлүү бөлүгүнө кыска убакыт ичинде жаңы маалыматты кошуп турууга, экинчи жагынан базалык окуу материалын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Бул ЭОМК бир нече өз алдынча элементтерден турат. Ал Эми элементтер бири-бири менен байланышкан фрагменттерге бөлүнүп, алардын ар бири белгилүү бир функцияны аткарат. Ошондуктан, ЭОМКтин мазмундук бөлүгүн түзүүдө ар тараптуу анализ колдонулган.
ЭМОКтин мазмунун арналышы боюнча төмөнкү блокторго бөлүнөт:
а). теориялык материалды үйрөнүү блогу – мында үйрөнүүчүгө теориялык материалглаваларга жана экрандарга бөлүнгөн түрдө сунуш кылынат. Навигациянын каражаттары үйрөнүүчүгө окуу китебинин бардык материалдары боюнча эркин жылып жүрүүгө жана кызыктырган маалыматтарды табууга жардам берет;
б). текшерүү иштердин жана өз алдынча иштердин блогу – теориялык боюнча суроолордун тизмесин камтыйт, окутуу аяктагандан кийин окуучулар бардык суроолордун жоопторун билүүгө тийиш, аларга бир нече практикалык тапшырмаларды да аткарууга туура келет, берилген жооптордун негизинде система окутуунун жыйыньыгын баалай алат;
в). өз алдынча иш үчүн дидактикалык тапшырмалардын блогу – теориялык материалды бекемдөө жана чыгаруунун практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу максатында үйрөнүүчүлөр өз алдынча чыгарышы үчүн сунуш кылынган маселелер, дидактикалык, тесттик тапшырмалар ж.б. кирет;
г). лабораториялык жана демонстрациялык блок – окуучуларга лабораториялардан жана тренажорлордон пайдаланууга мүмкүндүк берип, көргөзмөлүүлүк артат, жетишпеген лабораториялык жабдуулардын ордун толтурууга мүмкүндүк берет.
2. ЭОМК тин мазмундук түзүлүшүн аткарган дидактикалык функциялары боюнча эки топко бөлүүгө болот:
а). негизги мазмундук бөлүм: гипертекстик система – окуу китебинин маалыматтарына окуучулардын түз сызыктуу эмес түрдө кайрылуусуна, материалды түз ырааттуулук боюнча – башынан баштап аягына чейин эмес, тандап, өз керектөөлөрүнө жараша каалаган бөлүмгө, маалыматка түз кайрылууга мүмкүндүк берет;
б). жардамчы мазмундук бөлүм: навигация системасы – анын максаты окуучулардын окуу китеби боюнча кадимки китепти колдонуусуна жардам берүү; кошумча жардам берүү системасы – окутуу процессинде окуучулардын кыйынчылыктарын пайда кылуучу айрым бир терминдер жана түшүнүктөр үчүн кошумча түшүндүрмөлөр жана аныктамалар; анимациялоо системасы – кубулуштарды, процесстерди динамикада, кыймыл-аракетте жана айрым мыйзам ченемдүүлүктөрдүн өзгөрүү үлгүлөрүн түзүү үчүн зарыл болгон программалык материалдар.
ЭОМКсин окуу процесинде колдонууда төмөнкү өзгөчөлүктөр орун алаарын белгилөөгө болот:
ЭОМКаны пайдалануу аркылуу процессин жүргүзүүдө традициялуу, салттуу байланыштар менен бирге жаңы, өзгөчө байланыштар орун алат;
Мугалим окуу процессинин жүрүшүндө ар бир окуучунун өздүк окуу ылдамдыгын жана багытын түзөт;
Окуу процессиндеги окуучулардын окуу-таануу ишмердүүлүгү эмоционалдык, эстетикалык ой-толгоолору менен коштолот;
Ар бир окуучунун жалпы окуу жетишкендиги менен бирге, өздүк жетишүүнүн динамикасы аныкталат.
ЭОМКтин аталган өзгөчөлүктөрү билим берүү процессин интенсивдештирүү үчүн, ошондой эле окуучунун акыл-эсин өнүктүрүүгө, билимди өз алдынча табууга жана чечмелөөгө, маалыматты жаратуугабагытталган методикаларды түзүү үчүн өбөлгөлөрдү жаратуучу дидактикалык мүмүкнчүлүктөрдү берет. Мындай дидактикалык мүмкүнчүлүктөргө төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:
1). окуучунун ар бир кыймылы системанын жооп кыймылын жаратканы жана тескерисинче, системанын маалыматты окучунун жообун талап кылганы менен мүнөздөлгөн интерактивдик диалогду аныктоочу, окуучу менен компьютердик каражаттын ортосундагы тез жүрүүчү байланыш;
2). окулуп жаткан обьект, процесс жөнүндө окуу маалыматын компьютердик визуалдаштыруу (обьектинин, анын ичинде реалдуу дүйнөдө көрүүгө мүмкүн болбогон процесстин экранда көрсөтмөлүү чагылышы; окулуп жаткан процесстин мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн графикалык чечмеленишин көрсөтүү);
3). окулуп жаткан реалдуу түрдө болуучу же “виртуалдуу” обьектилерди, алардын байланыштарын, процесстерди, кубулуштарды компьютердик моделдештирүү (персоналдык компьютердин эранында оргиналга шайкеш келе турган математикалык, маалыматтык-сүрөттөөчү, көрсөтмөлүү моделдерди көрсөтүү);
4). бир топ чоң көлөмдөгү маалыматтарды архивдештирүү, сактоо жана аларды колдонуунун, берүүнүн, тартуунун жеңилдиги;
5). эсептөө, малыматтык-издөөчүлүк ишмердик процесстерин автоматташтыруу, ошондой эле окуу экспериментинин жыйынтыктарын эксперименттин фрагменттерин же эксперименттин өзүн көп жолу кайталоо мүмкүнчүлүгү менен иштеп чыгуу;
6). окутуу ишмердигининмаалыматтык-методикалык камсыздоо процесстерин, уюштуруучулук башкаруунун жана өздөштүрүүнүн жыйынтыктарын көзөмөлдөөнү автоматташтыруу.
Электрондук окуу куралдарына жүргүзүлгөн анализ төмөндөгүдөй жыйынтыктарды чыгарууга мүмкүндүк берди:
1) тандалып алынган курс же предмет боюнча берилүүчү информация тиешелүү түрдө структураланышы керек жана ал жаңы түшүнүктөрдүн чектүү санын камтыган логикалык жактан аякталган фрагменттерге бөлүштүрүлүшү зарыл;
2) гипертекстик негизги темалар, иллюстрациялар, аудио жана видео комментарийлер окуу курсунун структуралык элементтерине дал келиши керек;
3) окуу куралынын негизги фрагменттери, текст менен бирдикте окутулуучу теманын материалдарын камтыган аудио жана видео каражаттары аркылуу коштолушу абзел;
4) текстик информация кагазга басып чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ылайыкталашы керек;
5) татаал моделдер курсордун кыймылына синхрондуу түрдө пайда болуп туруучу калкыма комментарийлер аркылуу коштолуусу, ал сүрөттөлүштөрдүн кээ бир элементтери чоңойтуу жана көчүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуусу;
6) электрондук окуу куралдарында көп терезелүү интерфейсти колдонуу сунуш кылынат;
7) текстик бөлүк керектүү информацияларды издөө убактысын кыскартууга мүмкүндүк берген кайчылаш шилтемдердин негизинде курулушу абзел;
8) электрондук окуу куралын пайдаланууда аткарылып жаткан иш аракеттин тууралыгын аныктоо үчүн үн сигналдарын колдонуу;
9) электрондук окуу куралы традициялык окуу куралдарына салыштырмалуу
принципиалдуу жаңы сапаттарга ээ болушу керек.
2.6. Электрондук тест түзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана методикасы
Мезгил талабына карата компьютердин жаңы маалыматтык технологияларын колдонуу менен көптөгөн жаңы илимий изилдөөлөр жана атайын педагогикалык багыттагы окутуунун дидактикалык каражаттары катары иштелип чыгарылган эмгектер көбөйүүдө.
Өлкөбүздө компьютердин жаңы маалыматтык технологияларын колдонуу, анын дидактикалык мүнөздөрүнүн классификациясын системалаштыруу маселеси коюлуп, билим берүү системасынды күрдөөлдүү эмгектер иштелип келе жатат.
Алардын көпчүлүгү педагогикалык же атайын кесиптик багыттагы адистик предметтерге дидактикалык материалдардын негизинде электрондук варианттарын көргөзүү менен окутуу жана көзөмөл жүргүзүү оптималдуу натыйжаларды берүүдө.
Бирок, массалык түрдө колдонуу, алардын катарынан оптималдуусун (ыңгайлуусун) тандап алуу жана айрымдарын жаңыдан иштеп чыгуу учурлары көптөгөн илимий конференцияларда талкууланып келе жатат. Себеби, колдонуучулар үчүн бирдиктүү же типтүү технологиядагы электрондук окутуунун методикалык жоболору калыптана электигин көрсөтүүдө.
Негизги бул жалпы проблеманы талкуулоодо айрым учурларда электрондук окуу материалдарын төмөндөгүдөй группага бөлүп, окуп үйрөтүүнү жана ар кандай технологияларын колдонууну сунуш кылып жүрөбүз:
Окуу каражаттары катары пайдаланууда сөздүк түрүндө берүүгө;
Тексттик жана графикалык формадагы электрондук окуу китептер түрүндө;
Мультимедиалык же Web-технологиядагы электрондук конспект-лекция түрүндө;
Суроо-талап боюнча уюштурулган виртуалдык окуу куралы түрүндө ж.б. Ошондой эле аны өздөштүрүүдө дидактикалык материалдар катары жаңы маалыматтык технологиялардын көптөгөн (тексттер, графикалар, сандар, сөздөр, үндөр, көрүнүштөр, сүрөттөр ж.б.) түшүнүктөрүн бирдиктүү (типтүү) электрондук окуу каражаттары түрүндө топтоого сунуштар болуп келүүдө. Мисалы, алардын багыттары:
Электрондук сөздүк (словарь);
Электрондук сурап-жооп алуу (справочник) ;
Электрондук энциклопедия;
Электрондук багыттоочу көрсөткүчтөр;
Электрондук китептер;
Электрондук тесттер ж.б.
Ошону менен бирге мындай маалыматтык системалардын структурасын түзүүдө, атайын программалоо тилдери менен бирдикте, жаңы маалыматтык технологиялар аркылуу окутуунун комплексин түзүү, аны ишке ашыруудагы сценарийин (жобосун) жазуу керек экендиги белгилүү болду.
Демек, бүгүнкү күндө көптөгөн жогорку окуу жайларында жана мектеп окуу программасында ар түрдүү предметтер үчүн электрондук окуу каражаттары түзүлүп келүүдө.
Электрондук тест түзүүчү көптөгөн программалык каражаттар. Мисалы: www.download.ru, www.easyQuizzy.ru, www.softbest.ru, www.sjftarea.ru ж.б.). Алардын ичинен айрым өзгөчөлүктөрү боюнча башкалардан айырмаланган easyQuizzy-электрондук тестирлөө программасын сунуш кылабыз.
Бул тестик электрондук каражаттар негизинен көпчүлүгү тесттик суроолорду уюштуруу, анын негизинде окуучунун (студенттин) билимин, билгичтигин, калыптануусун текшерүү үчүн даярдалган. Тесттик суроолорду түзүүдө анын түрдүү деңгээлдери дагы кездешет.
Мисалы: жөнөкөй, базалык жана тереңдетилген мазмундагы суроо-жооптордон түзүлгөн.
Жыйынтыгында студент (окуучу) өзүнүн билимин алгачкы деңгээлде аныктоого жетише алат.
Экинчи жагы программалоо тилдерин пайдалануу менен, тест тапшырган студенттердин тизмесин эске тутуп жазып калтырат. Анын негизинде окутуучу студенттердин билимине, билгичтигине анализ жүргүзөт. Айрым учурда белгилүү (традициялуу окуу) предметтерге бир нече варианттарын да көрүп жүрөбүз (Мисалы: Т.М.Сияевдин, С.К.Калдыбаевдин, Г.Д.Панкованын, А.Ибраевдин, изилдөөлөрүндө). Муну менен тесттерди түзүү ыкмасы бир нече варианттуу экендигин айтылууда. Көпчүлүгүндө жообу бирөө гана туура болот, кээде жоопторунун тууралыгы көп варианттуу экендиги да кездешет. Бул учурдагы анализдөөдө эскертүүлөр берилип жүрөт.
Мындай тесттик системалар КИОС, Мастер Тест, Сетевая система, Электронного тестирования, Асисстент, Экзаменатор, TestMaker, SunRav, TestOfficePro, TestCommander, easyQuizzy, Any Test, Teaching Templates (система для веб-тестирования) жана башкалар билим берүү системасында колдонууда.
Айрым электрондук каражаттар жалаң эле тест аркылуу билимин текшербестен, теориялык материалдарды дагы суроо-жооп ирээтинде түшүндүрүп берилген учурлары бар. Башкача айтканда туура эмес жооп берген суроолордун жоопторун түшүндүрүү жана ага кайрылуу мүмкүнчүлүгүн уюштурат. Мисалы: андай электрондук каражаттар Адонис, КАДИС, Наставник ж.б. Ошондой эле тестик электрондук окуу каражаттары мультимедиалык же Web-технология аркылуу түзүлгөн учурлары да көп кездешет. Алар «Мультимедиалык справочниктер», «Энциклопедиялар», «Словарлар». Мындай каражаттар негизинен информацияларды табуу жана колдоно билүүдө эң оңой болот. Мисалы: бир нече файлдык документтердин негизинде бирдиктүү (мазмунуна карата) информациялык система түзүү жана аларды практикада колдонуу ыңгайлуу болот. Мисал катары Hyper Method программалык пакетин айтсак болот.
Кээ бир аз сандагы группалар менен иштөөдө атайын түзүлгөн же маселелерди аткаруучу окутуунун электрондук окуу каражаттары дагы бар. Алар айрым предметтер үчүн көнүгүүлөрдү иштетүү. Мисалы: мындай системаларга Computer Mentor, Computer Vaster, Универсальный Математический Решатель деген пакеттерди белгилейбиз.
Демек, бүгүнкү күндө компьютердин жаңы маалыматтык технологияларын колдонуу менен ар кандай адистиктердеги предметтердин тесттик электрондук окуу каражатын түзүү орчундуу маселе болуп келүүдө. Ал үчүн айрым фрагменттерин түзүүдө жогорку деңгээлдеги программалоо тилдерин колдонуу, графикалык, аудио жана видео форматтарын пайдалануу, сөз
түрүндө, суроо-жооп түрүндө түшүндүрүү аркылуу окуу каражаттары түзүлүүдө. Бирок мындай окуу каражаттарын массалык түрдө пайдалануу көп жайылтылган жок. Анткени аны колдонуудагы технологиялык (программасын түзүү жана аткаруу ж.б.) структурасы, аткаруу процессиндеги сценарии колдонуучуга толук жобосу жазылган эмес. Себеби, электрондук окуу каражаттарын иштеп чыккан окутуучулар (программисттер) же адистер атайын түзүлгөн пакеттерин жашыруун түрдө кармашат, же болбосо сатып алуу үчүн чоң сумманы талап кылышат.
Мисал катары төмөндөгүдөй электрондук версиядагы пакеттерди алсак болот: Toolbook, Author Ware, Direktor, Media Objects, Learning Space ж.б. Чынында эле мындай программалык комплекстер татаал технологиялардан турат, көптөгөн маалыматтарды топтоо жана алар үчүн атайын программаларда жазууга туура келет, бирок бул принципти пайдалануу менен окутуу жогорку деңгээлде жана жеткиликтүү аткарылат.
Биз жогорудагы анализ жасаган тесттик электрондук каражаттардын (электрондук окуу китеби, электрондук варианттагы тесттерди жүргүзүү боюнча методикасы) негиздерин эске алып, информатика жана жаны маалыматтык технология боюнча интернетте көп пайдаланып келе жаткан easyQuizzy - тестирлөө программасын түзүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана колдонуунун методикасы жөнүндө көңүл бурдук.
Экинчиден, бул программалык комплексти тандап алгандыгыбыз колдонуучулар үчүн каалаган традициялуу предметтик адистиктерге колдонууга болот. Анын тесттик суроолорун түзүүдө өзгөчөлүктөрү төмөндөгүдөй:
1. Каалаган предметтин толук мазмунуна же айрым бөлүктөрүнө (разделдерине) түзүүгө болот;
2. Тесттик суроолорду уюштурууда анын жоопторуна, негизги түшүнүктөргө, касиеттерине жана технологияларына карата жооптору уюштурулат;
3. Тесттик суроолордун саны тест түзүүчүнүн мүмкүнчүлүгүнө (чектелген мазмунуна жараша) карата аныкталат;
4. Тесттин жыйынтыгын чыгарууда балл түрүндө жана баа түрүндө чыгарылып, отчет толук экранда көрсөтүлот.
Аталган easyQuizzy-тесттик программалык каражаттын easyQuizzy ишке жүктөйбүз жана багытталган предметтин мазмунуна карата тесттин талаптарын калыптандырабыз.
1. Кайсы предмет боюнча тест жүргүзүүдөгү предметтин атын атайбыз;
2. Ошол предметтин мазмунун баяндайбыз (түшүнүктөр, технологиялар);
3. Тестти түзгөн окутуучунун (мугалимдин) аты-жөнү жазылып, атайын ошол предмет боюнча файл болуп сакталат;
4. Тесттин суроолорун бере баштайбыз б.а. суроолордун жоооптору бирөө гана же бир нече вариаттары да болушу мүмкүн;
5. Ар бир суроонун жоопторуна бир нече варианты киргизсе болот, биз 4 вариант (а,б,с,д) менен чектедик жана анын ичинен бирөө гана тура экендигин белгилеп кетебиз;
6. Ошентип, бизге коюлган предмет (бөлүм) боюнча суроолорду удаалаш киргизебиз жана ошол эле предметтик файлга сакталат;
7. Киргизилген предмет боюнча суроолордун жоопторун ишке ашырууда (тест жүргүзүүдө) төмөндөгүдөй талаптарды калыптандырабыз:
· Суроолордун санын чектейбиз;
· Жооптордун турактуу же орун алмашуу вариаттарын көрсөтөбүз;
· Суроолорго жооп берүү убактысын белгилейбиз;
· Тест жүргүзүлгөндөн кийин отчеттуулугун, баасын же балл жана суроолордун туура, туура эмес жоопторун экрандан жана кагаз бетине чыгарып алабыз.
Жыйынтыгында тесттин жооптору экранда төмөндөгүдөй болуп чыгат.
Протокол тестирования
Тест: Физика
Тестируемый: Абдалим кызы Акылай
Отчет включает в себя итоговую статистику, все вопросы с ответами; ответы
тестируемого, правильные ответы
Тестирование было начато 19 апреля 2011 в 10:57:59
Длительность тестирования 25 с при ограничении 4 мин
Задано 5 вопросов из 5 запланированных.
Правильных ответов дано 3 (60 %)
Оценка — 3 балла из 5
Демек, бизге берилген тесттик 5 (100%)суроонун 3-сүнө (60%) туура жооп берип, тиешелүү баага ээ болдук.
Ошентип, жогорудагыдай методикада каалаган предметтин окутуучусу өзүнүн предмети боюнча ар түрдүү деңгээлдеги тесттин суроолорун түзүүгө болот. Ал суроолорду алгач жөн эле текст түрүндө даярдоого тийиш. Суроолордун саны предметтин мазмунуна жараша чектелет жана окутуучу каалаган учурда жөнөкөйлөтүүгө жана татаалдаштырууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Биз жогорудагы тест жүргүзүү боюнча анализдерди жана сунуштарды киргизүү менен бүгүнкү компьютердин жаңы технологиялык каражаттарын пайдалануунун негизинде жаңы окутуунун жана анын жыйынтыгын тест аркылуу текшерүүнүн жөнөкөй методикасын сунуштайбыз.
Бул кеңири жайылтылып келе жаткан электрондук жаңы маалыматтык технологиялардын кызматын пайдалануу менен окуу процессин жургүзүү жана студенттерге аны колдонуу маданиятын калыптандыруу болуп эсептелет.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭКСПЕРИМЕНТ
Физиканы окутууда, өз алдынча даярданууда электрондук окуу-методикалык комплексти колдонуунун педагогикалык эффективдүүлүгү текшерилди.
Эксперименталдык изилдөөлөр ОшМУнун физика–техника факультетинде, “Билим” лицейинде, Ош шаарындагы №42 “Керме-Тоо” орто мектебинде жүргүзүлдү. Жалпы педагогикалык экспериментке 120 окуучу-студент 6 мугалим катышты.
Педагогикалык эксперименттин жүрүшүндө окуучу-студенттер эксперименталдык жана контролдук класстарга бөлүнбөдү. Жөн гана бир эле класста айрым темалар кадимки окуу китептердин шартында, ал эми айрым темалар ЭМОКтерин (открытая физика 2.5, уроки Кирилла Мефодия, физика в картинках) пайдалануу менен өтүлдү. ЭОМКтерди пайдаланган учурда окуучулардын сабакка, окуу материалын, физикалык кубулуштарды үйрөнүүгө болгон кызыгууларынын, активдүүлүкөрүнүн күчөгөндүгү, көргөзмөлүүлүктүн орун алгандыгы байкалды.
Эксперименттин жыйынтыгын аныктоодо күнүмдүк текшерүүлөр, чейректик текшерүү жумуштары, лабораториялык жумуштардын сапаттуу аткарылышы атайын тест жүргүзүү жыйынтыгы колдонулду.
Жыйынтыктоочу текшерүү физика предметинин жалпы мазмунун камтыган коплекстүү тест менен жүргүзүлдү. Тестирлөө 100 баллдык системада жүргүзүлдү. Жыйынтыгы 1-тиркемеде берилген. Окуучулардын интегралдык билими тиешелүү түрдө үч деңгээлге бөлүндү: орто - 61 баллдан 75 балга чейин; жогорку – 76 баллдан 87 баллга чейин; эң жогорку 88 баллдан 100 баллга чейин.
Экспериментке чейинки жана кийинки окуучулардын билимдеринин деңгээлдеринин көрсөткүчөрү 2 -3 тиркемелерде көрсөтүлгөн.
Педагогикалык эксперименттин жыйынтыгы физика предметин окутууда ЭОМКти колдонуу традициялык окутууга караганда эффективдүү болоорун көрсөттү жана окуу процессин уштуруунун натыйжалуу каражаты болоорун тастыктады.
КОРУТУНДУ
Бул дипломдук иш физиканы окутуунун заманбап технологияларын өздөштүрүүгө, электрондук окуу китептерин анализдөөгө, түзүүгө аларды ЖОЖдордо жана орто мектептерде физика сабагын уюштуруп өткөрүүгө ылайыкташтыруу маселелерин изилдөөгө арналды.
Изилдөөнүн негизинде, ЭОМКтин окуу процессинде биринчиден, мүмкүн болушунча ар бир окуучунун өздүк өзгөчөлүгүн эске алууга, экинчиден, окуу материалын терең, ар тараптан жана кызыктуу берүүгө, үчүнчүдөн, окуу процессин ийкемдүү башкарууга жана төртүнчүдөн, окуу процесссине керектелүүчү экономикалык каражаттардын төмөндөшүнө шарт түзүлөрү аныкталды. Бул мүмкүнчүлүктөр ЭОМКти билим берүү тармактарында колдонууда окуу процессинин жаңы сапатын жана чоң келечегин жаратат.
Дипломдук жумуштун алкагында физиканы окутуудагы окуу процессинин сапатын көтөрүүгө мүмкүндүк берүүчү, өз алдынча даярданууга шарт түзүүчү жалпы физика курсунун механика жана молекулалык физика бөлүмдөрү боюнча кыргыз тилиндеги электрондук окуу-методикалык комплексинин алгачкы түзүмдөрү түзүлдү. Электрондук окуу-методикалык комплексте теориялык материал М.Папиев, П.Кожобекова ж.б. лар тарабынан басылып чыккан Физиканын негиздери. Механика. Молекулалык физика. 1-китеп окуу колдонмосунан алынды.
Дипломдук ишти аткарууда ЭОМК кадимки окуу китеби менен бирдикте эң негизги окуу каражат экендиги аныкталды.
ЭОМКтердин олуттуу артыкчылыктары жана келечектүүлүгү көрсөтүлдү.
Окуу процессинде ЭОМКтерди иштеп чыгуу жана аларды практикада колдонуу окуучулардын, студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатууга жардам берери жана ошондой эле окуучулардын өз алдынча чыгармачылык менен изденүүсүнүн негизинде окуу процессин натыйжалуу өтүшүнө шарт түзөрүнө ишенилди.
ЭОМКтин мазмунун аныктоонун шарттары, анын түзүлүшү жана түзүлүштүк бөлүктөрүнүн байланыштары аныкталды.
Педагогикалык эксперименттин жыйынтыктары менен коюлган гипотезанын практика жүзүндө туура экендиги далилденди.
Дипломдук иштин натыйжалары ОшМУнун физика-техника факультетинде өткөрүлгөн «Илим жумалыгындагы» студенттик конференцияда талкууланды
АДАБИЯТТАР
Акмолдоева С.Б., Андагулова Ж.А., Ибраева Н.К. Новые информационные системы в образовании. Пути повышения качества образования на современном этапе. –Бишкек, 2007.
Апышев Б. «Жалпы дидактиканын негиздери», Бишкек 1991.2.
Асанбеков А.Т., Аденова Б.Т. Методические функции электронного учебника по астрономии. Тезисы докладов 2-й Международной научной конференции «Физика и физическое образование: Достижения и перспективы развития». –Бишкек: КНУ им.Ж.Баласагына, 2008, с.78.
Асанбекова А.Т. Акмолдоева С.Б. ж.б. Электрондук окуу куралдарынын окуу процессинде колдонулушу . К.Тыныстанов атындагы ЫМУ.
Вислогузов А. Информационные технологии в образовательном процессе. Высшее образование в России. -2006, № 5. С. 73.
Гомулина Н.Н. Применение новых информационных и телекоммуникационных технологий в школьном физическом и астрономическом образовании. –Автореф. дисс. канд. пед. наук. -М., 2003.
Занков Л.В. Наглядность и активность учащихся в обучении
Занков Л.В. Обучение и развитие. М. 1957.
Зверева Н.М. «Активизация мышления учащихся на уроках физики», М.,1982.
Карагулов Д.К. Интерактавдүү методдорду колдонуу менен информатика жана информациялык технология предметтерин окутуу(окуу куралы).ГПТ «Мурас-басмасы» при КГУ им.И.Арабаева,. – Б., 2009. – 170 б.
Карагулов Д.К. Студенттердин информациялык технологияны колдонуу маданиятын калыптандыруу Вестник И. Арабаев атындагы КМУ. – Б., 2010.
Куклев В.А. Опыт разработки электронных образовательных ресурсов: от компьютеризованных учебников через сетевые технологии к мобильномуобразованию. Информатика и образование. -2006, № 2. С.103.
Панюкова С.В. Концепция реализации личностно-ориентированного обучения при использовании информационных и коммуникационных технологий. –М.: Издательство РАО, 1998.
Нурмухамедов Г.М. О подходах к созданию электронного учебника. Информатика и образования. -2006, № 5, С. 104.
www.easyQuizzy.ru
Скаткин М.Н. Совершенствование процесса обучения. М., «Педагогика»,1971
А.Сопуев, Ураимов Р., Аркабаев Н., Молдояров У. окутуунун дистанттык окутуунун технологиялары
Чекирова Г.К. Физика боюнча негизги мектептер үчүн электрондук-окуу методикалык комплексинин дидактикалык негиздери. - Автореф. дисс. канд. пед. наук. -Б., 2009.
1 htm2chm 3.0.6 программасын Ярослав Кириллов (Минск, БГУ, ФПМИ, 2002-2003) түзгөн жана анын лицензиялык келишими боюнча бул программа мурдагы СССРдин курамындагы граждандар үчүн акысыз пайдаланууга уруксат берилген.
2 Файлдардын аталыштары мүмкүн болушунча кыска болуп, анда ө, ү, ң тамгалары катышпаш керек.
51